п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Достум, билгениңен биле элегиң көп!

АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)
Жанызак басма
(Башы өткөн санда)
-Биерде эми, биздин партийный болгон кыргыз ургаачыларынын жоругу жолдо калсын, андай үчүнчү катчылардын анекдотторуна да бир күнү кайрыларбыз, бирок азыркы күндөн алсак... мына көрдүңүзбү, "келип Президент болуп берсин!' дегенчелик да ачарчылык жарыялашпады беле биздин демократтарыбыз Айтматовдун окуяларын беш колдой биле туруп. Демек, демократтарың деле коммунисттерден айырмасы жок, бу кыргызга ойноштуу адамдар деле баш-көз болгонго жарайт деп ойлошот окшобойбу, иши кылып эле атак-даңкы болсо болду го, түрү. Жана өзүңүз айткандай, биздин эл да ошого көнүп бүткөндөй шекилдүү: катын маселесине карата мамиле таптакыр көмүскөдө калып, андай "оюндар" көндүм катары кабылданып калган окшойт. Демек, элибиздин бүгүнкү нравалык деңгээли да ошондон ашпаса керек. Ал эми бирөөнүн айтканы бар эмеспи, коомдун тазалыгы анын аялзатка жасаган мамилесинен билинет деп. Анан жанагы ойношу менен барып шайланып кеткен "элдик өкүл" расмий жарын сатып кеткен сыяктуу эле, аздектеп шайлаган элинин көзүнө да чөп сала башташы турган иш да. Себеби, бирөөнүн ишенимин саткан адам башкасынын ишенимин актайт деп ким кепил өтөт?! Өздөрү жараткан мыйзамды бир жолу тебелеп өткөн, экинчи бир жолу ошол тебеленгенди мыйзам деңгээлине көтөрүп салбайт деп ким ишенет?
-"Былык-сылык" дегенден коммунисттер жаа бою качышы керек эле, бирок алар өздөрү жасап келбедиби баарын завуалированно и замаскированно... А может бу позициядан алганда, Айтматов даже благородно поступил, открыто, как человек искусство?..
- Ай, ким билет, алиги "супер шайтан" жеңе баласын бетке кармап, дубалга такабаганда, балким, залкарыбыз деле ойт берип кетет беле... Кыскасы, окшошконго мушташкан болуптур да...
ЖАНАР ТОО БАРЫП КЕЛГЕН КЫЗ, ЖАЙЫККА СЫЗЫП КЕТКЕН КЫЗ...
(Аскар Исаев менен маек - "Таң сырынын" автору, архитектор)
- Эми ошол ырдын чыгыш тарыхы жөнүндө кеп салып берсеңиз.
- Бул ыр жетимишинчи жылдардын башында жаралган. Анын жаралышына дагы бир кыргыздын кулуну, өзү астрофизик экен, бул жакка Кыргызстанга келсе, "Астрофизиктин бизге кереги жок", деп коюшуптур, анан анча-мынча бул жерде жүрүп, кайра Москвага кетип калып ошоякта иштеп жүрөт. Анан күндөрдүн биринде Пушкин музейине барып калсам ошо жерде жүрүптүр эл ичинде. Ошо жерде Кокусайдын юбилейине карата чоң көргөзмө болгон, ошол көргөзмөдө...
- Алиги Кокусай дегениңиз ким?
