п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Обон почта

ОП-187-01. Биринчи "Обон" газетасынын жалпы жамаатына чоң-чоң салам жолдойм. 0773573ххх
ОП-187-02. Элим аман, жерим аман, Кыргызстан. Сендей кооз аска-зоолуу өлкөм бар экенине чексиз мен кубанам. Табигат сырдуу Жазел
ОП-187-03. Жете алгыс бул махабат деми, элесим ээрчип ойго чөмүлөт. Сени унута албасам да, бир өзүңдү унутамын бакыт бир тапканда. Жазел
ОП-187-04. Айбектин Гүкүшү, "Обондун" өткөндөгү санындагы сүрөтүңдү көрөсүң, күлкүлүү ээ. Чач жасалган кыпчыткыч, кур, бижутерия, көйнөгүнүн баары кызыксыз. Компьютер менен башын жабыштырып койгондой. +77753725ххх
ОП-187-05. Бардык адамзатка салам жолдойм. Аман болгула, оорубагыла, баарыңарга ден соолук каалайм. Ильгиз
ОП-187-06. Айчүрөк, сени башынан эле жаман көрөм, жылдыз болуш үчүн чалга тийип, бутуңа турганда таштап, жамандап чыктың. Не деген чыр аялсың? +77753725ххх
ОП-187-07. Коштошом деп колун сунат балалык, Колум бербей эки жагым каранып. Коштошууга колум бербей турса да, Кош бол эми касиеттүү балалык. "Алга" айылындагы Максим Горький мектебинде окуган 95терге чоң салам,- деп досуңар Насиба.
ОП-187-08. Мен Жалал-Абаддын Барпы айылында жашаган Айгерим аттуу кызга салам. Айгерим, окусаң мага номериңди билдирчи?
Роман акең
ОП-187-09. "Обондо" иштеген Динара Асылбекова эң мыкты кабарчы. Ишиңизге ийгилик, сизди колдоп Тахмина.
ОП-187-10. Дос деген ыйык сезим алмашпайт. Достукту ыйык туткан замандаш жаңылбайт эч бул турмушта. Жазел
ОП-187-11. Күнөөлүү сезип өзүңдү кыйнаба, болду. Өзүңдү жаралап, жүрөктү сыздаткан күндөрдү унутчу, суранам. Жазел
ОП-187-12. Жалындаган жаштыгым, сен кайда шашып барасың, токтой турчу бир азга дагы, мен жашарып алайын. Жазел
ОП-187-13. Айдын шооласы нурун бирин ачкан, жүрөгүм алсыз сен деп жашаган. Дале сени сүйөм деп айтсам, ишенбей сүйүүмдү четке кагасың. Жазел
ОП-187-14. Сиздин үйүңүзгө бүгүн бирөөлөр барат, көрүп таң калбаңыз. Мен аларга дарегиңиздерди сизден сурап койбостон берип койдум. Сиздикине өмүр бою турабыз деди. Алардын аттары "ден соолук", "ыйман", "бакыт" жана "байлык".Бай бол! Ар дайым бар болгула! 0773921ххх
ОП-187-15. Роза гүлүм, айтчы менин сырымды, жашырып жүрөккө сен сактабачы. Айтып берчи угайын сүйүү баянын, сүйүүдөн жабыркадым мен мынчалык. Жазел
ОП-187-16. Табышмак мага тагдырым, Тандалат жүрөк сырларым. Ырларымдан билдирем, Сүйүү сезим кылдарын. Жазел
ОП-187-17. Сагындырып сенин жамалың, көңүлүмдү сага бурамын. Өмүрүмдө сага жолуккан, түбөлүк бактыма ыраазымын. Жазел
ОП-187-18. Салам, "Обонушка".Роза эже, азыркы жаш ырчы жигиттердин кимисин баалайсыз? Жазеля
ОП-187-19. Саламатсызбы, Роза эжеке, сиздин талантыңызга таазим кылам. Сиздин канча балаңыз бар жана кайсыл жактан болосуз? Мээрим
ОП-187-20. Ала-Тоо кыргыз калкыма чоң салам. Кыргыз жери абдан кооз, эч бир өлкө кыргыз жериме жетпейт. Алмаз
