п»ї
 Таанышуу жарыясы


Алтынбек ИСМАИЛОВ, акын:
"БАЯГЫ ЭЛЕ БАЛЧЫКТАГЫ БАКАЛАР..."
Алгачкы Сүйүүм
Сөзү: Кундуз Качкынбаеваныкы
Обону: Азамат Такырбашевдики
Алгачкы ак сүйүүм болдуң эле,
Айтпадың сүйүүңдү неге дебе.
Жүрөгүм сен деди,
Намыс жол бербеди.
Балбылдап көздөрүң турган эле,
Сезбедиң сезимди, анда неге?
Таарынбайм өзүңө,
Карабай көзүңө,
Сүрдөп сенден, сүйүп келгем.

Кайырма:
Алгачкы сүйүүм элең,
Аярлап жүрөктө сактап келгем.
Кыялым алып учкан,
Кымбатым, сени эстей берем.
Кайгырбайм өткөн күнгө,
Кылыгым теңелет кызыл гүлгө.
Өчпөгөн сезим менен,
Өзүңдү эстей берем.

Ай болуп булуттан чыгып келген,
Алыстан дүйнөгө жарык берген.
Алгачкы махабат,
Ажайып жаралат.
Караса көздөрү сүрү бардай,
Сүйүүгө жүрөгүм турган канбай.
Сезимдер эртелеп,
Мага да келсе деп,
Күнү-түнү күтүп, сүйүп.

Кайырма:
Алгачкы сүйүүм элең,
Аярлап жүрөктө сактап келгем.
Кыялым алып учкан,
Өзүңдү эстей берем.

Алтынбек ИСМАИЛОВ, акын:
"БАЯГЫ ЭЛЕ
БАЛЧЫКТАГЫ БАКАЛАР..."
Менимче, бул ырдын ар бир сабын карап, ар бир сабын тарап, ар бир сабын санап окуган сабаттуу окурман сөзсүз түрдө чала бышкан супсак ботко сугунгандай, же болбосо кыш чилдеде муздак сууга жуунгандай абалда калса керек...
Ачыгын айтканда, бул ыр "жашап" жазылбай, "жасап" жазылган азыркы араң жан ырлардын катарын толуктаптыр. Ошондуктан акын бул ырын "Алгачкы сүйүүм" дебей, "Араң жан сүйүүм" деп атаса, куп жарашмак экен. Ырда сүйүүнүн "с"сы да жок. Баягы, баягы, койчунун эски таягы дегендей, баягы эле балчыктагы бакалардын обонун эске салган "банальный" нерселер.
Өзгөлөрдү билбейм, бирок мен бул чыгарманы окуганда бир сабы өйдө тартып өкүрсө, экинчи сабы ылдый тартып ыйлаган, бир куплети "төө" деп кыйнаса, да бир куплети "бээ" деп туйлаган, баш-аяксыз чачыранды ойлорго туш болуп, бирин-бири күчкө салып сүйрөп келген "жүүнү бош" уйкаштыктарга кезиктим.
Кызык жери, ушул ырды жараткан акын өзү эмне жөнүндө жазганын, аткарган ырчы өзү эмне жөнүндө ырдаганын, ал эми аны тыңдаган угарман өзү эмне жөнүндө укканын билбей жыргап-куунап жашап жаткандыгында. Бул эмненин белгиси? Бул, балким, бир кезде маркум Салижан Жигитовдун: "Өзүнүн бактысыз экендигин билбеген элден бактылуу эл жок" деп айткан сөзүнө шайкеш келген көрүнүш болуп жүрбөсүн?

Муратбек Бегалиев, КРнын эл артисти, композитор, профессор;
"ушундай ырлар маңкурттукка алып барат"
- Бул ырга жакшы эле аракет кылган, аябай эмгектенип, көбүнчө студияда иштептир. Бирок толугу менен жазган эмес, кайрыктарга бөлүп жазган. Эмгеги чоң экен, аябай эмгектенип иштегени, таланттуу кыз экени көрүнүп турат, бирок окуш керек. Анан көрүнүп турат, азыр көптөр үйдө отуруп алып компьютер менен бир сөздөн жазат, ошолор сыяктуу эле бул дагы ошентип жазган. Аябай эмгектенип жазган экен, муну бир профессионал бирөө жаздырыптыр. Мындай кайрыктарды профессионалдар гана жаза алышат. Бир кайрыкты бир жазышат, анан кайырмасын бир жазат, андан кийин аранжировкасы. Аранжировка деп Европаныкын эле алып коюп коюшат. Өзү орто заар сүйүү жөнүндө, бир эле ритм менен келе жатат. Сөзү деле, обону деле орто, ашып кеткен эч нерсе жок. Бирок эмгектенип элге чыгайын деген кыз экен. Жаштарга жагат мындай ырлар, кафелерде ойносо болот, бирок чоң концерттерде ойногонго болбойт, анткени, оригиналдуу эч нерсе жок. Мындай ырлар самандай жайнап жүрөт, бирок эскиче, илгерки обондорду жаңыча жасап чыкканда элге башкача угулуп, жактырып калышат. Анан бир кармай турган саптары болсо учунан кармап алат дагы, кыңылдап ырдап жүрө беришет. Мындай ырларды эл бир күн, он күн ырдагандан кийин элдин эсинде деле калбайт. Адис катары айтаарым, бул ырга бир топ эле эмгеги кетиптир, бирок карманар, мындайча айтканда, ашыкча кеп деле кыла турган эч нерсеси жок. Эгер окуйм деп аракет кылса, анда бул кызга мактоо эле керек. Анан Европанын кайрыктарынан кичинеден кошуп отуруп обон жараткан болбойт. Бул ыр жөнөкөй эле ыр экен, мактап да, жамандап да эмне кылам. Мындай ырлар көп, саман, мындай ырлардан бир күндө жүздү жазса болот. Ал эми оригиналдуу сүйүүнү даңазалап, шам чырагын күйгүзүп, ошону тазалап, бийиктеп алыс жакка кол жеткис кылып коюш баарынын колунан келе бербейт. Азыр жаштарда ушундай ырларга көнүп калыптыр. Чыгып секирип бийлеп койсо, жакшы деп айтышып кирет. Жанагы маңкуртизмдин биринчи кадамдары ошол, Чыңгыз агабыз айткандай. Ошондон кудай сактасын. Эгер ушул бойдон ушундай ырлар менен кете берсек, анда маңкурттукка алып барат.



