п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Талант тагдыры

Лутфилла:
"Желим бөтөлкөлөрдү жууп жүрүп, ыр жаздыргам"
- Лутфилла, чыгармачылыгыңдагы кыйын учур кайсы?
- Чыгармачыл чөйрөгө биринчи кадам таштаганда эле көп каражат жана көп эмгек кетерин байкагам. 2005-жылы "Аллах" деген ырымды 3000 сомго жазып беришмей болгон. Өзүм студентмин, акча табуу булагым жок, чөнтөгүмдө болгону 2200 сом турат. 800 сомду кайдан издейм деп бир күнү каналды бойлой кетип баратсам, желим бөтөлкөлөр агып бир жерге топтолуп калыптыр. Желим бөтөлкөлөрдү түнү менен топтоп, айналап ичин жууп, эртең менен эрте эч ким тура электе чоң капка салып алып троллейбус менен базарга май саткандарга алып барып 50 тыйындан өткөрчүмүн. Бир жолу топтоп барганымда менин алдымда бирөө сатып кетиптир. Сата албай атып 30 тыйындан берип, ызаланып бул күндөр да өтөр дегем. Азыр мен пешене терим менен кылган ишимдин аздыр-көптүр акыбети кайтты. Куш канчалык жерден бийик учса дагы жерден жем жейт дейт. Анын сыңарындай, азыр желим бөтөлкөлөрдү көргөндө ошол күндөрдү эстеп, тобо кылып турам.
- Айнура Салахидинова экөөңөрдүн "Жигитке" деген дуэтиңерди өткөндө Айнура эже концертинде эмне үчүн өзү жалгыз ырдап чыкты, же экөөңөр дагы таарынышып кеттиңерби?
- Эмнегедир ошол концертинде Айнурага жалдырап катышкым келген жок. Киного тартылып аткан маалыбызда эле Айнура: "Мага бул ырчы чалып атат, тиги чалды. Бирок мен өзүм каалаган ырчыны кошом да", - деп бирөөлөргө айтып атканын кулагым чалып калган болчу. А бирок, ошол ырчылардын тизмесинде мен жок экенимди да уктум. Экөөбүз чыгып ырдайлы деп айткан да жокмун. Биз бири-бирибизге таарынбасак дагы, мурдагыдай болбой калдык. Себеби, мезгил адамды тез эле өзгөртүп коёт экен.
- Абакта отурган бир кыз менен телефондон сүйлөшүп жүргөнүңдү билем. Ал кыз менен дагы деле байланыштасыңбы?
- Биз аялдардын колониясына концерт коюп барып калганыбызда, бир эже жердеш экенбиз деп телефон номеримди алып калган эле. Кийин ал эжеден ошол жакта отурган алайлык эже телефон номеримди алып мага чалып, бир кыз менен телефондон тааныштырып калды. Ал кыз менин ырларымды жакшы көрөт экен. Күндө телефон чалат, кээде мен да колуман келген жардамымды берип, бирдик жүктөп турам.
- Алдамчылардын торуна түштүң беле?
- Бир жолу шашып УТРКга жумушка баратсам, алдыман баласын көтөргөн аял чыгып: "Акчам жок, өзүбүз кыйналып жашайбыз. Ошко кете албай атам, иним, мага жол киреге акча берчи" - дегенинен, боорум ооруп ага батирге төлөйм деген акчамды кармата коюп атпаймынбы. Рахмат деп батасын берип кеткен эле. Бир айдан кийин Ошко барып калсам, баягы менден жардамга акча сураган эже Оштун базарында менин дисктеримди менин уруксатымсыз, жаман сүрөтүм менен сатып атыптыр. Баласынан сурасам билбейм деди. Аңгыча апасы келип: "Сени рекламаласак да жаманбы?"-деп кыйкырганынан, "Өткөндө менден жол кире сураган аял сиз белеңиз?" - десем оңтойсуз абалда калган.
- УТРКда иштеп жүрдүң эле, азыр деле ошол жакта эмгектенип атасыңбы?
- Теледеги менин устатым Ырыс Окенова болду. Азыркы учурда ал жактан кеткем. Теле менен шоу- бизнеске аралашкандан кийин экөөнү бирдей алып кетиш кичине оор болуп калат экен. Теле мени көп нерсеге үйрөттү. Кудай буюрса, жакынкы күндөрү Уландын клибин өзүм тартам деп аракет кылып атам.
- Жаңы чыгып келатканда Алмамбет Анапияев менин демөөрчүм деп жүрдүң эле, азыр да демөөрчүлүк кылып турабы?
