п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Элесине гүлдесте

Кечээки ырлар бүгүнкү күндө...
"Бирге жүрдүк бир далай, ал күндөрүм жыргал ай…", "Көздөрүң тунук капкара ий,көргөндө жүрөк апкаара…", "Тектир, тектир тектир саз, тебишип ойнойт өрдөк каз…" Кандай гана мукамдуу ыр саптар. Унутулгус обондуу кайрыктар, албетте, элдин сүйүктүү уулу, бүткөн бою музыка болгон Чубак Сатаевге таандык эмеспи. Арман дүйнө…Азыр арабызда болгондо эчендеген обондуу ырларды жаратып, элине тартуу кылбайт беле. Мамлекет тарабынан бааланбаса да, өлбөс-өчпөс ырлары элдин жүрөгүнүн тээ түпкүрүндө сакталуу.

"Арна" тобу:
"Арна" тобу "Арай" тобу болуп өзгөрдү
- Алгач, топ тууралуу тааныштыра кетсеңиз?
- Биринчи жаңылыгыбыз "Арна" тобу "Арай" тобу болуп өзгөрүлдү. Себеби, Москвага чейин популяр-дуулукка жеткен "А-Студио" тобунун деми менен биз да ошондой бийиктиктерге жетели деген максатта топтун атын өзгөрттүк.
- Чубак Сатаевдин кайсы ырын тандап алдыңыздар?
- Чубак агабыздын ырларынын бардыгы жүрөккө жете турган мыкты ырлар. Биз Чубак Сатаевдин калемине таандык "Сыйлай жүр" аттуу ырды ырдап чыктык.
- "Келме кезек терме тезек" деген кыргызда жакшы сөз бар, бир кездерде кыргыз эстрадасынын жоон тобу казак боордоштордун ырларын алып ырдашты эле, эми кезек сиздерде экен да?
- Туура айтасыз.(Күлүп) Ильяз Абдыразаковдун "Жаным, айын" Бейбут Корган, "Саамал" тобу "Азап" деген ырын ырдап жүрүшөт. Биз дагы элиңердин мыкты композиторлорунун обондоруна кайрылабыз.


Каныбек Мамбетов:
"Чубак Сатаев ырдайт деп, 27 күн катар концерт койчубуз"
- Чубак Сатаевди эстегенде, жанында шылдырак чертип турган сиз дайым көз алдыма келесиз. Залкар талант тууралуу эмнелерди айта аласыз?
- Токтогул району ал убакта Талас областына караштуу эле. Мен Токтогул районунда "Элдик театрда" иштечүмүн. 1985-86-жылдары алгачкы жолу Чубак менен таанышкам. Бакай-Атадан Чубак, Тургунаалы болуп келишип майрамдык концерт коюшчу. Абдылда Иманкулов, "Айжамал" аттуу ырдын автору Ашымбек Мамытбеков болуп баарыбыз гастролго чыкчубуз. 86-жылдын күз айларынан баштап Чубак аккордеон менен ырдаса, мен жанында шылдырак чертип берчүмүн. Эң алгачкы ырлары "Энекем", "Кара көз" аттуу ырлары эле. "Чубак Сатаев ырдайт" деп жөнөкөй эле жазып койчубуз. 27 күн катар концерт койгон учурларыбыз да болгон. Анын талантын сыйлап, тээ Токмок, Кара-Балтадан бери келчү.


