п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Шайлоону утурлай

Президенттикке талапкер Кубатбек Байболов:
"Биз бирдикте ийгиликке жетебиз"
- Кубат Калбекович, жаштардын көбү чет өлкөлөргө чыгып кетүүдө, бул сизди тынчсыздандырбайбы?
- Эгерде профессионал, таланттуу же жөн гана эмгекти сүйгөн адамдар өздөрүн өз өлкөсүнөн сырткары издей баштаса, бул өтө тынчсыздануучу белги. Демек, бул жакта бардыгы жайында эмес. Кыргызстан калктын маргиналдашуу коопсуздугунун алдында турат. Көптөгөн жогорку билимдүү жана генетикалык жактан күчтүү жаштарыбыз чет өлкөлөрдүн жарандарына баш кошушуп, же ал жактан туруктуу жумуш орундарын табышып, чет мамлекеттин жарандыгын алып жатышат. Массалык түрдө алкоголь ичимдиктерин колдонуу, айрыкча айыл жергесинде адатка айланып бараткансыйт. Төрөлүүнүн азаюусунан демографиялык кулоо башталып, мигранттардын көптүгүнөн калктын азаюусу байкалууда. Постсоветтик мейкиндиктеги саясий, социалдык, экономикалык жана маданий ресурстар жокко учурады.
- Кыргызстанды туура жолго салуу үчүн эмне керек?
- Улутту өркүндөтүү үчүн этникалык жана маданий ар түрдүүлүктү камтыган Улуу Идея керек. Кандай гана мамлекет болбосун, алардын ийгилиги экономиканын канча киреше бергендиги менен аныкталбайт, а ошол каражаттарды иреттүү жана эффективдүү колдонуусу мааниге ээ.
- "Байлык байлык эмес, бирдик байлык" дегендей, мамлекеттин күчүн кантип бирдикте чыңдаса болот?
- Туура, биримдик - күчтүү өлкөнүн, күчтүү мамлекеттин жана тартиптин негизи. Жашаган жери, дин тутунушу, же этникалык, же улуттук, же уруктук айырмачылыктар жарандарды бөлүнүүгө алып келбеш керек. 1990 жана 2010-жылдардагы Ош кандуу коогалаңы өлкөбүздү бир топ эле бошоңдотуп, аймактык бүтүндүккө залакасын тийгизди. Биздин улуттун менталитети терең тамырлашкан коллективизм күчүнө ээ. Бирдиктүү элдин символу таза тандалган президент болууга тийиш.
- Өлкөбүздү тартипке салып, иреттүүлүккө алып келүү колуңуздан келеби?
- Мен чекист, депутат, Ош окуясында Жалал-Абад шаарында комендант, ИИМдин министри, Генпрокурор болуп иштегеним, "Кыргызстан канчалык күчтүү болсо, ошончолук адамдар эркин болот, демократия бул - мыйзамдын диктатурасы" деген сөздү бекемдетти. Мамлекеттеги жана коомдогу тартип бул - бардыгы үчүн бирдей мыйзам! Эгер тартип болбосо, анда жаңылануу дагы, ийгилик дагы болбойт. Тоо-кен өндүрүү тармагындагы иреттүүлүктүн жоктугунан иштин токтоо чегинде турабыз. Баш аламандыктан 10 ишкананын 8и салыктан кетүүдө. Эсеп палатасы 14 миллиард сомго карата мыйзам бузууларды табышты, мында бюджеттин дефицити 22 миллиард сомду түзөт. "Кумтөр" компаниясы менен кошумча алтын бар участкалар боюнча түзүлгөн келишимди кайрадан карап чыгуу зарыл. Пайдалуу казууларды иштетүүгө берилген шектүү лицензияларды "аннулировать" этүү зарыл. Мындан сырткары, бюрократтык (анын ичинде Өкмөттүн дагы), аппараттарды кардиналдык түрдө кыскартып, 7ден ашык эмес министрликтерди, 6 комитет жана агенттиктерди калтыруу жетиштүү. Мамчиновниктерди жана депутаттарды ашыкча пайдалануусун токтотуп, Электрондук өкмөттү реализация кылууну күчөтүү абзел. Коомчулук мамчиновниктер эмне иш жасап жаткандыктарынан эркин маалыматта болуп турууну камсыздап, жарандардын бийликке болгон эркин байланышта болуу үчүн Электрондук арыз китепчесин ачуу керек.
- Учурда ИИМдин ишмердүүлүгүн реформалоо үчүн байкоочу кеңеши иш алып барууда. Биз кантип күч органдарына, милицияларга элдин ишенимин арттыра алабыз?
