п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Нукура кыргыз жыттанган ыр ким жаратты?
Табиятынан тубаса талантка эгедер Баян Акматов азыркы учурда элдин жүрөгүнөн түбөлүккө байыр алуучу фольклордук, нукура кыргыз музыканын коштоосунда жүрөктөгү ыйык сезимди даңазалоо максатында "Махабат майданы" деген аталыштагы чыгарманын үстүнөн иштеп жаткан кези. "Сөзү Аалы Туткучевге таандык, обону өзүмө караштуу бул эмгегимди Эрлан Салбаров менен биргеликте ырдайм",-дейт. Кыргыз эли бири-бирин сындап гана турат эмеспи, ошондуктан жогорудагы Баяндын ыры кулакка кандай угумдуу экенин жакын арада үналгылардан угуп сындай аласыздар.


Замир Мырза жаңы альбом чыгарды
Кичинесинде көк асманга канатсыз учуп чыгып учкуч болууну самаган, бирок, азыр "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" дегендей, балалыгындагы баккан ойдон алыстап, шоу-бизнестин казанында жуурулуп, ырчылык менен кыргыз журтуна таанылып калган Замир Мырза өзүнүн ырларынын бир бүркүм топтомун чыгарды. Башкача айтканда, он беш чыгарманы камтыган альбомдун аталышы "Эсимде" деген ат менен жарык көрдү.


Айпери менен Султан ээрчишип кайда барып келди?
"Ак куу болуп учкум келет, айдай сулуу кезимде" деп көптөгөн балбан билек кыргыз жигиттерин сулуулугу менен суктандырып келген Айпери Кубик кызы Султан Садыралиев менен бирге Якутияга барып, ошол жактын сахнасында концерт коюп келишти. "19-сентябрда кетип, 24-сентябрда келдик. Ал жакта кыргыздар көп болгондуктан эл абдан көп келип бизди колдоп беришти. Бул Султан Садыралиев экөөбүздүн Якутияга болгон биринчи сапарыбыз"-деген Айпери азыр жаңы эле үйгө келип олтурганын да баса белгиледи.


Жанета Бобкова бала-чакасы менен бир клипте
Мукамдуу, жанга жагымдуу ырлардын аткаруучусу Жанета Бобкова "Эргүү" деген, сөзү Гүлжамила Шакировага, обону Азамат Такырбашовго тиешелүү болгон жаңы бышкан ырына балдары менен бирге Кой-Таш жактан клип тарттырып келди. Жанета Бобкова капчыгынан канча каражат каржылаганын айткан жок.


Кыргызстандын намысын коргогон Адилет жана Бек
Айбек Акматовдун продюсердик борборунун тарбиялануучулары, жаш, таланттуу аткаруучулар Бек Исраилов жана Адилет Жумабек уулу Кыргызстандын желегин тээ бийикке желбиретүү үчүн "Чыгыш Базары" эл аралык конкурс-фестивалына катышууга Украинага учуп кетишкен эле. Конкурс 22-26-сентябрь күндөрү Крым Автономиялуу облусунда, Ялтада болуп өттү. Конкурска жаш таланттар продюсердик борбордун каржылоосу менен кетишкен. Мындан тышкары, жогорудагы продюсердик борбор үстүбүздөгү жылдын эсебинен үч эл аралык конкурска Кыргызстандын атынан таланттарды жөнөткөн. Баса белгилеп айтканда, Адилет Жумабек уулу менен Бек Исраилов Кыргызстандын намысын коргоп, финалга жолдомо алышты. "Оо, бали, балам" деген аталарыбыздын сөзүнө татыган жаш таланттарга "баракелде, азаматтар, силер биздин сыймыгыбызсыңар!" демекчибиз!

Жылдыз Абдыкерим кызы




  Клип таржымалы

Данияр Эрматов:
"Кыз "сууга түшө албайм" деп убара кылган"
"Токто, жаным" деп ырдап чыккан жаш ырчы жигитибиздин угармандары клип тууралуу кыскача маалымат бериңиздерчи дегенинен, Кыргызстанда эң алгачкы суу астында тартылган клиби тууралуу маалымат берүүнү чечтик.

Клиптин идеясы
Клиптин идеясы Эрмек Сыдыковго жана Данияр Эрматовго таандык. Төрт күндө тартылып бүтүп, эки күндө монтаж жасалган. Борбор калаабызда тартылып, бардык чыгымдарды кошуп эсептегенде, баш-аягы 1500 долларды чапчыган клип болгон. Режиссёр Даниярдын жакын досу болгондуктан, бекер тартып берген. Эгер башка бирөө тартканда, 2500 доллар болмок дейт Данияр. Суунун астында тартуу идеясы-Эрмек Сыдыковдуку.

Клип жашоодон алынган, болгон окуя
Клип жашоодон алынып тартылган. Даниярдын жакын досунун тагдырын чагылдырган, болгон окуядан алынган клип. Ыр жаңы жазылып атканда эле клиби менен чыгарабыз деп сүйлөшүлүп койгондон кийин тартылган. Рокерлерди, бассейнди бир күнгө ижарага алып тартышкан. "Ролду жараткан кызды тандап алганбыз, ал кыз "Мисс Бишкекте" экинчи орунду ээлеген кыз болчу, - дейт Данияр.

Клиптеги кызыктуу окуялар
Гүлназ өзүнүн каалоосу менен тартылган. Ал кыз сууга түшө албай кызыктуу кадрлар болгон. Кыздын сууга түшө албаганынан кээ бир суу астында тартыла турган кадрлар кыскарып кеткен. Клип тартылар алдында кыз сууга түшө алам дегенинен алынган. Негизи, клиптин идеясы боюнча суунун астында бири-бири менен куушуп ойной турган кадрлары бар болчу. Суунун ичинде көп нерсени чагылдырам деген тилеги ишке ашпай калган. Себеби, башка кадрлар тартылып калгандыктан кызды калтырууга туура келген. Клиптеги эң оорчулук жараткан жери - кыздын суу астындагы тартылышы болгон. Гүлназга суу астында сүзүүнү араң үйрөтүшкөн.


Алиса Сапарбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??