п»ї
 Таанышуу жарыясы


Обон почта
ОП-189-01. Алтындан ардактуу, күмүштөн салмактуу, кара каштуу, узун чачтуу, басканы бат, күлгөнү шат, орто бойлуу, терең ойлуу, жүзүндө калы бар, тилинде балы бар… 0777760ххх
ОП-189-02. Кош-Дөбө айылында жашаган 9-"А" класстын окуучулары Бегимай, Нургүлгө чоң салам. Асел
ОП-189-03. Жазел 90, кимсиң сен? Өзүңчө эле табигат сырдуу болуп алыпсың да. 0771063ххх
ОП-189-04. Салам, мен Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын Иса мектебине чоң салам жолдойм. Б….
ОП-189-05. Урматтуу "Обондун" жалпы эмгек жамаатына рахмат! Кеңеш бергениңиздер үчүн. Жазел 90
ОП-189-06. Башым ооруп мен тунжурап баратам, Жалган сүйүү жүрөгүмдү кыйнаган. Унута албай, эстей албай ал күндү, Махабаттын торуна бир кармалдым. Эх, сүйүү! Сүйүү эмне жомокпу? Жалганы бар, чындыгы жок турмушпу? Акыйкаттын чебердигин биле албаган, өзүнчө бир катылган сандыкпы? Жазел 90
ОП-189-07. Ойлонуп сансыз ойго чөмүлөмүн. ойлой берип өзүмдү жеп коёмун… 0771526ххх
ОП-189-08. Кайталап айткым келбейт кайрадан, Баргым келбейт сүйүү сынагына. Мен эми жалганчы махабат, Керексиз кадалгансып байландым сага неге? Жазел 90
ОП-189-09. Эржигит, намыс жүрөгүңдө жашаса, мага такыр смс жазба. Тарбия көрдүң беле? Ошо сөзүң үчүн жооп бересиң. Жазел 90
ОП-189-10. Роза Шакирова эже, сиз Баткендин Кайыңды айылында туулгансызбы? Ошол чынбы? 0772400ххх
ОП-189-11. Салам, "Обон". Жомоктогудай сезим жүрөгүмдө муздаган, Ал күндөрдү сагындым көз карашып ырдаган. Көпкө жүрдүк айрылбай, Эч нерсеге кайгырбай. Бирок азыр сүйүүгө жүрөк турат кайрылбай. Гүлбайра
ОП-189-12. "Обон", салам. Керемет, Айгүл, Нурай, Элиза, мен силерди жакшы көрөм. 0779980ххх
ОП-189-13. Салам, "Обон". Мейли күндөр өтсүн зымырап, Адам жашайт турмуш үчүн кыбырап. Жалганчылык азайып кетүү үчүн, Жүрөк менен ким берилип тырышат? Биз өнүгүп, өстүк, бирок терс сапаттар менен бирге. Эмне үчүн, достор? 0773076ххх
ОП-189-14. Боспиек айылындагы 96ларга чоң салам. Бар болгула, достор. Гүлзат 96
ОП-189-15. Салам, "Обон" газетасынын жамааты. Белгилүү саясатчы, коомдук ишмер Адахан Мадумаров жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы, сураныч. 0770371ххх
ОП-189-16. Салам, "Обон". Мен сүйгөнүм Кутманды келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Сени аябай сагындым, кай жерде жүрөсүң? А….