ОП-187-21. Биринчилерден болуп чоң Таластын чоң көчөлөрүнө Атамбаевдин чоң-чоң плакаты жарыялары илинди. Чоң мал базарда, чоң секиге чыгып, чоң сакалчан, чоң киши сүйлөдү. Ал, "чоң шайлайбыз, чоң ишке Атамбаев чоң болот, чоң болгонго бөлөк чоң жок" деп, чоң-чоң сүйлөп таштады. Анан Бабанов иним чоң байге салып, чоң мелдеш өткөрүп берип, чоң элдин чоң батасын алды. Эми дагы ким келип чоң той берип, чоң бата алып, чоң мелдеш кылат деп үмүт менен жата берели. 0778242ххх
ОП-187-22. Жаным, мен сени сүйөм, Мен сенсиз жашай албайм. Алтыным менин, сүйүктүү менин Кыргызстаным. Жоли 90
ОП-187-23. Сен билбедиң сезимимдин сырларын, Сен билбедиң жан дүйнөмдүн ыргагын. Сездирбестен сени сүйдүм тымызын, Сен билбедиң неге мени кыйнадың. Жанара
ОП-187-24. Таластагы 8-орто мектебинин 95терине жана Чолпондогу группалаштарыма чоң салам. Жоли
ОП-187-25. Тогуз-Тородо жашаган Чыңгыз байкеге салам! Пери кыз
ОП-187-26. Достор, келгиле, смс жазышабыз. Атым Айко 95.
ОП-187-27. Салам, Бабник 94, менин курбум Б…..а сенин достугуңа зар эмес. Муну эсиңден чыгарба жана өзүңдү жөн эле акылдуу көрсөтпө. Ар кандай смстерди жаза бербе. Жоли
ОП-187-28. Нурлан Насипке: Түпсүз кыял алып учуп алыска, Учуп жүрөм студенттик кезимде. Ата-энемден кийинкиси сиз болуп, Жашоомдо жашайсыз го сүйгөнүм болуп. Айнура, Ош
ОП-187-29. Нурлан Насипке: Сизге бийик ишеничим күч азыр, Сизде ниет калыс болсо не таарыныч. Башкаларга айта албай сырымды, Сизге атап ыр жазуудан тажабайм. Айнура, Ош
ОП-187-30. Нурлан Насипке: Карек жашка бүркөлбөсүн көздөрүңүз, Бийик тилек аруу болсун сөздөрүңүз. Башкалардан айырмалуу жүрөгүңүз, Музыкага суусап турсун күнүгө. Айнура, Ош
ОП-187-31. Нурлан Насипке: Асман түшүп жер жарылып кетсе да, Каршы чыгып эл жабылып келсе да. Кайра кайтпайм кадам койгон жолумдан, Түбөлүккө сени сүйдүм. Азыр болсо күтөмүн сизди. Айнура, Ош
ОП-187-32. Нурлан Насипке: Балким, менден кетсе эгер каталык, Таарынбаңыз сүйүүмдү эске алып. Эл катары жашап жүрөм сизди деп, Ишеничти биринчи жолго мен коюп. Айнура, Ош
ОП-187-33. Нурлан Насипке: Күлгөн жүзүң, жылмаюуңдан токтобос, Болуп калсын назик көңүл, өчпөс от. Дайым жүрүң эл алдында жайдары, Капалыкка алдырбаңыз өмүрдү. Айнура, Ош
ОП-187-34. Эх, апаке, оорубачы, кыйналбачы, Бизди ойлоп жаның кейип кыйналбачы. Өлүмдү ойлоп жүрөгүңдөн кан агызбай, Жакшылыкты үмүт кылып жашаңызчы. Бабник 94
ОП-187-35. Ассалому алейкум, 0773921ххх абоненти, убара болбо Каролинанын жолу да, жүрөгү да бош эмес. Мүмкүнчүлүгүң болсо Каролинага тийишпей эле кой. Аман бол. Бабник 94
ОП-187-36. Салам, "Обон", баарыңарга салам жолдойм. Ырларымды чыгат деп жазып коём. Салам, бардыгына менден ысык салам! 0779942ххх
ОП-187-37. Жанымдан артык көргөн жаным сенсиң, Жашоомо жарык берген бактым сенсиң. Эгерде мен өзүмдү ойлогондо, Оюмда, түшүмдө да жалгыз сенсиң.
