п»ї
 Таанышуу жарыясы


Жин менен жарым жыл жашаган Элнура
Балким, мага бирөө келип, көзүмө бирдемелер көрүнүп, кулагыма ар кандай үндөр угулуп жатат, же түндөсү жаныма келип жатып алат деп айтса, эч убакта ишенбейт болчумун. Бирок жашоонун да сырдуу, табышмактуу, касиеттүү күчтөрү бар тура, көрсө.

"Тири укмуш кубулуштарга кабылам деп ойлогон эмесмин"
Кичине кезимде чоң атам ар кандай жомокторду айтып берип, "ыплас жерлерди көп бассаң, жин сыяктуу жаман нерселерди илештирип аласың" деп айтып калар эле,- деп баштады сөзүн Элнура. Балким, чындап эле үйдүн ээси болобу, же жөн эле адам баласы кандайдыр бир психологиялык жактан алсырап калганда көзүнө көрүнөбү, ким билет, бирок мен жакшынакай, оорубай эле тири укмуш кубулуштарга кабылып калам деп ойлогон эмесмин. Кант шаарына жумушка орношуп,шаарга барып келген оор болгондуктан, Кантка эле батирге чыгып алдым. Бир бөлмөлүү батирдин ээси орус кемпир жалгыз жашачу экен. Анан ал каза болуп, эки күн дегенде өлүгүн таап алып чыгышып, жерге беришкен дешет. Кемпирдин баласы, балким үйдүн ээси кыйнап жибергенден уламбы, же жөн эле башка себеп менен сатып жибергенби, ким билет? Кожоюнум үйдү сатып алып, оңдоп-түздөп койгон менен өзү жашабаптыр. Ошентип, көчүп келип жашап калдым.
"Жумуштан келсем, душтун ичи суу болуп калыптыр"
Башында жакшы эле жашап жүргөм. Эртең менен кетип, кечинде кеч келип жүрдүм. Анан бир күнү адаттагыдай эле жумуштан келсем, душтун ичи суу болуп, бирөө жарым келип жуунуп кеткендей болуп калыптыр. Эмне болгонуна толук маани берген жокмун, жаман оюмда кожоюнум келип кетсе керек деген ойго кептелип койдум. Бирок мындай көрүнүш бат-бат кайталана бергенинен улам кожоюнума телефон чалып, мен жокто үйгө бирөө келип сууга түшүп жүргөнүн айтсам, андай болушу мүмкүн эмес, себеби, үйдүн ачкычы менде эле бар экенин айтты. Мен ачкычты эч жерге таштабасам кантип эле башка бирөө келип сууга түшсүн деп таң калып койдум. Анан күндөрдүн биринде жумуштан аябай чарчап келип сууга түштүм да, эрте эле жатып алгам.
"Ошол түнү адам укса ишенгис окуяга туш болдум"
Түнкү саат канча экенин билбейм, ошол түнү адам укса ишенгис окуяга туш болдум. Дайыма уктаар алдында эшикти ичинен бекитип, ачкычты кулпуга калтырып койчумун. Ал түнү да ошондой кылып калтырып коюп жаткам. Анан эле түн жарымында бирөө келип, эшикке ачкыч салып ачып жаткандай туюлду. Чочуп ойгонуп кеттим, жай эшикти ачып бирөө кирип келди. Өзүм жалгыз жашасам, коркконумдан жаткан жеримде катып калдым. Бир заматтын ичинде оюма ар кандай жаман ойлор келип, эмне кылар айламды таппай, колумду майда калтырак басып, жүрөгүм оозума тыгылып калды. Анан өз үйүнө киргендей эч шашпай бирөө бутун сүйрөп кирип, мен жаткан бөлмөгө баш бакты да, кайра ашкана тарапка барып, бир аял ыйлап кирди. Эмне болсо ошо болсун деп акырын туруп ашкана тарапка баш бактым. Бирок ашканада эч ким жок эле, түшүнбөй калдым, өңүмбү же түшүмбү деп. Ишенгим келген жок, душту текшерип көрөйүн деп жарыгын жандырдым, бирок ал жакта да эч ким жок болуп чыкты. Азыр эле эмне болуп кеткенин түшүнбөй, эсим ооп жыгылып кала таштагам.
