п»ї
 Таанышуу жарыясы


Бакрас чын эле кызга айланды беле, же ал жөнүндө бардык чындык
Блиц-анкета:
Туулган жылы - 1985-жыл, 17-апрель
Бишкекте төрөлүп, Нарында чоңойгон
Бою - 178 см
Салмагы - 60 кг
Жылдыз белгиси - кой

Шоу чөйрөсүндө ар кандай образ жараткан ырчылар аз эмес. Мына ошондой стили өзгөчө ырчылардын катарында Бакрас да бар.


- Бир жылдары "Бакрас операция жолу менен кыз болду. Эми Ассаль Жамалова деген псевдоним менен ырдап чыгат" деген сыяктуу маалыматтар кетти эле. Азыр сага кантип кайрылышты билбей турам. Ассаль дейинби, же Бакрас боюнча калдыңбы?
- Бул жөнүндө көп маалыматтар кетип калды. Негизги жашоодо өзүмдүн укугумду коргогонго укугум бар. Ал өзүмдүн бала кездеги максатым болчу. Ал жөнүндө толук маалымат айта албайм. Бирок документтер даярдалып, ооруканага акча которулган. Бакрас деп эле чыгара бериңиз.
- Бакрас болсоң, операция болбой калгансыңбы?
- Ошондой кылып эле жазып коюңузчу. Мен ал жөнүндө уккум келбейт.
- Ыр чөйрөсүнө аралашканыңа канча убакыт болуп калды, кандай ийгиликтерди жаратып атасың?
- Эки жылдай убакыт болду. Ушул убакыт аралыгы талбай эмгектенип келе жатам. Репертуарымда жети ыр бар. Жаңы ырларды да жаздыруунун үстүндөмүн. Россияда боло турган "Белая трость без границ" деп аталган фестивалга кеткени жатам. Өзүмдүн "Happyness" деген коомдук уюмум бар эмеспи. Ал уюмдун негизги максаты майып балдарга жардам берүү болуп саналат. Орус ырчысы Диана Гурцкаянын да мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берүү фонду бар. Диана Гурцкаянын чакыруусу боюнча ал жака барганы жатабыз. Барганда жатаканасын, жол киресин өздөрү көтөрүп беришет. Азыр үнүмдү дагы андан ары өнүктүрүш үчүн Талгар Жакшылыковдон сабак алып атам.
- Азыр концерттерден көп деле көрбөйм сени, кайсы жактарда ырдайсың?
- 24-октябрда эле концерт болуп, ага катыштым. 2 жыл мурун Ошто болгон чоң концертте ырдап чыккам. Андан кийин Бишкектеги концерттерге ылайыгы келип, мүмкүнчүлүк болуп калган убактарда катышып атам. Эл мени аябай жакшы кабыл алып атат дегенден алысмын. Мени азыркы жаш ырчылардай эле кабылдашат.
- Продюссериң жөнүндө эч нерсе айтпайсың го. Продюсериң ким?
- Продюсерим жок, продюсер менен иштешкенди аябай жаман көрөм. Себеби, уюмдун жетекчиси болуп жети жылдан бери эмгектенем, ошондуктан бирөөнө баш ийгим келбейт. Өзүмдү-өзүм каржылап келем.
- Стилиң да башка ырчылардыкынан айырмаланып турат. Атайын стилистиң барбы?
- Стилистим деле жок. Бул образды өзүм ойлоп тапкам. Сахнага кие турган кийимдерди да элдикинен өзгөчөрөөк болсун деп өзүм тигип кийип алам. Эң биринчи костюмумду булгаарыдан тиккем. Стилге абдан маани берем. Энджей деген бала менен сүйлөштүм.Стили башкача, мага анын стили абдан жагат. Ырчынын сахнага кийген кийими менен көчөгө кийген кийиминин айырмасы болуш керек. Мисалы, мен сахнага кийип жүргөн костюм менен эч качан көчөгө чыгып кете албагандай болушум зарыл. Кээ бир ырчылар жөнөкөй эле кийим менен келип концертте ырдап кетет. Бул-сахнанын баркын кетирип аткандык.
- Эки жылдын аралыгында шоу-бизнестин кандай жакшы жактарын ала алдың жана кайсы жактары жүрөгүңдү оорутту?
