Достум, билгениңен биле элегиң көп!
АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)
Жанызак@басма

(Башы өткөн санда)
Ошону менен бул ырды Сардарбек жараткандан кийин, э-ээ, жанагинтип, жана-а ортодо бузукулар башка текст беребиз деп башын айландырып, далай менин настроениемди бузушкан. Бирок аягында бул ырдалып кетти, эл ай-йабай жылуу кабыл алды, абдан бат таркады калктын калың катмарына. Анан кийин эми буга окшогон ырлар көп эле чыгарылган. Э-ээ, мен эми муну шумдук эле шедевр деп айта албайм, поэзия менен обондун...
- Кантесиз, Аскар аке...
- Жоо, менин оюмча, ошондой да... бирок тиги, кийин бул кыз кайра айланып келгенден кийин бир аябай атактуу кишилерге турмушка чыгып кетиптир деп уктум, анан кийин калганын эми эл билер, өзүңөр билерсиңер... Өзүңөр, мындайча айтканда, майда-чүйдөсүн тактап, учугун чубап аларсыңар...
- Аскар аке, жана ресторанда отургандарыңардачы, көрдүк дөп атпайсызбы, ошондо канча баласы бар экенин байкадыңызбы?
- Бирби-и, же экиби-и, айтор, ээрчип жүргөн баласы бар болчу...
- Өзүнүн баласы бекен?
- Ооба, ооба..
- Анан кийин жанагы астрофизикти жолуктура алдыңызбы?
- Жок, андан кийин жолуккан жок...
- Кандайдыр бир кат жазып, кабарлашып дегендей...
- Жок, жок. Аны менен ошо бойдон көрүшкөн жокпуз. Ал ошо бойдон Кыргызстанга келбей да калды.
- Ошо кыздын аты өзү Мариям дешет...
- Анын атын да билчү эмесмин...
- Тиги, ВГИКте окуп жүргөндө, бүтүп кетиптирби же бүтпөй калыптырбы?
- Аны да билбейм, аны да билбейт экемин, менин оюмча, бүтө электе эле алып кетсе керек, чала-була эсимде калыптыр ошо жери...
- Астрофизик өзү сизге айткан жокпу: бир эле ошол астрофизик ашык болгон бекен ошол кызга же дагы бирөөлөр болуптурбу? Өзү аябай чырайлуу кыз болгон дешет го...
- Мен аны көрбөгөндөн кийин, мен аны чырайлуу-чырайлуу эмес экендигин деле билген жокмун, ал жагын деле айткан жок. Анан э-ээ, мага ошол айткан окуянын өзү, болгон окуя кызыктырды, себеби, акындарга, жазуучуларга э-ээ, тема... темага кызыгат...
- Сизге, жанагы астрофизик айткандай дегеним, ал айтканда өзүнүн окуясын кененирээк айтып берсе керек дейм да. Жана сиз айтпадыңызбы: бир теманы алганда аны иштеп чыгып, текстке түшө турган кылып кесип-жонуп дегендей...
- Туура.
- ...эми ошол кесилбей-жонулбай калгандарынан кичине аңгеме курсаңыз...
- Ал мындай да, анын мазмуну ырдын өзүндө жатат, аны бүт кыргыз эли угуп жүрөт, ошол ошол ырдын ичинде камтылган.
- Кандай деп айтылса ошондой болгон экен да окуялар...
- Ошондой, ооба.
- Жоо, андан да ашыгыраак фактылар жокпу дейм да...
- Эми болгон да. Бирок мындай да: ыр канчалык кыска болсо, эгер ошондо бир ойлор жатса, анан калган-каткандарын адам баласы өзү мындай бир кошуп алат эмеспи. Өзүнчө толуктап дегендей...
- Жоо, Асаке, ырдын текстине сыйбай калган, калган-каткандарынан бир мындай, кызыктуураак деп эсептелген, мына маселен, кандай-кандай темалар бар эле дейм да алиги кызыбыздын таржымалы жөнүндө. Айталы, текстке сыйбай калган, ырдын текстинен сыртта калган ойлорду айткан жок беле алиги астрофизик таанышыңыз?
