Кумир менен баарлашуу

Ильяз Андаш:
"Төрт баланын атасы болсом дейм"
Гүлдана: - Ит үрө берет, кербен жүрө берет деп элибизде айтып коёт эмеспи. Анын сыңарындай, сиздин да артыңыздан жаман сөз айтып, ыйлаган күндөрүңүз болгонбу?
- Андай болгон эмес, болбой эле койсун. Мага тиешелүү болгон сындарды окуйм. Клиптериме, ырларыма жаман-жакшы сөз болот, бардыгына көңүл бура берсек, биздин эмнебиз калат? Ырчы адам бирөө,эл көп. Эл оозунда элек жок дегендей, ар ким ар кандай айтат да. Мен аны күлүп окуп, туура кабыл алганга аракет кылам.
- Сизди чакырганда атайын күйөрмандарым менен баарлашайын деп келдиңизби, же "Обон" газетасы чакырган үчүн келдиңизби?
- Негизи, бул маалымат мага эки жума мурун айтылган болчу. Сөзсүз түрдө мен күйөрмандарым менен көп жолукканга аракет кылып жатам. "Обон" гезитин да, сиздерди да сыйлаганым үчүн келдим.
Айкөкүл: - Учурда продюсериңиз барбы?
- Жок, өзүм жалгыз эле иштеп жатам. Бардыгына жетишкенге аракет кылам.
- А продюсери жок иштөө оорбу?
- Аябай оор, бут тоскондор да көп. Аларды айтуунун кажети деле жок болсо керек. Менимче, атаандаш болгон жерде өсүш пайда болот.
Гүлбүбү: - Келечектеги үй-бүлөңүз сиздин чыгармачылыгыңызга тоскоол болсо, ырчылыкты тандайт белеңиз, же жубайыңыздыбы?
- Жок, андай болбойт. Анткени, мен аялымды өзүм багам, өзүм кийинтем, жүрүм-турумуна кам көрөм. Үйдө наны турса, нанынын үстүндө каймагы, майы турса, ал эмнеге менин чыгармачылыгыма жолтоо болмок эле? Мындай көрүнүш, албетте, менин жеке жашоомдо болбойт.
Айпери: - Жөнөкөйлүк адамдын эң бир жакшы сапаты. А сиз жөнөкөйсүзбү?
- Мен абдан жөнөкөймүн, базарды деле аралап кете берем. Караколдо кара жумушта иштеп жүргөндө, ошол эле кир "шортик", "фудболкачан" базарга кирип, соода кылып кайра кете берчүмүн. Жумуш болгондон кийин жумуш да, келип алчуларымды алып кетем.
Айчүрөк: - "Башаламандын" биринчи бөлүгү жагабы, же экинчи бөлүгүбү?
- Мен, негизи, биринчи бөлүгүн эле көргөн болчумун.
Перизат: - Сиз сүйүү тууралуу ырдап жаткан кезиңизде кыздардын кандай сапатын баалайсыз?
- Мен азыркы учурда андай нерсени айырмалай элекмин. Бул кыз жагат, бул кыз жакпайт деп айта албайм, азыр тандоодомун.
Айпери: - Ар бир ырчынын артында колдоочулары болот. Сиздин кийимдериңизди ким каржылайт?
- Өзүмө керектүү нерсенин баарын өзүм каржылайм. Бир дагы адам мага колдоо көрсөтүп, бир сом жардам берген эмес. Өзүмдүн күчүм менен гана чыгып келем. Моралдык жактан ата-энем, досторум, бир туугандарым жардам берип турушат.
Айчүрөк: - Прези
денттикке койгон талап-
керлерге сиздин көз карашыңыз?
- Саясаттан алысмын. Бирок, баарыбыз саясатка ооп жатпайбызбы. Чынын айтканда, эми кылган иштерин көрөсүң, анан телевизорго чыгып калганда сүйлөө жагынан начар да. Алар сүйлөгөн нерсени биз деле сүйлөй алабыз. Саясатчылардын деле жумушу оор болсо керек.
Рима: - Өзүңүздү жайлоодогу чабан катары элестете аласызбы?
- Элестете алам. Ал мен үчүн кыйынчылыкка деле турбайт. Мен өзүм айылдык эле баламын да, кичинекей кезимде мал кайтарып таятам менен бирге жайлоого деле чыгып кетчүмүн.
- Ошол кезде азыркыдай эл тааныган атактуу ырчы болом деп ойлочу белеңиз?
