п»ї

  Коёндой окшоштор

Боло турган азамат болоттон кылыч байланат
Дүйнөдө өзүңө окшош жети адам бар деген сөз чын бейм. Биздин таанымал инсандардын арасынан океандын ары жагында эгиздери жашайт тура. Болгондо да дүйнөнүн атактуу жылдыздары экен.

Чыгыштын ханы Чыңгызхан
Тарыхта аты калып, дүйнөнүн жарымын басып алган Чыңгызханды кимдер билбейт? Мурун Чыңгызханды абдан каардуу, таш боор, мыкаачы сүрөттөп келсе, эми окумуштуулар эл түптөгөн чыгаан, Чыгыштын ханы Чыңгызхан деп жазып келишет. Кытай режиссёру Чжу Вэньце тарткан "Чыңгызхан" сериалындагы баш каарман Чыңгызханды аткарган актёр Ба Линге биздин куудулубуз Абдылда түспөлдөшүп кетет экен.

Курч көздөрүнөн жалтанышат
Чындыкты чыркырап куйкум сөз менен билдирген куудулубуз Абдылда Иманкуловдун да тайманбаган курч көздөрүнөн жалтангандар аз эмес. Себеби, эч кимден коркпой сүйлөп, ушул кезге чейин турмуштагы болуп жаткан окуяларды ачык-айкын сатираларында кошуп келет. Алп баатыр Чыңгызханды аткарган актёр Ба Лин менен Абдылда агабыз бекеринен окшобойт чыгар. Бири Чыңгызхандын образын өзүндөй чагылдырып берген актёр болсо, бири эр жүрөктүгүн далилдеп, кайсы бийлик болбосун аларды сындап келет.

Кедейликтин айынан азапка баткан Жеки
Голливуд киножылдызы Жеки Чан да өзүнүн жашоосунда көптөгөн кыйынчылыктардан соң ийгиликке жетип отурат. Кедейликтен айынан азаптуу күндөргө малынып, акыры мээнетинин акыбети кайтып оллигархка айланган. Кинолорунун көпчүлүгү комедиялык жанрда болгондуктан, Жеки Чан шамдагай, баскан жеринде күлкүгө кабылган өзгөчө актёр экенин ким танат. Кытай улутунан болсо да, Голливуд жылдыздарынын алдыңкы катарынан орун алган.

Боор этинен ишке көнүп
КРнын биринчи вице-премьер министри Ибрагим Жунусов боор этинен ишке көнүп, азыр жогорку даражадагы титулга жетишкенине эл күбө. "Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт" демекчи, Ибрагим мырзанын эл үчүн ак эткенден так этип талбай эмгектенип келгени бизге маалым. Жеки Чанга окшоштугу эмгекчилдигинде гана эмес, өң-түсүнөн, чачтарынан да байкалып турат.

Чымыр денеси азгырып
Миллиондогон кыздардын кумири Болливуд жылдызы Шахрук Кхандын ити чөп жеп турган кези. Канчалык Индияда көп актёрлор болсо да, баары бир алардан өзгөчөлөнүп турары бышык. Чымыр денеси өзүнө тартып, канчалаган селкилерди бушайман кылды экен. Индия киносун сүйүүчүлөрдүн кумирине айланган Шахрук чыныгы таланттын ээси экени талашсыз.

Күйөрмандарын жипсиз байлап
Биздин куудулубуз Санжар Бердибеков бул индустан кем эмес. Санжар да өз күйөрмандарын жипсиз байлап, кылыктанган кыздарды жөн өткөрбөй, анын басышы эле бир тайлык. Кантсе да Санжар мырза Шахруктан биринчи элге таанылбады беле. Ошондуктан Санжар мырзага тескерисинче Шахрук окшош десек да болчудай.