- Жакшы жактары көп, жер көрүп келдим. Москвага, Казакстанга, Өзбекстанга бардым. Шоу дүйнөсү ушунусу менен кызык го деп ойлойм. Бирок кээ бир учурларда такталбаган, туура эмес маалыматтар гезит беттерине кетип калганы жаман. Менин деле туугандарым, тааныштарым бар. Ар ким ар кандай кабыл алып, бир кызыктай абалга калып калган учурларым толтура эле болгон. Жаман жагы ушактар көп жүрөт. Ушак адамдын артынан ээрчип туруш керек. Эгер андай сөздөр ээрчип турса, демек, эл мен жөнүндө билет экен деп калам. А эгер чектен чыгып кетсе, чыгармачылыгыңа терс таасири тийип калат. Менин артыман да толтура ушактар ээрчип жүрөт. Ушактардын айынан бир жылдары эл алдына да ээн-эркин баса албай калгам.
- Чоң сүйүүгө кабылгансыңбы?
- Ооба, башыман чоң сүйүү да өткөн. Ал сүйүүнүн айынан өлүп калам деген күндөрүм болгон. Ошол убактагы кыялым азыркыга чейин эле жашап келет. Канча убакыт өтпөсүн баары бир сүйөм. Ал менден кичүү. Сүйгөн адамым жөнүндө ачык маалымат бере албайм. Өзүмө-өзүм кол салам деген убакта мени алып калганы үчүн өмүрүм өткөнчө сыйлап өтөм.
- Экөөңөр баш кошуп алсаңар болбойбу?
- Ал мени сопсонун эле түшүнөт, бирок баш кошо албайбыз. Мен анын бактысына балта чапкым келбейт. Себеби, анын сүйүүсүнө өзүмдү татыктуу эмесмин деп ойлойм. Ал да өзүнүн бактысын табыш керек. Жөн эле күчкө сала берген болбойт деп ойлойм.
- Башыман көп нерсе өттү деп атасың, Кандай тагдырга тушуктуң эле?
- Ата-энем жок болгондуктан, көп кыйынчылыктарды башыман өткөрүп калдым. Ошол эле бир чоң тагдыр болуш керек. Бирок, кудайга шүгүр, анын баары артта калды. Ачка калган күнүм болгон жок. Досторумдун баары туура түшүнүштү деп айта албайм. Кээ бирлери башкача кабыл алышты. Убакыттын өтүшү менен мени туура түшүнөт деп ойлойм.
- Жашооңдо болгон чоң төңкөрүш?
- Былтыр пластикалык операцияга кирмек болчумун. Эртең операцияга кирем деп Нарындан шашып келе жатып, жолдон кырсыктап жамбашым, кабыргам сынган. Мен ага көптөн бери даярданып, акча которуп, анализ берип катуу даярданган элем. Анан доктурум "дары алып калдың, өзүңө келишиң керек", - деп операция кылууну токтотту. Буюрса, эми өзүмө келип калдым. Москвадан келгенден кийин операцияга кирем. Мурдума операция жасатам биринчи. Эгер жакшы болсо, анда тулку боюмду операцияга берем.
- Депрессиядан кантип чыгасың?
- Сууга түшкөндү абдан жакшы көрөм. Суу денени бир калыпта сактап турат. Андан сырткары, түнкү клубдарга барып калам. Мурда бийчи болуп иштечүмүн. Азыр барып, жөн гана бийлеп, ырдап, эс алып кетем. Мурун "Голден Буллда" иштечүмүн. Раматылык Микаэль да ал жакта иштечү.
- Тойдун убагы болуп атпайбы, өзүңдүн жашооңдо той качан болот?
- Аны азырынча айта албайм. Жашоомдун өзү дайыма той.
- Балалуу болгуң келеби?
- Балдарды аябай жакшы көрөм. Балдар десе башкача түшүнүп алышпасын (күлүп). Кичинекей балдарды аябай жакшы көрөм. Өзүм да балалуу болууну эңсеп жүрөм. Убактым келатат дегендей. 30-40ка чыккандан кийин эч кимге керегибиз жок болуп калат.
- Эң биринчи канча жашыңда өбүштүң эле?
- Мектепте окуп жүргөндө өбүшүү дегенди билчү эмеспиз. Биринчи жолу мындан алты жыл мурун өбүшкөм.
- Ал адам менен азыр да жолугушуп турасыңбы?
- Ал экөөбүз таарынышып кеткенбиз. Таарынычыбыз алигиче жазылбай атат. Мен кечирип, ал кечирбей атат. Катачылык мен жактан кетип калган.
- Динге болгон көз карашың кандай?
- Жакшы көз караштамын. Өзүм мусулманмын. Намаз окубайм, бирок ниетим бар.
- Кайсы тамакты жакшы жасайсың?
- Бардык тамактардын даамын чыгарып жакшы жасайм. Баары эле жакшы экен деп айтат. Бирок, пельменди катырам. Ашлямфуну жакшы көргөндүктөн, аны да жакшы жасайм.
- Кийимдериңди ким жууп берет?
- Өзүм эле жууйм. Үйдө кир жууган машина бар, салып койсом, жууп коёт.

Сайра Сопушева









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??