Обон почта

ОП-186-01. Түшүнчү мени садагам, Күтөмүн сени кайрадан. Алтыным деп айтайын жаным, Келчи кайрадан мага. 0773387ххх
ОП-186-02. Сулуу кыз, мага сүзүлбөчү. Алтыным сулууну издеп таптым. Эми мени таштабачы. Сени издеп жүрөк сыздайт. Сен деп учам күйүп, сулуу. Кызым, мага келчи кайрадан. Күйүтүмдү кайра кайрып алайын. Жаныма келчи садагам. 0773387ххх
ОП-186-03. Жалал-Абад областына караштуу Таш-Көмүр шаарына салам! 0779941ххх
ОП-186-04. Салам! Иса Өмүркуловду сүйөм, талантын баалайм, кызганам. Гүлзар аралап келесиң. Мени аябайсың, карайсың. 0779941ххх
ОП-186-05. Саламатсыздарбы, "Биз" тобундагы Кожоахмед Исмаилов жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы. +7775676хххх
ОП-186-06. Салам, "Обончик", сени жакшы көрөм, ийгилик сага. Бар болчу дайыма. 0779941ххх
ОП-186-07. Салам, "Обонушка". Ильяз Абдыразаков жөнүндө кыскача, сүрөтү менен маалымат берип коюңуздарчы, сураныч. 0779793ххх
"Обондон" жооп: Ильяз Абдыразаков тууралуу кененирээк маалыматты биз №182 - саныбызда сүрөтү менен бергенбиз.
ОП-186-08. Өзгөндөгү стамотолог-врач Кожоев Улан 82, ишиңе ийгилик, сени баары макташат. Дайыма бактылуу болушуңду каалайбыз,- деп клиенттериңдин атынан 0773509ххх.
ОП-186-09. Азиз аке, сизден сураныч, мени уруша бербеңизчи. Мен сизден башка менен сүйлөшпөйм.
Таш-Көмүрдөн Анара
ОП-186-10. Алдыңдан тосуп мен чыгып, Айкалышар күн барбы? Кечирим сурап чөгөлөп, Кездешчү айлуу түн барбы? Таш-Көмүрдөн Анара
ОП-186-11. Эске түшүп элестелсе жамалың, Эрксизден ар бир ойго барамын. Эч бир адам унутпаса керек ээ, Эң алгачкы арзып сүйгөн адамын. Таш-Көмүрдөн Анара
ОП-186-12. Сүйүү деген терең ойлуу махабат, Кыз-жигиттин жүрөгүнө чок салат. Адашпастан эки жүрөк табышса, Ошол болот терең ойлуу махабат! Саянчик
ОП-186-13. Өзгөн районунун Макаренко айылында жашаган атам Жапар, апам Бүсарага салам. 0779399ххх
ОП-186-14. Сүлүктү шаарында жашаган 97-жылкы Нуризатты сүйөм,- деп Нургазы.
ОП-186-15. Салам, мен Ганиев Нургазыны жакшы көрөм,- деп Н….. 0778997ххх
ОП-186-16. Салам, "Обонушка".Мен Нурлан Насип жөнүндө билейин дедим эле. Силер мага жардам бере аласыңарбы деген ишенимде окурманыңар Нуризат.
"Обондон" жооп: Албетте, Нуризат.Сиз сураган Нурлан Насип жөнүндө мындан мурунку №185-саныбызда жазганбыз.
ОП-186-17. Оо, карындаш, эгер менде сөзүң болсо, смс жаз. 0779337ххх
ОП-186-18. Менин жаш жубайым Жумагүл болбогон сөздөргө алданып, ишенип кетип калды. Эми кайда жүрөт, ит билбейт. Дайыны жок ар жерде жатып, тентип жүрөт. Карындаш, сен андай кылбагын, ыйманыңды сактагын. "Тата Улан"
ОП-186-19. Салам, "Обон", мен жалпы кыргыз элиме жана "Обондун" смсчилерине салам жолдойм. "Тата Улан"
ОП-186-20. Сен билбедиң сезимимдин сырларын, Сен билбедиң жан дүйнөмдүн ыргагын С…..
