п»ї

Достум, билгениңен биле элегиң көп!
АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)
Жанызак @ басма
(Башы өткөн санда)
Аймап алып айдын нуру тийбеген,
Айсыз жерде жатат дештен ийменем.
Күлүп келип күндүн нуру тийбеген,
Күнсүз жерге кетти дештен ийменем!
Кош бол эми,
Кайран пери,
Дилиң сезип,
Тил жетпести айтып берген бий менен!
Кош бол эми,
Кайран пери,
Жүрөктөрдү бийлеген!
- Аскар аке, жанагы биз айтып жаткан Залкар деген киши кезинде сиздин азыркы ырыңыздын кейипкерин астейдил сүйгөн деген сөз бар эле, уккандырсыз. Ошол жөнүндө бир аз токтоло кетсеңиз..
- Чала-була уккам, бирок мындай нерселерге үстүртөн баа бериш туура эмеспи дейм. Мындай нерсеге кескин баа бериш кыйын болот. Себеби аны... Мындай бир философиялык баа бериш, философиялык көз караштан бааласаң, анда туура болот. Анан жөнөкөй эле мындай бир кайдыгер айта салуу, пендечилик баа бере салуубузда жаңылып калышыбыз ыктымал. Балким, кандайдыр бир шумдук нерселерди жаратыш үчүн тигинин жаркын элеси, жаркын көрүнүшү олуттуу таасир эткендир. Бул өзү татаал нерсе.
- Рахмат, Аскар аке. Эми "Таң сырына" келели.
- Көрүшкөндө көздөрүңдөн чагылган,
Нурларынан курган кайран көпүрөм,
Бекемине күмөн санап жаңылган
Өтүмү жок болгонума өкүнөм.
Кимге айтып күйүтүмдү,
Кимге айтып күнү-түнү,
Кимге барып өтүнөм?
Таңшыгыча табышмактуу таң сыры,
Тандап кеттиң таңы салкын өлкөнү.
Табалабайм, кайрылганда айт чының,
Артык бекен бөлөк жердин көркөмү?
Эңсегенде бир келерсиң,
Зар болгондо сермелерсиң,
Ала-Тоону көргөнү.
Кала берем мекенимде...
- Иий, жок, андан мурункусун:
Саргайганда кайра конуп шаарыма,
Саламдаштың жубайыңдан...
- Жубайыңдан эмес, самурайдан деш керек:
Саргайганда кайра конуп шаарыма,
Саламдаштың самурайдан айбыгып,
Жылмайсаң да ыраазыдай баарына,
Карегиңде күйөт оту кайгынын!
Көмүскөлөп көксөгөнүң,
Бөлөк жерде бөксөргөнүң,
Тагдырыңа кайылың.
Кала берем мекенимде сени эстеп,
Жүрсө экен деп алыс жерде аман-соо,
Өтүнөрүм: көкүрөгүң элестет,
Көргөн сайын Фудзияма жанар тоо.
Жалын бүткөн үшкүрүгүң,
Жалын бүркүп түпкүрүндө,
Жаңырыгы жарар зоо!...
- Жо-жоок, кайырмасын кайталап жазалычы:
Мүшкүл күндүн үшкүрүгү,
Жалын бүркүп түпкүрүндө,
Жаңырыгы жарар зоо!!
Асыкем экөөбүз бир чоң ишти бүтүргөндөй бир аз унчукпай калдык. Анан мен рахматымды айтып, эмеректеримди жыйнай баштадым. Анан Асакем экөөбүз ашкана жакка бастык нан ооз тийип чыгууга. Аңгычакты алдыбыздан утурлай алигиче айжамалы жанбаган чырайлуу жеңем чыга келди: "Палоо басып койдум эле, чай ичип алсаңарчы", - деп. Жанатан бери шырп алдырбай ургаачылык милдетин жайгарып койгон жеңеме чын ыкластан таң калдым, "болбосоң коё кал",-деп. Айттырбай билген аялына ыраазылыгы жүзүнөн жанган Аскар акем экөөбүз кабинеттеги столдун үстүн арыдан-бери тазалай салып, дасторкон жайдык, палоо да жетип келди. Палоодон сугунуп, чайдан ууртап дегендей.