- Эми-ии.. ал ошо болгонун айтып берди, албетте, анын барлыгы тең андан бери көп жыл өтүп кеткен себептүү, чейрек кылым өтүп кетти дегендей, ээ-э... эми анын көпчүлүгү...
- Жетимишинчи жылдардын башы дедиңиз ээ?
- Ооба, жетимишинчи жылдардын башы. Албетте, көпчүлүк нерселер азыр эсте да калган жок.
- Эми, мен бу сизден а кызыбыздын таржымалын сурап атканым менен, эмнеге байланыштуу сөз жүрүп жатканын баамдап жаткандырсыз. Сиз жана бир айтпадыңызбы, кайсы бир атактуу кишиге турмушка чыгып кетиптир деп. Ошол турмушка чыгуунун өзүн кокустук деп ойлойсузбу, же бир закон ченемдүүлүк, дейсизби?
- Эми мындай, э-ээ... (пауза)
- Сиз жана бир жаздыңыз го: "Арбалганда бир келерсиң..."
- "...Ала-Тоону көргөнү" деп, ооба, ооба...
- Сиз баары бир сездиңиз да келерин. Бирок сиз өзүңүз жанагы текстиңизде жазып жаткан... ошондой таржымалдуу кыз акыры бир, ушундай бир чоң даражалуу кишиге турмушка чыгып кете...
- Дагы бир нерсени айта кетиш керек биерде: момундай абдан күчтүү сөздөрдү кээ бир аткаруучулар унутуп коёт да, шашып калганда оңоюна качырып текстти бурмалап салышат. Алар:
"Эстегенде бир келерсиң,
Ала-Тоону көргөнү", - деп салышат деле, андан күчтүүрөөк айтылган:
"Зар болгондо сермелерсиң,
Ала-Тоону көргөнү",
деп текстти так айтышса ички демди толугураак беришпейт беле?! (Аскар аке эңсеп тапкан саптарын эскерип алганына маашырлана компойду) Ошентип отуруп, сермелип отуруп келгенин кийин башка элдерден угуп, кийин айтышпадыбы алиги ресторанда төрдө отургандарды көрсөтүшүп: сен безилдеп ырдап жүргөн кыз тээтиги, деп. Болбосо мен аларды таанычу эмесмин. Кийин дагы ал кыз менен тааныштыгым жок, ал мени билбейт, мен аны билбейм. Ишенбесеңиз өзүңүз сурап көрүңүз "билесизби?" деп...
- Аныңыз мейли, Аске, мен сурайын дегеним: сиз өзүңүздүн турмуштук тажрыйбаңызга таянып болсо да бир аз баягы ырдын текстин жаратууда ары жак бери жагын карап, өзүңүздүн акындык сапаттарыңызды, сүрөткердигиңизди пайдаланып жана көрөгөчтүк менен айттыңыз да, "баары бир келмексиң" деп...
- Албетте, акындар ой кыймылын дайыма сезет да...
- Эми-и, мен сизден сурап жатпайымбы: ошондой кыз, ошондой таржымалдуу кыз акыры Ала-Тоосуна келип, анан ушундай, Ала-Тоонун ушундай бир залкар деп эсептелген уулуна турмушка чыгып кетерине ишендиңиз беле? Бул өзү кокустукпу же закон ченемдүү нерсеби, сиздин оюңузча?
- Бул, балким... ал кыздын бешенесине жазгандыр, бул буйрук. Буйрук, но бирок мен мындай болот деп ойлогон эмесмин, чынын айтканда. Анан кийин эми жанагындай чет элде жүрүп, анан кийин, тиги, самурайлардын запкысын көрбөсө дагы, башка элде жүрүп, башка жерде, балким, ошонун көксөгөнү, балким, ошол жанагы, кимди, япондуктардыкына башынан билбей кызыгып алып, кийин анык кыргыз элинин жанагындай жакшы кишилери менен жолугушуп калганы, балким, анын багы ачылганыдыр.