ОП-186-21. Мейли жаным, ушунча жыл чыдадым. Сендей сулуу, сендей акылдуу, сендей жан таба албадым. Кош болгун, жаным, акыреттен кезигербиз каралдым. Мен эми жаза албаймын. 0773575ххх
ОП-186-22. Кыздар сөз ыргытып тийишти, сенин жогуң мага билинип жатты. Жатсам да, турсам да сени ойлоп жүрөмүн. Көздөрүмө сен менин жанымда жүргөндөй көрүнүп жатат. Же сен дагы мени эстеп жатасыңбы,түбөлүктүү дүйнөдөн. Кечир, жаным, кечир садагам, жаным барат жаныңа дедиңби. Бирок жаным, түшүнбөдүм ошол сенин муздак денеңе, мойнуңдагы жибиңе. Эми кантем таң атканда күнүн нуру сен элең. Күн батканда шооласы тереземде турчу эле. Жылдыздар жымыңдашып бир өзүнчө керемет эле, Мейли, жаным, кош, кош эми. 0773575ххх
ОП-186-23. Эмнеге жалгызыңды ыйлаттың? Өлүп алып, менин кадырымды баары билсин дедиңби? 0773575ххх
ОП-186-24. Мирлан+Адинай, бактылуу болгула. Жайнагүл, Элиза
ОП-186-25. Өзгөн районунун Маки айылынын тургуну акем Мавлюттун 25-октябрь туулган күнү менен куттуктайм! Аке, апам Суксурдун, биз, бир туугандарыңыздын, уул-кыз, неберелердин тойлоруна күбө болуп, аман болуңуз. Аке, оорубаң, биздин пешенебизге чырак болуп, бар болуп жүрүңүз. 0552533ххх
ОП-186-26. Салам! Анжелика Варум жөнүндө жазгылачы, сураныч силерден. Мен силердин газетаңарды гана окуйм. Назгүл
"Обондон" жооп: Анжелика Варум 1969-жылы 26-майда Львов шаарында төрөлгөн. Атасы Юрий Игнатьевич Варум продюсер, композитор, аранжировщик болгон. Апасы Галина Михайловна Шаповалова театр режиссёру. Ата-энеси дайым гастролдо болгондуктан, Анжеликаны чоң апасы тарбиялаган. Үйүндө дайыма көп музыка болгондуктан, атасы Ю.И. Варум белгилүү композитор: "Анжелика ошол музыкадан көп сабак алды деп эскерет". Анжелика өзүнүн кылып жаткан жумушунан өзүнө жаккан музыкаларга гана көңүл бурчу. Фортепьяного беш жашында олтурган. Ал эми гитараны окууга барганда колуна алган. 11-класска барганда мектептик театрлар менен гастролдорго чыгып баштаган. Украинанын улуттук ырларын гитара менен ырдачу. Анжелика Москвага окууну бүткөндөн кийин театралдык институтка тапшырганы келген. Бирок, экзаменден өтпөй калып, атасынын студиясында вокалист болуп иштеп калган. 1990-жылы Анжелика "Полуночный ковбой" деген ырын ырдаган. Ал ыр аябай популярдуу ырлардын катарын толуктаган. 1991-жылы биринчи альбому "Гуд бай", "Мой мальчик" деген аталышта жарык көргөн.