- Япон элинин улуу художниги. Анын "Фудзияма" деген чыгармасы бар эле. Анан ошол "Фудзияманы" карап туруп, алиги жигит айтып калды: бул Фудзияма көргөндөр үчүн жөн эле бир тоонун башын элестетет ак карлуу, а бирок менин ушундай бир тааныш кызым бар эле, ушул Фудзиямага кетип калды деди. Анан ошону менен болгон окуяны айтып берди, окуянын мазмуну мындай: анын жакшы көргөн кызы японецке күйөөгө чыгып, Японияга кетип калат. Ошону менен аябай мындай, күйүтү күчтүү болуп турган убагы экен, анын ошол абалын түшүндүм да айттым: мен сага эч кандай жардам бере албайм. Мен, өзүң билесиң, анча-мынча ыр жазам, ушул болгон окуяны мен ырга камтыйын,-дедим. Дагы анан кийин-кийин, ошол айтып берүүсү боюнча ыр жаралгандан кийин аларды айтып берсем аябай ыраазы болду. Анан кийин ошол ырды Сардарбек Жумалиев обонго салды. Анын ичинде дагы бир саптар бар эле, өтө узарып кеткендиктен аларды алып таштадык, себеби, ал саптарда мындай ойлор камтылган: кийин айтып калды, ошол жанагы Японияга кетип калган кыз күйөөсү менен, кайната-кайненеси менен, балдары менен, э-э, эмеге, Кыргызстанга келиптир деп. Анан мага көрсөтүп калышты ресторанда, төрдө отурган ошолор деп. Карасам, мындай, япондуктар экен, анан өзүңөр билесиңер да: мындай, ырда ойду кыскача айтыш керек, анан кийин мазмунда, көп нерселеринде шарттуулук болот, анан кийин баягы, кыскалыкты усталык дейт... Анан о-образды жакшы чыгарыш үчүн, мүнөз ачыш үчүн кээ бир кездерде кичине аллегорияга, анча-мынча, баягы, апыртма деп коёбуз, ошого чейин барышыбыз керек. Э-ээ, анан ошондо мындай деген саптар бар эле, барлыгын айтып келип, анан мындай деген саптар бар эле:
"Саргайганда кайра конуп шаарыма,
Саламдаштың самурайдан айбыгып.
Жылмайсаң да ыраазыдай баарына,
Карегиңде күйөт оту кайгынын..
Көмүскөлөп көксөгөнүң,
Бөлөк жерде бөксөргөнүң,
Тагдырыңа кайылың", -
деген саптар бар болчу. Анан барлыгы тең узун ыр болуп кеткендиктен аны алып таштадык, анан кийин... Бу саптар деле жакшы эле, таамай болчу, бирок анан кийин, Сардарбек ырын жараткандан кийин анын тегерегинде ичи тарлар, тигилер-булар: "Каяктагы бир Фудзиямага кетип калган, Японияга кетип калган кызды, сен аны бапестеп ыр чыгарасың, биз андан сонун текстти беребиз", - дешип, аны бузуп башын айландырып, анан кийин Сардарбек: "Сиздин текстиңизге ыр жазбайм, оңдоңуз", -деп калды. Мен айттым: эмне үчүн оңдошум керек?! Болгон окуяны жазып жатам, а мен, ошол окуя болгон үчүн мен жаздым, а болбосо мен жөн эле абстракттуу темаларга ыр жаратпаймын,-дедим. Анан ошентип, Сардарбектин ошентип, жана-а, кыйшаңдаганы, бузукуларга көнгөнү мага аябай жаккан жок. Мен жалаң ушунун айынан Сардарбек менен азыр мамилем аябай жаман. Андан мурун "Сары-Челекти" жараткам, анан жанагинтип "Таң сырынын" текстин чана баштагандан кийин, бузукуларга, эмесине, сөзүнө киргенден кийин мен аны жаман көрүп калдым, чынын айтыш керек...
- Азыр ырдалып жүргөн ырдын тексти таза элеби, өзүңүз жазгандай эле?
- Айткан боюнча, бирок анда мындай деген саптар бар болчу (колун маңдайына таяп, катуу ойлонуп калды), мындай деген саптар бар эле... (ордунан туруп терезе жакты карай басты):
"Калар элем мекенимде сени эстеп,
Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо,
Өтүнөрүм: көкүрөгүм элестет,
Көргөн сайын Фудзияма жанар тоо!"- дегенди: "Ой, Фудзияманын мине кереги бар?! Аны алып ташташ керек. Япониянын мине кереги бар?! Жөн эле биздин эле тоолор жөнүндө жазсаңар боло". Мен айтып атам: ай, бу деген а-адресный чыгарма!..