- Алмамбет байкем Чоң Алайдан болот. Менин демөөрчүм десем болот. Биринчи менин "Периштем" деген клибиме Алмамбет байке жардам берген. Жекенди айылына чоң мечит салып берди. Алмамбет байкенин эмгеги жогорку деңгээлде деп айта алам. Ал материалдык байлыктан руханий байлыкты бийик туткан адам. Мен эмес Чоң Алайдын акын-жазуучуларына дайыма колдоо көрсөтүп келет. Менин алайлык бир досум Алмамбет байкеге барып жардам сура деп калды. Кирип жардам сурасак эле жакшы кабыл алып, колдоо көрсөтүп, колунан келишинче календарыбыздан афишабызга чейин акча бөлүп берген.
- Азыркы учурда да байланышып, сага колдоо көрсөтүп турабы?
- Алмамбет байке менен көптөн бери байланыша элекмин. Жакынкы күндөрү эжем катуу ооруп, операция болду. Ошого Алмамбет байкенин келинчеги Азиза жеңе он миң сом жардам берип кетти.
- Шоу-бизнес ыплас деп эле жүрөсүң. Ыплас чөйрө деп атып эмне үчүн башка чөйрөгө өтпөйсүң?
- Учкашпа, учкашкандан кийин түшө качпа дейт. Мен ушул тармакты тандагандан кийин, бул тармак менен бийик деңгээлге жеткенге аракет кылам. Шоу чөйрөсүндө саманды самолёт кылып койгондорун жакшы билем. Мен жөнүндө деле ар кандай сөздөр айтылат. Көзүңө күлүп, артыңа шыбап койгондору болот. Мен ишенчээктигимдин айынан көп дубалдарды сүздүм. Мага ишен, мен минтем, тигинтем деп жүрүп этегинде бир топ адамдарга жаман көрүнүп калган учурлар болду. Кээ бир ырчылардын концертин уюштуруп берип жүргөнүмдө, келгенде мен алардан жардам сураганда жардам бербей койгондору да болду. Муну окуп калса өздөрү деле сезет. Бул чөйрө ошонусу менен башка чөйрөлөрдөн айырмаланат го.
- Үйлөнгөнүң жөнүндө кабарым бар, келинчегиңди көрсөтпөйсүң го?
- Буга чейинки сүйлөшүп жүргөн кызым Айка былтыркы Ош коогалаңында өзбектер тарабынан өтө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Анын мен өзүм көргөн жокмун, бирок айтууларга караганда өтө кордук көрүптүр. Онунчу июнда телефондо сүйлөшкөнбүз. Ал мага таарынып телефонун өчүргөндөй болгон. Айканын бул дүйнө менен кош айтышканын уккандан кийин бир жарым ай өзүмдү жоготуп бир чекитти карап жаттым. Айканы мен катуу сүйгөндүктөн, кээде өзүмөн -өзүм кызганып кетер элем. Мен Бишкекте жүргөндө балдарга айтып, Айканы кайтартып жүргөм. Убакыт деген зымырык куш экен. Айылдагы классташ кызыма үйлөнгөм. Кудай көрүп тургандан кийин пендеден жашырыштын кереги жок. Ал чыгармачылыкты түшүнбөгөндүктөн ортобузда келишпестиктер болуп атат. Үйүнө барып турабыз. Менин үйүмө барганда да жолугуп турам. Азыркы учурда экөөбүз эки жакта жашап атабыз. Менин башымды айлантып алганбы деп да ойлоп кетем. Анткени, мен үйлөнөр маалда өзүмдүн эмне болуп жүргөнүмдү билбейм. Ата-энем эмне десе ошону кылып, атам ажыга кетерде үйлөндүрүп кеткен болчу.
- Чыгармачылыктагы эже-байкелерден сага колдоо көрсөткөндөрү барбы?
- Гүлшайыр Садыбакасова эженин эмгеги чоң. Мен Ошто жүргөндө кыйынчылыктарды көргөндө эжеге келип жардам сурасам колдон келишинче жардамын берип турган. Бир жолу бир конкурска чыгарда костюмум жок болуп калды. Ошол учурда Назгүл Насиева эжеден жардам сурасам костюмдан туфлиме чейин кийгизип үйүнөн узаткан. Бул дагы адамдын жүрөгүнүн кенендигинде. Ичкен ашыңа түкүрбө дегендей, мен ал адамдардын мага карата кылган жакшылыгын унутпайм.

Төлөбүбү
Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??