ОП-186-27. Кош болгун жалгызым, кош болгун, Кош эми коштошомун. Кош эми сүйө албайм сенден башканы. Неге сен кыйдың экен жаштыгыңды. Неге сен мени менен коштошпосоң кеттиң экен. Өмүрдө баары болот турбайбы. Сүйүү деген адамга кас болот турбайбы. Сүйүп-сүйүп сүйгөнүнө жетпесе, жашоодо ошол адам кор болот турбайбы. Бирок, жаным, сага жаздым ушул ыр сабымды, бейитиңе барып алып топурагыңы жыттап алып. Сенин жытың ошол топуракка сиңип калгандай. Неге сен аябадың ата-энеңди, жалгызыңды ыйлаттың өлүп алып. Менин кадырымды баары билсин дедиңби? 0773575ххх
ОП-186-28. Салам, достор! Салам, "Обонтай". Жазел
ОП-186-29. Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылындагы 95-жылкы Каныкейге чоң салам. Элиза 96
ОП-186-30. Эки дүйнө бактылуулукту насип этсин жаратканым! Рох
ОП-186-31. Кутмандуу күнүңүз менен! Карындаштарыңыз Кимсан, Гүлжан
ОП-186-32. Жашоо керемет чынбы, достор? Жазел
ОП-186-33. Президент болом дегенге кыргыз тилин сынак кылганы жакшы болду. Эми бул ишти дагы кеңейтип, бардык жетекчилерге, депутаттарга жана алардын орун басарларына, башкы инженер, башкы эсепчи, ишкана директору жана бүт министрлик да ушул сынактан өтсө жакшы болот эле. 0555630ххх
ОП-186-34. Салам, "Обон", менден силерге ысык салам. Кичи Ак-Жолдон Элдияр 92
ОП-186-35. Мен экс супер смсчилеримди сагындым. Жазел
ОП-186-36. Баатыр, ал адам сага тең эмес, ойлончу жаңылбай. Жазел
ОП-186-37. Күндөр өтөт, кусалыктын кучагындасыңар, жашчылык келер бекен бир мага. Жазел
ОП-186-38. Сүйбө деймин сүйөрүңдү билип туруп, Сүйүп турган жүрөгүңдү күттүрүп. Мейли сүйбөйм бирок кантип түшүндүрчү, Жалындаган жан дүйнөңдү буулуктуруп.Сүйбө деймин бакытыңды билип туруп, Айткан сөзүм көкүрөккө кадалгансыйт. Сүрдөп турган жүрөгүмдү канжар уруп. Каролина 95
ОП-186-39. Кандайсың, баклажаным! Мен сени өзүм жакшы көргөн чесноктой эле сүйөм. Бирок, сен мага чириген картошкадай мамиле кылып атпайсыңбы? Негизи, бул жашоодо пияздай ыйлатып, калемпирдей сыздаткан сүйүүмдү сага арнап келем. Сени көргөндө помидордой кызарып, бадыраңдай көгөрүп, семичкадай чагылып, ачыган салаттай атылып кетем, -деп айткан экен бир редиска баклажанга. Каролина 95
ОП-186-40. Жүрсөк болмок бейтааныш адамдардай, Дүйнөгө мен үчүн сен жаралгандай. Жүрсөк эми тагдыр эле таанышпастан, Жүрөгүм сени тиктеп сагынгандай. Өмүр бою сүйүүмдү арнап жазам, Күйүтүн көрүп мен ичтен сызам. Көргөндө сени жүрөгүм сыздап, Түнү бою уктабай ойго батам. Сыздайт жүрөгүм. 0773730ххх
ОП-186-41. Сүйүүнүн айынан кечире албай кыйналамын. Жазып койдум бактысыздын ыры деп. Жарым жүрөк болуп калдым кайрадан. Каролина 95
ОП-186-42. Дүйнө сулуу ислам менен, жүрөк таза ыйман менен. Алла берген өмүр таттуу, ушул ыйык күндөр менен. Каролина 95
ОП-186-43. " Обондун" жалпы жамаатына жана ошондой эле "Обондун" супер смсчилерине салам. Калемиңер курчуп, талантыңар ташкындай берсин.
Каролина 95
ОП-186-44. Кастинг: ыр, бийге шыктуу тандоо сынагы. 0779 335911, ушул немерге чалгыла.
ОП-186-45. Салам, "Обонушка". Мага актриса Прити Зинта жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы. Алдын ала рахмат. Элиза
"Обондон" жооп: Прити Зинта 1974-жылы 31-июнда төрөлгөн. Ыйык Беде колледжинде билим алган. Делидеги психология факультетине тапшыргысы келген. Ал биринчи киносунда Dil Se u Solder сыйлыгын алган. Ушул убакка чейин Прити Зинта улуттун жакшы көргөн адамы катарында саналат. Анын жакшы көргөн тамагы Италиянын ашканасы. Австралияга барып эс алган жагат. Прити Зинта "Мен эмнени жакшы көрөм?" деп өзүнө суроо берет. Ал: "Жашоодо эмне жакшы болсо, ошонун баарын жакшы көрөм",-дейт. Анын чын аты - Притам Сингх. Атасы Дургананд Зинта Американын офиссери болгон. Дунгананд Прити он үч жашында машина кырсыгынан каза болгон. Апасы Нилпрабха ошол эле кырсыкта бир канча жыл төшөктө жаткан. Притинин эки байкеси бар. Улуусу аскер кызматында, ал эми кичүүсү Лос-Анжелесте жашайт.
