п»ї

Белгилүүлөрдүн белгисиз жоруктары
Жашоо бул-сахна, адам ошол сахнада роль аткарган актёр деп айтылгандай, жашообузда сахнадагыдай кызыктуу тамашалар дайым болуп турары талашсыз. Биз тааныган белгилүү адамдарыбыздын белгисиз жоруктарынан бир шиңгил угууну эп көрдүк.


Байыш Момунов, ырчы:
"Уюлдук телефон менен концерт коюп…"
Кечээ эле Жалал-Абад областынын Аксы районунун 1-Май деген айылында бир чоң тойго тамада болдум. Ал жерде тойду жакшы алып бардым. Эртеси ошол айылга концерт коймокмун. Концертке деп даярданып жүрүп башталарына 2 саат калганда, ырларым жазылган 2 кичине дискетимди уурдатып жибердим. Концерттеги ырдала турган ырлардын баары ошонун ичинде болчу. Эмне кылабыз деп башыбыз катып, орустар айтмакчы, "без выходный положениеде" калып калдык. Айла жок ким таап келсе сүйүнчүсүнө 500 сом беребиз, тапкыла десек эч ким таппай койду. Клубдун алдына элдер чогулуп "эмне башталбайт?" деп күтүп турушат. Оператор балдар той болгон үйгө барып издешти. "Жаш балдар алыптыр, алар дискет эмне экенин билишпейт да, ыргытып жиберишкенби, же сындырып коюшканбы? "500 сом беребиз"-десек да бербей коюшту. Дагы жакшы 5-6 ырымды уюлдук телефонума жаздырып коюптурмун. Концерт башталды, айла жок уюлдук телефонумду үн күчөткүчкө туташтырып, ошо менен концерт бердим.


Назира Жетигенова, куудул:
"Жакут бутуна ылай резинка өтүктү кийип алып сахнага чыгып…"
Өзгөн районунун Толук деген айылына Жакут Сыдыков экөөбүз концерт коюп барып калып жатпайлыбы. Толук деп аты эле айтып тургандай, тоонун ортосундагы айыл. Негизи, ал жакка 10 жылдан бери концерт келе элек экен. Клубу жаңы эле салынып, толук бүтө элек экен да. Анан элдер суранганынан ошол жакка концерт коюп барып калганбыз. Барсак кар аралаш жаан жаап, баткак. Ал жакта жаан жааганда машиналар тыгылса чыкпай, элдер да ары-бери баса албай калышат экен. Бизге айыл өкмөттөн резина өтүктөрдү алып келип жатышпайбы. Биз аларды кийип алып, аппаратураларыбызды, костюмдарды көтөрүп тээ айылдын четинен клубга чейин 3 чакырымдай жөө бастык. Басып баратып ылайга бутуң кирсе, шилтегенде өтүгүң чечилип калат. Эптеп клубга барсак, эл чогулуп калыптыр, өзүлөрү олтурганга үйлөрүнөн колго жасалган кичинекей отургуч, төшөктөрдү алып келишиптир. Клубдун ичи болсо таш, баткак. Сахнасына көшөгөлөр тагыла элек экен. Биз кийинип, чечине турган бөлмөнүн эшиги сахнанын ортосунда экен да. Же көшөгө жок, биз каалганы ачып чыга калып эле: "Саламатсыздарбы?"-деп эл менен учурашып, концертибизди коюп баштадык. Бир убакта Жакуттун "Титаник" деген сатирасын аткарып калдык. Мен чыгып Роза болуп аткарып жатам, ал эми дайыма аткарганда Жакут Жектин арбагы болуп оң жагыма келчү да. Мен аткарып жатып "оң жагыман келеби же сол жагыман келеби?" деп, улам эки жагымды карап: "Жек, алтыным, көзүмө көрүнүп койчу бир жолу"-деп ыйлап образга кирип, элдерди да ыйлатып жаткам. Оң жагымды карасам Жакут жок да, анан сол жагымды карасам эле кепичин кийип алып, бутуна болсо жанагы ылай резинка өтүктү кийип алып сахнага чыгып калыптыр. Буттары да ичке. Мен адамды, ал арбакты аткарып жаткан да, аны көрүп алып күлүп жатам. Аппаратура койгон балдар жашынып олтурушат го кулисанын артында, алар ДСПны жамынып алышкан. Жакутту көрүп каткырып күлүп калышты. Эл да күлүп, өзүбүз да күлүп, эптеп аткарганбыз.