ОП-189-17. Салам, "Обон". Кара- Кулжа районуна караштуу 1-Май айылындагы Даниярованын үй-бүлөсүнө чоң салам. Ошондой эле 1995-жылкы кыздар-балдарга салам. Нуркыз
ОП-189-18. Салам, "Обон". Өзгөчө саламым М. Догдуров мектебиндеги 7-"Б" класстын класс жетекчиси Жайлообаева Анар эжейге. Сизге дүйнөдөгү 7 жакшылык, узун өмүр, чын ден соолук, дайыма талбай бизге сабак бере бериңиз. Өтүп кеткен 2-октябрь- Мугалимдер күнү менен куттуктайм. 0779635ххх
ОП-189-19. Сиңдимдин 6-октябрь туулган күнү менен куттуктайм. Сагын 96
ОП-189-20. Индия кино жылдыздары Жон Абрахам, Каджол жөнүндө маалымат бергилечи. Фариту 90
"Обондон" жооп: Индия кино жылдызы Каджол 1975-жылы 5-августта киночулардын үй-бүлөсүндө Мумбай шаарында туулган. Каджол-төртүнчү муундагы актриса. Анын чоң таенеси Раттан Бай да актриса болгон. Чоң апасы Шобхана Самартх, таежеси Нутан Бехл жана анын агасы Тануджа актёрлор болгон. Атасы Шому Мукхерджи-кинопродюсер. Ал эми сиңдиси Таниша дагы актриса. Каджол актёрдук дебютун 1992-жылы "Bekhudi" киносунда баштаган жана көпчүлүк дебьютанттардай эле биринчиси анча жакшы болгон жок. Бирок экинчи киносу "Baazigar" да Шахрукх Кхан менен тартылган. Ал жерден атактуулукка жетишкен. Каджолдун Шахрукх менен тартылган бардык кинолору ийгиликке алып келген. Азыркы учурда 28 киносу бар. Каджолдун биринчи орунда кызы, экинчи орунда киносу турат.
ОП-189-21. Сүйүү деген бакта бышкан кызыл алма, Кызыгып кызылынан бирди сүйүп, бирди танда. Кызыгып беш-алтоону жулуп алып, Аттиң ай, бышпаптыр деп таштап салба. Жигиттер, бирөөнү гана сүйүп, аны бактылуу кылгыла. Айдана
ОП-189-22. Лейлекте жашаган атам, апама ысык салам. 0779360ххх
ОП-189-23. 5-класста чогуу окуган, 1998-жылы төрөлгөн классташым Токтосунова Жылдызды издейм. Эгер бул газетаны окусаң, 0778858070ке чалып кой. 0770635ххх
ОП-189-24. Азамат уулу Калдыбай орто мектебинин окуучуларына чоң салам. Сагын 96
ОП-189-25. Исхак Раззаковдой акылдуу, дилгир, чечкиндүү, Апсамат Масалиевдей тазалыкты туу туткан кыргыздын чыгаан уулун президенттикке шайлайлы. Сүлүктүдөн Зайырбек
ОП-189-26. Кара-Көл шаарындагы жаным Тумар, балдарым Канат, Кутман, мен силерди аябай жакшы көрөм. Ар дайым бар болгула, аман болгула. Нуржамал
ОП-189-27. Менин саламым "Обондо" иштеген Динара Асылбековага жолдонот. Дайыма иштеген ишиң алдыга жылсын. Сизди урматтап Алматыдан Гуля.
ОП-189-28. Жараланды жалгыз менин жүрөгүм, Бул жашоодо сенсиз күндөр өтөбү? Канат байлап учуп чыгып асманга, Сагынганда баргым келет жаныңа. 0773419ххх
ОП-189-29. Кара-Суу районуна караштуу Агартуу айылында жашаган Кеңеш 89 31-августта Россияга учуп кеткен. Барсыңбы, окуп калсаң номериме чалып койчу? Сага не болду, дайының жок? Айжамал 94
ОП-189-30. Аваз Акимов кандай үйдө жашаарын билип бериңиздерчи, "Обон" гезити, суранам. 0770505ххх
ОП-189-31. Акимов Аваз байке, чыгармачылык ийгилик. Мен сизди өтө жакшы көрөм. 0770505ххх
ОП-189-32. Арал айылындагы Бейше орто мектебине салам. Жагым 95
ОП-189-33. Мен Өзгөн районунун Ири-Суу айылынын жашоочусу аяш атам Райымбек, досум Маяга чоң салам. Эч качан оорубагыла, жүзүңөрдөн күлкү кетпесин, жыргалчылыкта өмүр сүргүлө. Аяш ата, сиз Маяга дайыма гезит ташып жүрө бериңиз. Жаңылай, Өзгөн
ОП-189-34. Мен Ош окуясы тууралуу диск көрдүм. Өзбектердин мыкаачылыгына таң калдым. Менде улутчул сезим пайда болду. Чынын айткылачы, достор, силер маршруткада баратсаңар, бир өзбек, бир кыргыз экөө тең келип орун сураса, кимге туруп бересиңер? Мен, албетте, кыргызга орун бошотуп берем. Себеби, мен кыргызмын. Жаңылай, Өзгөн
ОП-189-35. Атам Темирбайга, энем Жумагүлгө, акем Эркинге, апам Берметке чоң салам. Бактылуу карылык, бакубат жашоо каалаймын. Эч качан оорубагыла,- деп кызыңар Жаңылай, Өзгөн.
