п»ї

  Стоп кадр

"Братандар"
Акыркы кезде кино тармагында жаңы агым пайда болду. Ар ким өз көмөчүнө күл тарткан заман эмеспи. Колунан келгендер камера көтөрүп, мына минтип жаңы тасманы элге тартуулап жатышат. Уккулуктуу үндүн эгедери Айгерим Расул кызын буга чейин ырчы катары таанып билсек, эми актриса катары кандай роль жараткандыгы, албетте, эл сынында болмокчу.

Кинонун аты- "Братандар"
Режиссёру-Азамат Арыков
Сценарийин жазган-Айгерим Расул кызы
Жанры- комедия
Оператору-Канат Алымкулов
Сүрөтчүсү-Садыр Сагынбаев
Гримёру-Гүлзада Арыкова
Продюсери-Расул Маматкулов

Кыскача мазмуну:
Балдар бакчасында өскөн эки курбу жашоодо көп азап чегишет. Кыйынчылыктарга моюн сунбастан, кыйын-кезеңди жеңе билишет. Балдар бакчасында чоңойгондуктан турмушка эрте бышкан тырышчаактыгы менен жашоонун оорчулугуна чыдаган кыздардан болушат. Эркекче мушташып, өз жемин алдырбаган жашоодо тың кыздар акыры жыргал жашоодо өмүр сүрүшөт. Мээрим сүйүүгө дуушар болуп, сүйүктүүсү менен бактылуу болот. Ал эми Таттуунун ашыгы тууралуу кинонун экинчи бөлүмүндө көрсөтүлмөкчү.


Айгерим Расул кызы:
"Мен сыртыман жоош көрүнгөнүм менен өзүмө бекем кызмын"
- Сценарийдин автору катары кандай проблеманы көтөрүп чыктың?
- Мага сценарий жазыш кечээ гана пайда болуп калган жок. Азыркы кыргыз жаштарынын жүрүм-туруму мени көптөн бери ойлондуруп келет. Ошондуктан алардын турмушун кинодо чагылдыруу ойго келди. Андан калса азыркы кинолор көңүл жубатарлык эмес экени өкүндүрөт.
- Эмне үчүн азыркы кинолордун дээрлик көпчүлүгү кыргыз керемети аталган кинонун деңгээлине жетпей жатат?
- Себеби, ал кинолордун талабы күчтүү болчу. Драматургиясы татаал жана философиялык маанидеги кинолор басымдуулук кылчу. Ал эми "Братандардын" сценарийине токтолсом, каармандардын мүнөздөрүн жазганда ар бирин элестетип жазгам да. Биринчи Сайкалдын мүнөзүнө шайкеш каарманды жазып чыктым. Себеби, экөөбүз кичинебизден бери жакын курбуларданбыз да. Кыздын сыры төркүнгө маалым дегендей, анын бардык мүнөзүн беш колдой билем. Сайкал экөөбүздүн образыбыз даана ачылган десем жаңылышпайм. Азамат Исмаиловдун мүнөзүнө окшоштуруп, шайыр жигиттин образын жаздым.
- Сценарийди жөн гана жазып тим болбостон, ошол окуя тууралуу изилдеп чыгыш шарт. Сен кандай шартта жаздың?
- Бул сценарийди жазардан мурун балдар үйүндөгү жашоо кандай болот, ошону терең изилдеп чыктым. Көбүнчө сойкулукка берилип кетет, ал эми каармандарым жеңил оокатка берилбей, ар кандай оор жумуштарда иштеп болсо да акча табуу болду.
- Чымчык сойсо да касапчы сойсун демекчи, кино жаратыш сага эртелик кылбайбы?
- Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство Институтунун актёрдук бөлүмүндө билим алуудамын. Бирин-экин роль жаратып келдим. Анан роль аткарып жатып, андан дагы талантымды өркүндөтүүнү кааладым. Мага аткарган кызыктуу эмес, кино жаратуу кызык сезилди. Ошондон улам өзүм кино тартсамбы деген ойго токтолдум.
- Сенин кинодогу алгачкы ролуң?
- Геннадий Базаровдун "Жаннат"психологиялык драмасы. Чындыгында, мага роль сунуштаганына абдан кубандым. Ал эми "Жараланган турналардан" алгач өзүмдү көрө албай, уялып жатып араң көргөм. Себеби, көп кемчиликтеримди байкадымы.
Динара Асылбекова




  Банктын баяны...