- Ооба да!
- ...ы-ы, ошон үчүн Фудзиямадан сен коркпой эле кой! - десем болбой атып кийин "Жалын бүрккөн жанар тоо" деп коюптур "Фудзияманын..." ордуна. А болуптур эми, өзгөртсөң өзгөртө бер, деп макул болуп койдум. Ошондой жактары болгон.





Айгүл ШАРШЕН
Жанызак басма
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
- Эми жумуштан чыгалбайм, кайра-кайра келе берүү кыйын, кат жазып турам, - деп Марат кызын өөп-өөп, кайра берди.
- Мен Таласка барып келсемби дедим эле.
- Шашпа, барганга убакыт келет, мен эми кышында бир келем.
- Макул, - деп Калыс унчукпай калды.
- Жакшы туруңуздар, апа, мындан ары катышып турабыз, - деп Эрнис Давлет менен коштошуп жатты.
- Жакшы баргыла, садагаларым, аман жүргүлө, - деп Мырзагүлдү кучактап өөп, машинага отургузду. Кайра-кайра коштошуп жатып, жолго чыгышты. Узак жолдо рулду бурап келаткан Эрнис күзгүдөн Маратты карап:
- Ушинтип тагдырдын тамашалуу капшабы бизди кайрадан жолуктурду ээ? - деп күлө карады.
- Ал жөн эле жакындык сезим тура, - деп Мырзагүл сөздү жөндөп кетти. - Бир туугандык сезим бизди ошондо эле табыштырган экен да.
- Ооба, ооба десеңиз, көпкө чейин унуталбай жүрүп, эми унута баштаганда кызымдын атын Мырзагүл коюп, ошондо бир эстегем. Бизди тагдыр өзү табыштырды, менден өткөндү кечириңиздер! - деди Марат башын кашылай.
- Эч нерсе эмес, анын эмнесине кечирим сурайсың, эжеңди баарынан кызганып, иштетпей койгомун, андан көрө эми үйгө барып жүрө бер.
- Ошент, үй кенен эле, батирде жүргөнчө үйдө жүрө бер, - деп кошумчалады Мырзагүл. Ал күнү Мир Эрнистердин үйүнө барды. Алар барганда Эрнистин карындашы Алтынай ошол жерде болчу. Эрнис Таластан болот, Алтынай экөөнүн атасы бир тууган. Ошол жерде жүрүп иштечү. Мир экөө бат эле сырдаш болуп кетти, кээде кинотеатрга чогуу барып келишет. Бир күнү Алтынай:
- Келинчегиң кайдан? - деп калды. - Шаарга эмнеге алып келбейсиң?
- Шаарда эмне бар, кайненесин карайт да, сенин жердешиң болот, Таластан.
- Аты ким?
- Калыс.
- Канчада, сүрөтү жокпу жаныңда?
- Жок.
- Атасынын атын билесиңби?
- Кеңешбай деген экен.
- Ошол Калыс сенин аялыңбы? - Алтынай Маратты таңгалгандай көздөрүн чо-оң ача карап калды.
- Эмне болду?
- Ой, билбейм, эгерде ошол Калыс болсо сага тең эмес, анын жылтыраган жүзүнө арбалгансың го?
- Эмнеге? - Марат түшүнө бербей суроолуу карады.
- Дегинкиси кызык окуя, - деп Алтынай айтсамбы же айтпасамбы дегендей ойлонуп калды.
- Алтынай, айтчы, бай болгур, мени бышырып жибердиң го, эмнеге мага тең эмес, өң десе өңү, акыл десе акылы бар, эмнеге антип жатасың?
