п»ї
 Таанышуу жарыясы


80 жаштагы модель
Кармен
Адам өзү сексенге чыкса дагы, жүрөгү дайым жаш бойдон калат эмеспи. Нью-Йорктун тургуну 80 жаштагы Кармен да карыса дагы, модель бизнесин таштагысы келбей, дагы да болсо подиумдан түшпөй, кийимдердин көргөзмөсүнө активдүү катышып келет.

Жашы сексенде болсо да, подиумдан түшпөй…
Гиннестин рекорд китебине дагы бир рекорд кошулду. Ал 80 жашка чыкса да, подиумда жүргөн модель Кармен Делль'Орефайс. Азыр анын жашы сексенде. Ошончо жашына карабастан кийимдердин көргөзмөсүндө подиумдан түшпөй жүрөт. Нью-Йорктун сулуусу Кармен 1931-жылы жарык дүйнөгө келген. Кармен кедей-кембагалдын үй-бүлөсүнөн болгондуктан, бир учурларда апасы аны интернатка да алып барып жүргөн. Кармен күтүлбөгөн жерден эле модель болуп калган. Аны бир аялдын күйөөсү аялына белек кылганы сүрөт тартып жатканда аялы байкап калган. Биринчи фотосессиясынан кийин эле, "Сен фотомодель боло албайсың", - деген кат келген. Бирок, кыздын туугандары бул пикирге каршы болуп, "Vogue" журналынын редакторуна Кармендин сүрөттөрүн жөнөтүшөт. Андан эки жума өтүп-өтпөй эле Кармен аталган мода журналынын башкы бетине ар кандай сүрөттөрү менен чыга баштаган. Кармендин алган айлыгы көбөйүп, кембагал, нанга жетпеген үй-бүлөсүн жалгыз өзү бага баштаган.

Чачын ак басып калганда модага аралашкан
Ал эми модель катары Кармен 47 жашында гана акча таба баштаган. Андан кийин чыгармачылыгын алмаштыруу боюнча ойлоно баштаган. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, ал ойлоп, пландап жүргөн нерсе оңунан чыкпай калат. Бир күнү чоң кечеде жүрсө, ага белгилүү сүрөтчү Норман Паркинсон келип: "Сиз аябай жагымдуу аял экенсиз, мен сизди сүрөткө тарткым келип атат",- деп фотоаппаратын алып чыгып тартып кирет. Ал убакта Кармендин чачына ак кире баштаган эле. Кармен чачын карарткандын ордуна,тескерисинче, агартып туруп сүрөткө түшөт. Мындай көрүнүш мода өндүрүшүндө чоң жаңылык болгон. 2000-жылы Кармен Christian Diorдун кийимдерин кийип подиумга чыккан. Ошондо канча жылдык подиумдагы моделдик тажрыйбасы менен көп жылдан бери эмгектенген биринчи модель болгон дагы, Гиннес китебине кирген.


Мына, кызык
Жел чыкпаса жан чыгат, же адам чыгарган газ тууралуу кызыктар
Ичеги-карындан чыккан газдын температурасы чыгар замат 98,6 градусту түзөт.
Ал эми анын ылдамдыгы 3 метр секундга барабар.
Адам күнүнө жарым литрче газдалган азыктарды сыртка чыгарып турат.
Эркектер канчалык газ коё берсе, аялдар да ошончолук коё беришет;
Жумуртка, сыр, фасоль, капуста, пияз, сарымсакты көп жесеңиз, абаны ошончолук булгайсыз.
Адамдардын көбү күнүнө 14 жолудан газ чыгарышат.
Кээ бир адамдар өлгөндөн кийин деле жел чыгарышат.




Билгениң оң
Көгөрүп, желелеп кеткен жашылча рак оорусун пайда кылат
Козу карындардын кээ бир түрлөрү чогулуп желелеп, башкача айтканда, паңдап кетет. Аталган козу карындар жашылчалардай эле дем алышат дагы, бардык жаман-жакшы абаны өзүнө соруп алат. Бирок күндүн нурун сиңирип алуу касиетине ээ эмес. Андан сырткары, жыныстык жол менен өз алдынча көбөйө алышат.


