п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Чак түштөгү маек

Нурлан Насип:
"Айылга барганда мал сугарып, мурдагыдай эле жүрө берем"
Учурда ырлары биринин артынан бири хит болуп, жаш ырчылардан ырларынын сөзүн да, обонун да өзү жазганы менен айырмаланган кыздардын кол жеткис кумири Нурлан Насип менен маек курдук.


- Жакында шайлоого үгүт иштери башталат, кандидаттардан "сүрөөн болуп ырдап бер" деген сунуштар түшүп жатабы?
- Кудайга шүгүр, көп эле кандидаттардан сунуштар түшүп жатат. Учурда кайсыл кандидатка ырдаарымды тандап жатабыз. Кыргызга жакшы иштеп бере турган адамга иштеп берем деген оюм бар. Ал эми акчасын айтуунун кажети жок, элге да туура эмес болуп калат деп ойлойм.
- Сен акчага эмес, биринчи кезекте татыктуу кандидатка карап жаткан турбайсыңбы, ээ?
- Негизи, ошондой деп ойлойм, бирок көп сумма айтканы болсо, ал кандидатка да кетип калышым мүмкүн.
- Азыр хит болуп жаткан "Эркелетсемби" деген ырыңды кимге арнап жазгансың?
- Негизи, бул ырды атайын бир адамга арнап жазган эмесмин. Учурда бири-бирин эркелеткен жаштар көп, ошолорго арнап жазгам. Көз тийбесин, жазган ырларым элдин жүрөгүнөн түнөк таап жатканы бизди абдан кубандырат.
- Көпчүлүк ырчылар аялын элге айтпай жашырып, продюсери менен келишимде аял алууга, кыз менен сүйлөшүүгө тыюу салганын айтып жүрүшөт? Сенин продюсериң бул жагынан кандай?
- Менин продюсерим андай чектөөлөрдү киргизбей, уруксат берет. Эми баары чеги менен болот. Ырдап жатканда үйлөнбөйсүң деген пункт биздин келишимде жок.
- Мурда ырчылар аялдарын жашырып келишсе, учурда, тескерисинче, сүйлөшкөн кызын ачыкка чыгарып жатышат. Сен кыз тапсаң элге жарыялайсыңбы?
- Менин аялым жок(күлдү). Эгер сүйүүбүздү тапсак, биз деле ачыкка чыгармакпыз. Мүмкүн, жакынкы күндөрү болуп калаттыр. Ал эми кудайдын буйругунан деп ойлойм.
- Ырчыларды киного тартмай мода болуп кетти го? Сенин да киного тартылуу оюңда барбы?
- Тартылбай,алардан өзгөчөлөнөйүн деп жатам.(Күлдү) Учурда мага сунуш кылышкан сценарийлер жакпай калып жатат.
- Жакын досуң, ырчы Аваз
Акимов экөөңөр таарынышып жүрдүңөр эле, учурда мамилеңер кандай?
- Экөөбүз эң жакшы достордонбуз. Кечээ күнү эле Каракол шаарында Аваз концерт берип, барып колдоп ырдап келдим. Учурда экөөбүз тыгыз байланыштабыз. Негизи, чыгармачыл чөйрөдө жүргөндөн кийин, ич ара таарынычтар болуп калышы мүмкүн экен. Бирок ал убактар өтүп кеткен.
- Сырткы келбетиңден өзүңө кайсыл жериң жакпайт?
- Кудай ушундай өң-келбет бергенине өкүнбөйм. Бардык жерим жагат өзүмө. Болгону кичине арыгыраакмын, семирсем болду.
- Жеке концертиңди качан берейин деп жатасың?
- Ал сыр болуп турсун, ушул жылы балким болуп калат. Негизи, план бар.
- Өзүң ыр жазасың, ырдаган ырларыңдын баары өзүңө
таандыкпы?
- Учурда ырдап жүргөн ырларымдын 80 пайызы өзүмдүкү. Негизи эле башка адамдын ырларын ырдаганым сейрек кездешет. Эмнегедир башка адамдын ырын жаздырып ырдасам, башкача боло берем.
- Айылыңа барганда, айылдаштарың менен мамилең мурдагыдайбы, же өзүңдү жылдыз сезип каласыңбы?
- Айылга барганда өтүк кийип алып, мал сугарып, мурдагыдай эле жүрө берем. Үйүбүз мектептин жанында болгондуктан, окуучулардын баары карап калышат. Кышында барсам чана менен суу ташыйм. Айрымдар "сен жылдыз болуп калбадыңбы?" деп калышат.
- Ырчы болом десең, ата-энең каршы болгон эмес беле?
- Жок, тескерисинче, ата-энем, бир туугандарым мени колдошкон. Себеби, биздин үй-бүлө абдан музыкага жакын адамдар, алардын арасынан мен ырчы болгом. Баары менин ийгиликтериме кубанып турушат.
Динара Чокоева





