п»ї

  Жаңылыктар

БИЙЛИК ТҮЛЕЕВДЕН КОРКОБУ?!
БШК Түлеевди президенттик жарыштан алып салды эле, Биринчи май райондук соту кайра шайлоого киргизди. БШК Жогорку сотко даттанды.
Сотто БШК Нариман Ташболотовичке негизсиз бут тоскону кашкая аныкталды. Бийлик мыкчыгандар ага болбой кайра эле жан далбас кылышууда.

Мунун себеби эмнеде?!
Бийлик Түлеевден чочуп, коркуп жатканын көпчүлүк даана түшүндү. Биринчиден, ал республикалык "Кыргыз темир жол" ишканасын, Бишкек шаарын көтөрүп мыкты чарбакөй жетекчи катары эл сынына толгон. Кыргызстан экономикалык кризисте турган учурда мамлекет башчылыгына эл дал Нариман Ташболотовичтей экономиканы терең түшүнгөн ишмер керек экендигин талаптап турат. Экинчиден, Түлеев капчыгы калың ири бизнесмен. Коммерциялык түзүмдөрүндө 20-30 миң кардарлары бар 2 миңге жакын киши иштейт. Үчүнчүдөн, Түлеевди "7-апрель жаштар кыймылы", пенсионерлер, жаңыдан түзүлүп жаткан"Ак бата" саясий партиялары, "Прогресс", "Генерал ордо" баш болгон бир катар коомдук кыймылдар менен фонддор сүрөөгө алып жатышат.
Кыргыздардын бир катар бөлүгү түндүк-түштүккө, урууларга бөлүнүп жатканда шайлоочулардын дээрлик үчтөн бирин түзгөн башка улут өкүлдөрүнүн көпчүлүгү калыс ишмер Түлеевге оогондугу байкалды. Мына ушундай кырдаалдардан улам Түлеевдин аброю тездик менен өсүп, бийликтин эсин чыгарды. Ошон үчүн аны эмне болсо дагы жарышка киргизбөө аракети көрүлгөндөй. Бирок, Нариман да жөн калбасы белгилүү. Эгерде Жогорку сот бийликтин кысым-басымы менен Түлеевди четке какса, анда анын күчтүү тобу БШКны таратып, шайлоону токтотууну талап кылып чыгуусу, же талапкердин бирин күчтөндүрүүсү ыктымал.




Петербургда Танаевди тоноп кетишти
Россиянын Санкт-Петербург шаарынан "Газпромнефттин" гендиректорунун кеңешчиси КРнын мурдагы премьер-министри Н.Танаевдин батиринен 2,5 миллион рубль акчасын белгисиз адамдар уурдап кетишти. Бул боюнча маалымат укук коргоо органдарына 25-сентябрда келип түшкөн. Маалыматка ылайык 21-сентябрдан тартып 66 жаштагы Н.Танаев өзүнүн батиринде жок болгондугунан пайдаланып, уурулар кирип келген. Алар 2 миллион 450 миң рубль акчасын, зер буюмдарын, ноутбугун алып кетишкен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.





Уурдалган мунайдын артында А.Арапбаев да турабы?
Өкмөт башчысы контрабандалык жол менен ташылып жаткан күйүүчү майга байланыштуу жеткиликтүү иш жүргүзбөй жаткандыктары үчүн Баткен облусунун губернаторун баш кылып, укук коргоо органдарынын жетекчилерин ар кандай жазага кириптер кылды.
Ал эми күйүүчү майларды контрабандалык жол менен кызыл кулактык кылып, жасалма документтер менен башка өлкөлөргө сатып жаткан чиновниктердин арасынан Жогорку Кеңештин депутаты А.Арапбаевдин болгондугун да ашкерелешти. Ушул жылдын 30-июль күнү Баткен облусунун аймагынан Тажикстанга өтүүчү чек арадан контрабандалык жол менен күйүүчү май ташып бараткан "Хуа Вей" үлгүсүндөгү 4 автоунаа кармалган. Документтери боюнча күйүүчү майлар Ош шаарындагы "Даннур-юг" жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү болгон. Унаалардын айдоочулары К.Султанов, Д.Акматов, М.Газыбеков, Х.Иноятов жана аларды коштоп бараткан И.Акматовдун көрсөтмөлөрү боюнча мунай заттар Бишкек шаарынан тартылып келаткан. Ал эми оперативдүү маалыматтарга караганда, аталган ишкана мындай контрабандалык жол менен иштеп келатканына көп убакыт болгон.




  Бир Бүркүм

Токтогул районунун Чолпон-Ата айыл округуна караштуу Мазар-Суу айылындагы акын, драматург Ж.Бөкөнбаевдин музейин ремонттоого Токтогул районунун "Суу чарба объектилерин каржылоо боюнча атайын фонд" мамлекеттик ишканасы 2065514 сом каражат бөлүп, оңдоп жатат.
25-сентябрда Спикер А.Келдибеков башында турган парламенттик делегация Түркияга расмий иш сапары менен барды.
26-сентябрда саат 01:18 чамасында эпицентрде 4,5 бал болгон жер титирөө катталган. Кочкор-Ата, Шамалдуу-Сай шаарларында 3 балл, Үч-Коргон айылында 4 балл, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаарларында 2-3 балл болгон. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленет.
Ош жана Баткен облустарында кумшекердин баасы кымбат болууда.
Тогуз-Торо районунда ок атуучу курал колдонгондор кармалды.
Cот каттоодон өтпөй калган президенттикке талапкерлердин алтоонун дооматын канааттандырды.
Жогорку Кеңеш 2012-жылга карата республикалык бюджеттин долбоору боюнча ачык угууну өткөрөт.
Аксы районунда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын спартакиадасы болуп өттү.
Маркум М.Садыркуловдун сөөгү өрттөлгөндүгүн жашырган сотмедэксперт изделүүдө.
Чет өлкөлөрдө 24 миң кыргызстандык шайлоочулар тизмеге кирди.
Жалал-Абадда жаш өспүрүмдөр арасында футбол боюнча президенттин кубогунун облустук биринчилиги башталат.
Ошто тукумсуздук жана простатит оорусуна чалдыккан эркектердин саны өсүүдө.
Ош облусунун Ноокат районун Төөлөс айыл өкмөтүнүн Додон айылында 29-сентябрда Балбан сарай ачылышы болот.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??