- Бу жигит "Таң сырынын" таржымалын билейин деп келиптир..
- Аа-а, жакшы-жакшы, кел, айланайын. Ал ыры байкеңдин атын дүңгүрөттү го тушунда. Эми, чыгармачыл адамдардын жайын түшүнөбүз, алпештеп жашап келатпайбызбы....
- Кантесиң, а деген көркөм чыгарма да...
- Көркөм чыгарма болсо, периштенин биякка япон күйөөсү менен келерин кайдан угуп жүрөсүң? - деп жеңем Асыкемди карап жылуу жылмайды.
А киши бир саам кайпаластап:
- Палооң аябай даамдуу жасалыптыр. Мына көрдүңбү, иним: айттырбай-дедирбей билген жеңең экөөбүздүн мамилебизди ушул даамдан эле байкасаң болот... - деп жагдайды жымсалдамыш болду.
- Аныңыз ырас, Аскар аке. Чыгармачыл адамдын бар дүйнөсүн чындап түшүнгөн алгач жеңеме ырахмат, - дедим.
Бири-бирине аяр мамиле жасаган жубайларды карап туруп, курсагыма жараша көңүлүм да тоюп турду...
Көчө бойлой аялдамага баратып: "Ырас эле, астрофизик менен таптакыр байланышпай калдым дейт да, Асыкем жарыктык алигилерге ресторандан жолукканын айтат ыр саптарында", - деген ой көңүлүмөн кетпей туруп алды. Ургаачы дегениң кыраакы жан белем, жеңем жанагы сөзүн бекер жеринен айтпаса керек, дагы бирөөлөрдөн тактап көрөйүнчү...
Айткандай эле бир күнү Ильгиз аке Гилязетдинов айтып калды: "менде Аскар Исаевдин бир сонун аңгемеси бар", деп. "Ошону сага алып келип берейин", деди. Анан а киши отпускеге чыгып кетти, жайды жайлата күтүп жүрдүм. Анан отпускесинен келип, жолуксам: "архивдин кайсы бир жеринде жатат, сөзсүз алып келип берейин, иним", деди, мында да күттүм бир нече күн. Аңгыча бу жыйнак да даяр болуп калды, эми табылса ал аңгемени өзүнчө чыгарарбыз...
ЦЕЗАРЬ ЖАНА МЫЙЗАМ
Сөздүн башын жаш профессордон келдик эле, эми жыйынтык сөзүбүздү карт профессорубуз таштап койсун. Эскерте кетерим, маектешүүнүн деңгээли маектеш адамдардын жалпы көз карашы, алардын дарамети менен дал келет, андыктан төмөндө айрым бир осолураак ойлор болсо, тайкы пикирлер айтылып кетсе кыргыз окумуштууларыбыздын билим жана түшүнүк өзгөчөлүгүнөн айып этпейсиз. Баса, баарын айтпайм, айрымдарын алсак...
Анда эмесе сөз учугун Кыргыз кыз-келиндер институтунун мурунку ректору, философия илимдеринин доктору, профессор Рахат Ачылова улайт:
- Бир адамды билиш үчүн аны менен пуд соли надо съесть. Эгерде менин жолдошум Айтматов менен 15 жыл иштеп, үй-бүлөбүз менен, мындай, карым-катышпасак, мен ал киши тууралуу сүйлөбөс элем. Мен вообще кишини билбей туруп сүйлөбөйм...
- Рахат эже, эмнеликтен Мариям жеңе менен, кийинки жеңебиз менен мурунку нике бузулбай туруп байланыш болуп калды дейсиз? Жанатан бери мусулманчылыктан айтып, улам "иншалла" деп келтирип жатасыз, анда колуңузду көкүрөгүңүзгө коюп туруп айтсаңыз: мейли законсуз болсо да алды менен үч талакты берип туруп, же ак никелүү алганынан алды менен ыраазычылык алып, анан барып жатыш керек эле да, аппак дегенде ушундай болуш керек эле дегеним. Көрдүңүзбү кандай? А сизге эгер ушактын дагы төркүнүн айтып койсом, а тиги, эмне үчүн Эркин Борбиевичке келип атам десеңиз, а киши ушул окуянын түздөн-түз катышуучусу болгон имиш, жанагы Дом кино дегендин чоңу болуптур да, окуянын баары ошо жерден өтүп..