Филармониянын 75 жылдыгы
"Филармониянын 75 жылдыгына чоң концертке карата даярдык көрүп жатабыз. Филармониянын өзүндө бир топ чыгармачыл адамдар бар, ошолордун коштоосунда "Камбаркан", "Карамолдо", "Ак марал", Эстебес Турсуналиев атындагы атайын бир топ бар, мына ушундай таланттар менен бирге концерт койгону катуу даярдыктын үстүндө жүрөм. Буга сахна жылдыздарынан эч ким катышпайт",-деп бизге кабарлаган Кутман Жолдошев 23-сентябрда боло турган тойго катышуучу толтура коноктору менен күжүрмөн даярдыктын үстүндө.


Элмурат kg темир тулпарлуу болду
Жер жарылып байчечекей ачары менен Россияга гастролдоп кеткен Элмурат kg эми минтип күздүн жемиши менен элдер кампасын дыйканга толтуруп жатса, ал темир тулпардын ээси болуп, кудуңдап сүйүнгөн боюнча зыңылдатып шаар ичин чаң ызгыта айдап, Ош жергесине кеткен убагы."Менин унаамдын көрүндүгүнө Эдил Маматов "Кайдасың" деген ыр жазып берсе, "Манастан Чубак кем бекен" деп Эрнис Сыдыков Ош аймагынын чет жагындагы кооз жерлердин биринен клип тартып бергени жатат",-деп билдирди ырчы жигит. "Ошону менен катар мурда атам экөөбүзгө бир катын дегендей, атамдын унаасын талашып айдап жүрсөм, азыр менчик машинанын рулун оңго-солго буруп, өтүгүмдү төргө илип айдап жүргөн кезим",- деп кошумчалап кетти.


Бекчоро кара жумуш иштеп жаткан кези
Бир кездерде "Ай чырай" деп кыздарга ашык болгон, "демиккен таз, демиңди бас" болуп, ай чырайын таап, сахнадан алыстап, башына топу кийип, ыйман жолго түшүп, үй-бүлө куруп, бала жытын искеп, ата болгон ырчы Бекчоро кара жумуш менен алпурушуп жатат. Мурда бойдокчулук кезде ары-бери көп басып, акчасын жакшы эле коротуп койсо керек. Азыр атайын жумушчуларды иштетпей эле, тактап айтканда, ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө дегендей, өз колу менен беш бөлмөлүү үйүнүн пайдубалын куруп, эми кыш келерде баш калкалаш керек деп, анын чатырын шашылыш түрдө бүтүрүп жаткан кези экен.


Бактыгүл Бадыева
Бактыгүл Бадыева "Эркеле" деген өзүнүн сулуулук салонунда сулууланып олтургандан тажагандай көрүнөт, же антпей эле салонуна элдер көп баш багып, капчыгы калыңдап калганбы, айтор, азыркы учурда скрипканы үйрөнүп жаткан убагы. Кайсы бир маалымат булактарында жакында турмуш жолуна аттанам деди эле. Жади деле Лукаска бийлеп берчү эле, мен скрипка ойноп берейин десе керек, азыркы маалда скрипканы катуу берилип үйрөнүп жаткан белгилүү ырчы айымыбыз Бактыгүл Бадыева.


Кубан ага кубанганда
Элибизди күлкүсү менен багындырган куйкум сөздүү куудулубуз Кубан Алимов BMW 525 (Капля) маркасындагы темир тулпарга ээ болду. Мээнетинин акыбети кайтып, жакшы адамдар жакшылыкка ушинтип жетип отурат. Айдаганы ак жолтой болсун!

Жылдыз Абдыкерим кызы





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??