ОП-189-36. Жалал-Абад областына караштуу Ак-Башат айылына чоң салам. Нурсия
ОП-189-37. Досторум Сезимай, Бегимай, Айдана, Орозгүл, Бурулкан, Шекербек, Бекаман, Станбек, Адашбек-силер менин супер досторумсуңар. Досуңар Нурсия
ОП-189-38. Тагдырым маңдайга жазылган, жүрөгүм нечен муздаган. Кабылып ак сүйүүгө тушалгам, мен неге мынча? Ардагым, сүйүүсүз жашаса деле адам болбойт беле? Эх, достор, көңүл калды баарынан. Жоготуп алган сүйүүнү кантип унутса болот? Мага жардам бергилечи, смс жазгылачы, суранам. Жазел 90
ОП-189-39. Сен белең эң алгачкы махабатым, Жүрөктү жаралатып бир сыздаттың. Мейли мени таштаса да ардагым, Бактылуу бол бир өзүңө ошол каалаарым. Жазел 90
ОП-189-40. Мейли колуң башкаларды кармасын, Мейли сүйүүңдү башкаларга арнагын. Кыйналып мен миң аракет кылсам дагы, Сүйө албастыр мен сүйгөндөй алганың. Айтчы неге мурункудай боло албайсың? Мага азап болуп жатат го. 0772288ххх
ОП-189-41. Эх, сүйүү, жомокпу жалганы бар, чындыгы жок, Турмуш акыйкаттын чебердигин биле албаган өзүнчө бир катылган сандыкпы? Жазел 90
ОП-189-42. Оорутуп көңүлүңдү калтырбаймын, Сени ойлоп нечен түндү өткөрбөймүн. Бакытка бөлөнгөнмүн бир сен үчүн, Татыбай койду мага сенин гүлүң. Жазел 90
ОП-189-43. Сагынычым жүрөгүмдү эзет улам, А бирок, унутууга мажбур болом. Кусалык жүрөгүмдө толуп турса, коштошом арманым жок сени менен.
Жазел 90
ОП-189-44. Салам, Тариэль, мага смс жазбачы, чалбачы, абдан адамды тажаттың. Жазел 90
ОП-189-45. Ринат 91, Зуля сиңдимди сагынсаң, Ошко учуп кетпейсиңби, же үйлөнүп албайсыңбы? Ошончолук сагынсаң бир смсиңди миң ирет жазасың, адамдын күлкүсүн келтирип. Номерин бердим эле го? Жазел 90
ОП-189-46. Мен "Обон" аркылуу тапкан сиңдим Айчүрөк 93тү издеп келем кайдасың, кандайсың? Бир кабарыңды билдирчи, мага байланышып койчу. Мен сени сагындым. Эжең Табигат сырдуу Алтынай
ОП-189-47. Бул ырым алтындай болгон апаларга арналат. Энелер, куттуу болсун майрамыңар, Жадырап жаз гүлүндөй жайнаңыздар. Балдардын жыргалына балкып эрип, Бактылуу бул өмүрдө жашаңыздар. Терең урматым менен Жазел 90
ОП-189-48. Кусалыктан тажадым, жалгыздыктан чарчадым. Жан дүйнөмө өтө жакын, махабат кайрыктары. Жазел 90
ОП-189-49. Кандайсың, жаным, барсыңбы, сени сагындым, смстериме жооп бер. 0771526ххх
ОП-189-50. 0770597ххх абоненти, сиз жигит болсоңуз, анда неге атыңызды Айганыш деп тааныштыңыз? Ушундай болмок беле, кичине ойлонуп өзүңүздү тарбиялап алыңыз. Жазел 90
ОП-189-51. Ардагым, ардагым бактылуу, таалайлуу бол. Эгерде кызыңды мен деп койсоң, мен дагы уулумду сен деп коём. Жазел 90
ОП-189-52. Урматтуу Айжамал 95, албетте, биздин катарга кошулсаңыз болот. Эң негизгиси, "Обондон" алыстабаңыз. Анда келиңиз дос болуп байланышалы, смс жазыңыз. "Обонго" жазган смсиңизге рахмат. Жазел 90
ОП-189-53. Өзгөндүн Кыргызстан айылында жашаган досум Аида,сага салам. Досум, мен сени жакшы көрөм, мен сени чыныгы досум деп ойлоймун. Жаңылай, Өзгөн
