п»ї

Атамбаевдин пиарщиктери,
казиночулары жана наркобарончулары провокация уюштуруштубу?

2011 -жылдын 8-октябрында интернеттеги блогдордун биринде Stolinum аттуу колдонуучу "Кыргызстанда коррупция кантип бекемдөөдө" деген провокациялык макаланы жарыялаган (http://stolinum.livejournal.com/749.html.

Буга чейин россиялык ЖМКда жана интернет-сайттарда Алмазбек Атамбаев наркотрафикти "крышавать" этип, бул бизнеске анын түзмө-түз тиешеси бар экен деген маалыматтарды жарыялашкан. Алар куру гана сөздөр менен жазбастан, фактыларга таянышкан.

Атамбаевдин пиарщиктери маалыматтык согуш ачышып, жооп иретинде жогоруда айткан макаланы жарыялашкан, анда республиканын аймагындагы казинолордун ээси Бозулан Мамазаиров Атамбаевдин Диана аттуу кызынын күйөөсү деп жазышкан. Мындан тышкары, макалада көптөгөн белгилүү адамдардын аттары эскерилет.

Бирок эркин блоггерлердин жана журналисттердин ассоциациясы макалада берилген маалыматтар чындыкка жатпай тургандыгын айтып чыгышты. Алар атамбаевчилер жалган маалыматты таратуу менен анын наркотрафикке байланышкан иштерин ачыкка чыгаруу аракетине каршылык көрсөтүп жаткандыгын баса белгилешүүдө.




Элге убада кылган ГЭСтер кайда?

2011 -жылдын жаз айында кыргыз өкмөтү россиялык чиновниктер жана энергетиктер менен жолугушкандан соң, "Русгидро" Жогорку-Нарын каскадына ГЭСтерди курат, курулуш иштери жакын аранын ичинде башталышы керек деп жарыялаган эле. Алар төрт долбоор даяр, расмий документтер келгендиги тууралуу да билдиришкен. Чын-чынына келгенде россиялык энергетиктер эч бир кадам жасашкан эмес. Бүгүнкү күндө курулуш башталмак түгүл, анын техникалык экономикалык негиздемеси да даярдалган эмес. Атамбаев жакын аранын ичинде ГЭСтер иштеп, электр-энергия бере баштайт деп убада берди эле. Анын ишке ашпай жатышына бул адамдын жеке амбициялары жол бербей жатат.

Ал россиялыктарга 50:50 пайыздык киреше менен компания түзүүнү сунуштаган, бирок экинчи тарап 75 пайыз акцияга ээ болмоюн, ишти баштабайбыз деп жооп кайтарышкан.

Атамбаев бул негизде деле компания түзө берсе болмок, бирок ал Бакиевдин Камбар-Ата ГЭСин курууда 50:50 пайыздык чек сакталгандыгын эске алуу менен, андан эмнем кем экен дегенсип курулушту токтотуп турат.

Атамбаев менен Путиндин акыркы жолугушуусунда бул маселе да көтөрүлгөн. Ал эмне менен бүткөнү бизге азырынча белгисиз.

Жыйынтыгында, президенттикке талапкер элди куру үмүт менен багып келгендей сезилет. Учурда ГЭСда жок, энергетика багытына россиялык инвестициялар да жок.





Маским Бакиев бир жарым жылдан бери Лондондо жашаса да, Улуу Британиядан саясий сыйнат ала элек. Эмнеге?
Маским Бакиев бир жарым жылдан бери Лондондо жашаса да, Улуу Британиядан саясий сыйнат ( политическое убежище) ала элек. Британиянын сот адилеттиги Максим Бакиевдин Британияга келиши жаңы кыргыз бийлигинин саясий куугунтугубу? Же чындыгында эле ал кылмышка аралашканбы? -деген суроолор менен баш паанек берүүгө шашпайт.

Саясий сыйнат алыш үчүн мурунку "ханзаада" Бакиевдер менен бириккен (аффилированные) структуралардын кызматкерлерине "күнөөлүү" деген соттук чечимдер чыгуусу керек. Бул документти анын адвокаттары Британиялык сотко тапшырып, чындыгында эле мурунку бийликтин өкүлдөрүнө каршы, учурдагы бийлик куугунтук уюштуруп, сот адилетсиздиги жүрүп жаткандыгын билдиришет.

Жергиликтүү соттор бир тарабынан учурдагы бийлик төбөлдөрүнүн кысымына туш болушууда, алар "бакиевчилерди" жоопкерчиликке тартып жатабыз деп коомчулук алдында саясий упай топтошууда.

Экинчиден, Максимдин марттыгын пайдаланышып чөнтөктөрүн кампайтышууда. Капысынан болбосо керек, Максимге кызмат өтөгөн соттор учурда бул кылмыш иштерин карап жатышы. Ошондой эле анын кичи мекени болгон Жалал-Абадда да сот иштери жүрүүдө.

Ушул себептен улам алар Бакиевдин үй-бүлөсүн, ага жакын болгондорду кармаганга шашпайт, себеп анын алдындагыларды кармоо менен миллиондорду топтосо болот.

Соттор корпусун түптөө методу адилет орнотуучуларды моралдык жактан катуу басынтты, ушундан улам алар бийликтин буйругу жок эч бир кадамга барышпайт.

Азамат Жетишбаев







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??