п»ї

  Ден соолук

Мите курт оорулары канчалык деңгээлде коркунучтуу?
Учурда мите курт оорусу кеңири жайылып, өзгөчө жаш балдардын арасында ооруган балдардын саны арбын. Биз бул оору тууралуу кененирээк маалымат алуу максатында дарыгерге кайрылдык.

Сатарова Чынара Садыковна, № 1 үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун балдар дарыгери:
Мите курт оорулары ичеги гельминттери жана эң жөнөкөйлөр (курттар) менен чакырылуучу оорулар. Алар өтө коркунучтуу, себеби, жуккандан кийин алгачкы мезгилде эч байкалбайт, бирок акырындык менен организмге чоң зыян келтиришет. Алар биздин организмди азыктануу булагы, жашоо жана көбөйүү чөйрөсү катарында пайдаланышат дагы, бизди ичибизден "жеп", организмибизди ууландырышат. Мите курттар көбүнчө ичегиде жашашат, бирок боорго, өпкөгө, булчуң эттерге, жүрөккө, мээге, бөйрөккө, канга жана жада калса сөөккө да кириши мүмкүн. Өз өмүрүндө мителер миллиондогон жумурткаларды туушат, алар заң менен курчап турган айлана - чөйрөгө бөлүнүп чыгат. Оорулуу адам заңы менен мителердин жумурткаларын бөлүп чыгарат. Эгерде оорулуу адам даараткананы пайдаланбаса, айлана-чөйрөнү булгайт. Мындай учурда мителердин жумурткалары топуракка, сууга түшөт да, алардан жашылчаларга, мөмө - жемиштерге, идиш - аякка, адамдын колуна ж.б. нерселерге өтүшөт.
Мителердин жумурткаларынын таралышына чымындар чоң роль ойношот. Алар дааратканалардагы заңдарда, таштандыларда жана башка нерселерде жөрмөлөп жүрүп, мителердин жүз миңдеген жумурткаларын буттарына жабыштырып алышып учуп келишип, ачык турган тамак - аштарга, идиш-аякка конуп булгашат. Негизинен, адамга мителердин жугуусу жеке гигиенаны сактабагандыктан келип чыгат. Балдар ойногондон, мектептен, көчөдөн, дааратканага барып келгенден кийин жана тамак алдында колдорун жуубаганда бул оорулар жугат. Ошондой эле чала жуулган жашылчаларды, начар кайнатылган этти жегенде да жугат. Иттер менен мышыктардан эхинококкоз жана токсокароз ооруларын жуктуруп алууга болот.


! Паразитоз менен ооруп калуунун белгилери:
Мителер организмдин ооруга каршылык көрсөтүүсүн төмөндөтөт, алардан улам балдар тез - тез жана узак оорушат. Митеси бар балдардын тулку боюнун өсүшү жана акыл - эсинин өнүгүүсү кечиктирилет, себеби, организмге келип түшкөн азык - заттарынын көп бөлүгү мителердин өсүшүнө жана көбөйүшүнө кетет. Гельминттер аз кандуулуктун өнүгүүсүн жана тамактануунун бузулуусун жаратат. Алар өнөкөт бронхиттердин, бронхиалдык астманын жана тери ооруларынын: шишиктер, теридеги бүдүрлөр, кычышуу, ала тактар түрүндө аллергиялык кубулуштарды жаратат. Балдардын иммундук системасы төмөндөйт, ал көптөгөн оорулардын өнүгүүсүнүн себеби болуп саналат, ошондой эле балдарды пландуу эмдөөдөн кийин иммунитеттин иштелип чыгуусу бузулат жана бул иш- чаралардын натыйжалуулугу төмөндөйт. Ичегинин нормалдуу микрофлорасынын бузулуусунан улам балдардын суюк заңдоосу - ич өткөк кездешет. Мите курт жуккан боюнда бар аялдарда жогоруда көрсөтүлгөн өзгөрүүлөр байкалат.



!Профилактика чаралары:
Мителерди жугузуп алуунун көптөгөн булактары бар экендигине карабастан, ооруну жугузуунун негизи - жеке гигиенанын айрым эң жөнөкөй эрежелерин сактабоо болуп саналат. Балдарга жана анын ата - энелерине мите курттардын жугуусунун алдын алууну үйрөтүү зарыл:
o Балдарды тамак жээрдин алдында, дааратканага баргандан, жаныбарлар менен ойногондон, мектептен жана көчөдө ойногондон кийин колдорун жууга;
o Жашылчаларды, мөмө - жемиштерди жээрден мурда таза жууга, эт азыктарын жакшылап кайнатууга жана куурууга, чийки фарштын даамын татпоого;
o Арык, дарыя, көлмө сыяктуу суунун ачык булактарынан чийки сууну ичпөөгө;
o Кароосуз калган мышыктар жана иттерге тийбөөгө жана алар менен ойнобоого;
o Балдардын зыяндуу адаттары: тырмагын кемирүүсү, бармактарын соруусу менен күрөшүү керек.
Ата-энелер балдарын чымындар бара албаган жабык дааратканаларды гана колдонууга үйрөтүү зарыл, себеби, заң жерге түшкөндөн кийин курчап турган чөйрөнүн булгануусу жүрөт. Эгерде балдарда же үй - бүлөнүн башка мүчөлөрүндө мите курт ооруларынын белгилери пайда болсо, сөзсүз үй- бүлөлүк дарыгерге кайрылуусу керек.

"Ичеги - карын, сарык (гепатит А) оорулары менен оорушат"
- Учурда көчөлөрдө, базарларда, ачык жерлерде туруп алып тамак - аш саткандардын саны көбөйдү. Ошол тамак - аштарды алып жеген адамдын ден соолугуна канчалык деңгээлде кооптуу, ушул туурасында маалымат алып бергилечи?
Майрам, Бишкек шаары
Нарынбек Айткулуев, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери:
Көчөлөрдөгү, базарлардагы ачык жерлерде тамак - аш саткан сатуучулардын санитардык абалы, турган жери, шарты Санитардык көзөмөлдөө кызматынын талаптарына дал келбесе. Сатуучунун жанында колду самындап жууй турган жери, тамакты сактоочу муздаткычы жок болсо, өзгөчө күн жылып, чымындар көбөйгөн убакта, ошол жерден тамак жеш кооптуу болуп калат. Себеби, даяр тамак - аштар күндүн ысыгында бузулуп кетет. Ошондой эле тамак - аш саткан жердин жанында даараткана бар болсо, анда чымындар дааратканадагы адамдын заңына конуп, андан соң ачык турган тамакка конуп кетиши мүмкүн. Чымындар ушундай жолдор менен ичеги - карындын курч мунөздөгү ооруларын алып келет. Экинчиден, адамдар колу менен ар кандай жерди кармап келишет. Мисалы, коомдук транспорттун кармагычтарын, ошол бойдон колду жуубай тамак- аш алып жей коёт. Колундагы микробдор даяр тамак аркылуу адамдын ичине кирип, ошол эле ичеги ооруларын пайда кылат. Бул оорулар өзгөчө жайдын күнү күндүн ысыгында көп болот. Бизге жайдын күндөрү ичеги - карын оорусу күчөп турган убакта, күнүнө 150 - 200гө чейин адам кайрылат.
!
Ошондой эле базарлардан ооруган малдын кайнатылбаган каймагын, сүтүн, шишкебек, гамбургер, шаурма алып жегенде чала бышкан эттен даярдалып калса, бруцеллез оорусу жугат. Көбүнчө ичеги - карын, сарык (гепатит А) оорулары менен оорушат.


Динара Чокоева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??