ОП-186-46. Роза эже, мен да сиздей ырчы болгум келет. Ал үчүн эмне кылуу керек? Айдай
ОП-186-47. Салам, "Обончик". Тагдырыма балта чаптың, айласыз махабатым.Турмуш жолу ушундай экен, көңүлүм сынып калды. Урматтуу смсчилер, неге балдар алдамчы болушат, кыздардын сезими менен ойноп? Жоопту 0773021623 номерине бир гана смс жазыңыздар, маяк бербеңиздер. Жазел 90
ОП-186-48. Саламатсыздарбы, Роза эже, иштериңиз кандай. Мен сизди сахнадан көргөндө аябай кубанам, сизге каалаарым албан-албан ийгилик. 0559994ххх
ОП-186-49. Мен экс супер смсчи досторумду сагындым. Өзгөчө Маха, Макуся, Жанусь Роза, Аска, кандайсыңар деги? Жазка
ОП-186-50. Достор, жаз айы менен коштошуп, күз айын тосуп алдык, ээ? Жазел 90
ОП-186-51. Салам, мен Элвис Пресли жөнүндө билгим келет. Өмүр баянын жазгылачы. Айпери
"Обондон" жооп: Американын таанымал ырчы, актёру Элвис Пресли, "Рокин-ролдун королу" 1935-жылы 8-январда кудай жолундагы үй-бүлөдө төрөлгөн. Атасы Глэдис Пресли, апасы Вернона АКШнын Миссисипи штатындагы Тьюпело шаарында төрөлгөн. Кичинекейинде чиркөөнүн хорунда ырдачу. 1964-жылы белекке гитара алып, музыканы үйрөнүп баштаган. Элвис улуттук ырын өзүнүн төрөлгөн шаарында аткарган.1953-жылы мектепти аяктап, жүк ташыганга жумушка кирет. Биринчи жолу ошондо сахнага чыгат. 8 долларга өзүнүн музыкасын гитара менен чыгарат. Ал эми 1957-жылы Элвис Пресли "Любить тебя" жана "Тюремный рок" киносуна тартылган. 1977-жылы АКШга гастролго чыккан. Акыркы альбомун жарыкка чыгарган. Ошол эле 1977-жылдын 16-август күнү өзүнүн үйүндө жүрөк оорусунан дары жетишпей каза болгон.
ОП-186-52. Канатсыз учуп кеткен элесиңди, Кайтарып бир өзүмө бересиңби? Кайрадан мен өзүндү сүйөм десем, Кайрылып сен жалгызым келесиңби? Элдияр 92
ОП-186-53. Сүйүү сен ушунчалык таттуу белең, Бирөөнү сүйүп калыш оңой экен. А бирок, ал адам таштап кетсе, Арман болуп жүрөгүмдө калат экен. Элдияр 92
ОП-186-54. Мен Аксы районунун Ак-Жол айылындагы апам Атыркүлгө, атам Токторбайга, бир туугандарыма, мени тааныгандарга, досум Нурланга салам. Элдияр 92
ОП-186-55. Арууке, ушунчалык таш боорсуңбу, жалдыратып таштап кеттиң? Кичи-Ак-Жолдон Элдияр 92
ОП-185-57. Саламатсыздарбы, урматтуу "Обондун" жалпы жамааты жана кыргыз калкым! Баарыңарга ар бир күн кубаныч, ийгиликтерди тартууласын. Ар дайым жакын адамдарыбыз жаныбызда болуусун каалайм. Алгачкы санынан баштап ушул күнгө чейин окусам да, смс жазчу эмесмин. Жан дүйнөм ооруп атат. Аруу, таза, өзүмө гана таандык кубанычтуу да, капалуу да бардык турмуштун татаалдыктарын сиңирген ички ааламда болуп жаткан окуялар менен бөлүшкүм келди. 0551719ххх
ОП-186-58. Кыш-Абад айылына чоң салам. Өзгөчө 96ларга салам. 0773382ххх
ОП-186-59. Менин сүйүктүү ырчым Омарга салам жолдойм. Омар, ишиңе ийгилик, жашоодогу чоң бакытты тилейм. Сени терең урматтап,- Перизат Жанышева.
