п»ї
 Таанышуу жарыясы


Камчыбек Ташиев, президенттикке талапкер:
"Административдик ресурстун колдонулушу 30-октябрь жакындаган сайын күчөйт"
- Учурдагы өлкөбүздө болуп жаткан коомдук-саясий абалды кандай баалайсыз?
- Бийликтин административдик ресурсту колдонуп жатканын бүт эл айтууда.
Административдик ресурс дагы башынан эле колдонулуп келди. Анын колдонулушу, күндөн-күнгө, 30-октябрь жакындаган сайын күчөй тургандыгын президенттикке талапкер болгон адам өзү да, жамы-журт да билет. Бийлик бардык мүмкүн эмес болгон үгүт ыкмаларын колдонот. Аткаруучу бийлиги тарабынан жасалып жаткан мындай укук тартипсиздиги элдин нааразычылыгынын негизги булактарынын бири болууда. Эл арасында "тескери таасир", же болбосо "таяктын эки учу" тууралуу айтылган кептер бар. Жыгач устанын станогунан чыкпаган таяктын эки учу бири-биринен одоно айырмаланып турарын билебиз, формасы жагынан дагы, салмагы жагынан дагы. Андыктан убакыт көрсөтөт... Президенттикке талапкердин дээрлик көпчүлүгү шайлоонун тынч өтүшүн каалашат. Өтө морт болсо дагы, биз стабилдүүлүктү сакташыбыз керек.
Башка маселе - бийлик сересинде олтурган чиновниктердин ушуну түшүнө албагандыгында. Мына, шайлоонун үгүт иштери башталбай жатып, Бишкек мэриясынын кийлигишүүсү менен, биздин автобустарга илинген үгүт материалдарыбызды эч бир негизсиз айрып ташташты. Ушул үгүт материалдарынын үстүндө дизайнерден баштап аларды автобустарга чаптаган жасалгалоочу сүрөтчүлөргө чейин канча мээнетин жумшашты. Булардын укугу тебеленип жатат. Анан келип президенттикке талапкердин укугун көз көрүнө тебелешти. Буга окшогон жоруктар республиканын бүт булуң-бурчтарында жүрүүдө. Ошондуктан, биз башынан эле "от менен ойнобогула" деп эскертип келе жатабыз. Булар укмаксан болушуп, көнгөн адатынча шайлоону бурмалагылары келишүудө. Ушундай жорукту кыла коём деп эки президент куулду. Өткөндөн сабак алыш керек.
- Ошол эле учурда шайлоонун өтүшүнө кызыкдар болбогон күчтөр бар. Алар менен да эсептешүү керекпи?
- Билем, алар тууралуу да уккам. Бул күчтөр да өлкөбүздөгү стабилдүүлүктүн сакталышы үчүн күйүшүүдө. Бирок шайлоону аркага жылдыруудан өлкөбүздөгү бир нече саясий күчтөрдүн бири-бирине карама-каршылыгын күчөтүп алабыз. Кыргызстандын кадыр-баркы дагы да төмөн түшүп кетет. Мындайга жол бербеш керек. Токтотууга азыркы күндө өтө кеч болуп калды. "Шайлоо унаасы" коё берилген. Андыктан бийликти тынчтык жолу менен гана өткөрүүгө аракет жасашыбыз керек.
- Учурда айрым саясий күчтөр биригип, өкмөттүн, президенттин отставкага кетишин жана элдин ишеними менен жаңы өкмөттүн түзүлүшүн, андан соң бир гана мамлекет башчысын шайлап алуу тууралуу талаптарын алып чыгышууда. Бул маселе боюнча пикириңиз кандай?
- Өлкөбүздө тартипсиздик болуп кетишинен Кудай сактасын. Эл ансыз да аябай чарчады. Андыктан партия лидерлери, бейөкмөт уюмдар жана коомчулуктун ортосунда диалог жүрүшү зарыл. Акыл-эстүү жарандардын бардыгы бул маселени чечиши керек. Бул үчүн бийлик коомчулуктун көз карашын да эске алуусу абзел. Эптеп эле отурган креслону сактап калуу аракети жүрбөш керек. Шайлоону ачык жана акыйкат өтүүгө шарт түзүү зарыл. Мындай болушу үчүн өткөөл мезгилдин президенти бир катар саясий чечимдерге барышы туура болот. Өзү бекиткен жетекчи кызматтагы адамдар коомчулукка айрым талапкерлер тууралуу туура эмес пикирлерди жаратуусуна мүмкүнчүлүк бербеши зарыл. Президенттин соттордун ишине жана алардын шайланышына кийлигишпөөсү керек. Ал өзүнүн статусуна ылайык, өзүнүн аракеттери менен бийликтин бардык бутактарына элдин ишенбөөчүлүгүн жаратпоосу шарт. Президенттин арбитр болушу талап кылынат. Бул Кыргыз Республикасынын Конституциянын талабы. Туура, Конституция дагы жеткиликтүү эмес, чийки иштелген, анда көптөгөн карама-каршылыктар бар.
