п»ї

Кыргыз даамы
Эжигей тамагы
Жасалышы:
Бир литр сүт алып, ага 150-200 гр топоздун сүтүн кошуп, коюуланып калганча кайнатат. Кайнап чыккан сүткө кумшекер кошуп, жакшылап бышырат да, быштактай болуп калганда алып чыгып, күнгө коюп кургатат. Кургап калган эжигейди бычак менен кесип жей берсеңиздер болот.

Кыргыз даамы
Жөргөм тамагы
Керектелүүчү азыктар:
oКара ичеги, бир өпкө, бир карын, туз, калемпир.
Жасалышы:
Таза жуулган кара ичегиге мурда жуулган таза карынды жана өпкөнү тилип, үчөөнү кабаттай кармап, ичеги менен оройт. Даяр болгон жөргөмдү казанга салып бышырат.

Хица салаты
Керектелүүчү азыктар:
o Картошка - 3 даана сууга бышырылган
o Пияз - 1 даана
o Помидор - 4 даана
o Төө буурчак - 200 грамм
o Анчоус - 80 грамм
o Салат жалбырагы- 1/2даана
o Жумуртка - 2 даана
o Олив майы - 4 аш кашык
o Кара мурч даамына жараша
Жасалышы:
Картошканы өтө чоң эмес кылып туурап аласыздар, пиязды шакекче кылып, помидорду 8ге бөлүп, буурчакты сууга 8 мин кайнатып, анчоусторду чоң кылып туурайсыздар. Салат жалбырагын тазалап жууп алып, чоң-чоң кылып туурайсыздар да, сууга бышкан жумуртканы төрт бөлүккө бөлүп кошосуздар. Тууралган азыктардын баарын аралаштырып, май кошуп коёсуздар.

"Жайкы" салаты
Керектелүүчү азыктар:
o1 таттуу болгар калемпири
o1 пияз
o2 бадыраң
o5 помидор
o1 сабиз
o200 г каймак
oТуз
Жасалышы:
Калемпирди тазалап, узунунан туурайсыздар. Пиязды шакекче түрүндө жука кылып туурап, сабизди, бадыраңды узунунан туурап, помидорду төрткө бөлүп, идишке салып туздан татымына жараша кошуп, каймакты идиштин бир бурчуна салып коёсуздар.


Төө буурчак тамагы
Керектелүүчү азыктар:
o500 г төө буурчак
o 4 пияз
o250 г ышталган уйдун көкүрөгү
o2-3 аш кашык томат
o 1-2 тиш сарымсак
o 1 чай кашык кумшекер
o Туз, мурч,калемпир,лавр жалбырагы, укроп
Жасалышы:
Төө буурчакты 5-6 саат бою муздак сууга салып коёсуз. Андан соң сууну алмаштырып, кайра башка сууну төө буурчак көмүлгөнчө куюп коюңуз. Ал эми ышталган этти өтө майда кылбай туурап, төө буурчак менен аралаштырып, туз, мурч, калемпир, лавр жалбырагын татымына жараша кошосуздар да, пиязды майга кууруп, томат кошуп 7-10 мин жакшылап кууруйсуздар да, төө буурчак менен этке кошуп 10-15 мин кайнатасыз. Сарымсакты майда кылып туурап, кайнап жаткан төө буурчактын үстүнө саласыздар.

Алиса Сапарбекова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??