БШК Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Субаналиевге эскертүү берди
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Субаналиевге үгүт кампаниясы башталардан мурун өзүн агитациялаган аракеттери үчүн эскертүү берди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Алмазбек Атамбаев жана Өмүрбек Субаналиев Кыргызстандагы бир катар гезиттерге жана интернет сайттарга өз мөөнөтүнөн мурда үгүт баштоого жол берген. "Шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык президенттикке талапкер тиешелүү мыйзамдарды бузган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы ага жазуу түрүндө эскертүү берүүгө укуктуу. Эгер талапкер бул сындуу мыйзам бузууларга бир нече ирет жол берсе, анда БШКанын талапкерлигин каттоодон баш тартууга укуктуу,-деп жазылган БШКнын эскертүүсүндө. Эскерте кетсек, мындан мурун "Тилектештик" жарандык кыймылы Алмазбек Атамбаев, Адахан Мадумаров, Акылбек Жапаров жана Өмүрбек Субаналиев жашыруун жарнамалары аркылуу үгүт кампаниясынын эрежелерин бузуп жаткандыгын билдирип, буга чара көрүүсүн сурануу менен БШКга кат жолдогон.


ТҮЛЕЕВ КҮЧТӨНҮҮДӨ
Түлеев улам күчтөнүп баратканы күбүр-шыбыр болууда. Талапкерлигин былтыркы революцияны жасашкан "7-апрель жаштар кыймылы" партиясы көтөрсө, кыргыздын аттуу-баштуу инсандары Турдакун Усубалиев, Чолпон Баекова, Мисир Ашыркулов, Болот Жанузаков, Эднан Карабаев, Замира Сыдыкова, Эсентур Молдогазиев сүрөөгө алышты. Ал эми Нарынды Накен Касиев, Таласты Искендер Айдаралиев, Ошту Нургазы Айдаров, Бишкекти Мелис Сатыбеков жетектешүүдө. Түлеев "Ак бата" партиясын түздү. Ага Нариман Ташболотович жетектеген коммерциялык түзүмдөрдө иштешкен 2 миңден ашык адам өздөрүнүн такай иштешкен 20-30 миң кардарларын ээрчите келишкенин эске алсак, алардын ар бири үй-бүлөсүндөгү 4-5 кишини ээрчиткенде Түлеевди жактоочулардын саны 150 миңди чапчып барат. Ошондой эле түндүктөгү орус, түштүктөгү өзбек тилдүү шайлоочулардын көпчүлүгү Нариманга ооп жатканын кошсок, Түлеев тамашаны салчудай көрүнүп калды.


Сот Айчүрөк Иманалиеванын арызын карабай турган болду
Той болот, тойдун эртеси да болот демекчи, Айчүрөк Иманалиева менен байланышкан сот иши токтотулду. Тагыраак айтканда соттун жүрүшүндө Айчүрөк Иманалиева 3 жолу адвокат алмаштырганга үлгүрдү тобоо… Аягында эки жолку отурумда адвокатынан да өзүнөн да кабар болбой, себепсиз катышпагандыгына байланыштуу Свердлов райондук соту ишти карабай тургандыгын билдирди. "Адамдык аброюма шек келтирди", - деп Назгүл Насиеваны жана "Обон" гезитин сотко берген эле. Ушунча тырышып 400000 (төрт жүз миң) сомго сотко бергенден кийин утуп алса жакшы болмок. Баягы ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, ал сумманы утуп алам деп ойлогон апчебиздин оюн кыстаган турмуш жеңип кетти окшойт да, сыягы. " Айчүрөк эжебиз дагы бир жолу сотко арыздана турган болсо, "калдыктар" деген сөзү үчүн мен да бир миллион эки жүз миң сом доо арызым менен кайрылам",- деп стартта турат.