Элина Абай кызы, актриса, бийчи:
"Барып алып кечке күтүп олтурам…"
Биринчи класска барганымда орусчага түшүнбөйт элем, мени орус класска берип коюшкан. Сабактан мугалим бир сөз айтса түшүнбөй, жанымда олтурган кыргыз кыздардан "эмне деп жатат?" деп сурап, жарым жыл кыйналгам. Мектепке көнүп кеткенден кийин сабакка кызыгып, таң атпай эрте туруп мектепке кетчүмүн. Бир күнү сабакка кетип жатсам, байкем: "Эй, бүгүн окубайбыз"-десе ишенбей, таңкы саат 5те мектепке барып алып жатпаймынбы. Сабагыбыз 7ден өткөндө башталчу. Барып алып кечке күтүп олтурам, эч ким жок. Анан мектептин кароолчусу мени карап: "Эмнеге бул жакка келдиң?"-деп жатпайбы. "Сабакка" десем, "бүгүн дем алыш" деп жатпайбы. Ошондо анан байкемдин айтканын эстеп, үйгө кайра кеткем.


Нурдөөлөт Копоев, актёр:
"менин "вкусум" сендей болгон жаш балдар" - десем…"
2006-жылы "Бител" компаниясынан машина утуп алдым. Эч бир машинага кызыгып көрбөгөм, туугандарыбыз алып келип үйгө токтотуп берип коюшту. Досторум "обьёму канча экен?" десе, "чоң эле машина экен" деп коём, алар күлүшөт. Машинамды жууп жыргап жатсам, бир күнү бирөөлөр чалып алышып: "Сага туура эмес берип коюптурбуз, компьютерден жаңылыштык кетип калыптыр, сиз телевизор утмаксыз"-дешип, мен жинди болуп, эсим ооп жыгылайын дедим. Өзү да, жанындагы бирөө да орусча сүйлөп жатса ишенип, аны менен орусчам түгөнгөнчө уруштум да, телефонду коюп салдым. Көрсө, радиодо түз эфирде Замир Казакбаев мени тамашага салып жатыптыр да. Ал радиону айылда апам угуп жатыптыр: "Ий, баламды өлтүрдү, өлүгүңдү көрөйүн, машинасы менен жерге кир"-деп кейип, жаман болуптур. Телефонумду жарым сааттан кийин күйгүзсөм, Замирлер коркуп, мени жыгылып калдыбы деп, көп жолу чалышыптыр. Дагы чалганынан алсам: "Биз Аяз Ата болобуз"-дейт, жиним келип: "Аяз Ата болсоң, өзүңө Аяз Ата бол"-десем, каткырып жатышат. Ошондо ичимен "шашпай тур, сениби?" дегем. Анан бир күнү түндөсү Замир түз эфирде угармандарга суроо берип, оюн болуп жатыптыр. Шарт түз эфирге чалдым, кемпир болуп: "Балам, оюнга катышайын дегем"-десем, "Нарындагы эң узун көчө кайсы?"-деп жатпайбы. "Айланайын, жаңы эле түнкү автобус менен Нарындан келдим. Ал көчөнүн аты Ленин"-десем, "апа, туура, белек уттуңуз, азыр күтүп туруңуз, телефондо эфирден тышкары сүйлөшөлү"-деп ыр коюп коюп, телефонго келди. "Апа, сизге белек беребиз",-дейт. "Ой, балам, белектин мага кереги жок, айылдан келсем үй бош экен, жолукпайлыбы"-десем, "апа, мен жумуштамын" деп мукактанып калды. Ойлоду окшойт, Нарындан кымыз алып келди деп."Жолугуп "свидания" кылбайлыбы, менин "вкусум" сендей болгон жаш балдар"-десем, "кызыксыз го?"-деп телефонду коюп салды. Ошентип Замирден өчүмдү алып алгам.










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??