п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Көйгөй

Сынактын катышуучулары эмнеге нааразы?
21-сентябрь күнү Түгөлбай Казаковдун 60 жылдык мааракесине карата композитордун обондоруна кароо-сынак болгон эле. Алыстан келген сынактын катышуучулары эмнеге нааразы болуп кетишти?

Коңулгиев Калыбек:
"Ырдап жатсак токтотушуп..."
Мен Жалал-Абад областынын Ноокен районунан келдим. Буга чейин дагы көп эле сынактарга катышып жүргөм. Түгөлбай Казаковдун 60 жылдыгына карата маараке болот экен, ошол кароо-сынакка катышып көрүүнү чечтим. Калыстар тобунда мен тааныгандардан Анарбек Ибраев, Сардарбек Жумалиев болду. Сынакта кичине нааразычылыктар болду, сынактын башында кээ бирлер музыкасы жок ырдап, сынактын кызыгын кетирип коюшту. Түштөнүүдөн кийин калыстар сынактын деңгээлин түшүрүп жибербейли деп чечишти окшойт, кээ бир сынактын катышуучуларын ырдап жаткан жеринен токтотуп салып жатты. Көңүлдөрүнө жаккан аккордеон менен жакшы ырдагандарды аягына чейин угуп, мүмкүнчүлүк берип жатышты. Башында ар кимиси ар кандай ырдап, калыстарды да, көрүүчүлөрдү да тажаткандай кылып койду. Биз колдон келген талантыбызды көрсөттүк, калганын калыстар чечет деген ойдомун. Биз ырдап жатканда видеого тартып жатышты, көрүп анан жыйынтык чыгарышып, телефон номерлерин жазып алышты, өзүбүз чалып чакырабыз деп.


Анарбек Ибраев, КРнын Эл артисти:
"эч кандай даярдыгы жок келишкен"
Сынакка 64 адам катышты. Ошолордун ичинен ашып кетсе төрт же бешөө эле жарайт, калгандарынын баары жараксыз. Ошол себептен улам ырдап жатканда токтотууга туура келди. Ар кимиси чыгып алып ой-тоону ырдап жатышса, ал үч куплетти угуп эмне? Биздин акыбыз бар, ал жерде жалаң музыканттар отурсак. Музыканы түшүнгөн кишилер отурса, анан такыр тонго түшпөй ар кандай ырдап жатышса токтотосуң да. Эгер аябай эле нааразычылыгы чоң болсо, кайра келип угузуп көрсүн. Ырдын сөзүн билбей баракка жазып алып ырдагандар да болду, эч кандай музыкалык инструменттери жок, эч кандай даярдыгы жок келип алышкан. Чынын айтканда, тойлордо да андай ырдабайт. Анан жөн эле көчөдөн келип алып паркта жүргөнсүп ырдап жатышса, кантип токтотпойбуз?


Кум менен таш
Илгери эки дос чөлгө саякатка чыгыптыр. Жолдо экөө уруша кетип, бирөө экинчисин шапалак менен чаап жиберет экен. Таяк жеген досу таарынып, унчукпай кете берет да кумга: "Мени досум шапалак менен чапты", - деп жазып коёт. Экөө көпкө чейин үндөбөй саякатын улантышат. Бир маалда таяк жеген досу чөлдөгү кумга чөгүп бара жатканда берки досу куткарып калат. Анда тиги досу ташка: "Мени досум өлүмдөн куткарып калды", - деп жазып коёт. Берки досу таң калып, андан мындай кылыгынын себебин сураганда: "Жамандыкты кумга жазсаң, жел аны учуруп, унутуп каласың да, кечирип коёсуң, ал эми жакшылыкты унутпаш учун ташка жазуу керек", - дептир.


Алиса Сапарбекова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??