п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Акылдуудан башчың болсо адашпайсың

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров:
Түбөлүктүүлүктүн түбүн
улаган "Бүтүн Кыргызстан"
Касиеттүү көл жээгинде жайгашкан Рух-Ордо маданий борборунда кыргыздын тарыхый чыгаан уулдарынын бири Баялы Исакеевдин эстелиги тургузулду. Тарыхты, өткөндү сыйлай, урматтай билгендиги менен өзгөчөлөнгөн, "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун демилгеси, колдоосу астында дагы бир айкел жарк этти. "Эч ким, эч качан унутулбайт" деген улуу кептин уңгусун дал ушул Адахан Мадумаров улап жаткандай туюм калтырат. Себеби, буга чейин да "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы тарыхый инсандар - Исхак Раззаков менен Жусуп Абдрахмановдун айкелин орноткон. Баялы Исакеевдин эстелигинин ачылышына алыс, жакындан ат арытып келген коноктор арбын болду.

Кыргызстан өзгөрөт, өнүгөт!
23 жашымда мен дипломдук иш жазгам. Ошол кезде эле кыргыз үчүн жанын берген эр азаматтардын эстелигин орнотууну максат кылган элем. Албетте, мындай иш-чаралар дагы да уланат деген ойдомун. Баялы Исакеевдин эстелигин ачууну 25-августка пландаганбыз. БШКга кайрылганда, алдын ала үгүт иштери катары баалап уруксат берген эмес. Бирок ниетибиз таза экен, бүгүн күн чайыттай ачылып турат. Сиздердин катышууңуздар менен Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө зор салымын кошуп, керек болсо өз өмүрүн эли-жери үчүн сайып койгон Баялы Исакеев атабыздын эстелигин ачуу бүгүнкү күнгө туш келип отурганын жакшылыктыктын белгиси катары карайлы. Кудай буйруса, Рух-Ордо маданий борбору чындыгында Рух-Ордо атына татырлык болуп турат. Артыбызды кылчайып карап, мамлекеттин биринчи пайдубалын тургузган азаматтарга таазим этмейинче, биз эч качан мамлекетибиздин кандай түптөлгөнүн билбейбиз. Атайын бата берейин деп катышып отурганыңыздарга ыраазычылык билдирүү менен кадамыңыздарга гүл бүтсүн демекчимин. Биздин тагдырыбыз өзүбүздүн пейилибизге жараша жалгыз жараткандын колунда. Биздин "Бүтүн Кыргызстан" партиясы эң бай партия, себеби, элдик партия. Биз бөлүнбөй бүтүнбүз. Уурулар жазаланып, бийлик тазаланат!


Мамбеталиев Чалагыз:
"Бизден бир тыйын сурабай, эстелик тургузганы эрдик"
Баялы Исакеев менен бир уруктан тараганбыз. Союз маалында кыргыз элинин мамлекет болушуна өзүнчө кадам жасап, Сталинге көптөгөн сунуштарын билдирип, өлкө экономикасынын түптөлүшүнө, өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон. Биз көчмөн калк болуп жашап келгенбиз да, бул киши 1932-жылы бөлүнгөн жерлерге үй салдырып, кыргыздарды отурукташтыра баштаган. Биз жашап жаткан айыл Үкөк айылы болчу, азыр Б. Исакеев атындагы айыл болуп калды. Б. Исакеевдин айылдаштарын, туугандарын чакырып, эстелигинин ачылышына чогултуп отурган, албетте, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Кимсанбаевич. Бизден бир тыйын сурабай, өз каражаты менен эстелик тургузганы эрдик. Ж. Абдрахмановдун эстелигинин ачылышында Адахан мырза: "Мен, буйруса, мамлекеттик ишмер Б. Исакеевдин эстелигин тургузганга бүт аракетимди жумшаймын",- деп жигиттик сөзүн берген. Адахан Кимсанбаевичти кыргыз деп күйгөн патриот деп билем. Партиясынын аты аталып тургандай, түндүк-түштүк деп бөлбөй, кыргыздардын бүтүндүгүн ойлоп бекеринен "Бүтүн Кыргызстан" деп атабаса керек.


Б. Исакеевдин кызы Лариса Исакеева:
"Улуу инсандардын тарыхын билген кыргыз үчүн күйгөн Адахан мырза"
Атам Баялынын эстелиги ачылып жатканына толкунданып турам. Мен атамдан ажыраганда 4 жашта болчумун. Бүгүн мен үчүн абдан кубанычтуу күн болду. Атамдын 115 жылдыгынын урматына ушул эстеликти тургузган Адахан Кимсанбаевичке терең ыраазычылыгымды билдирем. Адахан Мадумаров кыргыздын кыраан уулдары, коомдук ишмерлери И. Раззаков, Ж. Абдрахманов, менин атам Б. Исакеевдин эстелигин тургузду. Булардын кыргыз үчүн жасаган эмгектерин Адахан балам улантарына терең ишенем. Бүт аксакалдар сага бата беребиз. Ишиңе ийгилик. Кыргыз элине кайрылар элем, шайлоодо президенттикке татыктуу инсанды шайлап алалы. Адахан мырза кыргыздын бүт тарыхын терең билген, кыргыз үчүн күйгөн инсан. Себеби, тарыхта калган инсандардын эстелигин азыркы жаштарыбыз ушул улуу инсандар тууралуу билишсе деген максатта тургузуп жатат.


P. S. Баялы Исакеевдин бакыйып орнотулган айкелине элдин көңүлү толуп, алкыштар жаадырылып, майрамдагыдай көңүлдүү узашты. Адахан мырза айкелди тургузуу иштерин өзүнүн атуулдук милдети катары санаганы, өткөндү унутта калтырбаганы ар бир кыргыздын жүрөгүн жылытса керек. Уюткулуу, улуу журт экенибизди тарых тастыктайт эмеспи. Бир кездеги 23 жаштагы студент Адахан Мадумаровдун "Кыргыз мамлекетинин түптөлүшү жана анын саясий жетекчилеринин тагдыры" деген аталыштагы дипломдук иши көптөгөн жылдардан кийин ишке ашып отурушу тарыхтын дагы бир жаңы барагын толуктайт деп ишенем. Ал эми Адахан Мадумаров өзү туу туткан улуу инсандар Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Исхак Раззаков баштаган улуу жолду улантат. Ошондо мамлекеттүүлүк чыңдалат, бийлик тазаланат, уурулар жазаланат. Кыргызстан өсүп-өнгөн, келечекке ишенимдүү кадам таштаган бакубат мамлекетке айланат.

Динара Асылбекова
Бишкек-Чолпон-Ата-Бишкек





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??