- Күч структурасынын офицерлеринин престижин калыптандыруу зарыл. Жарандык мамлекеттик кызматка 25 жаштан кийин сиңирген эмгегине жараша ишке орноштуруу, күч структурасынын пенсионерлеринин татыктуу жашоосун камсыздандыруу, муниципиалдык милиция-полицияны киргизүү, шаардын жана кыштактардын пункттарында коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн видеокамераларды орнотуу. Участкалык милиция ошол участкада жашап, эл тарабынан шайлануу шарт. Бул өзү жашап турган участканын коргоо жоопкерчилигин алууну мойнуна коёт. Реформаларды жүргүзүү үчүн мамлекеттин башчысында саясий эрк, саясий түшүнүк болуусу шарт, эгерде аны өлкө кабыл албай, эл колдобосо, ал бийликте көпкө тура албайт. Өлкөдө тартип, коопсуздук жана иш болбосо эл бакубат жашай албайт.
- Сот-укуктук системасын кантип тартипке салууга мүмкүн?
- Тилекке каршы, калктын сотторго болгон ишеними төмөн деңгээлде калууда. Ооба, Кыргызстанда эркин жана обьективдүү соттор жок деп кесе айтса болот. Сот бийлиги коррупциянын бир бөлүгү болбой, Кыргызстандын жарандары кылмыштардан жана кырсыктардан корголуп, укук коргоо органдарына жана сотторго кайрылууда акыйкаттуулук болоруна кепилдик болуусу шарт. Экономикалык суроолор менен жеке менчик субьектилеринин ортосундагы бардык талаш суроолорду сот тартибинде гана чечүү зарыл. Бул үчүн соттордун ачык-айкын чечимдерди кабыл алуусу үчүн мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинен көз каранды болбостугун камсыздоо абзел. Ким бирөөгө баш ийбеген жана эффективдүү сот-укуктук системасын түзүп, биргеликте коррупция менен күрөшсөк, өлкөбүздүн экономикасынын өсүүсү үчүн жеке инвестициялардын келүүсүнө шарт түзүлмөкчү. Коррупцияны азайтуу үчүн Жергиликтүү башкаруу органдарына жана мамлекеттик органдарга кызматка алууда калпты текшерүүчү детекторду кеңири колдонуп, коррупционерлердин колго түшүүсүн видеого тартып жана материалдарды интернетте жайылтып, эң эле оор коррупциялык кылмыш иштерин теледен көрсөтүп, коррупционерлердин тизмесин ММКларга жарыялоо керек. Экономиканы деолигархизация кылуу зарыл.
- Мындай жыйынтыкты алуу үчүн эмне кылуу керек?
- Экономика менен идеологияны жуурулуштуруу менен. Чечмелесек: социалдык акыйкаттуулук, жаңы коллективизм, эл алдындагылардын жоопкерчилиги. Ошондо гана биз чогуу жыйынтыкка жетмекчибиз. Башкача айтканда, экономиканы тоноого жол берип жаткан жетекчиликти жоопкерчиликке тартуу. Реалдуу жумуш орундарын жана өндүрүштү түзүп жаткан корпорацияларга салык жеңилдигин берүү зарыл.
- Эмне үчүн бардыгыбыз татыктуу жашай албайбыз?
- Мамлекет 20 жыл ичи эмгекти сүйгөн, акылдуу жана билимдүү мекендештерибиздин жашоосунун деңгээлин төмөндөтүп койду. Акыйкатсыздык-баш аламандыктын чыныгы себеби. Чындыкты моюнга алуу керек, биз жаман иштегенибиз үчүн жаман жашоодобуз. Мен бизнес эмне экенин жана эл толугу менен өз шыгын, ишмердүүлүгүн ачуу үчүн эмне кылуу керектигин дагы билем. Коом гана аймактын, жердин, суунун жана башка жаратылыш ресурстарынын чыныгы ээси болуусу зарыл. Кошумча кирешени улутташтыруу - мамлекеттик казынанын туруктуу кирешесин камсыздоого бир мүмкүнчүлүк. Конституцияга "Сен жердин, анын бардык байлыгынын ээсисиң. Сен туулгандан баштап өлгөнгө чейин бир тонна алтындан жана башка ресурстардан өз үлүшүңдү алып турууга укуктуусуң. Бул жарандык квота - сенин материалдык камсыз болушуңдун фундаменти, ал эми тамды өзүңдүн эмгегиң менен тургузасың"-деп жазылса, ар бир Кыргызстандын жарандарынын патриоттуулугун күчөтөт.
Маектешкен А.Калый кызы







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??