п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Ширин Айтматова:
"Жолдошум Талгат менен дос болуп ажыраштык"
- Ширин эже, аял-лидерге болгон сиздин оюңуз?
- Сурооңузга рахмат. Лидер аялзаты болуу - өндүрүш, же болбосо ден соолук тармагында лидер болуу сыяктуу. Өз элиңди сүйүп, чынчыл жана жоопкерчиликтүү болушуң керек. Жакында Чолпон Жакыпова менен тааныштым - ал айымдын чыныгы лидерлик сапаттары бар экенин байкадым. Мен активдүү айымдардын дүйнөсүнө аралаш жүрүүгө мүмкүнчүлүктөрүм бар экенине кубанам. Ошондой эле биздин айымдар саясатта жөндөмдүү деп ойлойм жана сыймыктанам.
- Мүнөзүңүз кандай?
- Менин мүнөзүм аябай жумшак жана чыр-чатактан алысмын, бирок өзгөчө кырдаалдар болуп калган учурда катаал жана таканчаак боло алам. Бала чагымдан эле көчөдөгү балдарды коргочумун, 8 манжасы бар майып кызга фортепьяно ойногонду үйрөткөм. Мен үчүн өтө пайдалуу болбосун билсем дагы, мугалимдеримдин алдында бетке айткан учурлар болгон. Мен чыгармачыл адам болгондуктан, жашоого философиялык көз караш менен карайм. Ар бир кыйынчылыкта жол таап кете алам. Эгерде бир нерсеге кызыккан болсом, анын майын чыгарганча жасайм. Жашоого өзүмдүн өзгөчө көз карашым бар, көпчүлүктө артта калбай жашап кете алам.
- Мүнөзүңүздү сурап атканымдын себеби, аялзаты боорукер, назик болушат эмеспи. А саясат, тескерисинче, мерездикти жана катуулукту талап кылат. Бул жагынан кыйналган жоксузбу?
- Кыргыз аялзатынын, энелердин түйшүгү көп, бизди эч ким ыгы жок эркелетип, ашкере баалай бербейт. Мен дагы ак кол эмесмин, саясат мага жагат жана мен үчүн чоң мектеп. Жумуштан коркпойм. Текебаевдей титан менен чогуу иштешүү дагы мага чоң тажрыйба. Кыйынчылыктар дагы болбой койбойт, көбүнчөсү микрофонду монополдоштуруп алган депутаттардын маанисиз сөздөрүн уккуча, көйгөйлүү маселелерди чечүүгө аракет кылуудамын. Элибиз биздин майнаптуу нерселерди күтүп жатканы, балдарыбыз ачка калганы демагогия менен алектенип отуруубузга жол бербейт.
- "Ата Мекен" партиясына кандайча, же ким аркылуу кирип калдыңыз эле?
- "Ата Мекен" партиясына Текебаевдин жана Жээнбековдун чакыруусу менен келгем. Бир жыл өткөндөн кийин иликтесем, партияга келгеним туура иш болуптур. "Ата Мекен"- менин партиям.
- Азыр ал партия жакпай, чыгам деп жатыптырсыз го?
- Албетте, ар кандай болот. Фракциялаштарым менен 100 пайыз жакындашып кеттим десем болбойт. "Ата Мекенден" кетейин деген оюм жок.
- Азыркы өкмөттүн алып барып жаткан ишине кандай баа бересиз?
- Азыркы учурда Жогорку Кеңеш премьерибиздин шайлоо алдындагы платформасына айланган сыяктуу. Жөнөкөй турмуштагы көйгөйлөрүбүз, зарыл маселелердин бардыгы чечилбей, шайлоо алдында токтоп калгандай. Жогорку Кеңештин саясий жаңылануусу 5 жылдан кийин гана өз нугуна түшөт деп ойлойм. "Акжолдоштуруу" жолундагыдай болуп жон эле Жогорку Кеңеште депутаттар менен айтышып олтуруу менин пландарыма кирбейт.
- Агропромдун алдындагы Чыңгыз Төрөкуловичтин айкели купулуңузга толдубу? Айкел боюнча кандай пикирлерди айта аласыз?
- Эстелик жөнүндө эч качан кызыкдар болгон эмесмин. Эстелик жалгыз мен үчүн гана эмес, жалпы эл үчүн тургузулду. Атам менин жүрөгүмдө түбөлүктүү эстелик болуп сакталып калат. Ошондуктан бул суроого эч кандай комментарий бере албайм. Атамдын окурмандарына эстелик жагар деп ишенели.
- Чыңгыз Төрөкулович курутту катыра жасачу экен. Сиз да үйдө атаңыз жасагандай курут жасайсызбы?
- Ооба, бир жолу атам мага курут жасаганды үйрөткөн. Үйүмдө болсо курут жасабайм. Атам ашканага кийлигишчү эмес. Эгерде жумуштан кийин убактым көбүрөөк болуп жетишсем, кызыма тамак жасап берем.
- Роза Исаковнанын уулу Атай менен мамилеңиз абдан жакшы дешет. Мурунтадан бери эле доссуңарбы?
