п»ї
 Таанышуу жарыясы


Эргешов Кадырбек Кочкорович, "Спорттук курамалар жана спорттук
камсыздоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын генералдык директору:
"Ноябрда Спорт ордосунун отургучтары толук жаңыланат"
Борборубуздагы эң ири маданий жай болгон Кожомкул атындагы Спорт ордосунун акыркы убактагы абалына көпчүлүк эл нааразычылыгын айтып келишет. Ушул нааразычылыктардан жетекчилиги кабардарбы, ошол тууралуу маалымат алып берүүгө аракет кылдык.

- Спорт ордосунун абалы өтө начар. Отургучтары сынган, оңдоп - түзөө иштери болгон эмес. Спорт ордосуна ар кандай маданий иш-чараларды өткөрүп келет. Ижарадан түшкөн акчалар кайда кетип жатат?
- Спорт ордосу оңдоп - түзөө иштерин жүргүзө элегине 20 жыл болуптур. Азыр ичине кирсең олтургучтар сынып, тытылып, абалы өтө эле начар болуп калган. Мына жакында оңдоп - түзөө иштери башталды, учурда алдыңкы миң отургучту жаңысына алмаштырдык. Эми бир айдын ичинде толук 2300 отургучту алмаштырып чыгабыз. Отургучтарды оңдоого 7 миллион сомго жакын акча сарптап жатабыз. Бул каражаттар Спорт ордосунун ижарасынан жана башка да ишканаларыбыз, спорттук базаларыбыз бар, ошолордон түшкөн. Андан сырткары, полу, дааратканасы, кийинүүчү жайы, кыскасы, баары оңдолот. Буйруса, ноябрга Спорт ордосу- нун отургучтары толук бойдон жаңыланат.
- Ал эми ырчылар концерт койгондо, ижарага көп суммада акча төлөшөрүн айтып келишет. Негизи эле көпчүлүк ырчылар "Спорт ордосуна концерт коё албай калдык, пайда түшмөк тургай өзүн актабайт" дешет?
- Ижара акысы, балким, кымбат айрым ырчылар үчүн. Концерт эки саатка 30 000 сом, бирок айрым концерттер жарым саат, бир саатка чейин созулуп кетет. Азыркы баа 2-3 жылдан бери турат. Бул акчалар Спорт ордосундагы чыгымдарга кетет. Өзгөчө кыш мезгилинде Спорт сарайынын бир күндүк жылуулукка кеткен чыгымы 38 000 сомго чыгып жатат. Ал эми биз аны бир концерт менен да жаба албайбыз, же күндө концерт бере албайбыз. Концерт болсо бир жумада эки же үч эле жолу болот. Биз болсо күндө иштешибиз керек. Ошол себептен бүгүнкү күндөгү баа өтө деле кымбат эмес. Белгилүү ырчылар келип, эч кандай кырдаал жок эле коюп жатышат. Көпчүлүк ырчылар ойлошот, бизге мамлекеттен акча бөлүнүп, кызматкерлерге айлык, коммуналдык кызмат мамлекеттен төлөнөт деп. Бирок андай эмес. Мамлекеттен бизге эч кандай каражат бөлүнбөйт. Спорт ордосуна ар кандай иш-чараларды өткөрүп, ижарасына түшкөн акчага өзүбүздү каржылайбыз. Менин бул ишке келгениме 1 жыл болуп калды. Биринчи келгенде ижарасын көтөрөйүн дегем, бирок артисттер менен сүйлөшкөндөн кийин, бааны ошол бойдон калтырып койдук. Концерттин өзүн актабай жатканы, көп нерсеге көз каранды. Ошол ырчы кайсыл убакта коюп жатат, рейтинги кандай, эл кандай келет, ошого карап. Ар бир ырчы өз деңгээлин билип концерт берүүсү керек.
- Концерт болгондо эл ары - бери басып, тартип да начар, ушул жагына кандай көзөмөл жүргүзүп жатасыздар?
- Тартип абдан төмөн десем болот. Себеби, заман ушундай болуп калдыбы, же эмне болуп калышкан билбейм. Концерт болуп жатканда сүйлөшүшөт, ары - бери басышат, уюлдук телефондорун көтөрүп ырчылардын артынан чуркашат, айрымдары тыныгууда эшиктеги магазинден арак алып бекитип кирип ичишет. Алардын чөнтөгүн аңтарып алганга укугубуз жок. Спорт ордосунун тегерегиндеги магазиндерди алдыралы деп жатабыз. Эми оңдосок жаңы көз караш болот, кароолдо тургандардын санын көбөйтүп, баарын тартипке салабыз. Андан сырткары, роликтерди тарттырып "Мына отургучтар жаңыланды, булар бирөөнүкү эмес - элдики. Жакшы сактайлы" - деп, ар бир концерттин алдында элге кайрылып турабыз. Мен ишенем, таза жерге келген адам булгабайт.
- Концерт берген ырчылар "Спорт ордосундагылар ижарадан сырткары 70 даанадай билет алышат" деп нааразы болуп жүрүшөт?
- Келишим боюнча 15-катардан 55 орун бизге берилиши абзел. Ал биздин кызматкерлерге, алардын балдарына берилет. 70 билет алынат деген сөзгө кошулбайм.
- Ал эми электр энергиясына да өзүнчө каражат төлөнгөнү эмне үчүн?
- Спорт ордосунда 1974 - жылдан бери техника өзгөргөн эмес. Ал эми электр энергиясы бүгүнкү күндөгү аппаратуралардын талабына жооп бербейт. Ошондуктан, концерт бергендер биздин электр энергияны кабыл албай, үнү жакшы болсун деп сырттан тарттырып келишет. Акча ошол жакка төлөнөт. Электр энергиясы өзүбүздөн болсо деп, бул боюнча да ойлонуштуруп жатабыз.
- Чет өлкөлүк ырчылар келип концерт бергенде, ижара акысы кандай болот?
- 3 эседен 5 эсеге чейин көтөрөбүз. Себеби, алардын билет баасы жогору болуп, зал толот.
- Ырчылар Спорт ордосуна концерт бергенде, жандуу үн менен ырдаганга болбойт дешет. Жандуу үн менен ырдай турган кылып мүмкүнчүлүк түзсө болобу??
- Акустика жагын айтсам, мен 1998-жылы Алла Пугачеваны алып келип концерт өткөргөм. Ошондо ал жандуу үн менен ырдап: "Кадыр, залыңарда концерт койгонго бардык мүмкүнчүлүк бар экен", - деп кеткен. Спорт ордосунда жандуу үн менен ырдаганга болот. Бул сөз ырчылардын шылтоосу деп айтар элем.