ОП-186-60. М.Тешебаев атындагы орто мектебинин 9-"А" классына салам! 0773382ххх
ОП-186-61. Адам болуп жаралган соң, жек көрүп, бирок шексиз сүйүүгө да кабылат экенсиң. Биз деп жүргөн жандарды элеске албай, башка адамга умтулуп, улам бир тепкич көтөрүлгөн сайын кубанычыбыздын чеги жок. Ал эми артка чегинүүгө туура келген жагдайда бир кадам да узагым, жылгым келбей, жан дүйнөм боштондукка кабылат тура. Оюмда ал мен деген жандын улам-улам алсыздануусу күн өткөн сайын суз жашоосу. Эми эмне кылуум керек? Аны жакшы көргөнүм, бирок башка да жактырганым жок, чоң тандоодомун. Жаңылбай кадам таштайын, бул утурумдук жашоодон, ээ. Жакындарыңарды убагында баалай билгиле. 0551719ххх
ОП-186-62. Апа деген ыйык сөздү сактайлычы, Келгиле аларды барктайлычы. Кичине болсо дагы бул жашоодо, Апалардын ак сүтүн актайлычы. Кичи-Ак-Жол айылы, Элдияр
ОП-186-63. Салам, "Обон". Досторум Самара, Насиба, Айпериге чоң салам. Силерди жакшы көрөм. Перизат
ОП-186-64. Ильяз Андаш, сиздин "Айгүлүм" аттуу ырыңыз мага абдан жагат. Ар дайым бар болуң. 0779986ххх
ОП-186-65. Жамандык-жакшылыкта бирге дайым болосуңбу, достун сырын жүрөккө бекем.0773021ххх
ОП-186-66. ХЭК. 09. КА группасында окуп жаткан Убайдилла, мен сени чексиз сүйөм. 0773446ххх
ОП-186-67. ХЭК.09. КА группасында окуп жаткан Анара, Гүлзат, Айгерим, Нүргүл, Бурулай, Зуура, Мэри, Махабат, бар болгула жана сүйүктүү досум Гүлкан, эртерээк кел, сени сагындым. Досуң Гүлнара 91
ОП-186-68. Нурлан Насипке: Жүрөгүм кыйналып сени эңсеймин, Өзүмчө болуп мен күндү кечтеймин. Кыялда издеген арзуулар менен, Жашаймын сен сүйгөн сезимдер келген. 0779672ххх
ОП-186-69. Нурлан Насипке: Аалам сенин жүзүңдөн жаралгандай, Күндүн нуру сен деп жашагандай. Болот мага кудум эле байкалгандай, Сени менен бир ааламда жашагандай. Айнура, Ош
ОП-186-70. Сизге, Нурлан Насип. Жүрөгүмө бере албаймын буйругумду, ташкындаган сезимдерди үшкүртүп. Көз ирмемде баары токтоп калчудай, Сен жок болсоң менин гана жашоомдо. Айнура Ош
ОП-186-71. Нурлан Насипке: Неге мынча сени жаным сагынам, Кыялдарга мен арбалып багынам. Айта албай мен өзүмчө сагынып, Жашап жүрөм сени издеп жашынып. 0779672ххх
ОП-186-72. Нурлан Насипке: Жан дүйнөмдөн сагыныч орун алып, Жүрөгүмөн кусалык жолун салып. Сагынычтар, арзуулар кубалашып, Кыял менен бир болуп мен жашаймын. Айнура, Ош
ОП-186-73. Салам, кыргыз элиме, ошондой эле "Обондун" жалпы жамаатына жана окурмандарына. Кап, чиркин, өмүр өтөт турбайбы, адамдардын жашын уурдап жыргаптыр. Өз кезинде пайдаланып калбасаң, кайра кайтпайт экен ошол сыңары. Учкан куштай өмүр өтөт сызылып, байкалбастан улгаярсың өз кезегинде тытынып. Айнура, Ош
ОП-186-74. Айкого салам айтам, бар бол, аман бол. Мен сени чыныгы досум катары эсептейм. Жашоодо эч качан жаңылба, сүйүүңдү тап, макулбу. Барчын
ОП-186-75. Кеч киргенде жалгызсырай баштаймын, Келет сени кучактагым, ардагым. Кантейин алыстасың сен азыр, айлам кетип бош эле турат кучагым. Саян
ОП-186-76. Салам, баарыңарга. Чоң-Алай районунун Дароот- Коргон айылындагы классташтарыма чоң салам, 10-класска. 0707071ххх
ОП-186-77. Таң калбачы күйүп барат жүрөгүм, Ушунчалык жалгыздыктан жүдөдүм. Эгер сенде да сүйүү сезим бар болсо, Жооп жазчы бир өмүр болсо да күтөйүн.
