Шайлоо - 2011

КРнын Президенттигине талапкер К.Ташиев:
"Мен жөнөкөйлүгүмдү сактап, элдин кызматчысы болгум келет"
Ноокенде
Кыргызстандын Президенттигине талапкер Камчыбек Ташиевдин Ноокен району боюнча өткөрүлгөн жолугушуусу Кочкор-Ата шаарында уюштурулуп, талапкер менен кезигүүгө 20 миңге чукул шайлоочу келди. Ташиев менен көрүшүү үчүн элдин агып келиши, талапкердин бул аймакта шайлоого чейин эле чоң аброй күтө алганынан, элдин ишенимине киргендигинен кабар берип турат. Ноокен району менен Кочкор-Ата шаарынын тургундары кезигүү учурунда өздөрү жашаган аймакка таандык болгон маселелерди чечип бер, же дагы башка талаптарды коюшпай, азыр аны колдоо гана керектигин билдиришип, көйгөйлөрдү жарыштан утуп чыккандан кийин кулак кагыш кылышарын айтышты. Ал эми Ташиев шайлоо алдындагы программасы менен шайлоочуларды тааныштыруусунда, өлкөдөгү тартип маселесине токтолуп, тартип оңолмоюн, жашообуз оңолбойт. Мамлекеттик тартипти тууганчылыкка, жердешчиликке алмаштырбаш керек. Ал эми азыр мыйзам бийликтеги кишиге да, айылдагы талаа иштеткен дыйканга да бирдей делгени менен, иш жүзүнө келгенде теңдик байкалбайт. Мыйзамдардын катаалдыгы карапайым адам үчүн иштеп, ал эми бийликтеги атка минерлер пайдаланышууда. Ошол себептен, мындай теңсиздикти жоюу, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу багыты Ташиевдин президенттикке аттанган максатынын бири болуп турат.

Базар-Коргондо
Талапкердин аталган райондогу жолугушуусуна 15 миңдей шайлоочу келди. Шайлоочулар дыйканчылык иштердеги көйгөйлөрдү айтышып, анын ичинен пахта тармагы боюнча мамлекет жетекчилеринин, өкмөттүн кетирген кемчилдиктерин эске салышты. Пахтанын баасы боюнча чындыгында эле дыйкандардын ала жаздын шалбыртында, жайдын ысык аптабында төккөн тери кайтпай жатканын белгилеп, бул маселе өкмөттүн түздөн-түз жасай турган иши экендигин билдирди, Ташиев. Айтымында өкмөттүн өзүң иштеп, өзүң сата бер саясаты башынан туура эмес, ага чек коюуга убакыт келди. Ошондуктан мамлекетте ортомчулар менен шылуундардын күнү бүтүш керек деген талапкер, дыйкандын эмгегине жараша төлөп бере албаган мамлекеттик жетекчилердин да керексиздигин эске салды. Дагы бир орчундуу маселе мамлекеттик кызматтар боюнча мыйзам долбоорун көтөрүп чыккандыгын айтып, ага ылайык мамлекеттик кызматтагы адамдардын жакын туугандары мамлекеттик кызматтарга отура алышпайт. Кызматтагы адамдарга жакындарынын, мейли ал кандай багытта болбосун таасир этпейт. Ташиев эгер президент болуп калса, бул маселеде биринчи өзү үлгү көрсөтүп, өкмөт башчы, губернатор, аким, директорлордон да ошондой тартипти талап кыларын айтты. Жолугушуу аягында аксакалдар бата тилешип, ак жолтой жигитке ак жол каалашты.

Асел Бекжусупова, дарыгер:
"Ташиев - жигиттердин мыктысы"
- Бизге Кыргызстандын келечегин ойлогон, азыркыдай катаал кырдаалдан чыгарып кете ала турган, элдин биримдигин сактаган, чет мамлекеттер менен тең тайлаша иш жүргүзө ала турган, жаштардын келечегин ойлоп, аларды жумуш менен камсыз кыла ала турган, биздин келечегибизди тейлей турган балдарды тарбиялай турган президент керек. Сүйлөгөн сөзү орундуу болуп, элге ишенимдүү болушу зарыл. 20 жылдан бери кооз сүйлөп, элди алдагандарды көрдүк. Ошондуктан президент болот элем деп жаткан жыйырма талапкердин ичинен мамлекеттин башына Камчыбек Ташиевди ыраа көрүп жатам. Мен ага ишенем. Жигиттерибиз да ар кандай болот. Ташиев болсо жигиттердин мыктысы. Ошон үчүн шайлайм.

Адаш Мамаева, пенсионер:
Камчы президент болуп калса, темирдей тартип орнойт"
- Бүгүнкү күндө бизге тартипти бекем сактаган, тартиптүүлүктү жогору койгон, Жогорку Кеңеште кабыл алынган ар бир мыйзамды аткарта турган президент керек. Президент тартипти сактаса, Кыргызстан өнүгүп, дүйнө мамлекеттеринин арасында дайыма эле башын жерге сала бербестен, чоң мамлекеттер канчалык сүрдүү болсо да, тик караган күнгө жетет. Мен айтып жаткан ушундай иштерди бизге келүүчү президент гана жасай алат. Демек, биз президенттик кызматка Ташиевди көтөрүшүбүз керек. Ал президент болуп калса, тартипти темирдей орнотуп, башка өлкөлөргө бетибиз кызарбай карап калабыз. Кудай колдосун, Ташиевди.

