Өнөрүң болсо, өргө чап

Бул өнөрлүү адамдын устаканасына киргенде, Үркүн окуясына байланыштуу кандуу жылдарды чагылдырган "Мөңгүнүн муңу" чыгармасы дароо көзгө урунду. Искусствону түшүнгөн адамга тарыхый көрүнүш өзүнө сыр каткансыйт. Адамзаттын даңкын чыгарган-эмгек, арамзанын жанын чыгарган эрмек" демекчи, адал эмгектин үзүрүн көрүп, бейиштин гүл багындай колунан көөрү төгүлгөн уста, өнөрпоз Шералы мырзаны кепке тарттык.

Шералы Сооронбаев:
"Мен тандаган багыт-тарыхый чыгармалар…"
- "Мен дүйнөнү апакемдиин көйнөгүнөн тааныгам" демекчи, балалык кезде эле өнөргө ышкыбоз чыгарсыз?
- Менин балалыгым Жалал-Абад областынын Сузак районунун Каду айылында өткөн. Өнөрүмдүн өркүндөшүнө салым кошкон чоң атам Сооронбайга ыраазымын. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, бутунан ажырап келген. Биздин айыл абдан кооз, токойлуу жер болгондуктан, жыгачтан элеттик турмушта үй-шартында колдонулуучу буюмдарды, ат жабдыктарды жасап, айылдаштарына тартуу кылчу. 3-4 жашымдан баштап чоң атамды ээрчип, өнөрүн үйрөнө баштадым. Намаз окуган маалда дилгирдигимден ал жасаган ишин уланта бермей болдум. Өнөргө болгон эң алгачкы таасирленүү мына ушинтип башталган. 4-классымда ат минип отун-суу ташычумун да, алгачкы эмгегим камчы болгон. Темир кесип, маки жасап алчумун.
- Анан ушул багыт менен кеткенге бел байладыңыз ?
- 1997-2001-жылдары Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайында окудум. Андан соң
И.Арабаевден "ИЗО жана дизайн" бөлүмүн сырттан окуп бүтүрдүм. Терини көркөмдөп иштеп чыгуу боюнча адистикке ээ болдум. Байыртадан бери кыргыз эли көчмөн калк болгондуктан, терини иштетип колдонуу абдан кеңири таралган. Ар бир кыргыз үй-бүлөсү үйдө эле териден көөкөр, саба, чанач жасашкан.
- Эмне себептен бул тери иштетүү өнөрүн тандап алдыңыз?
- Биздин окуу жай 70 жылдан бери бул адистикти окутуп келишет. Бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү татаал кесипти андан ары да өркүндөтө алышпады. Терини иштетүү чоң эмгекти, каражатты талап кылат. Акыркы кездери терини иштетүү кайрадан жандана баштады.
- Ушул өнөргө себепкер болгон устатыңыз тууралуу айта кетсеңиз?
- Бизди окуткан мугалимибиз, устатым Ишен Чалановго миң мертебе ыраазычылыгымды билдирем. Сейрек жана мыкты өнөрдү өздөштүрүүгө багыт берген улуу инсанды кадырлайм. 2007-жылы устатым Ишен агай "Устат-шакирт" көргөзмөсүн уюштуруп, шакирттеринин чыгармачылык жолду улашына түздөн-түз себепкер болгон. Бул өнөрдү аркалашыма Мелис Ахмедов, Марат Заркунов агайларымдын да кошкон салымы зор. Албетте, устаттын көзгө урунарлык чыгармасынан таасирленип, өнөргө дем берген учур болбой койбойт. Мен Ишен агайдын "Саманчынын жолу" чыгармасын көңүлүмө жакын кабыл алгам.
- Көргөзмө уюуштуруп турасызбы?
- Атайын көргөзмө уюштуруу демилгесин көтөрүп, 9 жылдан бери жаш таланттарга жол ачып келебиз. 9 жылдын ичинде 8 жолу көргөзмө уюштурдук. Биздин балдар Казакстан, Азербайжан, Белорусия, Москвага чейин барып, көргөзмөлөрдө өздөрүнүн көркөм өнөрлөрүн тартуулап, чоң ийгиликтерге жетишти. Менин тандап алган багытым тарыхый чыгармаларга ыктайт. "Мезгил жаңырыгы" деген дипломдук ишим таш бетине чегилген сүрөттөрдөн топтолуп жасалган чыгарма болчу. Бул чыгарманын өзөгүн качандыр бир учурда жашап өткөн биздин ата-бабаларыбыздын тарых-таржымалы айгинелейт.
- Мен бала кезде сүрөтчү десе май боёк менен тартканды гана түшүнчүмүн, көрсө, бул өнөр деле көп тармакка бөлүнөт тура.
- 2002-жылы апрель айынын ар бир күнү жаан жааганы эсимде. Көргөзмөнүн ачылыш аземинде көптөгөн белдүү инсандарды чакырган элек. Кызыгы эрте менен жаан нөшөрлөп жаап, 11 жарымда тык токтоду. Кадырлуу коногубуз Орозбек Кутманалиевдин сөзү эсимде калды. Ал: "Талант-бул ыйык касиет, ар бир кишиге ыроолоно турган нерсе эмес. Биринчи кадамыңарды шилтеп жатасыңар, бул арышыңар байсалдуу болсун!"-деген.
- Колу гүлгө айланган чебер устанын алгачкы белеги кимге ыйгарылганын билсек?
- 2-курста каникулга үйгө барганымда өз колумдан жасалган алгачкы белегимди ата-энеме тартууладым. Атама оригиналдуу камчы, апама атайын асем буюмдарын салып жүрсүн деп кыргыздын орнаменттери түшүрүлгөн шкатулка белек кылгам.
- Чыгармачыл инсандын жеке жашоосу кандай болду экен?
- Жаркылдаган келинчегим-Элмира, кызгалдактай кыздарым Ботокөз, Айтунук, уулубуз-Бекарстан. Негизи, чоң атам менин атымды Бекарстан коймокчу экен, бирок өз атам Шералы деп атап коюптур. Шералы болсом да мени дайым Беки деп чакырар эле. Чоң атамдын тилегин орундатып уулумдун атын-Бекарстан койдум.
Динара Асылбекова





