Билип алыңыз
Жүзүңүздөн нур чачырап турса, ар бир адам сизди суктануу менен карайт. Айымдар, өз курагыңыздардан жаш көрүнүп, келбетиңиздерге кам көрүңүздөр.


Мода
Корсет айымдардын, айрыкча толук айымдардын эң жакын курбусу десе болот. Кийимдин ичинен кийилген корсеттин айымдардын дене мүчөсүндөгү кемчиликтерин жаап турууга салымы чоң.
Кысып турган корсет
Биринчи мындай корсетти алганда, тигилишин карайбыз. Мындай корсеттер белди бекем бууп тургандыктан, ичине темир сөөктөр салынган. Бул белиңизди ичке көрсөтүп, ичиңизди тартып турат. Мындай корсетти кийгенде айымдарыбызга дем алыш оор болуп, кыймылдаганда да тоскоол болот.

Классикалык корсет
Кысып турган корсеттен айырмаланып, классикалык корсетти кийген жеңил. Себеби, мындай корсет темир сөөктөрүнүн ордуна желим сөөкчөлөр коюлуп, дем алганга жана кыймылдаганга жеңил болот. Дене мүчөңүздү да келбетүү көрсөтөт. Мындай корсет менен каалаган кийимиңизди кийсеңиз болот.


  Сулуулук

Бетиңизге массаж жасаңыз
Бетиме массаж жасатат элем деп салондорго барып отурбастан, тынч үйдө отуруп алып өзүңүз жасап алсаңыз болот.
Алгач бетиңизге массаж жасаар алдында бети-колуңузду тазалап жууп алып, атайын крем сүйкөп, бетиңиздин терисине сиңип кеткенче күтүп, андан соң массажды баштасаңыз болот. Алгач массажды бармактарыңыздын учтары менен чекеңизден баштап кулакка чейин тартасыз. Андан соң жаагыңызды жай, бир калыптагы кыймыл менен жасайсыз. Чекеңиз менен жаагыңыз бүткөндөн кийин, колуңуздун учтары менен мурдуңуздун үстү жагынан тартып бетиңизди укалап чыгасыз. Ар бир жерин бир нече минут кыласыз. Баш-аягы болуп 7-8 минут убактыңыз кетет. Массажды күнүгө жасап туруңуз, эртең менен же жатар алдында бетиңиздеги макияжды өчүрүп салгандан кийин. Эскертип кетчү нерсе, эч убакта кургак бетке массаж жасабаңыз. Кургак бетке жасалган массаж бетке бырыш түшүрүп жиберет.




  Карысы бардын ырысы бар

"Тамбасынчы карылардын көз жашы"
25-сентябрь күнү продюсер Назгүл Насиева 1-октябрь-Карылар күнүнө карата өзүнүн окуучулары менен Нижнее-Серафимовка айылында жайгашкан карылар үйүнө барып, кайрымдуулук концертин берип келди. Мындан тышкары, Назгүл эжебизге жардамдашып, КРнын Эл артисти Тажиев Кадырбек Мукашович келинчеги Клара эже өзүнүн окуучулары менен барып, чоң программадагы шоу көрсөтүп кайтышты. Ыр-күлкү аралашкан концертте карылар бийлеп, көңүлдөрүн көтөрүшүп, чер жазышты десек жаңылышпайбыз. Карылар күнүнө карата Назгүл Насиева өзүнүн жакын курбусу Нурайым экөө сахнасына 17 миң сом турган көшөгө белек кылышты. Ыраазы болгон карылар батасын берип узатышты.

Жунушов Бакыт, Нижнее-Серафимовка карылар үйүнүн жетекчиси: - Назгүлгө рахмат, ушинтип келип, биздин карыларыбызды ойлоп концерт берип, колунан келген жардамын берип жатканына. Назгүл буга чейин да үч жолу келип кеткен. Унутпай дайыма келип кайрымдуулук концертин берип, карылардын маанайын көтөрүп турат. Эмне демекчимин, быйыл мамлекеттен суранып жатып карылар үйүнө акча бөлдүрүп алып, мына азыр ремонттон кийинки акыбалы. Буйруса, жакшы, болгону тамак маселеси оор болуп турат. Себеп дегенде, үч маал тамакка ар бир карыяга 55 сомдон тийет, ал эмне болмок эле. Ошону карап коюшса жакшы болмок. Ал эми Назгүлгө чоң ыраазычылык билдиребиз, рахмат ушинтип келип колунан келген жардамын берип жатканына.


Алиса Сапарбекова