- Президент жана анын тегерегиндегилер шайлоонун мөөнөтүн жылдырууга кызыкдар экендигин байкай албадыңызбы?
- Мен мындай ойду таңуулагым келбесе дагы, акыркы убактардагы өлкөбүздөгү болуп жаткан баш аламандыктар - президенттин айланасындагылар бир нерсени жаап-жашырып, кандай жол менен болсо дагы өлкөдөгү Кудайлыгынын мөөнөтүн узартуу аракетин жасап жаткандыгын каңкуулайт. Президент күч структураларынын жетекчиликтерин дайындап атат. Каптагаев акимдерге жана "акимчиктерге" таасирин тийгизүүдө. Бул аябай чоң күч. Дүйшөбаевдин да, Каптагаевдин да эл арасында кадыр-баркы жок болгонуна карабастан, алар бардыгына барышы мүмкүн. Алар ИИМ министр Рысалиев менен тандемге барышып, өлкөбүзгө саясий кризис алып келип, өзгөчө кырдаалды түзүшү мүмкүн. Андай болгон күндө алардын башкаруу мөөнөтү автоматтык түрдө узартылат. Мен алардын арасындагы өкүлдөрдүн баштары фуражка кийүү үчүн гана эмес, ойлонуу үчүн да керек экендигине толук ишенем. Ал эми алардын ээлеген кызматтары тууралуу мамлекеттик деңгээлде, масштабдуу ой-жүгүртүү керек.
- Эгерде алардын башы фуражка кийүү үчүн гана жаралып, КР мыйзамына жана акыл-эстүү ой-жүгүртүүгө карама-каршы келсе эмне болот? Дагы күнөөсүз жарандардын каны төгүлүшү күтүп жаткан жокпу? Буга жол бербеш үчүн эмне чара көрүү керек?
- Борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы, "Гавайи" эс алуу борборунун жанындагы, 7-апрелге караган түндөгү Таластагы кан төгүлүү өтө жетик иликтөөнү талап кылат. Өлкөбүздүн түштүгүндөгү каргашалуу окуянын күнөөкөрлөрүн табуу зарылчылыгы бар. Былтыркы июнь айында өтө көп бейкүнөө жарандарыбыздын каны төгүлбөдүбү? Ушул өңдүү элибиздин жарааттарын айыктыруу зарылчылыгы бар. Мамлекетибиздин бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн сактап калгандарга таазим кылышыбыз керек. Күнөөкөрлөрдү жазалоо милдетибиз. Булардын бардыгын конкреттүү иштер менен жасаш керек, той өткөрүп отурбай. Тойлор - бул жөн гана көргөзмө иштер. Түрдүү конкурстарды, фестивалдарды бюджеттин эсебинен өткөрүү да керек, бирок бул дагы узакка таасир бербей турган иш-чаралар. Ал эми биздин жарандардын жашоо деңгээлин көтөрүү узакка созулчу иш-чара. Кыргыз менен өзбектердин бөлүшө турган эч нерсеси жок. Өзбек диаспорасы менен Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кандайдыр бир нерсени бөлүшө албай калышты көрүнөт. Бирок, бул жерде карапайым элдин кандай тиешеси бар? Кыргызстандын элине экономикалык жетишкендиктер менен гана камкордук көрүшүбүз керек. Курсагы ток жана жайдары калк - бул ток пейил калк.
- Азыркы тапта айрым талапкерлер бир пикирге келип, биригиши мүмкүн деген да сөздөр бар. Мындай болушу мүмкүнбү?
