п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Таңдандырган таланттар

Эрмек Кадыров:
"Аларды бийге үйрөтүү максатым болчу"
Азыркы заманда ден соолугу чың болуп деле канча жаштарыбыз жүрүшөт, кара жанын бага алышпай. Чет жакка чыгып мекенибиздин желегин желбиретип келишкен мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан куралган бийчилер тобу көптөгөн жаштарыбызды таң калтырбай койбойт деген ойдомун.

"Брейк бийлеген балдарга кызыгып бийлеп баштагам"
Бир жолу балдар менен бир клип көрүп жатып, алардын брейк бийлеп жатканына кызыгып, анан биз дагы бийлегибиз келип, кызыгуу пайда болгон,- деп баштады сөзүн каарманыбыз. Бийлегенди үйрөнөбүз деп ар кандай кыймылдарды кылып эле секирип калдык. Анан ары секирип, бери секирип колубуздан келбейт экен деп таштап койгонбуз. Кийин 2000-жылы брейк бийи аябай популярдуулукка ээ болуп, баары бийлеп баштаганда досум экөөбүз да машыгып баштадык. Жарым жылдай машыгып жүрдүк, анан ар кандай фестивалдарга катышып, чакырууларды ала баштаганбыз. Кийин мен Германияга барып ал жактан да бийлеп жүрүп, кайра келдим. Баш-аягы он жыл болду, брейк бийлеп жргөнүмө. Азыр "Тумар" бий ансамблинде эки жылдан бери эмгектенип жатам.
"Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды бийлетип чыгуу максатым болчу"
Бир жолу Германияга барып келгенден кийин, ушул борбордун директору юбилейге карата бий даярдап көрбөйсүңбү деп калды. Буга чейин өзүм деле ойлонуп жүрчүмүн, мамлекетим үчүн кандайдыр бир өзгөчө жаңылык киргизсем деп. Анан ойлонуп көрсөм азыр буту-колу соолор деле жүрүшпөйбү, эч нерсе кылбай ары-бери айланышып, балким, ошолорго деле сабак болот чыгар, аз да болсо намысына тие алат чыгармын деген ой менен макул болуп, балдарды бийге үйрөтө баштадым. Бир ай аябай даярдандык, биз үчүн оңой болгон жок. Башка бийдин түрү болсо да, балким, көп кыйынчылык жаратпайт беле ким билет, ал эми брейк бийи аябай эле оор десем жаңылышайм. Ошентип, алгач сахнага чыкчу күн да келип, бийлеп чыктык. Биз бийлеп бүткөндөн кийин залдагы көрүүчүлөр ордунан турушуп кол чаап жиберишкен. Ошондо өзүмдүн окуучуларым үчүн чоң сыймык болгон. Бийлеп бүткөндөн кийин, консерваториядагылар ошол жерде эң жогорку деңгээлдеги бий силер койдуңар деп айтышкан эле.
"Биринчи брейк бийлеп чыккан балдар"
Циркте ойногон балдар менен ат салышуу оңой болбосо керек. Ал эми калыстар көбүнчөсү адашып кандай баа берерин билбей калышат экен. Мисал үчүн, биз катышкан сынакка "Wake up" тобу да катышкан, эми салыштырып көрөлү анын деңгээлин, биздин деңгээлди. Алар дагы сый-урматка татыктуу да, канчадан бери бийлеп жүрүшөт, алардын өздөрүнүн фишкасы бар биздин өзүбүздүн фишкабыз бар дегендей. Дагы көп эле сынактарга балдарды катыштыргым келет, бирок биз менен сынакка катышчу балдар жок болуп жатат, мындайча айтканда, биздин деңгээлдеги майып балдар жок. Мындай балдар менен сынакка катышууга жолдомо алып барганыбыз менен калыстар көргөн эмес да, кандай кылып баалашты билбей калышат экен.


Талгат: "Бийлеп калам деп ойлогон эмесмин"
Борборго келгениме эки жарым жума болду. Буга чейин үйдө болчумун. Бийлечү деле эмесмин, үйдө эле турниктерге машыгып жүрчүмүн. "Тумарды" биринчи жолу телевизордон көргөм, ошондо кызыгып калгам. Бирок бийлеп калам деп ойлогон эмесмин. Анан ооруканада жатканда Эрдик менен таанышып калып, ал мага Эрмек байке тууралуу айтып берип, Эрдиктин жардамы менен келип топко кошулуп бийлеп калдым. Аракет кылып жатам, буйруса, жакшы бийлейбиз деген ойдомун.

Эрдик: "Биз үчүн деле шарт түзүп беришсе"
Мен борбордо окуп жүргөндө Эрмек байке келип иштеп калып, ошондон улам таанышып калганбыз. Топко кошулуп бийлеп жүргөнүмө эки жыл болду. Чынын айтсам, Эрмек байкеге чейин бийлейм деген оюм жок болчу. Телевизордон көрүп кызыгып койчумун, анан Эрмек байкенин бийлегенин көрүп аябай кызыккам. Мен биринчи жолу чет мамлекетке барып, Кыргызстандын аты менен чыгып бийлеп жатканда ушунчалык сыймыктангам. Эгер бизди башка жакка сынакка чакырса, бизден Адина каалаганын талкалайт деп ойлойм. Себеби, брейк боюнча дүйнөдө жок болуш керек кызбала бийлеген.Биз дагы аракет кылып жатабыз, башкалар жасай албаганды жасайлы деп. Кыргызстандын желегин желбиретип, атын чыгаралы деген ниетибиз бар. Анан баса белгилеп кетчү нерсе, биз өткөндө Венага барганда аяктын майып балдар үчүн түзүп берген шарттары аябай жакты. Көчөдөбү же башка жакка барбайлы, шарттары аябай жакшы экен. Мисалы үчүн биз Бишкектен көчөгө чыксак, эч кандай шарт жок. Тротуар менен баратсаң, ар жагын тепкич кылып койгон, кайра артка кетүүгө туура келет. Ал эми Венада болсо автобусуна түшсөң да шарт түзүп койгон. Көчөгө чыкпасаң элдин деле көзү көнгөн эмес да, анан карай беришет. Венада болсо эл көнүп калган, эч ким деле мани берип, көңүл деле бурушпайт. Ошону жакшылап карап, бизге деле шарт түзүп беришсе жакшы болмок.

Адина: "Күч сынашууга өзүмдү даярмын деп ойлойм"
Өзүм Көлдөн болом, бирок Бишкекте жашаймын. Топко кошулуп бийлеп калганыма эки жылдын жүзү болду. Алгач бийлеп баштаганда оор эле болгон, азыр болсо кыйын деле эмес. Кайра бийлеп жатканда эргүү алам. Биринчи жолу сахнага чыгарда аябай толкунданып, аябай сүрдөп, элди ойлоп, башкача сезим калтырган. Ал эми азыр болсо башка мамлекеттин балдары менен күч сынашууга өзүмдү даярмын деп ойлойм.

Алиса
Сапарбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??