  Жаңы ысым

Арстанбек
Абдылдаев:
"Жылдыз болууга мен да жетем"
Жаңыдан ыр дүйнөсүнө аралашып, гитара, пианинодо кол ойноткон
таланттуу ырчы жигитибиз Арстанбек Абдылдаев менен маектештик.

- Саламатсызбы, музыкага болгон шыгыңыз качан ойгонгон ?
- Биринчиден, саламатсыздарбы. Мен, негизи, мектепте окуп жүргөндө эле ар кандай конкурстарга катышып, ырчы болсом деген тилек менен жашап келгем. Колуман дайыма гитара түшчү эмес. Ошол кезде апам айтып калчу "сенин гитараң качан колуңдан түшөт?" деп. Анткени, кайсыл жакка барбайын дайыма жанымда мени менен кошо жүрчү. Досторумдун бардыгы гитара ойночу. Чогулуп алып орусча, кыргызча ырлардан ырдай берчүбүз. Ошондо эле бүгүнкү күндөгүдөй "ырчы болом" деп ойлочумун. Анан аракет кылып, азыр продюсер менен иштешип, ийгиликтерге жетишип келе жатам. Жакында эле 2 ырыма клип тарттырып бүттүм. Өзүмдү үч ай мурун башкача сезсем, азыр башкача, жаштайымдан баккан тилегим орундалып олтурат. Ырларым радиолордон кетип, клиптерим теледен көрсөтүлүп жатат . Алгачкы жолу радиодон түз эфирге чакырылып, интервью берүүгө да жетиштим.
- Азыр көбү эле жылдыз болуп асманга учуп, анан жерге түшүп калып жатпайбы. Сиз ушулардын катарына киресизби?
- Ушул суроону бергенде бардыгы "ой, мен андай эмесмин" деп калышат. Айтып коёт го "бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт" деп. Аның сыңарындай, жылдыздык мартабага жеткенде кандай болот, аны билбейм. Бирок, продюсерим айткандай жылдыз атка конгондо да жөнөкөй эле мүнөзүмдөн айрылбайм.
- Алдыда кандай пландарыңыз бар?
- Рыспай Абдыкадыровдун ырларын аткара тургандардын арасында атайын конкурс жакын арада болот.Ошого азыр кызуу даярдык көрүүдөбүз.Аны менен катар обону Изат Жумабековго, сөзү Анара Чилетировага тиешелүү "Бир өзүңдү сагынам" деген ырга клип тартуунун алдындамын. Алайда өтүүчү Курманжандатканын 200 жылдыгына арналган чоң концертке катышам. Ошого 6-октябрь күнү бул жактан жолго чыгабыз. Ал 8-октябрда чоң ырчылардын коштоосунда болот.
- Сиздин туулган күнүңүз биздин эгемендүүлүк күнү менен дал келди. Сиз ошол күндү кандай өткөрдүңүз?
- Ал күн мен үчүн башка күндөргө караганда абдан кызыктуу, абдан жемиштүү күн болду деп айтсам жаңылышпайм. Анткени дегенде таңкы 7ден баштап түнкү 12ге чейин жумушта болдум. Эгемендүүлүгүбүздүн 20 жылдыгына арналып жазылган "Кыргызым" деген ырым "Мекеним Кыргызстан"деген берүүгө тартылып, 31-августта улуттук телеканалдан көрсөтүлдү. Ошол күнү Ала-Тоо аянтындагы майрамга арналган салтанаттык концертке да катыштым.
- Сиз патриот дегенди кандай түшүнөсүз, кандай адам патриот боло алат?
- Өз тилин билген, өз динин сыйлаган, өз жерин барктаган, Мекенин душмандардан коргой билген адам-мен үчүн патриот болуп эсептелет.


Жылдыз
Абдыкерим кызы