- Андай болсо, албетте жаман болмок эмес. Бирок айрым саясатчылар бүгүнкү күндө эле биригүүлөр региондук негизде болушу мүмкүн деп айтышууда. Тандем түзүлүшү мүмкүн, бирок премьерди Жогорку Кеңеш тандайт. Премьерди Жогорку Кеңештин тандоосунун жакшы жана жаман жактары бар. Андыктан бул маселе талаш бойдон калууда. Эгер талапкерлер биригүүгө бара турган болсо, көз караштарынын дал келиши жана программаларынын окшоштугу менен гана баруулары керек. Региондук бөлүнүү аркылуу биригүүгө баруудан көйгөйлөр гана көбөйөт. Биз мындай жолду бир нече жолу басып өткөнбүз.
- Шайлоо компаниясы адатта сенсацияларга бай келет. Буга генерал Молдошевдин камакка алынышын мисал кылсак болот. Аны Садыркуловдун өлүмүнө катыштыгы бар деп айтышууда. Баарынан да камакка алынган 16 адам, азырынча шектүү делген 20 адамдын бардыгы Жалал-Абад облусунан. Анын ичинен көпчүлүгү Сузак районда туулган. Булардын бардыгын Ж. Бакиев менен кызматташкандыгы үчүн айыпташууда. Андай болсо ошол учурдагы күч органдарынан ким мамлекеттик Күзөт кызматынын башчысы менен кызматташкан эмес?
- Бул өтө маанилүү иш жана өтө кылдат мамиле жасоо керек. Бардык тарабынан иликтөө зарыл. Бул иш боюнча жакын арада өкмөттүк жана депутаттык комиссия түзүү зарылчылыгы бар. Алар менен бирге ММКнын жана жарандык сектордун өкүлдөрү да катышуусун камсыз кылуу шарт.
- Бизде генералдар эч кандай кадыр-баркка ээ эмес деген пикирге кандай карайсыз?
- Генералдарды эл сыйлайт. Жок дегенде форманы сыйлашат. Аларга карата сыйдын жоголушу бийлик тарабынан келүүдө. Генералды көпчүлүктүн токмоктоосуна жол бербөө камкордугу көрүлгөн эмес. Күнөөлүүлөр жоопко тартылбайт. Генералды ушак-айың менен деле камакка ала берүүгө жол берилген. Башка өлкөлөрдө генералды 100 пайыз аныктоо болмоюнча камакка алуу тууралуу ойлоруна да албайт. Генералды кызматынан эч кандай себеби жок эле алып коё беришет. Мунун бардыгы биздин демократиянын эпкиндөөсү. Ошондой болсо да президент, премьер-министр жана вице-премьерлер тарабынан генералды камакка алуу тууралуу жең ичинен айтылган буйруктары билинип турат.
- Мамлекеттик тилди билүү талабына кандай карайсыз?
- Айрым биздин жарандар башка мамлекеттерде мындай норманын жок экендигин айтышат. Бирок, ал жакта алардын тилин билбесең, жарандыкты да беришпейт. Ал эле эмес, жумушка да алышпайт. Андыктан мындай мамлекеттерде өлкө башчысынан мамлекеттик тилди суроо муктаждыгы жок. Биз мамлекетибизге атын берген өзүбүздүн тилибизди сүйүп жана урматташыбыз керек. Өлкө башчысы мамлекеттик тилди жана официалдуу тилди да жакшы билиши талапка ылайык. Бул менин пикирим. Мен өзүм алыскы айылдардын бириндеги мектепти бүтүргөм. Орус тилин окутуу биздин мектепте көйгөйлүү маселе болгон. Ошого карабастан менин классташтарымдын көпчүлүгү учурда орус тилинде эркин сүйлөшөт. Алыскы айылдарда тил чөйрөсүнүн жоктугуна карабай, биз официалдуу тилди үйрөнүп келдик, үйрөнүүдөбүз. Андыктан биздин жарандар тилге карата көз караштарын кайра башынан карап чыгуулары зарыл. Кыргыз тили биздин мамлекетибизге ысымын берген. Андыктан мамлекетибиздин кадыр-баркы канчалык жогору болсо, ошончолук мамлекеттик тилдин кадыр-баркы көтөрүлөт. Алыскы региондордо орус тилин окутууну, ал эми шаарларда, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында кыргыз тилин окутууну күчөтүү мезгилдин талабы. Биз мамлекеттик тилибиз жок жашай албайбыз. Ошол эле учурда официалдуу тилге көңүл бурбасак, Кыргызстандан тышкары жактарда гана эмес, өлкөбүздүн чоң шаарларында да көйгөйлөр жаралат. Кыргызстандыктар эки тил менен пикир алышууга ээ экендигин тарых тастыктап келет. Бул менимче өтө жакшы...
Д. Байаман







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??