п»ї

Анапия кызын тойго узаттыбы?
Токтогулдун булбулу аталган Үч-Теректин үч кызынын аксакалы, булбул үндүү ырчы Анапия Райымбекова "Кыз узатуу" деген жаңы ыр жаздырды. Бул туурасында: "Бул ырдын сөзү белгилүү акын Бактыгүл Чотуровага таандык. Ырдын тексти купулума толуп, обондуу кайрыктар чыга баштады. Ошондон улам ушул ыр жаралды.Той-топурларда абдан жакшы кабыл алып жатышат. Илгери кыз узатканда кошок кошсо, азыр мен заманбап түргө аралаштырып "Кыз узатуу" деп ырдап чыктым",-дейт жаңы эмгегинин үзүрүн көрүп жаткан ырчы айым Анапия Райымбекова.


Зулфия менен Абдыкалык баш кошту
Эстен кеткис эски ырларды жагымдуу кылып аткарган Зулфия Кадырбекованын турмушунда зор өзгөрүү болду. Белгилүү киноактёр Абдыкалык Акматовго турмушка чыкты. Бул үйлөнүүдөгү бактылуу унутулгус көз ирмемдерди, бал айын Ысык-Көлдө өткөрүп келишти. Эки чыгармачыл адамдардын тууган-уруктары бапырап тойлошуп, куда - кудагый болуп биригип калышты. Ырчы Зулфия эжекебиз: "Анын үй-бүлөсү мага бөтөн болсо да мени жакшы тосуп, балдары дагы мени жакшы кабыл алышып, азыр "апа" деп кулагымды сүйүнтүп турган чагы",-дейт. Андан тышкары, эжекебиз эки чылбырды бир тартып, азыр тамадалык кылып, тойлордо күжүрмөн эмгектенип жаткан экен.


Таз баш Азат Болотбек
"Бактылуу болгум келет" деген кинодо сүйүүдөн жабыркап, аягында бейтапканада көз жумган аянычтуу образды ачып берген Азат Болотбеков көрүнбөй кеткен. Көрсө, ал "Мекенимдин бир да ташын душмандарга кор кылбайм" деген максат менен Кой-Таштын 73809-аскер бөлүгүндө бир ай кызмат кылып келген экен. Ырчынын айтымында, азыр анын башы жылтырап, эшикке чыкса күнгө чагылышып, таз баш, башкача айтканда, такыр баш болуп калган кербези.

Гүлзинат үйүн жаңы мебел менен жаңыртты
Учурунда белгилүү конкурстарга катышып, көптөгөн адамдардын кумири болуп келген чырайлуу ырчы Гүлзинат Суранчиеванын жеке жашоосунда абдан чоң бурулуш болду. Байкашыбызча, шайлоо башталганда эле талыкпай эмгектенип, көптөгөн тойлорго барып койсо керек. Быйылкы жылдын кирешесине жаңы мебелдер менен үйүнүн ичин жаңыртып, азыр жаңы ырды жаңыдан бышырып, анын үстүнөн иштеп жаткан убагы.

Жылдыз
Абдыкерим кызы




Ударный ушактар
Мыктыбек Арстанбек үчүнчү аялын алды дейби?
Салам, "Обон" гезитинин жамааты! Сиздердин "Кат куржун" рубрикаңыздардан пайдаланып, алыпбаруучу Мыктыбек Арстанбек байкеге суроо бергим келип жатат. Мыктыбек Арстанбек байке үчүнчү аял алды деп угуп калдым. Ушул тууралуу так маалымат берип коюшуңуздарды суранам.
Дамира, Кант шаары
Мыктыбек Арстанбек: "Жети жүз аялым бар"
- Үчүнчү эле бекен? Мен өзүмдүн үй-бүлөмдү аябай бекитем. Мусулмандын үй-бүлөсү жашыруун болушу шарт. Биз өзүбүз публиканын адамы болгонубуз менен үй-бүлөбүздү ачыкка чыгарбайбыз. Ошончолук билгиси келип жатса, менин 700 аялым бар.


Саламат Садыкова сүлгү уурдаптыр го?
Өткөн саныбызда КРнын Эл артисти Саламат Садыкованын дарегине кат келген эле. Ал катта "Пресс kg" гезитинин № 25 санында
"С. Садыкова Кытай жергесине барып, мейманканасынан сүлгү уурдап кармалып калыптыр" деген маалыматтын негизинде бизге кат келди эле. Ушул тууралуу маалымат берүү үчүн Саламат эже менен байланышка чыгып, төмөнкүдөй жооп алдык.
Саламат Садыкова: "Кытайдын сүлгүсү менен бутумду аарчымак белем?!"
- Кытайдын сүлгүсүн уурдаптыр? Сүлгү уурдаптыр деген адам бар бекен ошол жерде? Кээ бир учурда журналисттер үйдө жайбаракат отурасыңбы, же талаада баратасыңбы, ошол учурларга карабай чала беришет. Катуураак сүйлөп койгон учурларым болот, телефондон. Айрыкча, жайында көп эле прессаларга каршы болуп койдум эле, интервью бере албайм деген сыяктуу. Ойлоп жатам, балким, ошолор эле өчөшүп атайын чыгарып жатат окшойт. Адамдын абийирин төгүү уят да, билип, тактап туруп, анан жазбайбы. Мен бирөөнүн ийнесин албаган адаммын. Менин кандай экенимди тааныштарымдын баары билет. Бирөөнүн буюмуна көз артпаган адаммын. Мен үчүн эмес ошол чыгарган гезит үчүн, жалпы эле кыргыз үчүн уят. Ушу менен экинчи жолу көңүлүм ооруду. Былтыр да ушундай бирдемелерди жазышты эле. Сүлгү деген менин үйүмдө ашып-ташып жатат. Мен эмне Кытайдын сүлгүсү менен бутумду аарчымак белем?! Менин түшүнүгүм боюнча биздин аброй элдин аброю, анан жазардан мурда, өң-түс берерден мурда тактап алышса болмок. Башка сөз айта албайм.


Мирбек Атабеков аракка жакынбы?
Салам, "Обонушка". Сиздердин "Кат куржун" рубрикаңыздар аркылуу ырчы Мирбек Атабековдун Ысык-Көлгө концерт коюп баргандагы окуясынын чын-төгүнүн билгим келет. Көлдүн балдары концерт башталганга чейин Мирбекти коркутуп арак ичирип, мас кылып алып концерт койдурган дейт. Мындан тышкары, Россиянын бир шаарына барып, ал жактан дагы мас болуп сахнадан кулап түшүп, араң концерт койгон деп айтышат. Ошондо биздин "жылдыз" арак берсе эле иче береби? Мирбек Атабековду аябай аракка жакын деп айтышат, ошол чынбы, билип бериңиздерчи?
Айжан, Бишкек шаары
Канат Култаев: "Андай болушу мүмкүн эмес"
- Мирбектин ичип алып ырдаганы жөнүндө кандайдыр бир сүрөттөрү бар бекен? Мындай болушу мүмкүн эмес, себеби, биз Көлгө акыркы жолу үч жыл мурун концерт коюп барганбыз. Анан концерт алдында, концерт маалында эч убакта ичимдик ичилбейт, бизде ушундай талап коюлган. Ал эми Россиядагы концерт боюнча ушундай эле жооп берет элем. Кээде сыра ичип коёт болуш керек, туулган күндөрдө, майрамдарда, жумуштан тышкары ал деле тирүү жан да. Бирок менин көзүмчө ичкен эмес жана ичпейт дагы.


Алия Ибраева







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??