Ирандыктар өкмөттү талкалайбы?..
Ирандыктардын "Финанс Кредит Банкын" сатып алгандыгы тууралуу бүйүр кызытар сөздөр чыга баштады. Жакында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоев бул банктын акционерлери терроризм менен байланыштуу болушу мүмкүн деген күдүк ойду кылтыйтты.
Бул акционерлер менен иш жүргүзүү коомчулукту көптөн бери эле кооптондуруп келгени айкын. 10 ирандык банктын 90,9 % акциясын сатып алышып, ар бири 9,09 % үлүштү тепе-тең бөлүп алышкандан кийин, банктын үчтөн ашык бөлүгүнө ээлик кылган акционерлердин өз ара сүйлөшүп алышып, Кыргызстандын банктык мыйзамдарын буйтап өтүшкөнү ошондо эле түшүнүктүү болгон.
Чокоев Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрүнүн ичинен жакшы жагы менен белгилүүлөрдүн бири. Бакиевдик баш аламандыктын мезгилинде "АзияУниверсалБанктагы" бардык абалды, бул банктын акчаларын, кудум эле кир жуучу машинадай "тазалаган" бардык схемаларды көрүп, ар кандай шектенүүнү жараткан документтерге жана уруксат берүүчү кагаздарга кол койбой койгон. Бабановдун адамы болгон "Кыргызстан" банкынан Бактыгүл Жээнбаева Улуттук банкка келгенден кийин, бир гана Чокоевге ишенишибиз мүмкүн. Ал, "ФинансыКредитБанкынын" маселелери банк сферасынын чегинен чыгып кетти. Туура, абал ушундай, "ФинансыКредитБанкынын" ирандык акционерлеринин капиталынын келип чыгышынын легалдуулугун тастыктаган документтерди алдык, бирок, банкка болгон көзөмөл ушу күнгө чейин алына элек. Бул жерде маселе банктык мыйзамдардын алкагында гана каралып жаткан жок. Бүгүнкү күндө бул адамдар терроризм менен байланышпаганы жөнүндө саясый деңгээлдеги чечим кабыл алынмайынча, биз банкка түздөн түз көзөмөл жүргүзүү түрүндө убактылуу тыным алып турабыз." деп таасын билдирүү жасады.
Жыйынтыгында Чокоев, акционерлердин каражаттарды чет жакка чыгарып кетүү жана терроризмге эч кандай байланышы жок деген саясий деңгээлдеги чечим чыкканга чейин Кыргызстандын Улуттук банкы "ФинансыКредитБанкынан" көзөмөлдү албайт, деди.
Башкача айтканда, ирандыктар терроризмдин акчаларын чет жакка чыгарып кетүү үчүн ушул жакка келгенин банкирлер билишет. Бул жөнүндө Өкмөт деле билет. Атамбаевге, Отунбаевага, Бабановго булар менен байланышууга болбой тургандыгы тууралуу ИИМ, УУК, Финансы полициясы бир нече ирет билдирген. Терроризм бул ирандыктардын биздин өлкөдө ишке ашыра турган нерселеринин бир болбогон бөлүгү. Алардын чыныгы максаты - Израилди жок кылууга багытталган жана ядердик державага айланууну каалаган Ирандын ядердик программасы.
БУУнун коопсуздук Кеңеши Иранга карата бир катар санкцияларды кабыл алганын эске салуу эп. Эгерде биздин саясатчылар акча үчүн ирандыктар менен достошо турган болсо, андан жөнөкөй жарандар гана жабыр тартат. "Биз Кыргызстандын терроризмге каршы туруу, акчаларды чет жакка ташып чыгып кетүү жаатында өзүнө алган милдеттенмелерге таянып жатабыз. Бул эрежени четке кагууга акыбыз жок, ошондуктан, аталган маселе биздин банктык мыйзамдардын алкагындагы гана маселе эмес. Бул маселе, өлкө катары эл аралык милдеттерди алган бир топ иш чараларга көз каранды. Ушундан улам, убактылуу тыным алып турабыз. Биз, Тышкы иштер министрлиги, ушул маселелерге жооп берген Өкмөттүн бардык структуралары менен кеңешип жатабыз, качан гана бир бүтүмгө келген чечим чыкканда, аталган маселе боюнча так жооп беребиз", - деди Чокоев.
Улуттук банктын кооптуу акционерлерди жөндөн жөн эле көрө калбаганын бардыгыбыз түшүнүп эле турабыз. Май айында соода-сатык жүргөндө башкармалыктын төрайымы дал ушул Жээнбаева болгон. Ал жана ага тапшырма берген адамдар ирандыктарды жөн эле алып келбегени турган иш. Чиновниктер кыймылдаган нерседен эле дагы да көп иштеп калууну улантып келатышат. Биздин өлкөбүз белгисиз туңгуюкка сүңгүп баратат.
Өз жанынын камын көрүү Кыргызстанда ар дайым үстөмдүк кылып келген. Азыркы чиновниктер деле калктын азап чеккенине жана күнөөсүз адамдардын бөөдө мерт болгонуна карабастан ушул мүмкүнчүлүктү активдүү пайдаланышууда.
Ирандыктарды өзүнүн кызыкчылыгы менен кошо алып келүүгө 2009-жылдары эле Бакиевдин учурундагы экономикалык өнүктүрүү министри, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты жана президенттикке талапкер Акылбек Жапаров катуу аракет кылган. Эптеп эле өзүлөрүнүн операцияларын жүргүзүүгө, банк секторуна кирүү үчүн "үй бүлө" менен келишүүгө аракет кылышып, ирандыктар анын да "колун кызыткан" жайы бар. Азыр эми шайлоонун алдында эч ким өзүнүн кадыр-баркы жөнүндө ойлонбой жатат. Эң башкысы, чөнтөктү кампайтуу болуп калды.
Жыйынтыгында, мына ушул ирандыктар менен болгон иш аракеттердин бардыгы, мурда эле араң жан болуп келген биздин өлкөбүздөгү банк системасынын аброюн дагы да төмөн түшүрдү. Арийне, бул иш аракеттер шыр эле боло калган эмес. Бардыгы бирден бир максатты көздөп ойлонулган. Тагыраак айтканда, атаандаштарды жок кылуу жана бардыгы Бабановго тиешелүү болгон бир ири банкты жана бир нече кичи банктарды лидерликке алып келүү эле.
Жанкороз Эсенгелдиев








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??