Элдияр 92
ОП-187-38. Сыздаса да жүрөгүм сезип атат. Жүрөгүмө ишенем ал сени гана тааный алат. 0773607ххх
ОП-187-39. Дүйнөдө бактылуу адамдар бар. Анткени, аларда байлык бар. Дүйнөдө бактылуу адамдар бар.Анткени, аларда сулуулук бар. А мен алардан бактылуумун. Себеби, сендей сүйгөнүм бар. 0779941ххх
ОП-187-40. Ош шаарындагы университетте окуп жаткан Жетиген кызы Жамалкан, сенин 16-октябрь туулган күнүң менен! Келечектеги окууларыңа ийгилик.Ойлогон максатыңа жетишиңе жана чың ден соолук тилеймин. Таежең Буракан,сиңдилери Эркинай, Мария Бишкек шаарынан
ОП-187-41. Ташиев бар көзүнөн от чагылган, Толкуп ташып арстандай чагылган. "Ата Журттун" асманына түн түшсө, Жарык чачып жалын болуп чагылган. Айжан 26
ОП-187-42. Роза эже, кандайсыз? Булбулдай болуп шаңшыган үнүңүздөн. Бир шаңк эткен күлкүңүздөн. Бактылуу болуңуз, бир келген өмүрдө. Сизден суранам, ыр жыйнагыңыздан бериңиз. Айпери
ОП-187-43. Ата-апа, менин бактымсыңар. Мени дайым ак жууп, ак тарап, ак жегиздиңиздер. Мына чоңойдум, бирок эми гана эркелеп баштаганда эркеликтен айрып жатат. Турмушту түшүнбөйм, жаным апа, араң гана чоңойтуп башкага берип коёсузбу? Арман, Ширин
ОП-187-44. "Обондун" жалпы жамааты, сиздерден сураныч, Канат Кадыржан жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы. Алдын ала рахмат айтам. 0772668ххх
"Обондон" жооп: Канат Кадыржан Нарын шаарында 1987-жылы 2-сентябрда коён жылында жарык дүйнөгө келген. Боюнун узундугу 180 см, ал эми салмагы 75 кг. Канат апасынын жасаган манты деген тамагын тамшанып жейт. Бош убактысында жай ыргактагы ырларды угуп, гезиттердеги жаңы маалыматтарды окуп, интернеттеги жаңылыктар менен таанышып, эс алат.Андан тышкары, үйүндөгү ата-энеси жана бир туугандары менен сүйлөшкөндү жакшы көрөт. Азыркы убакта таланттуу балдар-кыздарга жардам берип, алардын өнөрлөрүн жерге калтырбастан алар менен иштешип келет. Алардын бири Нурлан Насип дагы Канаттын таланттуу тарбиялануучусу. Күжүрмөн эмгекти сүйгөн Канат мына ушундай көз ирмемдер менен күндөрүн өткөрөт.
ОП-187-45. Мады айылында жашаган Айдана, 1993-жылкы. Ош шаарындагы шаардык бейтапканада бирге жатканбыз. Апасынын аты Айнура. Сени издейм. Тааныгандар, досумдун номерин берип койгулачы, сураныч,- деп Айжамал.
ОП-187-46. Асманда булут турбайбы, Аябай жамгыр куйбайбы. Адамды көпкө ойлонткон, Сүйүү балакет турбайбы. Айжан 26
ОП-187-48. Роза эже, сиздин ырларыңыз абдан жагат. Чыгармачылык ийгилик, дагы жаңы ырларыңыз жаңыра берсин. 0555263ххх
ОП-187-49. Салам, Элдияр 92, ушунчалык Аруукени сүйгөн экенсиң, көп күйүнө бербе, бул жашоону мезгил өзү таразалап коёт. Ал да жүргөндүр, кимдир бирөөгө жалдырап. Кел, достошобуз. Ак-Дөбөдөн Апал
ОП-187-50. Менин жашоодогу эң кымбат адамдарым балдарым Байэл, Байсал, мен силерге бактылуу балалык, бакубат жашоо тилейм. Силер бар үчүн мен бактылуумун, жакшы күндөр алдыда. 0771553ххх
ОП-187-51. Токтогулдук Роза, бирөөнүн уясын бузуп, эки баланы атасыз калтырып, бактылуу болом деп ойлойсуңбу? Балдардын убалынан корк! Азамат сенин жаныңда башы айланган жаш бала. 0771553ххх
ОП-187-52. Жашоо сырдуу табышмак, айта албайсың, таба албайсың жандырмагын ар убак. Жазел 90
ОП-187-53. Мен жүрөгүмдөгү болгон таза, ак сүйүүмдү жоготуп алдым. Эми эмне кылам? Жигитим мени таштады, "башка кызга үйлөнөм" деп кете берди. Демек, анда мен бактысыз адаммынбы? Айткылачы, достор, абдан кыйналып кеттим, кеңеш бергиле, смс жазгыла. Жазел 90 "Обондон жооп: Жазел, убакыт дарылайт. Сен бактысыз эмессиң.Сүйүү миң ирет келет.