Спорт ордосунун шарты, ижара акысы сизди канааттандырабы?

Рысбек Жабиров:
"Чоң ордо курбай жаткан бийликти сындашыбыз керек"
Спорт сарайдын абалы мурда өтө начар эле, акыркы бир айда оңдоп - түзөө жүрүп жатат. Кудай буйруса, ушул темп менен кете берсе жакшы эле болот. Экинчиден, биз ушундай мекемени сындоодон мурда, чоң ордо курбай жаткан бийликти сындашыбыз керек. Себеби, ал жерде бир убакытка белгилеп, алардын макулдугун алып, сен жарнама кылып баарын бүтүрүп, 1-2 күн калганда директору чалат дагы: "Мамлекеттик иш-чара боло турган болуп калды, силердин концертиңер болбойт", - деп коюшат. Филармониядан көп жолу күйүп кеткен учурлар болот. Анын үстүнө да, филармонияда концерт 2 саатка белгиленип, андан ашып кетсе, 2 саатттан кийин кууп чыгат. Ал эми Спорт ордосунда 3 саатка чейин созулса болот. Алар ырчыларга мүмкүнчүлүк берет.

Эрмек Нурбаев:
"Биринчи сезондо толугу менен банкрот болгонбуз"
Спорт ордосунун ижара акысын орточо деп айта албайм, андан жогорураак. Өтө кымбат деп айта албайсың, себеби, бул чоң зал болуп жатпайбы? Буга салыштырмалуу зал жок да башка. Балким, дагы ушуга окшогон зал курулса, бири-бирине атаандаштык болуп, баасы төмөндөшү мүмкүн да. Учурда Спорт сарайда оңдоп - түзөө иштери болуп жатат. Бул нерсе,албетте, кубандырат. Биз биринчи сезондо толугу менен банкрот болгонбуз. Азыр, кыскасы, атыбыз үчүн эле иштеп жатабыз да.

Рахман Разыков:
"Ал жерде бүт коррупция-лашкан система отурат"
Өткөндө Спорт ордосунун жанында жардыруу болду го? Ошондо жардыргыч затты ичине коюп туруп эле жардырып салыш керек болчу да. Ал жерде бүт коррупциялашкан система олтурат. Байкуш артисттердин ич кийимине чейин чечип алышат. Концерт коём деп барып, карыз болуп төлөй албай кыйналышат. Ал жердеги монополисттер каалаган акчасын алат. Концерт берип канча жолу банкрот болгонбуз. Кыскасы, айла жок да. Ошол жерди эксперимент кылып бир жылга мени директор кылып шайласынчы, анан көрөлү. Өзүн актабайт деп, артисттерди эле сыга бериш керекпи? Мисалы, ал жерде канча деген мекеме бар арендага берилген, ошолордон түшкөн акчаларчы? Мен ошол жерде көп жылдан бери концерт уюштуруп келем. Мына жакында пенсияга чыгып жатам. Бир да жолу оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөндөрүн көрө элекмин. Дайыма барып отурсаң, үстүңдөн жаан тамчылап турат. Мисалы, Спорт ордосу бир ай бою 90-95 пайыз бош эмес, ал өзүн - өзү эле актамак. Ошол арендадан түшкөн акчага ал жердеги отургучтарды алтындан жасап койсо болот.

Канат Култаев:
"Концертти актабай калган учурлар болгон эмес"
Ошол жерде концерт өткөрүп жүргөндөн кийин "жаман" деп айта албайм. Ал жерде жакшы концерттерди коюп жүрөбүз. Отургучтары оңолушун эле каалайт элем. Ижара акысы жакшы эле, бизде концертти актабай калган учурлар болгон эмес.

Борончу Кудайбергенов:
"Кеп бул жерде Спорт ордосунда эмес..."
Спорт ордосунун ижарасы көп эле артисттерди канааттандырбайт го? Бул жерде биринчи концерттин баасы көтөрүлбөй жатпайбы? Спорт сарайы спорттук мелдештерге ылайыкташтырып салынган жай. Концерт коюуга талаптары жооп бербейт. Бул жерде акустика жок. Биз ал жакка эл көп баткан үчүн эле концерт уюштурабыз. Концерт коюп жүргөнүмө 25 жыл болду, канча жолу банкрот болдум. Азыр ырчылар араң эле концерт коюшат "өзүн жабабы?" деп.Эгерде концерт өзүн жапса, бири-бирин куттукташат. Ал эми эл аз келгенде көз менен көрүп эле "аа, дагы илинип калыптыр" деп коёбуз. Ал эми Спорт ордосунун чыгымы да ошого жетип калат. Кеп бул жерде Спорт ордосунда эмес, кеп биздин баанын көтөрүлбөй жатышында.


Динара Чокоева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??