Алиса Сапарбекова




  Стоп-кадр

"Тасмадагы Шумкардын мүнөзү Бек байкенин мүнөзүнө шайкеш"
Бек Борбиевдин сценарийинин негизинде тартылган "Мен сүйгөн карагат" киносу тууралуу эшиткен чыгарсыз, окурман. Ушул тасманын режиссёру Руслан Машрапов жана баш каарман Жамалдын образын жараткан актриса Назира Бердигулованы кепке тарттык.
Режиссёр Руслан Машрапов:
"Кино-кыйноо деп бекеринен айтылбайт тура…"
- Жаңы тасма жаратарда алгач эмнесине көңүл бурасыз?
- Алгач ошол тарта турган кинонун сценарийи көзгө урунат да. Мен каалагандай, жан дүйнөмдүн тынчтыгын козгогон окуя болсо, албетте, кино тартканга бел байлайм.
- Аз да болсо кино жаатында эмгегиңиз бар, режиссёрдук жашоо кандай экен?
- Кино-кыйноо деп бекеринен айтылбайт тура. Режиссёрдук жашоонун даамын сезгендер мыкты билишет чыгар. Чындыгында, мындай жашоого сүңгүп кирсең, биротоло жашап калышың шарт экен.
- Режиссёрдун жалпыга көмүскө жеке жашоосу кандай болду экен?
- Жаркылдаган келинчегим Медина - менин жашоомдун куту. Уулубуз Артур 12 жашта. Кызыбыз Таңсулуу 6 жашта.
- Гениалдуу режиссёрдун катарында трагикомедиянын атасы Чарли Чаплинди атап келишет. Гениалдуу режиссёр кандай болуш керек, сиздин оюңузча?
- Гениалдуу режиссёр болуш үчүн, тубаса талант болуусу шарт. Гениалдуулук тырышчаактыкты, өжөрлүктү, талбаган эмгекти талап кылат.
- "Мен сүйгөн карагат" киносунда сизди көп түйшөлткөн кадр?
- Шумкардын досу Керезди өлтүргөн жери татаал кадр болду. 6 адам бир кадрда ойнойт. Ар биринин ролуна жараша мүнөздөрү бар, ар бирин өзүнчө алып карап, алар менен иштеш оор болду. Менин оюмдагыдай болбой калды деп ойлойм
- Көшөгө артындагы киного салым кошкон инсандар тууралуу айта кетсеңиз?(Продюсер, оператор, монтажёр ж.б.)?
- Бардык кинолордо актёр, актрисалар гана таанылып, көшөгө артындагылар көмүскөдө кала берет эмеспи. Жоопкерчиликти алган ишти мүдөөсүнө жеткире аткаруу ар бирине жүктөлгөн. Кино жаратууда ар бир кесиптин өзүнүн түйшүгүн өзүнчө тартат. Ошентип кино жаралат да, бышкан ашты жечү көп, тузу өткүр дечү көп деп киносынчылар даяр турат экен.
- "Деңизди сүйсөң, толкундарды кошо сүй",- деп бир даанышман ойчулдун айтканы бар, сценарист катары триллер же ужас жанрына кайрылат белеңиз?
- "Мен сүйгөн карагат" киносу менин биринчи эмгегим. Ошондуктан бардык жанрды тартып көрүүгө кызыкдармын. Кайсы жанрды жеткиликтүү ачып бергенде гана менин багытым ушул экен деп, ошондо тандашым мүмкүн.
Назира Бердигулова:
"Жамалдын образынан чыга албай жатам…"
- Баш каарман Жамалдын образын кандайча аткарып калдыңыз?
- Чуркаган калат, буйруган алат деген жакшы сөз бар. Мен Жамалдын курбусу Алиянын образын жаратмакмын. Баш каарманды Назира аттуу кыз ойномок, тартылар күнү ал тасмага түшүүдөн баш тартыптыр. Ошентип бактыга жараша баш каарман мага буйруду. Ал эми Шумкардын мүнөзү Бек байкенин мүнөзүнө шайкеш. Арадан канча жылдар өтсө да, бул киного тартылганымды эч качан унутпайт болушум керек. Кино аяктаса да Жамалдын образынан чыга албай жатам.
- Айтылуу дүйнөлүк киножылдыз Мерилин Монронун жүзүндөгү калындай, сиздин эрдиңиздеги кал да өзгөлөрдөн өзгөчөлөнтүп турарын байкайсызбы?
- Менин эрдимдеги калым 4 жашымда чыккан. Ата-энем эрдимди тиштеп алып, кан уюп калган го деп да жүрүштү. Сценарийдин автору катары Бек байке: "Карагатым, эрдиңдеги калыңды эч качан унутпайм",- деген сөздү кошуп койду.
Динара Асылбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??