п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Талапкер тууралуу ойлор

Болот Шамшиев, кинорежиссёр, КРнын жана СССРдин Эл артисти, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты:
"Камчыбек Ташиев өзүнүн
сөзүнө тура ала турган адам"
- Ташиевди качан, кандай жагдайда тааныдыңыз?
- Мен Ташиевди жети жылдан бери тааныймын. Оболу депутат катары, андан кийин Өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеп турганда жакындан болбосо да сырттан билип калдым. Сүйлөгөн сөзүндө, ишинде жан бар бул жигитке башка депутаттардын катарында эле ЖКнын заседаниелеринде көз салып, сыртынан байкап жүрдүм. Ар бир көргөн сайын менде бул жигит тууралуу жакшы пикирлер калып, ал пикирлер улам сый менен толуктала берди.
Эмне үчүн экендигин түшүндүргөнгө аракет кылып берейин. Тигил же бул саясатчыга артыкчылык көрсөтүү үчүн бүгүнкү саясий учурду билиш керек. Мен көпчүлүк жарандар сыяктуу эле ӨЗҮНҮН СӨЗҮНӨ ЖООП БЕРЕ АЛА ТУРГАН АДАМ бүгүн өлкө башына келиши керек деп эсептейм. Саясий эрки күчтүү, өлкөнү тоногон ар кыл алдамчыларга жана урууларга кайраттуулук менен каршы тура алган адам керек! Жетишет!!! деп айткан гана саясатчы эмес, Кыргызстандын миллиондогон жарандарынын уурукратиядан тазалануу боюнча үмүттөрүн ишке ашырган адам келиши зарыл. Эл баш аламандыктан чарчады, ал эми Ташиев ошол баш аламан абалды тартипке келтире алат деп ойлойм.
- Сиздин жеке баамыңызда, Камчыбек Ташиев президенттикке татыктуубу?
- Ташиев өзүн жоопкерчиликтүү, туруктуу саясатчы жана эң башкысы ак ниет адам катары көрсөтө алды. Ал өзүнүн байлыгын маңдай тери менен тапты. А мындай адамдар биздин өлкөдө беш манжа менен саналат.
- Бул адамда сиз баалаган кандай адамдык, жигиттик сапаттар бар?

- Эгерде биздин өлкөдө ак ниет адамдар бар болсо, алардын ичинен Мекенге берилген, эл үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалуудан баш тартпаган адамдар бая айткандай эле, беш манжа менен саналат. Бүгүнкү кыргыз мамлекетинин негиздери курулуп жаткан күндө биринчи планга өлкөгө эч кандай мүдөөнү көздөбөй кызмат кылуу талабы чыгыш керек!!! Ташиев, менин оюмча, ушундай категориядагы адам. Башкаларды, кечирип коюңуз, мен билбейм. Эгерде биздин саясатчылардын арасында андай адам бар болсо, мен анын ысымын билүүгө куштармын.
- Сиз улуу муундун өкүлү катары Ташиевге кандай баа берет элениз?

- Турмуш бизге ар түрдүү оордуктагы сыноолорду алып келет. Биздин мамлекет үчүн мындай улуу сыноо 2010-жылдын май-июнь айларындагы Ош жана Жалал-Абад шаарларында өзбектер менен кыргыздардын ортосунда болуп өткөн этника аралык каршылыкка чагым салган күндөр болду. Учурдагы саясатчылардын кимиси ар тараптан октор жааган, от күйүп, жарандардын өлүктөрү толгон ошондогу Ош шаарына баш бакты. Эч ким! Окуяларды өз көзү менен көргөн адамдардын айткандарынан улам билем, Ташиев чыр-чатакты басуу үчүн чечкиндүү чара көргөн. Ташиев Ошто, Сузакта, Жалал-Абадда кыргыз мамлекетинин чыныгы патриоту катары эрдик жасаган. Келечектеги тарых кыргыз элинин чыныгы уулунун эрдигин татыктуу баалайт деп үмүттөнөм! Киносүрөтчү жана жазуучу катары кошумчалаарым, Ташиев сыяктуу инсандардын таржымалы көркөм деңгээлде да чагылдырылууга арзыйт. Эгерде убакыттын өтүшү менен Камчыбек Ташиевдин баатырдык каармандыгы сүрөттөлгөн роман жарыкка чыкса да таң калбайт элем.
- Ташиевдин президент болуусу Кыргызстандын келечегине таасир эте алабы?
- Мезгилдин ар бир чакырыгына жараша жооп болушу керек. Ташиев - биздин улутту мобилизациялоону талап кылган кооптуу мезгилибиздин жообу. Убакыт өтөт, бизге башка лидерлер да талап кылынат. Арийне, алар Гарварддык билимге ээ, же батыштын абройлуу университеттеринен билим алгандар болушу мүмкүн. А бирок, бүгүнкү күндө биз салмактуу ишене турган адамды тандашыбыз керек! Ал адам Ташиев!






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??