ОП-187-54. Эгер сүйүүңдү издесең, эң алгачкы бакыт жолуңдан анда шашпагын, жакшы карагын, адашып калбагын махабат торунан. Жазел 90
ОП-187-55. Абдан назик жүрөгүм, Кыйналып мен жүрөмүн. Ушунчалык сүйүүдөн, Көңүл калды кантейин унута албасам. Жазел 90
ОП-187-56. Салам, "Обон", биздин салам Тельман айылынын жаш тургундары, жаңы курулуп жаткан жаш үй-бүлө, классташыбыз Тилекти, келинчеги Алинаны үйлөнүү-үлпөт тою менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Ар дайым аманчылыкта арабызда жүрө беришсин. Алим жана Фаризат
ОП-187-57. Роза деген чын атыңызбы? 0779807ххх
ОП-187-58. Ооба, сен жаз менен коштошуп, күз айын тосуп албадыңбы. Жай бою өлүк болуп жаттыңбы? Сен Алтынай эмессиңби? Эржигит
ОП-187-59. Зуля Рустанбек кызы, кандайсыз. Күндүзү өңүмдөн, түнкүсүн түшүмдөн кетпейсиз. Мен сизди издеп келем. Ринат
ОП-187-60. Саламатсыздарбы, F4 деги Ву Биндин ролун аткарган Ким Жон жөнүндө маалымат берип койгулачы. 0777637ххх
"Обондон" жооп: Биз бул тууралуу мурунку саныбызда маалымат бергенбиз
ОП-187-61. Турмуштун ачуу-таттуусун эрте таттым, Сүйүү деп тагдырыма балта чаптым. Энекемдин айткан сөзүн укпастан, Өзүмө-өзүм оор күндү кылып алдым. 0770262ххх
ОП-187-62. Досторум Зарина, Акылай, мен силерди жакшы көрөм. Кара-Суулук 10-класска салам. Бегимай, Мүрөк, Кенжегүл, Перизат, Жаннат, Зарина, Акылай жана балдар, окууларыңарга ийгилик,- деп Нуриза.
ОП-187-63. Менин жаным апам, биздин маңдайыбызда оорубай жүрө бериңизчи, алтын апам. Менин жана ошондой эле алтындай болгон энелердин баарына бул дүйнөдө балдарыңардын маңдайында аларга мээримиңерди төгүп, жакшы тарбия берип, энелик сүйүүңөрдү арнап жүрө бергиле. А биз силердин ак сүтүңөрдү актаганга аракет кылабыз. Силерди капа кылбайбыз, апалар бар болгулачы. Каролина 95
ОП-187-64. Достор, силерге тунук сүйүү жана ошондой эле ой-максатыңарга жеткиле. Эч качан сүйгөн адамыңардан ажырабагыла. Бул дүйнөдөгү жакшылыктарды көрүп, махабатка мас болуп жүрө бергиле! Каролина 95
ОП-187-65. "Обонтайга" ыр жазгандар, жаш калемиңер курчуй берсин, силерге ийгилик, бар болгула! Каролина 95
ОП-187-66. Жаным, алтыным, сени көргөн сайын жүрөгүм эзилет, боорума кучактагым келет, жүзүңө карап сүйүүмдү айткым келет. Эх, достор, силер ойлогондой башканы сүйүп кетсем кана ?! Ал кыз, ал периште жүрөгүмдү жипсиз байлап алгандай… Эра
ОП-187-67. Салам, "Обон", мен кыргыз элиме салам жолдойм. Микки