Саянчик
ОП-186-78. Кирпигиңе карегимди жашырып, Уктадыңбы жуурканымды жамынып. Байкатпастан жаздыгыңды аралап, Түшүң болуп барайынбы шашылып. Саянччик
ОП-186-79. Себелеп жамгыр төксө айланага, сезимдер калган өңдүү ай талаада. Учалбай канатым жок сени менен, Түгөйсүз кыйын тура бул жалганда. Саян
ОП-186-80. Менин саламым досум Накуляга, Айканга, Адилетке, Айпериге, мугалим болуп иштеген Айсулууга. Цумда уюлдук телефон сатып иштеген Ашырбекова Кундузга, Мед Академияда окуган Гуляга, Дина, Жазгүлгө жана экс супер смсчи досторумдун баарына салам. Баса эң жакын досум Дарижанга салам. Жазел
ОП-186-81. Бул ырым алтындай болгон апаларга арналат. Энелер, куттуу болсун майрамыңар, Жадырап жаз гүлүндөй жайнаңыздар. Балдардын жыргалына балкып эрип, Бактылуу бул өмүрдө жашаңыздар. Аман болуңуздар, биздин бактыбызга. Табигат сырдуу Жазел 90
ОП-186-82. Кыргыз тилим - тилим менин эмгегим. Кыргыз тилим - тилим менин келечегим. Кыргыз тилди катасы жок билип жүр. Ар бир ойду, ар бир ишти айырмалай жүр. Айрыкча, кыргыз тил илими-билим башаты. Кыргыз тили- улукман элдин булагы. Бул ырыма көз карашыңар кандай? Жазел
ОП-186-83. Жаралдым ыр жандуу адам болуп, Ырсыз жашоом менин жоктой болуп. Ырларым бар менин жазылбаган, Талантым бар менин ачылбаган. Ырларга бай менин жан дүйнөм, Неге болбойт мен деле ырдасам. Ак куу болуп учкум келет, Алыска канат кагып. Конгум келет сахнага, Мактанбайм туура түшүн. Жазел
ОП-186-84. Аттиң арман, баары артта калдыбы. Кайтып келбес эми ошол күндөрүм.Бир эскерип мектептеги күндөрдү, келгиле, классташтарым, жолугалы. Дарегиңди издейм айтчы кайдасың? Классташтарым, силерди сагындым. Бирге жүргөн, бирге күлгөн күндөрдү эстей жүр, дайым мени унутпагын. Жазел 90
ОП-186-85. Билинбестен он бир жыл өтүптүр.Кечээ эле олтурган элем партада. Сагынамын азыр алтын мектебимди, сагынамын классташтар, кайдасыңар. Ар бириңе бакыт жолун каалаймын. Кең келечек, жолуң ачык болсун дайыма. Эч оорубай жүрсөң экен амандыкта. Бир силерге мен ушуну каалаймын. Жазел
ОП-196-86. Оо, кудайым, жардам берчи жаштарга, ыйман берчи суранамын бардык деги адамга. Табигат сырдуу Жазел
ОП-186-87. Жашоо, турмуш өзгөрүлөт бир убакта, Айтып бүткүс махабатын бир доорунда. Балбылдап жанган сенин көздөрүң, Неге сен ушунча тез өзгөрдүң. Табигат сырдуу Жазел
ОП-186-89. Сен билбейсиң азыр кандай мезгил. Сен билбейсиң кең келечек жашоодо не күтөт. Не болот, чын эле билбеймин го. Көзүм ачык эмес го. Бирок, билгин сен, замандаш. Азыр да баары бир биз сыноодон өтөбүз. Кыйынчылыкты бирге дайым жеңебиз.Бизде дагы майрам болот, шаттыкка бир бөлөнгөн, ишен. 0779894ххх