"Жаныма бирөө келип жатып алып…"
Ушундай да болобу деп таң калсам, бир жагынан кайра төшөгүмө жатып уктагандан коркуп, арча түтөтүп, үйдүн баарын ысырыктап чыкканым менен таң атканча бир бурчта тыгылып отуруп таңды атырдым. Эртеси жумушка барып түндө болгон окуяны кесиптештериме айтып берсем, ишенбей коюшту, "кантип эле ошондой болсун, сен жөн эле жаман түш көрүп кыйналып чыктың окшойт" деп. Балким, ошондой болдубу дейин десем, уктабай эле укпадымбы. Эмне кылар айламды таппай, мейли деп тобокелге салып, жумуш бүтөрү менен үйдү көздөй жөнөдүм. Ал күнү да түндө уктап жатсам жаныма бирөө келип жатып алып, албарсты баскандай болуп аба жетпей кыйналып, артыма бурулуп карагандан коркуп, түнү менен уктай албай чыга турган болдум. Акырында ага да көнүп калдым, себеби, келме келтирип, куран окуп, арча түтөтсөм да такыр кетчү эмес. Мындай көрүнүштөр көп кайталанчу болгондугунан, үйгө келгенден коркконум менен кайдыгер карап калдым.
"Душка же ашкана жакка барып алып ыйлайт"
Уктап жатсам түндө бирөө келет, ары-бери басат, душка же ашканага кирип алып ыйлайт, бирок такыр көзүмө көрүнбөгөн башкача бир кубулуш менен жашап жүрө бердим. Күнүгө жумушка уйкум канбай барып, түнү менен иштеген кишидей болуп чарчап жүрө бербейин деп, кайра шаарга өз үйүмө көчүп келип алдым. Шаарда да жалгыз тургандыктан, мен көчүп кеткеним менен тынчып калган жокмун, көчүп келгенден кийин бир-эки күн өтпөй баягы өзгөчө кубулуштар кайра башталды. Өзүм менен кошо илештирип келгенимди билип, тааныштарыма телефон чалып жардам сурадым. Кээ бирлери мени мээсинен айнып калган жалгыз жашай берип десе, кээ бирлери жин кирип кеткен деген божомолдорун айтып, мечитке барып дем салдырып келишимди сунушташты.
"Жин жаныма жатып алып, мени өпкүлөп жатты"
Мен үчүн мечитке барып дем салдырганым оң көрүнүп, барып башымдан өтүп жаткан окуяларды айтып берип жардам сурадым. Анан имам мага жакшылап дем салып берди да, фатиха сүрөөсүн 41 жолу окушумду айтты. Себебин сураганымда мага жин кирип, ал жин менен жарым жылдан бери жашап жүргөнүмдү айтты. Аллам оозуман түшүп үйгө келдим да, отуруп алып фатиханы 41 жолу окуп, жараткандан ыйлап жардам сурадым да, жатып алдым. Түндө уктап жатсам аба жетпей кыйналып, албарсты басып жаткандай болду. Келме келтирип, куран окуп баштадым, бирок бир сөлөкөт үстүмө чыгып алып мени муунтуп жатты. Келме келтирсем да кетпей, болгон күчүм менен алышып жаттым, аягында алым кетип шалдырап жатып калсам, жин жаныма жатып алып мени өпкүлөп жаткандай болду. Болгон күчүмдү жыйнап, фатиханы кайталай баштадым. Ошондо жанымда жаткан сөлөкөт жок болуп, башым зыңылдап ооруп чыкты. Мен фатиханы ичимден кайра-кайра токтобой окуй бердим. Бир мезгилде уйкусуроо арасында эсимде калганы менин денемден бир аял суурулуп чыккандай болду. Өзүмдү жеңил сезип, уктап кеттим. Азыр арадан үч жыл өттү, баягы адам ишенгис укмуш окуялардан арылгам.

Алиса Сапарбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??