Ашепке боёнгон кыздарга көп ишенишпейт
Туура макияж аялзатын сулуу гана кылбастан, анын кыял-жоругунан да кабар берип турат. Айтсак, аялзатынын боёгунан кандай кыялдын эгедери экенин байкап, баамдап коюуга болот.
Британиянын жана Американын окумуштуулары көп боёнбогон жана ашепке боёнгон кыздардын сүрөттөрүн алышып, жолдо кетип бараткан адамдарга көрсөтүп: "Кимиси акылдуу жана адамдын ишеничин актай алат?"- деген суроолоруна көбү алгач боёнгондорду айтышкан. Алар дагы бир жолу шашпай карап көрүүсүн өтүнгөндө гана, боёнгондор сулуулук жана акылдуулук жактан көбүрөөк добушка ээ болсо, аз боёнгондор адамдын ишенимине кирет деген натыйжаны берген.


Айтылбаган сыры барлар көп боёнот
Таптакыр эле боёкторго жакын эмес, боёнбогон аялзаты өзүнүн аял, назик экенин унутуп калып, өздөрүн эркек менен тең ата сыяктуу эле сезишет. Эгер аялзатынын ичинде кандайдыр бир айтылбаган сыры жаткан болсо, ал ашепке боёнот. Ал эми оозду боёгонго басым жасагандар, абдан назик жандар экенинен кабар берет. Ал эми көзү ачык боёлгон кыздар акылдуулуктан кабар берет. Ошентсе да кыздар, макияжга убактыңарды аябагыла. Анткени, адамдын эң биринчи көргөнү эсинен кетпейт. Эгер жакшы пикир калтыргыңыз келсе, биринчи жолугушууга өтө ашепке эмес, жетишерлик боёнуп барганыңыз оң.


Желелеген помидор боорго зыян
Желе уулуу жана бардык жерде жүрөт. Таза бөлмөдө да ар бир кубометр жерде 500гө жакын желе жүрөт. Мындай абадагы козу карындардын чоңдору адамдардын организмине терс таасирин тийгизип, аллергияны пайда кылса, майдалары бронхит, астма, ринит сыяктуу оорулардын козголушуна алып келет. Кадимки эле биз күнүмдүк колдонуп келген помидор же нан көгөрүп, желелеп кетсе, мындай козу карындар организмге чогулуп отуруп, боордун рак оорусун пайда кылат. Мындай желе козу карындар температурасы жогору жерде бат өөрчүй алышат. 2004-жылы сасык тумоого караганда аталган козу карындан адамдар көп каза болушкан.


Флэш-тутумдарды сатып алууда эмнелерди билүү керек?
Акыркы убактарда flash-эс компьютер жана ноутбук сыяктуу эле керектүү буюмдардын катарын толуктап калды. Бирок көбү ал эс тутумду тандоодон кыйналып, алган флэш-эси бир жумадан чыкпай, убара тартып жүрүшкөндөрүн көп байкап калам. Көбү флэш-эсти сатып аларда анын сапатына эмес, анын канча маалыматты батыра аларына карашат. Эс тутуму көп болсо, жакшы боло бербейт. Эгер ага кандайдыр бир вирус кирип кеткен болсо, анын эс тутумунун көп экендигине карабай, ичиндеги маалыматыңыз, же документиңизден алеки заматта кол жууп калышыңыз мүмкүн. Эс тутумду сатып аларда эң биринчи көңүл бура турган нерсе бул- албетте, анын эс тутумунун көлөмү. Эгер сиз ал эс тутумду жөн гана документтерге колдоно турган болсоңуз, 1 гб көлөмгө чейинкилерди алсаңыз болот. А эгер ал эс тутумга музыка же видео сактайм деген болсоңуз, 2 гб көлөмүндөгүсүн алганыңыз дурус. Эс тутумду сатып алып жатканда "hi-speed" же болбосо "ultra fast" деген сөздү көрсөңүз, эч кам санабай эле ала бериңиз. Себеби, аталган жазуулар ал эс тутумдун башка эс тутумдарга караганда маалыматты тез ала алат деген маанини берет. Эң башкысы, маалыматыңызды жоготуп алуудан корксоңуз, фирмалык эс тутумдарды гана алууңуз абзел.


Элес Турар





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??