ОП-186-90. Аваз Акимовду чыгаргылачы, суранам. Мен Авазды да, газетаңарды да жакшы көрөм. Мээрим
ОП-186-91. Адамзат өзү деги асыл жан, Жүрөгүндө нечен ойлор камтылган. Бирок, билбейм, билбейм неге ушундай, Бизди сындайт турмуш тагдыр тараза. Бизди сындайт кээ бир адам мерез жан, Не болсо да бакыт кушу ар адамдын жүрөгүндө орносун. Табигат сырдуу Жазел
ОП-186-92. Каролина, кандайсың? "Обондогу" номерге чалсам албайсың, таанышпайлыбы? Смс жазып калтыр, жан. 0773921ххх
ОП-186-93. Татаал тагдыр кимге гана буйрубасын, Маңдайына кандай тагдыр жазылбасын. Аркасынан сөзсүз болот сыноо жолу, Бул мезгилде өз жаныңды коёрго жер таппайсың. Не кыласың жооп берүүдөн тартынасың, аргасыздан качасың. Табигат сырдуу Жазел
ОП-186-94. Ойло досум, туура чечим кабылдагын, Турмушуңда сен жаңылып албагын. Турмуш куру оңой эмес билип алгын, Анын дагы түйшүгү көп сен ойлонгун. Табигат сырдуу Жазел
ОП-186-95. Сыноо болот кээде өзүңдү жемелеген, Тагдыр болот бир башкача жазылган. Кээде сүйүү болот алсыз, жообу жок, Бул мезгилде кайгыруунун кажети жок. Табигат сырдуу Жазел
ОП-186-96. Айнектен чыккан жарык нур, жакшы жатып, жакшы тур. Түшүңдө бирөө чочутса, алың жетсе бетке ур. Кокус ура албасаң, мен барганча кармап тур. Жакында барам, кара жан. Айка
ОП-186-97. Бир кездерде мен секелек кыз элем. Эч нерсени сезбей, билбей жүрчү элем. Бала бойдон эч оюнга жүрөгүмдөн тойбогом. Жазел
ОП-186-98. Акыл айтып ой сезимди ойготкон, жүргөн экем эч нерсени ойлонбой. Туура жолго салып мени үйрөткөн, аска-зоодой алтын менин ата-энеме миң ыраазымын, миң рахмат айтамын. Жазел
ОП-186-99. Чындык ачуу, катуу айтты дебегиң. Мага маалым бир күн таштап кетериң. Сүйөрүмдү жашырбайын, мен бирок, түшүнбөйсүң сүйүүнүн не экенин. Жамал
ОП-186-100. Жакамды оңдоп, жашымды аарчып жубатпа, Жаратымды жаралайсың бүт анда. Ансыз дагы үнсүз айтып сүйөрүң, Жүрөк, көзүм сени өпкүлөп турат да. Жамал
ОП-186-101 Азиз деген досумдун жакында боло турган үйлөнүү тою менен куттуктайм. Болочоктогу жубайың менен бал ширин, таттуу күндөрдү башыңдан өткөрүп, бактылуу бол.Дайыма жүзүңдөн азыркыдай жылмаюнун жылуу нуру кетпесин. Сенин досуң Улан
ОП-186-102. Азыр сени кайра кайтып келди деп, Кубанычтын жашы турат мөлтүрөп. Бир карашың көкөлөтүп асманга, Бир карашың көңүлүмдү чөктүрөт. Бул кубаныч утурумдук экенин, Арзуу толгон жүрөк менен сеземин. Соолуп сууга аккан жандай муңга алып, Сен бир күнү мени таштап кетесиң. Жамал