ОП-189-54. Салам, менин досторум Майрамкан, Элнура, Таттыбүбү, Бегимай, Салтанат, Алима, Жаннат- баарыңа салам. 11- "Б" класста окуган жалпы классташтарыма да чоң салам. Жаңылай, Өзгөн
ОП-189-55. Жүрөктөгү сүйүү, чыныгы махабат. Бема, смсиме жооп берчи? Арлен
ОП-189-56. Ассалому алейкума ва рахматулоху на ва баракатух. Ильяз байке, ден соолукта болуң. 0770202ххх
ОП-189-57. "Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат". Өз көзүм менен көрдүм, ушул макал дал келгенин айткан сөзүн айтпадым десе, бирөөсү кылган ишин кылбадым деп, кудайды кошуп карганды, тобо. Эмне эле болуп баратабыз? Жаңылай, Өзгөн
ОП-189-58. Бөлөм Фарида, мен сени жакшы көрөм жана сыйлайм. Дайыма аман бол.

Жаңылай, Өзгөн
ОП-189-59. 3 жыл болду Накуля экөөбүздүн "Обондун" смсчиси болуп дос болгонубузга. Мындан ары да түбөлүк достугубуз уланса деп кудайдан тилеп келем. Накуля досум, аман бол. Урматтуу "Обон" газетасынын эмгек жамааты, бизди куттуктап коюңуздарчы. Табигат сырдуу Алтынай
ОП-189-60. Урматтуу Тариэль, сенин байлыгыңа эч ким суктанбайт. Көп баркыңды эл алдында кетирбе. Ошо байлыгың өзүңө эле буйрусун. Жазел 90
ОП-189-61. Жашоо керемет, чындап кылсаң аракет. Бул жашоо бизге бир келет. Ошондуктан, жыргап көңүл ач, замандаш. Жазел 90
ОП-189-62. Ринат 91, кандайсың. сен Зуляны издеп убара болбо . Эми анын жүрөгү бош эмес. Кыскасы, Зуля турмушта, анын тынчын алба. Жолдошу Залкар
ОП-189-63. Нурлан Насипке: Ак жуумал жүзүң жайдары, болуп жүргүн ардактуу. Калкып учкун музыкага арбалып, бийиктикти багындырып, чарчабай күлүп-жайнап. Айнура, Ош
ОП-189-64. Нурлан Насипке: Сага арнап ыр жазуудан жадабай, Жашап жүрөм башкаларга байкалбай. Сага деген ырларымды сүрөтүңө жашырып, Жазып жүрөм мен өзүмчө сагынып. Айнура, Ош
ОП-189-65.Нурлан Насипке: Шоктой жүрүп, ойноп-күлүп, Мен өзүмчө жүргөнмүн. Корс-корс сүйлөп тоготпостон, Маани бербей күлгөнмүн. Ошол кезде сен жолуктуң, Таң аткандай жашоомо. Айнура, Ош
ОП-189-66. Нурлан Насипке: Сен күлгөндө башкачадай болуп аалам, Сен ырдасаң мени болсо ойлор басат. Көздөрүңдүн түбүндөгү маанилерди, Окуй албай мен өзүмчө кыйналамын. Айнура, Ош
ОП-189-67. Нурлан Насипке: Каректе жанган от менен, Сагынычтын күчүнө тең. Кусалыктын азабында деген, Жашаймын мен дале. Айнура, Ош
ОП-189-68. Нурлан Насипке: Көз алдым караңгылап күндөн күнгө, Карегим сууга чөгөт түндөн түнгө. Сени эстеп олтурамын бүгүн дагы, Ойлонуңку муңдуу бир үшкүрүктө. Айнура, Ош
ОП-189-69. Нурлан Насипке: Сезимдерге байланган ырларымдан, Жүрөктөгү жашырган сырларымдан. Сизге жазып жатамын бүгүн дагы, Кыялымдын бүтпөгөн ойлорунан. Айнура, Ош
ОП-189-70. Нурлан Насипке: Сен менин соккон жүрөгүм, жаным, Сен менин жазган ырым, барым. Жашоодо теңдеши жок асыл адамым, Сен үчүн баарына азыр даярмын. Айнура, Ош
ОП-189-71. Нурлан Насипке: Арзуумду, кыялымды ээлеген, Тунук сүйүүм, махабатым сенсиң. Сенден баары башталганбы бул аалам, Же болбосо жаралдымбы сен ырдаган ыргактан.