К. Дүйшөбаев: "Күйүүчү май аткезчилигине чек ара аймагынын тургундарынын да катышы бар"
Кыргызстандан Тажикстанга күйүүчү майды аткезчилик жолу менен ташууга чек ара аймагынын тургундарынын да катышы бар экендигин Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди.
"Чек ара райондорунда жашаган калк күйүүчү май аткезчилигине тартылган жана ага кызыкдар болууда. Анткени алар мындай жол менен акча таап алышат. Ушундан улам жергиликтүү тургундар атайын кызматтын кызматкерлерине жана чек арачыларга кысым көрсөткөн учурлар болууда", - дейт Кеңешбек Дүйшөбаев.
УКМК төрагасы мисал катары "Куланды" өткөрүү пунктунда болгон окуяны айтып берди. Анда 40 тонна күйүүчү май ташыган унаа кармалып, ушундан кийин ал жерге 30га жакын жергиликтүү тургундар келип, аскер кызматкерлерине кысым көрсөтүп, коркутушкан. Ушул учурда май ташып бараткан унаа Тажикстан тарапка өтүп кеткен. Ошондой эле күйүүчү майды мыйзамсыз ташыгандар кармалганда, жергиликтүү тургундар жол тосуп алган учурлар болууда, - дейт Дүйшөбаев.




Ыр сынак
2011-жылдын 8-9-октябрында Ноокатта Курманжан датка жылынын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алтынбек Сулаймановдун колдоосу менен элдин сыймыктуу баатыр кызы, мамлекеттик ишмери УРКУЯ САЛИЕВАНЫН 100 жылдык юбилейине арналган республикалык кыз-келиндер арасында ыр сынагы өтөт.
Ыр сынактын жалпы Жобосу
Адамзат аң-сезиминин айкын таза күзгүсү, руханий байлыктардын көрөңгөлүү уюткусу болгон улуттук маданиятыбызды өркүндөтүү максатында салттык музыка жана фольклор, эстрада жанрлары боюнча ЫР сынагын уюштуруу менен жаңыдан чыгып келе жаткан жаш таланттарды, өнөр жолун аркалаган өнөрпозчуларга ар тараптан колдоо көрсөтүү болуп саналат. Ыр сынагынын талаптары: Чыгарманын мазмуну; аткаруучулук чеберчилиги, тактыгы. Чыгарманын аткарылышынын уккулуктуулугу. Сахна маданияты, кийимдердин салттуулугу жана саркечтүүлүгү. Аткаруучунун кыймыл-аракети, ийкемдүүлүгү. Жогорку техникалык табылгалар (жаңы боёк, жаңы түр). Ыр сынагына тандоо сынагынан өткөн Кыргыз Республикасынын булуң бурчунан, эл арасынан чыккан мыкты үнү бар, ырга шыктуу 30 жашка чейинки кыз-келиндер катыша алат. Ыр сынагына катышуучулар Ош жана Бишкек шаарындагы сынакты өткөрүү боюнча түзүлгөн уюштуруу комитеттерине атайын кат менен кайрылышат жана күн мурунтан белгиленген тандоо сынагына катышышат. Тандоо сынактары Ош жана Бишкек шаарларында 2011-жылдын 23-24-сентябрларында ал эми, өнөр сынагы ушул эле жылдын 15-16-октябрь күндөрү Ош облусунун Ноокат районунда өткөрүлөт.
Сыйлыктар: Баш байге - "S-класс" маркасындагы "Мерседес-бенц" авто унаасы. Биринчи орун - 100 000 (жүз миң) сом; Экинчи орун - 60 000 (алтымыш миң) сом; Үчүнчү орун- 40 000 (кырк миң) сом; Эстрада жанры боюнча, баш байге-"S-класс" маркасындагы "Мерседес-бенц" авто унаасы.1-орун - 100 000 (жүз миң) сом; 2-орун - 60 000 (алтымыш миң) сом; 3-орун-40 000 (кырк миң) сом. Мындан сырткары, кызыктыруучу сыйлыктар бар.
Эскертме: Ыр сынагына тиешелүү бардык суроолор менен Бишкек шаары боюнча (0312) 66-50-39, 0552 08 23 22, Рыскулов Ильязга, Ош шаары боюнча (03222) 8-55-86, 0777 58 00 83 Жоробаев Жоомартка жана Курманжан датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз кaрандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясына, (0312) 900-443 телефондоруна кайрылыңыздар.