Кадича Жумабаева, Ноокен районунун тургуну:
"Акыйкат ойду дос кылган адам менен келечекке баргым келет"
- Бизге биринчи кезекте тынчтыкты сактай турган, орното турган президент керек болуп жатат. Мындай дегенимдин себеби, былтыркы каргашалуу окуяда тартипсиздиктин айынан канчалаган карапайым адамдар кан жутушту. Ошол окуянын чыгышына себепкер адамдардын бири да соттолуп, же жазасын алган жок. Эмне үчүн жакынын жоготкондордун кайгысына ортоктош болуп, айыпкерлердин бирөөсү да темир торго камалбады. Бул суроону ар бир талапкерге берейин дейсиң, бирок алардан пайда жок. А Ташиев ошондогу окуяларда өзү жүргөн Ошто да, Жалал-Абадда да. Ал билет. Кудай буйруп президент болуп калса, кимиси айыптуу болбосун, кылмышкерлердин бетин ачат. Мен Камчыбектин мындай ишти аткара ала тургандыгына ишенем. Ал эми азыркы бийликтегилерден бирөө жарым президент болуп калса, алар июнь окуяларынын болушуна тиешеси бар адамдардын айыбын ачтырышпайт. Бул турган иш. Ошондуктан акыйкат ойду дос кылган адам менен келечекке баргым келет.

Эркинбек Жалалов, Кочкор-Ата шаарынын тургуну:
"Ташиев туугандарына кызматтын төрүн бербейт"
- Бизге чынчыл, ордуна татыктуу, ишти алып бара ала турган президент керек. Саясатчыларыбызды согуштурбай тартипке чакырган, коррупцияны куйруктан эле кыркпай, как чокусунан жара чапкан адам керек. Мен азыр президенттен ошондой ишти күтүп турам. Президент болгон адам жакыным эле, таанышым эле дебей, тегерегине мыкты адамдарды чогулта алса, өз ишин билген адистерди топтосо, өзүнө эле жакшы болгону турат. Жакындарына бийлигинин канатын ачкан, туугандарына кызматынын төрүн берген президенттерди көрдүк го. А Ташиев мындай иштерге барбайт. Анын үстүнө качкан президенттердин тагдырлары чоң сабак болду.

Роза Нурматова:
"Ташиев - ичип-жегендердин баарын орду-ордуна коё турган кыраан жигит"
- Биз чоң саясий окуянын алдында, келечекти тандоонун алдында турабыз. Жыйырмадан ашуун талапкердин ичинен президентикке татыктуусу, атына заты жарашканы К.Ташиев деп айтат элем. Бул жигит айыл жергесиндеги карапайым үй-бүлөдө бар менен жокту көрүп, ачуу-таттууну жон териси менен сезген адам. Ошондуктан карапайым адамдардын көйгөйлөрү бул талапкерге бейтааныш эмес, баарын билип, сезип турат. Ага айкөлдүк, мээримдүүлүк, жароокерлик мүнөздүү. Баса белгилеп кете турган нерсе, Ташиевдин курчтугу, өткүрдүгү анын бир сүйлөгөндүгүндө. Азыр деген бийлик төбөлдөрүбүз элди кокту-колотко, уруу-урууга бөлүшүп, упай топтоонун амалын кылып жатышпайбы. Алардан айырмаланган сапатын айтсам, ал мекенчил. Элдин бүтүндүгү, биримдиги дегенде жанын берүүгө даяр экендигин июнь окуясында көрдүк. Эл үчүн ок учкан талаага коркпой чыккан. Бул анын башкалар жасай албаган эрдиги болду.
Кыргыздын чыгаан жигити, мекенчил, курч, бекем тартипти орнотуп, ичип-жегендердин баарын орду-ордуна коё турган кыраан жигитти колдоп алалы. Президентти тандоо ишинде эки жолу жаңылганыбызды, ал тургай акыркы бир жарым жылдан бери дагы деле жаңылып, кесепетин азыр да тартып жатабыз. Ошондуктан алдыдагы тандоого акыл-эс менен баралы да, Ташиевди шайлап алалы. Мен Камчыбек мырзага бөркүмдөй ишенип турам.

Умарбек Көбөев, Манас районунун тургуну:
"Камчыбек үчүн алга!"
- Президентикке талапкер Ташиевди жактаганымдан, анын бизде өткөргөн жолугушуусуна да катыштым. Эми биздин аймакта бул жолу жаш адамдын президент болушун каалап, Ташиев дегендер көбөйүп жатат. Бул жигитти тандап жатканыбыздын себеби, анын айтканынан кайтпагандыгында, чыркыраган чындык үчүн күрөшүүнү билгендигинде болуп жатат. Укканыбызга караганда балдары али мектеп жашындагы окуучулар экен, жубайы менен бир туугандары саясатта жок. Балдары чоңойгуча алты жыл өтөт. Ошол алты жылда эл үчүн иштеп берсе, эл өзү эле көтөрүп алат анда аны. Ошондуктан, Камчыбек үчүн алга жана алга!

Даярдаган
Намыс Баатыров