- Ажобуздун уулу Атай Садыбакасов менен мамилем түз. Ал экөөбүз кичинебизден бери тааныш достордонбуз. Кээ бир маселелерде экөөбүздүн оюбуз эки жактан чыгып калган учурлар болот. Быйыл Атайдын коңшулаш өлкөлөрдөгү туристтерди көлүбүзгө кызыктырып тартуу боюнча оюн ишине ашырды. Быйыл туристтердин көгүлтүр көлүбүзгө келүүсү көп болуп, жакшы натыйжа берди. Туризм тармагынан Атай өзүнүн ишин билген азамат жана мен ага көмөктөшкөнүмө кубанычтамын.
- Күз мезгилин жактырасыз го. Мына минтип күз да келди. Күз айлары романтикага бай деген сөзүңүз бар. Кандай романтикалык учурларга тушугуп атасыз?
- Күз менин эң жакшы көргөн мезгилим.Жалбырактардын саргайышына күнүгө күбө болуу жүрөгүмдү эргитип, көңүлүмдү сергитет. Бул күздө маанайым дагы романтикалуу десем болот. Жашоомо ыраазымын.
- Кыргыз тилинен бир аз кыйналып, сабак алып аттыңыз эле. Жакшы сүйлөп, ой жүгүртүп калдыңызбы?
- Кыргыз тили боюнча бир аз кыйынчылыктар бар. Мага жазуу түрүнө караганда оозеки кыргыз тили кыйыныраак. Кыргыз тилин так өздөштүрөйүн деген аракетим чоң.
- "Одни какашки от кыргызских СМИ" деп, Фейсбук баракчасына жаздыңыз эле. Кыргыз ММКсы кыжырыңызга катуу тийген окшойт да.
- Кээ бир кыргыз журналисттеринин интеллектинин төмөндүгүн көрүп уяласың. Саясаттагы аялзаты жөнүндөгү жазган кээ бир макалалары өтө эле адепсиз. Жогорку деңгээлде иштегендин ордуна проктологдордун деңгээлинде жазышат. Журналисттерди сыноо менин маселем эмес, азыркы учурдагы негизги маселе балдардын укуктарын коргоо, ушул актуалдуу тема менин көңүлүмдү буруп турат.
- Бир жыйында: "Мен мындай театрга кошула албайм. Анткени, актёрлук чеберчилигим жок", - дегениңизде, А.Келдибеков катуу чычалады эле. Азыр андай "театрда" "актёрлук" чеберчилигиңизди жакшы эле аркалап атасызбы?
- Кудайдан коркпогон кээ бир саясатчыларыбыз элди аман алып калган баатырлардан болуп, Жогорку Кеңешке келип алышты. Алардын популисттик туура эмес кылып жаткан иштерине эч кошулбайм. Жакындарын жоготкондорго кудайыбыз күч-кубат берсин.
- Кызыңыз чоңоюп атабы?
- Кызым Кереметти жакында эле балдар бакчасына бердим. Керемет менин күнүм, айым, жылдызым. Мен кызым деп жашап келем. Керемет чоңойгон сайын менин эң жакын аңгемелешим болуп бара жатат.
- Жолдошуңуз Талгат жоош болчу дешет. Сиздин саясий ишмердүүлүгүңүздү түшүнбөгөнүнөн улам эки жакка кетүүңүздөргө туура келдиби?
- Менин мурунку жолдошум абдан жакшы адам. Экөөбүз дос болуп ажыраштык. Ортобузда кызыбыз болгондон кийин мамилебиз жакшы эле. Менин саясий ишкердигиме кандай көз карашта экенин билбейм.
- Кайын-журтуңуз менен кандай мамиледесиз, катташып турасызбы?
- Мурунку жолдошумдун ата-энеси жакшы адамдар. Аларды көргөндө өз ата-энемдей эле мамиле кылам. Кызымдын чоң ата-чоң энеси жакшы адамдар экени кубандырат. Алар Каракол шаарында жашагандыгына байланыштуу көп көрүшө албаганыбыз өкүндүрөт. Кайненемди азыр деле апа дейм, ал мени өз кызындай көрөт.
- Мурун Ахматбек Келдибековду эмнеге душман көрчү элеңиз? Анан кайра душман көрбөй калдым деп жаздыңыз эле. Кетирген катасын оңдодубу?
- Келдибеков экөөбүздүн мамилебиз кызмат жаатында гана. Чогуу иштеген соң адамды жакындан тааный баштайсың. Төрага жакшы киши, кээде экөөбүздүн саясий көз карашыбыз кайчылашып кетет, ал адам катары абдан түшүнүктүү, эң негизгиси, уга билет.
- Депутаттар эс алууга чыгып жатканда, Камчыбек Ташиев Ыргал Кадыралиева экөөңүздөргө тийишкенин интернет сайттардан жана гезит беттеринен окуп калдым эле. Азыр ал адатын калтырдыбы, же кез келгенде тийише калып атабы?
- Ташиев дагы менин кесиптешим. Абдан тамашакөй адам. Ыргал Кадыралиевага кандай мамиле кылганын билбейм , бирок мага депутат Ташиев эч кандай одоно мамиле жасаганын байкаганым жок. Журналисттер кызыктуу болсун деп кесиптештер арасындагы айтылган тамашаларды апыртып чындык кылып жазмайы бар.

Төлөбүбү Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??