Бирок ошондой болгону менен, ал эми өзүнүн багын ачып алганы менен, бирөөлөрдү бактысыз кылып койбодубу, мына ушул жерге келгенде...

(Уландысы кийинки санда)





Айгүл ШАРШЕН
Жанызак@басма
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
Бир күнү үй ичин чыгарып, жайып, жууп-тазалап жүргөн. Серванттагы идиштерди алып тазалап жатып, Мараттын катын таап алды. Жөн салды гана окуп көрмөк болуп ачып жаткан. Ошол эле жерде көз жашы төгүлүп, канча турганын өзү да билбейт. Бул каттын келгенине он-он беш күндөй болуп калса да, кайненеси сыр билгизген эмес, ал келинине боор тартып турар эле. Ушул учурда Калыс ага ыраазы болду, сыр бербей, балам дегенден жазбай көтөрмөлөгөнү адамгерчиликтүүлүгү эмей эмне? Ал күнү жумушун жасап, үн дебей жатып камынды да, эртеси ачык эле айтып, үйдөн чыгып кетмек болгондо, Давлеткан:
- Балам, эркек айта берет, өзүңдү жеңил кылба, жылуу ордуңду суутпа, акыры келет, кайда бармак эле? - деди кетиргиси келбей.
- Апа, сизге эки дүйнөдө ыраазымын, балаңыз каалаганын кылсын, мен эми кала албайм.
- Бекер кыласың, балам ай, сенден артыкты алмак беле, отурган аял орун табат деген, жылбасаңчы, балам, же кызды таштап кет, мен багайын, көргүң келгенде келип тур.
- Жок, апа, мен кете берейин, кокус сагынсаңыз алып келип турам, - деди да келин кайненеси менен коштошо чыгып кетти. Калыс кызы менен түз эле Таласка, Сайранын үйүнө келди. Ал күйөөсүнө аял алып берип, анын балдарын багып үйдө эле. Калыс көпкө жүрүп калды, анан совхозго жумуш сурап барды. Суйкайып, баралына келип турган келинди көргөндөр сугун артып, тийише баштады. Канткен менен арадан өткөн аз жылдар унутулгус тагдырды артка таштаган болсо да, Калыс эки адамдын сүйлөшүп турганын көрсө, өзүн айтып жаткандай сезип, жаман болуп жүрдү. Мындай бой келинге кеп да бат илээшет тура. Акыры аны тагдыр жүрүп-жүрүп өзүнүн жээнине табыштырды. Ашык болгону ашык болуп, кээси көңүлдөш болгонго ашыгып жүргөн учурда атасы менен бир тууган эжесинин карындашы Акмаралдын түрмөдөн келген баласы Байдылда ата-энесинин тынчын алып:
- Мен ошол таежемди алам, силер алып бергиле, - деп жатты.
- Ой, сен түрмөдөн жаңы келдиң, ал байкуш ансыз дагы күйөөдөн тынбай келиптир, ого бетер кууратасың го? - деди атасы жактырбай. Байдылда бою узун, кыз-келинди өзүнө дароо эле тартып алган келбеттүү, бой мүчөлүү жигит эле.
- Мен аны бактылуу кылам, аны албасам жашабайм.
- Карангүн ай, ал сага макул болобу, кызы турса колунда.
- Өзүн, керек болсо кызын дагы багам да.
- Мейли барып көрөлү, - деп сүйлөшкөнчө Байдылда Калыстын иштеген жерине барып, макулдашып алды. Көргөн жанды өзүнө тарткан жигитке Калыс бат эле арбалды. Ошентип алар үйлөнүп, Ошко келишти. Калыс аргасыз кызын кайненесине алпарып таштап, Байдылда экөө батир жалдап жашап калды. Ал жерге баргандан кийин Байдылда ар кайсы келин-кыздар менен кетип калып, Калыстын зээнин кейитип жиберди. Ошол үйдө бирге жашаган аял менен эже-сиңдидей болуп калышкан. Алар да батирде үй-бүлөсү менен турчу. Жалгыз бойчулуктун азабынан жумуш издеп, райкомдун секретарына кирди. Калыс киргенде шыпылдаган секретарь:
- Кел, чоң кыз, кандай жумуш менен келдиңиз? - деди күлүмсүрөй карап.