- Андай ойлор сөзсүз түрдө болгон. Аябай деле чыгармачылыкка суктануу болгон эмес. Анткени, ата-энем экөө тең чыгармачыл адам болгондугуна байланыштуу бул жакта окуп кетишкен. Азыр чоң-чоң адамдар менен группалаш болуп, ошол атактуу адамдардын бардыгын кичинемде эле көргөм. Андан сырткары, мен бала чагымда эле ырдачумун. Майрам Акаева жетектеген балдар билим борборунда фестивалдар болуп турчу жыл сайын. Бардыгына катышып жатып, Гүлнур эжени, Актан байкени ошондо эле көрүп сүрөткө түшүп, чогуу эле жанында жүрчүмүн. Ошондуктан аябай деле бир башкача сезим болгон жок. Эмнегедир ушул чөйрөгө кирем, ушул жакка аралашам деген оюм бар болчу.
Миргүл:- Сизди Жаным Айзат менен сүйлөшүп жүрөт жана жакында үйлөнөт экен деп укканбыз, бул чынбы?
- Жок, бул бир ушак. Мен эң көп нускалуу эле бир чоң газетага барып интервью бергенде, эки-үч жылдан кийин үйлөнөм деп айткан болчумун. Алар болсо менин сөзүмдү өзгөртүп, жакында үйлөнөт деп жазып коюшуптур. Азыр үйлөнбөйм, даяр эмесмин, жыйырма бештен ашканда деле үй-бүлө курууга жетишем. Жаным Айзат менен жөн гана сый мамиледемин.
Жанат:- Кайсыл аспапта жакшы ойнойсуз?
- Атам гитараны жакшы ойнойт, апам комузда жакшы кол ойнотот. А экөө тең биригип келип фортепьянодо ойной албайт. Үчөөбүз үч бөлөк аспапта ойнойбуз.
- Шоу-бизнестеги кайсы ырчы кыздын сырткы келбетин баалайсыз?
- Жаным Айзатты эле айтып коёюн, башында айтып кеткендей баарыбызга оңой болот. (Күлдү)
Рима:- Сиз студентсиз, акчанын күчү менен окуйсузбу, же өз күчүңүз менен окуйсузбу?
- Чынын айтайынбы?(Күлдү). Эми мен ырчы болуп жатпайынбы, ошого тигил жакка барасың, бул жакка барасың, чыгармачыл жумуштарым менен жүрүп, кээде сабакка барбай калам. Ошого анча-мынча сабактарымды акча менен бүтүргөнгө мажбур болом.
Айкөкүл:- Күйөрмандарыңыз көп болсо керек, кандай белектерди тартуулашкан?
- Өзүмө жетет, ар кандай белектер келет. Бир жолу 60 метр кат келген, күндө бирден-экиден барак окуп, бир ай дегенде гана аягына чыгаргам. Аны ким бергени мен үчүн сыр бойдон калган. Концерт койгондо ырдап бүткөндөн кийин чечинүүчү залга апкелип беришет да. Кимден келгенин билбейм.
- Сиз ушул тармак боюча өмүр бою кетесизби, же кандай?
- Юридикалык академияны бекер окуган жокмун да. Ошол жакка өзүмдүн кызыгуум бар. Ырчылыкты таштабайм, хобби катары алып кетишим мүмкүн.
Миргүл: - Биринчи уулдуу болууну каалайсызбы, же кызбы?
- Мен биринчи уулдуу болгум келет. Төрт баланын атасы болсом дейм. Биринчи балаң эркек болсо жакшы да, сенин артыңда тукум калат. Азыр биринчи кыздуу болуп, анан уулдуу боло албай жатышпайбы. Мен ошондон корком. Менин артымда кийин саруу, саяк деген сыяктуу Ильяз уруусунун балдары деген ат калса жакшы да. Бул мен үчүн чоң сыймык.
Перизат:-КТРдин тамаша торуна түшүп калгансыз. Ошондо бир адамды өлтүрүп алдыңыз, кандай акыбалда болдуңуз эле?
- Элестетиңиз сиз деле жолдо кетип баратып бир адамды өлтүрүп алсаңыз, жаман болосуз да. Мен да аябай опкоолжуп бир адамды өлтүрүп алдымбы деп жаман болгом.
- Сайра Момунова сиздин өкүл апаңызбы?
- Ооба, көптөр ойлошот экен, өкүл апасы болсо үйлөнүп алган турбайбы деп. Жок, мен үйлөнгөндө мага өкүл апа болот. Анан дагы үйлөнүп, аялын Караколго таштап коюптур деген да сөздөрдү чыгарып алышыптыр. Мен жактырган кызым бар, ал таптакыр чыгармачылыктан алыс адам. Ал менин ырчы экенимди да билген эмес, бара-бара билип, азыр кыргызча гана музыкаларды угуп калды. Мен анын кол телефонуна кыргызча ырларды жүктөп бергем, ошолорду угат. Шаарда тарбиялангандыктан мурда жалаң гана батыштын музыкасын укчу, азыр андай эмес.
Жылдыз
Абдыкерим кызы