- Айтсам мындай, жаңылыпсың, Марат, аны өз атасы сегизде окуп жатканда зордуктап салып, төрөп койгон. Кийин билинип калып, он беш жылга камалып кетти. Калыс ошол бойдон айылга барбай калды, кечирип кой, балким башкадыр. Кеңешбай менен Эрмекбай бир тууган, Калысты баласы жогунан багып алышкан экен. Өз атасы Эрмекбай, - деп Алтынай бежиреп жатканда анын "зордуктап салган", "төрөп койгон" дегенден башка сөзү Мараттын кулагына кирбеди. "Ушунчадан ушуну сүйүп калганымды кара, мен эми аны көргүм дагы келбейт, жоголсун ошол бойдон, менин сүйүүмө ошол мамиле жарашабы, неге сүйүүмдүн жообу кайрымжысыз болууга тийиш?" - деп тунжурап отуруп калды. - Сага эмне болду, Марат? - дегенде селт эте кызды карады.
- Эч нерсе.
- Сени ойго салып койгонум үчүн кечир.
- Эчтеке эмес, көзүмдү ачып койдуң.
- Ой, ушу сен кандайча илинип калдың ага?
- Сүйдүм…
- Бул башка кеп, сүйүүдө намыс жок.
- Ооба, сүйүүдө намыс жок деп коюшат, бирок жолу башка…
- Үй-бүлөңдү бузгум келбейт, байкоостон айтып алдым, - деп Алтынай ыңгайсыздана карады.
- Эч нерсе эмес, акыры билинмек да.
- Ошондо да…
- Алтынай, сен турмушка чыктың беле?
- Ооба, бирок жолум болбоду.
- Жаман болуптур, сүйдүң беле?
- Жок, ала качып алган.
- Азыр жигитиң барбы?
- Жигиттерге ишенбейм.
- Катуу көңүлүң калган экен, - деп Марат Алтынайга жылмайып койду.
- Айтпа.
- Эч нерсе эмес, али жашсың.
- Мм…
Экөө көпкө айланып басып жүрүштү. Канчалык өзүн алаксытмак болгону менен кыжаалат ойлордон жүрөгү мыкчыла Марат унчукпай басып жүрдү. Кеч болгондо келди да, өз бөлмөсүнө кирип жатып алды. Мырзагүл анын капалуу экенин байкап, артынан кирди.
- Марат, сага эмне болду, эмнеге капалуусуң?
- Эч нерсе болгон жок, эже.
- Жана эле жайдары элең, эми кабагыңа кар жаап калыптыр…
- Жөн эле.
- Кызыңды сагынгансың го, жакында апамдарды чакырганы жатабыз, ошондо келинчегиң менен кызың чогуу келишет, - деди көздөрүн жайната.
- Ага эмне бар, үйдү карап кала берсин.
- Кой, келсе жүрүп кетет да.
- Эртең өзүм кат жазам, эже.
- Өзүң бил, эми тур да, тамагыңды ич.
- Макул, азыр чыгам.
- Кечикпе, - деп коюп Мырзагүл ашканасына чыкты. Марат туруп кат жазды, Калыска өзүнчө кат жазып, апасына бөлөк жазды. Апасынын ал-акыбалын сурап келип: "Апа, менин Калыс менен эми жашагым келбей калды, эгерде кетем десе жолун тоспогула, мен барбайм. Турмуш жолумдан жаңылдым, апа, мени кечир, Калысты кетиргенге аракет кылгыла", - деген катын эртең менен жумушка баратып, почтага салып койду. Калыс бул жөнүндө билбесе да Мараттын өзүнө муздак мамиле жасап калганын сезген. Ошентсе да: "Кызым турат, мени бир кезде сүйгөн, демек, кызым экөөбүздү ара жолго таштабайт", - деген ойдо өзүн-өзү кармап, кайненесине чаң жугузбай карап жашап жүрдү. Кат келгенде кыскача: "Кандай, кызым чоңоюп жатабы, мен жакын арада бара албайм. Эгер апам шаарга келсе, сен үйдө калып, эки жакты карап тур, көрүшкөнчө, Марат", - деген эки ооз сөзүн окуп, умсунуп калды. "Бул менин тагдырым, пешенем ушундай болсо көтөрбөскө чарам барбы?" - деп кайненесине көрсөтпөй көз жашын аарчыды.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??