Сосиска кошулган шорпо
Керектелүүчү азыктар:
o Шорпо - 2 литр;
o Сосиска - 300-400 г;
o Майда кесме;
o Пияз - 1 даана;
o Сабиз - 1 даана;
o Туз;
o Калемпир;
o Маргарин - 20 г;
o Сарымсак - 1 даана;
o Укроп
Жасалышы:
Шорпону кайнатып алгандан кийин, пиязды, сабизди, сосисканын баарын чогуу кууруп алып, кайнатылган шорпого кошосуз да,10-15 мин кайнатып, сарымсакты майда кылып туурап саласыз. Андан кийин кесмени саласыздар. Кесме бышкандан кийин алып чыгып, эритилген сырдан кошуп койсоңуз, башкача даам берет. Бул шорпонун баш жазгандар үчүн пайдасы көп.


"Франция эти"
тамагы

Керектелүүчү азыктар:
o Уй эти - 400-500 г;
o Пияз - 3-4 даана;
o Катуу сыр - 200-300 г;
o Майонез - 400 г;
o Кургак калемпир;
o Туз;
Жасалышы:
Этти тазалап жууп, 1смдей ичке кылып кесип, атайын балка менен чапкылап жумшартып аласыз. Андан кийин жумшартылган этке кургак мурчтан сээп, тузду даамына жараша саласыз. Пиязды алып туурап, куурулган эттин бетине коюп үстүнөн майонез менен жабасыз, андан соң сырды сүргүчтөн өткөрүп мешке саласыз.


"Грузин баклажаны" салаты

Керектелүүчү азыктар:
o Баклажан 2-3 даана;
o Грек жаңгагы - 1/2 стакан;
o Пияз - 1 даана;
o Сарымсак - 1-2 тиш;
o Жашыл чөптөр;
o Май;
o Туз;
o Калемпир;
o Майонез;
Жасалышы:
Биринчи баклажандарды жууп алгандан кийин ичке кылып тигинен туурайсыздар. Андан кийин азыраак туздан салып 20-30 мин коюп, суусу чыккандан кийин төгүп саласыз да, бирден баклажанды эки жагынан тең кууруйсуздар. Андан соң майонезди алып, грек жаңгагын майдалап, жашыл чөптөрдөн туурап, сарымсакты сүргүчтөн өткөрүп баарын аралаштырасыз да, куурулган баклажанга салып ороп коёсуздар.


Алиса Сапарбекова