Айнура, Ош
ОП-189-72.Нурлан Насипке:Сезимдерди байлаган кыялдардай, Кол сунамын сагынып мен башкача. Арзууларда жашаган адамдардай, Карай берем жолуңду эч тажабай. Айнура, Ош
ОП-189-73. Нурлан Насипке: Кыялым күлүк токтобойт го шашкандай, Оюм менен келишпейт ал качкандай. Күндөп-түндөп алар менен шашылып, Жашап жатам аларга мен азгырылып. Башкаларга байкалбастан сагынып. Айнура, Ош
ОП-189-74. Нурлан Насипке: Сага арнаган сезимдин гүлдөрүнөн, Коргон салып бүгүн мен бүтпөдүмбү. Туруктуу таза, назик сүйүүм үчүн, Сага арнап ыр жазамын мына бүгүн. Айнура, Ош
ОП-189-75. Нурлан Насипке: Кыялдарым ишке ашуусун тилеп, Арзууларымдын кармалышын сурап. Жашап жүрөм жаш гүлдөр сыяк, Кыялымда бир өзүмчө сени менен ынак. Айнура, Ош
ОП-189-76. Нурлан Насипке: Досум, сырдашым, жакын адамым болуп келген, Жашайсың жүрөгүмдө жанган бир жандай. Кыялымда издеген адамдай жашап, Жашайсың кыялымда жарым сен болуп. Айнура, Ош
ОП-189-77. Келгиле, достор, акчага алданбайлы, чыныгы президентти шайлайлы. 96лар, ар дайым бар болгула. Бабу
ОП-189-78. Жашоодогу чоң жолдор арбап бизди алгандай, Турмуштагы чоң ойлор, бизден алыс качкандай. Жашап жүргөн адамдарга байкалбай, Өмүр чиркин өтүп барат токтобой. Айнура, Ош
ОП-189-79. Келгиле, достор, жашоонун жыргалын сезип жашайлы? Кайгыга алдырбайлы. Айсулуу
ОП-189-80. Айлуу түндө сага барамын, Сүйүү сезимин сага арнаймын. Эгерде ошондо таарынтсаң, кетем. Жазел 90
ОП-189-81. Тариэлге жооп: Пияз. Ошондой эле сиздерге, Чопага, Төкөгө салам. 07783888ххх
ОП-189-82. Тариэлдин табышмагына жооп: Пияз. Айзада
ОП-189-83. Салам. Аксыдагы атам, апам жана бир туугандарым, мен силерди сагындым. Айзада
ОП-189-84. Чоң-Таштык Мукай, Самат-силер красавчиксиңер. Ж. Булак, Каныкей жана Мээрим
ОП-189-85. Урматтуу Түп районунун Бакай Королиев атындагы №13 орто мектебинин 10-классынын окуучусу Бакаев Мукайга ысык салам,- деп Альбина, Мээрим. Бишкек
ОП-189-86. Салам, "Обон". Покровкада магазинде иштеген Тилебалдиева Асел эже, мени кечириңиз. Бирок андай сөз болгон эмес. Ойлосоңуз сизге суу куйсам эбагында эле куймакмын. Адамдын кандай экенин бир көрүп билсе болот да. Таарынбаңызчы, кандай кылсам кечиресиз, мейлиңиз ден соолукта болуңуз. 0550765ххх
ОП-189-87. "Обончик", салам. Кара-Суу районунун Курбан-Кара айылына чоң салам. Айсу 1992