- Жаныб... Жаныбек! Мен кандай десем: кыргыздын бир макалы бар да, мен анын азыр сага төркүнүн айтып берем.

(Уландысы кийинки санда)






Айгүл ШАРШЕН
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
- Өзүң бил, иним, билген акылымды айттым, тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт дегендей менин айтканым сага арык аттап, суу кечпейт экен, - деди да, туруп кетти.
- Мени кечир, эже, мен Калысты катуу сүйгөмүн, менин сүйүүмө татыктуу боло албады.
- Жакшы эле келин экен го? - деди Мырзагүл кайрылып.
- Айтылбаган сырлар көп, - деп Марат үңкүйө отуруп калганда эшиктен Алтынай кирди. - Мен силерге эмне себеби бар экенин айта албайм.
- Эмне болуп жатат, жеңе? - деп Алтынай кирип эле сурай кетти.
- Эч нерсе, таарынычтары бар го, Калыс кетип калыптыр, алып келесиңби деп жатам.
- Эмне дейт анан?
- Билбейм, өзү билет да. - Ошол бойдон Мырзагүл үй жумушуна киришип кетти. Марат унчукпай жатып алды. Алтынай ашканага кирип, Мырзагүлгө шыбырап-күбүрөп бирдемелерди айтып жатты. Анын айтканын укканда Мырзагүл таң кала карап туруп калды.
- Ошондуктан көңүлү сууп калса керек да, жеңе. Бирге жашап өз атасынан кордук көрүп, өмүр бою жүзүнө көө жабылып жүргүчө, бөлөк өсүп сый болгону жакшы да, - деп эбиреп-жебиреп жатканда Мырзагүл ага кайрылды.
- Эмне деп эле жатасың, кайдан билесиң булардын баарын?
- Жеңе, Калыс экөөбүз классташпыз, ал төрөп койгондо гана билинип, атасы камалып кетип, аны интернатка киргизип коюшкан. Көрсө, окуп жүргөндө эле атасы менен жатып жүрө бериптир, айткандан коркуп жүрө берип төрөп койгон экен да. Андан кийин интернат өрттөнүп кетип, андан шаардагы №5 мектеп-интернатка өткөрүптүр. Мен ошондон кийин көрбөй калгамын.
- Мунун баарын Маратка сен айттың беле?
- Ооба, мен билгенимди айттым да, жеңе.
- Алтынай, - Мырзагүл ойлуу ага тигилди, - бекер кылыпсың, көргөнүңдү айтпай коюшуң керек эле. Адамдын жүрөгүн муздатканың болбойт, балким, ал сүйүп алгандыр, түбөлүк жашашат беле, туура эмес кылыпсың.
- Бул сырды Марат акыры укмак.
- А сен билмексен болуп койсоң болмок.
- Жеңе, дагы үч-төрт балалуу болгондо угуп ажырашканча, бир кыз менен оңой да.
- Ортодо кызга дагы кыйын, өгөйгө кабылып, апасынын тагдыры кайталанса не болот? Адам пендеси ар түрдүү болот экен. Мени өгөй энем апамдан алып, өз балдарынан кем кылбай өстүрдү, атам андан бетер жакшы көрчү. Эгер кокус атам мурун өлсө, энем бөлөк экени айтылбай калмак экен, апам эки жыл мурун өтүп кетип, катуу ооруп жатканда ооруканага барсам атам айтып берди. Адеп укканда шок болгонумчу, ишенген жокмун, - деп Мырзагүл ойлуу сүйлөп жатты. - Атам төрөгөн апамды катуу сүйүптүр, өзүнүн убадасы бар экен. Ошентип өлөрүндө гана мага чындыкты айтып жатпайбы…
- Ай-ий, чынында таң калыштуу окуя экен, - деген Алтынай кызыга суроосун берди. - Сиз анан апаңызды кантип таптыңыз?
- Дарегин, аты-жөнүн айтып берген да.