ОП-187-68. Обон чыгарамын, бирок ыр таппай атамын. Жакшы ыр бергиле, обон жазамын, чыгарамын. 0773621ххх
ОП-187-69. Гүлүм жаным, аман-эсен жүрөсүңбү. Жоодурап баштагыдай күлөсүңбү. Сагынып сени олтурамын азыр жалгыз. Жаныма келчи караан болуп. Эра
ОП-187-70. 0779739ххх номери, мени туура түшүн. Эгерде сен сүйүүнүн даамын татканыңда, "башкасын таап ал" деп айтпайт элең. Эрбол
ОП-187-71. Билбейм ал кызды кантип сүйүп калганымды. Айта албайм өзүнө барып сүйөрүмдү. Атыңды кайталаймын күндө-түндө. Оюмдасың, жүрөгүмдөсүң ар качан. Жүрөгүм сага байланган. Эра
ОП-187-72. Жанымдын жарымы, жүрөгүмдүн тамыры. Сени түбөлүккө сүйөм. Микки+Фара
ОП-187-73. Табигат сырдуу Жазел 90, силердин ырларыңар, "Обонго" жазган смсиңер жакты. Талантыңар ташкындап, өнөрүңөр өркүндөй берсин. Каролина 95
ОП-187-74. Салам, мен сиңдим Шахрезаданы туулган күнү менен куттуктайм. Ар дайым бактылуу болгун. Алматыдан Гүлсана
ОП-187-75. Тойдун көркүн ачкан тамаданын кызматынан пайдаланам десеңиз, 0557787843 номерине чалсаңыз болот.
ОП-187-76. Покровкадагы фотосалондо иштеген Данияр байке, качан бошойсуз. Ишенсеңиз жададым жанга баткан жалгыздыктан, жүдөткөн жүрөктөгү кусалыктан. Шооладай жарык бергин жан дүйнөмө, качан келет мен күткөн ошол адам? Айтыңызчы?- деп Айнура.
ОП-187-77. Салам, "Обон". Мага актёр Шахрукх Кхан жөнүндө маалымат бергилечи, бир ыры менен. Алымбек
"Обондон" жооп: Шахрукх Кхан 1965-жылы 2-ноябрда Делиде төрөлгөн. Ал бала чагынан эле актёр болууну самаган. Мектепте окуп жүргөндө 200-400 метрге чейин чуркачу. Аны мектепте "почта поезди" деп атап коюшчу. Ага доктурлар чуркоого тыюу салышкан. Себеби, кабыргалары ооруйт деп. Ага тыюу салбаганда, ал балким, спортсмен болуп чыкмак. Актёрдук окууну бүткөндөн кийин сахнага чыга баштаган. Кийин киного тартылыш үчүн Мумбай шаарына көчүп келишкен. 1988-1991-жылдары беш киного тартылып, турмушунда чоң секирик жасады. 1992-жылы бир эле убакта беш киного катышкандыгы үчүн Шахрукх кино жылдыз болуп таанылды. 1993-жылы режиссёр Яш Чопра жараткан "Darr" киносуна тартылып, элге таанымал болду. 1995-жылы Радж Мальхотра мелодрамасына тартылгандыгы үчүн супер жылдызга жеткен. Бүгүнкү күндө 60ка жакын киного, 12ден ашык картинага тартылган. Азыркы убакка чейин Голливуд актёрлору анын популярдуу рейтингине чыгыша элек. Шахрухк Кхан продюсер катары өзүн тааныткан. Ал Джуки Чавла жана Азизом Мирза менен бирге "Phir Bhi Dil Hai Hindustani" кинолорун жараткан.