ОП-189-88. Салам, "Обон". Жарооз айылынын тургуну, кызым Нургазы кызы Элмиранын 30-октябрь туулган күнү менен куттуктайм. Сага ден соолук, узун өмүр, чексиз бакыт-таалай каалайм. Апаң Өктөм
ОП-189-89. Лутфилла, сен таланттуусуң, иштериңе ийгилик каалайм. Ар дайым алга кадам жүрө бер. Мен сенин талантыңа таазим этем. Жердешиң Сырга
ОП-189-90. ОП-188-46 жооп: Өзүң биринчи Лутфилладай даражага жетип алып анан сүйлөчү, окей. Лутфилла, сен супер ырчысың. +77759596ххх
ОП-189-91. Салам, "Обон". Достор, айткылачы, эмне үчүн биз кыргыздар тынчтык үчүн бийлик, байлык, тополоң уруш, ыймансыздык, жалганчылык, эки жүздүүлүк жалаң гана азгырык жолдор менен жашап жатабыз. Достор, эмнеге? Гүлбайра
ОП-189-92. Президент ким болсо кыргыз жерине пайдасы жок болуп калды. Нурик kg
ОП-189-93. Жердешибиз Бусурманкул уулу Лутфилла. Биз сени менен сыймыктанабыз жана талантыңа таазим этебиз. Жердештериң Наку, Чика, Сырга, Асыл, Ади
ОП-189-94. Аваз Акимовго: Байке ырдаса ырларына суктанамын, Өзүңүздү мен кыздардан кызганамын. Канчалык сизди сүйүп баратсам да, Күйөрманыңыз көп болгонуна кубанамын. 0770505ххх
ОП-189-95. Аваз Акимовго: Сезимдеги сырлар ачылбай, Сизге арнаган сөздөр айтылбай. Санаа менен жашап келемин, Сагынычым күчөп таркабай. 0770505ххх
ОП-189-96. Аваз Акимовго: Билген элем бир өзүңдү сүйөрүмдү, Сизди ойлоп көз жашымды төгөрүмдү. Эң алгачкы аппак сүйүүмдү сизге арнап, Оорутуп алыптырмын жүрөгүмдү. 0770505ххх
ОП-189-97. Салам, апа, ата, мен силерге дайыма жакшылыкты каалайм. Элдияр 92
ОП-189-98. Бул жашоодо кызык күндөр болот экен, Кээде ыйлап кээде жыргап коёт экен. Жаныңда бардык нерсе болуп турса, Ал адам чоң бакытка конот экен. Элдияр 92
ОП-189-99. Сүйлөшкөн күнүбүзгө бир күн толгон, Ортобузда чын махабат арбын болгон. Унутпаймын, унута албай жүрө берем, Сени мага келет деген үмүт менен. Элдияр 92
ОП-189-100. Ойлономун оюмда сен жүрөсүң, Чынын айтчы, кимди жалгыз сүйөсүң? Ушунча күндөн бери алдап келдиң, Айтчы деги кимдер менен жүрөсүң? Элдияр 92
ОП-189-101. Сүйүү деген унутулгус нерсе экен, Жүрөгүмдөн чыкпай турган сүйүү белең? Бир өзүңдү унутам деп жүрсөм дагы, Жүрөгүңдө унутулбай жашайт экен. Элдияр 92
ОП-189-102. Жүрөгүмдү кечир! Сен деп соккондугу үчүн. Ойлорумду кечир! Сени ойлогондугу үчүн. Көңүлүмдү кечир! Сени тандагандыгым үчүн. Сезимдеримди кечир! Сени сагынгандыгы үчүн. Мени кечир! Сени сүйгөнүм үчүн. Ак- Дөбөдөн Апал 93









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??