- Ай-ий…
- Ошентип, уккандан кийин аябай ойлончу болдум, мени төрөгөн аялды көргүм келди. Эрниске айттым да кат жазып жөнөттүм, жообун алдым,-деп жылмайып койду Мырзагүл.-Көрсө, мен апама окшош экенмин, бир туугандарым бири-бирине окшош тура. Маратты үйдөн кетирбей койдум, балким, ал Калысты катуу сүйгөндүр, эгер андай болсо баарына кол шилтеп коймок, убакыт дарылап бара-бара баарын унуттурмак.
- Марат андан мурда бирөөнү катуу сүйүптүр, анын үй-бүлөсү бар экенин угуп, өз көзү менен көргөндө жаман абалда калган экен. Унута албай жүргөндө Калыска жолугуп калып, өзүн алаксыткан го, сүйлөшүп жүрүп да бир ооз айтпай коюптур. Келин болсо да баласына карабай биринчи сүйгөнүн издемек болуп жүргөн тура.
- Эмне, Маратпы? - Мырзагүл чочуп кетти. - Келинди эмне кылат экен?
- Сүйгөнү кыз болбой калса анан өкүнөт да, андан көрө келин болсо да алганым жакшы эле деп ойлогондур.
- Кой, ошо кантип болсун, мен ишимди кылайын, Эрнис келгиче тамак даярдай коюшум керек, - деп ордунан туруп кетип калды. - Сенин окууң кандай болуп жатат?
- Мен сырттан которулуп алсам чыгарып коюшуптур, эми иштеп жатам, жеңе.
- Кийин болсо дагы окуп аласың.
- Ошентем го.
- Эртең үйгө конок келет, жардам берип кой ээ?
- Макул, жумуштан эрте келейин.
- Ооба, жалгыз жетише албай калат окшойм.
- Жарайт, жеңе, бирок эки күндөн кийин эле айылга кетем, апам чакырып жатат.
- Чакырса барышың керек.
- Ооба, кабарлашпай калсам эле чакыра берет, - деп күлүп койду Алтынай. - Алар мени шаарда жүрүп бузулуп кетет деп коркушат.
- Сени жаман болсун демек беле?
- Түшүнөм да, жеңе.
- Түшүнгөнүң жакшы.
Марат көп ойлонду, бирок Калыстын артынан баргысы келбеди. Анан ойлонуп отуруп: "Мен эми үйлөнүшүм керек. Жаңылдым, алгач аруу тилегимден жүрөктүн үнүн уктум. Ийилбеген жан дүйнөм аруулуктан жаралганбы, ак сүйүүмдөн көңүл калды, бул эмнеси?" - деп улутуна сүйүүсү менен коштошуп, баш көтөрүп, жашоодон дагы да болсо ала турганы бар экенин сезип, тирүүлүктүн ырахатынан үмүт үзбөй алга карай кадам таштоого аракеттенди. Күндөгүдөй эле жумушунан кайтып келе жаткан. Алды жагында узун бойлуу, чачтары далысын жапкан арыкчырай кыз кетип баратты. Тездей басып жете келип, кызга катарлаша калды.
- Саламатсызбы, чоң кыз? - деп койду жылмая.
- Саламатчылык, - деп кыз жалт карап жооп кыла токтобой кете берди.
- Алыс барасызбы, чоң кыз?
- Ооба.
- Жүгүңүз оор болсо керек, жеткирип коёюн.
- Анча эмес…
- Мейли, ошентсе да мага бериңиз, - деди Марат колун сунуп.
- Бекерчисизби?
- Жо-ок, сиздей сулуу кызга жардам берейин дегеним бекерчиликтен эместир.
- Жарайт, жардамыңызга рахмат.
- Али жардам боло элек го?
- Мынаңыз, - деп кыз ойноктогон кара көзү менен жал-жал карап колундагы сумкасын сунду.
- Окуйсузбу?
- Ооба.
- Кайсы окуу жайда?
-Окуу жай эмес, мектепте бүтүрүүчүмүн.
- Оо, али жаш турбайсызбы, атыңыз ким?
- Райкан.
- Менин атым Марат.

(Уландысы кийинки санда)








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??