п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

ТҮЛЕЕВ МЭР БОЛОБУ?!
Нариман Түлеев шайлоо астында чууну чоң салды. Жарышка 25-50 миллион доллар менен барарлыгы даңазаланган.


Түштүктө Мадумаров менен Ташиев алдыга чыгышса, түндүктө Атамбаевге дал Түлеев атаандаштык түзөрлүгү белгиленип жаткан. Аңгыча Москвага сырдуу сапар тартып келип эле оюндан чыгарлыгын жар салды. "Премьер-министрликти чечип келиптир, бери дегенде Бишкекке мэр болот экен" деген кептер дүң болду. "Реалист, прагматик саясатчы экен. Атамбаев менен Мадумаровдон кийинки үчүнчү позицияда турганын байкап, куру чабылып-чачылбай, өзү да, элди да убара кылбай, жарыштан өз убагында жана кооз кетти" дешти. Канткен менен бул жолу Нариман Ташболотовичтин рейтинги өсүп, Кыргызстандын алдыңкы 5-6 саясатчыларынын катарына кошулду. Эми өзү жаңыдан түзгөн "Ак бата" партиясын күчтөндүрүп, алдыдагы саясий күрөштөргө даярдыкты баштаганы айтылып жатат. Капчыгынын калыңдыгын, тарапташтарынын арбындыгын, мыкты ишмерлик имиджин эске алганда Түлеевдин келечеги жаркырап көрүнөт.




А.Жапаров шайлоого катышпай турганын расмий билдирди
Президенттикке талапкер болуп катталган Акылбек Жапаров шайлоодон баш тартып жатканы тууралуу арызды БШКга жолдоду.
БШКнын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, балким, бул арыз Боршайкомдун эртеңки жыйынында каралышы мүмкүн. Президенттикке талапкер болуп катталгандан кийин маарадан өз эрки менен четтегендер буга чейин төртөө болчу - Марат Султанов, Нариман Түлеев, Исхак Масалиев жана Шамшыбек Медетбеков. Эгер БШК Жапаровдун арызын канааттандырса, шайлоого катыша турган талапкерлердин саны 19 болот. Түлеев, Масалиев, Медетбеков жана Жапаровдун аты-жөнү шайлоо бюллетендерине кирип калгандыктан, аларды ар бир шайлоо участкасында кол менен сызып чыгышмай болду. Бюллетендерди басуу 10-октябрда башталган, 19-октябрда аяктайт. Жалпысынан 2 миллион 870 миңге жакын бюллетен басылып чыгат.




Т.Үмөталиева шайлоого катышуу укугунан айрылды
Кыргыздын кыраан жигиттери менен тең тайлаша президенттикке аттанган Токтайым Үмөталиеваны БШК талапкер кылып каттабоо боюнча БШКнын чечими күчүндө калтырылды. Бул тууралуу чечим 17-октябрда Жогорку Сотто кабыл алынганын соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев маалымдады.
БШК 6-октябрда анык кол топтой алган жок деген негизде Үмөталиеваны президенттикке талапкер кылып каттабай койгон. Шайлоо 30-октябрда болот. Катталуу үчүн БШКга кайрылгандардын жалпы саны 80ден ашкан. Алардын 24ү гана 100 миң сом күрөө коюп, кыргыз тил сынагынан өтүп, 30 миңден кем эмес анык кол топтой алгандыктан талапкер болуп катталышкан. Өз эрки менен шайлоого катышуудан 5 адам баш тартты. Алардын бирөөнөн азырынча БШКга расмий арыз келип түшө элек.









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??