ОП-187-78. Алтыным, сени башкалардан кызганам, Сүйүүмдү ырга айлантып ыр жазам. Гүлүм, гүлүм болчу менин гана, Сүйүүмдү арнап турайын сага гана. Эра
ОП-187-79. Кандайсыз, Ильяз байке, мен ыр жазамын. Сиздер менен иштешсем болобу? Атым Жазгүл
ОП-187-80. Сүйсөң эгер сени каалайын, Күндөрүмдү баалайын. Күндө сага гүл берип, Ак сүйүүмдү арнайын. Гүлүм, ишен ак сүйүүмдү далилдейм. Эра
ОП-187-81. Гүлүм, сени сүйөм, сенин булбулдай болгон үнүңдү уккум келет. Жаркылдап-жайнап күлүп, бакубат көздөрүң жайнап турганын көргүм келет. Алтыным, гүлүм, сага жетпесем да, сенин бакубаттуу болушуңду кудайдан тилейм. Эра
ОП-187-82. Акыл калчап, жети ойлоп, бир кесип, таза, чечкиндүү жана татыктуу адамды президенттикке шайлайлы. Мен Адахан Мадумаров Кимсанбаевичти көрсөтөт элем, урматтуу кыргыз элим! 0770371ххх
ОП-187-83. Асия үкөм, 2-октябрь бир жашка толушуң жана туулган күнүң менен. Ден соолугуң чың болуп, ата-энеңди сыйлаган акылдуу кыздардан болуп чоңоё бер! Бегимай
ОП-187-84. Салам, "Обон". Барсыңарбы, мырзалар. Жика 92
ОП-187-85. Назэрке , келе жаткан 17-октябрь туулган күнүң кут болсун! Ата-энеңди сыйлаган, кыргызымдын керегине жараган акылдуу кыздардан бол! Эжең Бегимай
ОП-187-86. Чаткал районунун Шакафтар айылында жашаган апам Калинса, атам Абдыкеримге, таенем Айгүлгө салам жолдойм. Мунира
ОП-187-87. Салам, "Обон". Дайыма бар болгула! Шакафтардан Мунира
ОП-187-89. Кыргызстандык жалпы эже-агайларга, инилерге, карындаштарга, аталарга, энелерге жана "Обондун" окурмандарына, смсчилерине сагынычтуу ысык салам. Бар болгула. Бабник 94
ОП-187-90. Салам, менин бардык туугандарыма салам. Төкө аке, ишиңиз жүрүшө берсин! Элдияр 92
ОП-187-91. Мени тааныган адамдарга салам айтам жана "Обондогу" смсчилерге.
Элдияр 92
ОП-187-92. Түндө жатсам түшүмө сен киресиң, Кайда кеттиң, кайда деги жүрөсүң. Эгерде бир өзүмдү сүйбөйм десең, Чынын айтчы, кимди жалгыз сүйөсүң! Кичи-Ак-Жол, Элдияр 92
ОП-187-93. Адамдар көп ак сүйүүгө жете албаган, Аны менен кол кармашып кете албаган. Мен дагы бир сүйүүнү сүйүп жүрүп, Ошол кызга мен дагы жете албагам! Кичи - Ак-Жол, Элдияр 92
ОП-187-94. Алыстасың бара албаймын мен сага, Сүйүү оту сагындырат сени гана. Бир өзүңө туң сүйүүмдү арнасам да, Сен кайрылбай кетип калдың алыс жакка! Элдияр 92
ОП-187-95. Кыргызстандын кооздугу өтө сонун, Кооздугун бир карачы Ала-Тоонун. Бардыгына бирдей карап кыргыз элим, Келгиле деп тосуп алат ачып койнун. Элдияр 92
ОП-187-96. Ыйлабачы, апаке, суранайын, Кучагыңды жайчы, апа, кучактайын. Көздөрүңө жаш албачы, алтын апа, Жашооңо жарык чачып кубантайын. Апаке, ар дайым аман болуңузчу.Балким, менден кетсе эгер каталык, Таарынбаңыз сүйүүмдү эске алып. Эл катары жашап жүрөм сизди деп. Бабник 94
ОП-187-97. Сезимдерим чагылгандай чарк-чурк этип, Өткөн күндөр эстен кетпей жүрөктү эзип. Сенсиз жаным кыйналып, өттү кечим, Келчи жаным, шыбырап сүйөм дейин.
Бабник 94
ОП-187-98. Саламатсыздарбы, "Обон" гезитинин жалпы жамааты. Сиздерден сураныч, мага кинорежиссёр Санжар Абдыжапаровдун номерин берип коюңуздарчы, мүмкүн болсо. Бирге окуган элек 2000-жылы. Алдын ала чоң рахмат. 0771356ххх
"Обондон" жооп: Санжар Абдыжапаровдун классташы болсоңуз, анда Төлөмүш Океев атындагы Киностудиядан таба аласыз. Себеби, Санжар мырза ошол жакта эмгектенет.
ОП-187-99. Асыл курбуларым Гүлбара, Нуржамалдарга ысык салам. Бар болгула, силерге аялзаттык бакыт каалайм. Динара
ОП-187-100. Жан дүйнөм жабыркап, Сирханымды сагындым. Сен утушка ээ болоруңду жүрөгүм сезип турат. Ширин






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??