Пародист Болот Алымкулов:
"Чубак мени кыргыздын Жимиси дечү"
- Сиздин азан чакырылып коюлган атыңыз өчүп, кандайча Жими деп атап калышкан?
- Мени биринчи жолу Чубак досум чоң сахнага алып чыккан. Ал убакта Индия кинолору мода эмес беле, бир сатира койгонбуз, ошондо мен: "Жими, пой десе, мен пойвойм"-деп интермедия койгонбуз. Ошондон тартып Чубак мага "кыргыздын Жимиси" деген атты ыйгарган.
- Чубак Сатаевдин атын чыгарган ыры тууралуу айтсаңыз?
- Чубактын аты дүңгүрөп турган убакта "Арман" аттуу ыры көпкө чейин хит болду. Там-туң баскан балдар "айман" деп ырдап жүрүшчү. Чубак, Каныбек, Борончу-төртөөбүз 2-3 саат ыр ырдап, интермедия аткарып, элдин көңүлүн шаңга бөлөп жөнөтчүбүз. Менин байкашымча, элибиз аккордеон, комуздун коштоосундагы жандуу ырларга суусап калыптыр.


"МузАрт" тобунун солисти Кенжебек Жанабилов:
"Арман" көңүлүбүзгө төп келди
- Казакстанда популярдуулуктун туу чокусуна жеткен "МузАрт" жаш эстрада тобу деп билебиз. Кыргыз ырларынын ичинен Чубак Сатаевдин ырын ырдашыңыздардын себеби эмнеде?
- Себеби, бул улуу ырчынын ыры көңүлүбүзгө төп келди. Биз Чубак Сатаевдин хит болгон "Арман" аттуу ырын ырдап чыктык.Арман бул жакта сүйүүгө жетпей калганды билдирсе, бизде үмүт деген мааниде. Бул ырды биринчи жолу Казакстанда ырдап чыкканда, элибиз аябай жакшы кабыл алды.
- "Арманды" казак тилинде ырдапсыңар, кыргыз тилинде ырдап чыгуу оюңарга келдиби?
- Ооба, чын эле ал тууралуу ойлонбоптурбуз. Негизи, биздин көбүнесе ырларыбыз чет тилинде. Албетте, буйруса, кыргызча ыр да ырдап чыгабыз.


Кубаныч Сатаев:
"Атамдын кечээки ырларын бүгүн жаштар ырдашууда"
- "Кечээ жана бүгүн" деп концерттин аталышы эле сүрөөн берип турат экен. Сахна декорациясы да ке-чээки күнгө жетелегендей жасалгаланыптыр. Идея кимге таандык?
- Көп түкүрсө көл болот дегендей, жогоруда аты аталгандардын баары колдоп жатышат. Андан калса, жаш ырчылардын репертуарында атамдын ырлары бар экендиги чындык. Ошондуктан бул концертте да атамдын кечээки ырлары бүгүн алардын аткаруусунда жаңырат. Ошол себептен ушинтип атоого туура келди.
- Концерттин катышуучуларына атайын сыйлыктар ыйгарылдыбы?
- "Чубак Сатаев" атындагы коомдук фонд, обончу-ырчы
Ч. Сатаевдин "Кан досума кайрылуу", "Энекем" аттуу чыгармаларын жогорку деңгээлде аткарып, кыргыз музыкасына кошкон зор салымы үчүн ырчы Султан Садыралиевге (Кыргызстан) "Чубак Сатаев" атындагы музыкалык сыйлыкты ыйгарды. Автордун жаркын элеси түшүрүлгөн статуетка жана атайын диплом ыйгарылды."Чубак Сатаев" атындагы коомдук фонд, обончу-ырчы Ч. Сатаевдин "Арман ай" аттуу чыгармасын жогорку деңгээлде аткарып, кыргыз музыкасына кошкон зор салымы үчүн Казакстандын айтылуу "МузАрт" тобу сыйланды, бул топко да атайын статуетка жана диплом тапшырылды. Ч. Сатаев тууралуу "Талантка таазим" аттуу көрсөтүүнү мыкты даярдап, анын чыгармачылыгын коомчулукка жайылтууга кошкон зор салымы үчүн КРнын Эл артисти Юрий Бобковго атайын диплом тапшырылды.Ч. Сатаевдин өмүр таржымалын жана чыгармачылыгын жакындан изилдеп, коомчулукка таанытууда кошкон салымы үчүн журналист Машакбай Рахманкулов атайын диплом менен сыйланды.










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??