Күлмүңдөгөн көздөрүнө ким ашык?
Квентин Тарантинонун "Биллди өлтүрүү" киносунда өзүнүн мыкты актёрдук чеберчилигин көрсөтө алган актриса Люси Лью эмеспи. Анын күлмүңдөгөн көздөрүнө эле жарым планетанын мырзалары ашык болуп келишет. Люсиге ашык болгондон корккондор да бар экен. Себеби, оттуу көз карашы менен сезим өртүнө куйкалашы да мүмкүн.

Айперимдин тубаса таланты
Ал эми жаңыдан талпынган балапанга окшоп, "Дөңгөлөк kg" киносунда роль жараткан кыз Айперим Токторова алма сабагынан алыс түшпөйт демекчи, режиссёр Алим Токторовдун эрке кызы. "Кыздуу киши кыр ашат" болуп, Алим мырза кызы Айперимдин актрисалык жөндөмүнө жол ачып берди. Мындан ары да Айперимдин тубаса талантына күбө болорбуз. Өзүнө тамчыдай окшош Люси Лью актрисадай дүйнөлүк аренага аты оозго алынып калар, ким билет?

Динара Асылбекова




  Сулуулук

Кыздардын чач жасалгасы канча турат?
Күз айы тойлордун айы эмеспи. Түгөйүн тапкан жаштарыбыз баш кошууга даярданышып, сулуулук салондоруна катарга турган учурлары. Анда эмесе, болочоктогу келиндерибиз үчүн үлпөт тойго канча каражат керек экенин билип берүүнү чечип, борбор калаабыздагы "Елена" сулуулук салонуна барып, салондун жетекчиси Мураталиева Наргиза менен маек курдук.

- Азыркы учурда турмуш жолуна аттанып жаткан кыздар үчүн кандай чач жасалгасы мода болуп жатат?
- Ар бир кыздын табити ар кандай да. Кээ бир кыздардын чачы узун болот, кээ бириники кыска, же чач коштурушуп жасатышат.Көбүнчөсү журналдарды карап тандап алышат, чачтарынын асты жагын түшүрүшүп, өйдө жактарын көтөрүшөт.
- Чач жасалгасынан тышкары дагы беттерине макияж жасатышат эмеспи, ушул тууралуу эмне айта аласыз?
- Ооба, макияж жасатышат. Негизинен, үлпөт тойго ачык өңдөгү макияж туура келет. Бирок биздин кыргыздын кыздарына ачык өңдөгү макияж жараша бербейт, ошол себептен улам кичине күңүрт өңдөр колдонулат.
- Болочок келиндер үлпөт тойго маникюрдун кандай түрлөрүн колдонушат?
- Маникюрдун түрлөрү көп, негизинен. Келиндер тырмак коштуруп, атайын үлпөт дизайнын жасатышат. Ал башка маникюрдан айырмаланып өтө кылдаттык менен жасалат. Узартылган тырмактын үстүнө гүлдүн, же дагы башка сүрөттөрдү тартып, жармаштырат.
- Ушунун баарына канча каражат жана убакыт кетет?
- Башка салондордо келиндин чач жасалгасы 1000 сомдон өйдө турат. Чач жасалгасы, макияжы, кирпик узартканы, маникюру жана үлпөттүк дизайны менен орто эсептен алганда 3700 сом болот. Бизде атайын комплекс деп бөлүп коёбуз, келин бардык жасалгаларды өзүнүн табитине жараша тандап алса болот. Орто эсеп менен 2900 сом. Убакыт ар кандай болуп калат, 2 сааттан 5-6 саатка чейин кетет.
- Чачты узартуу канча болот? Чачты өздөрү сатып келеби?
- Чачтын узундугуна жараша болот. Биз көбүнчөсү кардарларыбызга өзүбүз алып беребиз. Ал эми баасы болсо атайын капсула деп коёт, ошо капсулага жараша болот. Бир капсулада отузга жакын чач бар, ошону бирден жармаштырып чыгасың да, андай капсуладан эки жүздөн ашык жармаштырасың. Аябай убакытты көп талап кылган жумуш. Бир капсуланы 45 сомдон жармаштырабыз, ошондо эки жүз капсула болсо 9000 сом болот.


Алиса Сапарбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??