- Жумуш керек, агай.
- Колуңдан эмне жумуш келет?
- Келханада жумуш бар, ошого иштейсиңби?
- Жумуш болсо эле болду, колумда кызым бар эле, агай, бала бакчадан орун болор бекен? - деди тарткынчыктай.
- Албетте, - деген секретарь шыпылдай кагаз жаза калып Калыска сунду. - Биринчи бала бакчага барып, бул кагазды көрсөтсөң дароо алат, анан жумушуңа бар, паспортуң барбы?
- Ооба, - деди Калыс, Байдылда кеткенден кийин кызын алып келип алган эле.
- Фамилияң?..
- Кеңешбаева Калыс.
- Бара бер, мен телефон чалып коём, - деди секретарь. - Жашооң кандай?
- Жакшы, батирдемин.
- Анда бир күнү кел, үй маселесин чечип берем, макулбу? - деп сугалактана карап, босогого чейин узатып койду. - Келип тур, ээ?
- Рахмат, агай, - деген Калыс андан чыкканча жүдөп кетти. Көз карашы көөдөнүн тешип өтүп, тердеп-кургап зорго чыкты да, "өх" деп алды. Ошол күндүн эртеси эле адегенде кызын бала бакчага алып барып тапшырды. Экинчи секретардын сөзүн укпай коймокпу, өзү барары менен жумушка алынды. Кечинде келгенде Панаркүл эжеси:
- Жумуш таап алып жакшы болуптур, - деди шыпшына.
- Ооба, эже, кызымды дагы бакчага тапшырдым, эми, кудай буйруса, иштеп, бутка туруп алсам, күйөөнүн кереги да жок эле.
- Байдылда келип калса эмне кыласың?
- Ой, эже, келбей эле койсун, дегеле көңүлүм калды баарынан.
- Эр дегендин соорусу суук, маңдайы жылуу болот, алдыңа келип жалынып-жалбарса кыялбай каласың, - деп Панаркүл акыл айткан болду. Күйөөсү жокто ар убак экөө сырдашып калат, бир короодо жашап, бири-бирине ынак.
- Секретардын сугалактана караганынан уялып зорго чыдабадымбы, баса, келип тур, эми келгениңде үй маселесин чечип берем деди.
- Ырас элеби? - Панаркүлдүн көздөрү жайнай түштү.
- Ооба, эми барбай калайын, иш таап алдым болду.
- Ай, ошого мен барып көрбөйүнбү, ыя?
- Өзүңүз билиңиз.
- Минтип көрүнгөндүн үйүндө жүргөнчө өз үйүбүз болсо жакшы эле, - деп муңая түштү Панаркүл.
- Аныңыз туура дечи, берем, маселеңди чечем дегенде эле бара берсе болбойт да.
- Мен андай кишиге жабышат элем ай, - деп күлдү Панаркүл.
- Мен анте албайм, эже, - деп Калыс Панаркүлгө карап сумсая отуруп калды. Ошентип алар көпкө чейин сүйлөшүп отурушту. Панаркүл болсо Калыстан секретардын кабинетин сурап алды. Арадан он чакты күн өткөндө Байдылда келип калыптыр. Калыс ары кетти, бери кетти, акыры келбеттүү, алибеттүү күйөөсүн кыя албай жашамак болуп бир сөзгө келишти. Кызын күндө бала бакчага жеткирип, андан ары жумушуна жөнөйт. Ошол убакта Панаркүл Калыстан алган дареги менен атайын барып, ыза болуп келген экен. Кечинде Калыс келгенде ага айтып берди. Көрсө, Панаркүлдүн өтүнүчүн аткармак тургай, секретарь сөзүн түзүк тыңдабай да коюптур.
(Уландысы кийинки санда)