п»ї

  Балакасос

Жамбыл Камчиев:
"Үндүк уурдап союп, отуруш өткөргөнбүз"
Көпчүлүктүн боорун эзген куудул, революционер, бир убактагы президенттикке талапкер Жамбыл Камчиев балалык кезиндеги таттуу күндөрүн биз менен эскерип, бир жылмайып алды.

"Карасам эле дүмбүл жок, байкем тиштеп алып, дарбазанын жанында жүгүрүп кетип атыптыр"
Мен 1954-жылы Ош областына караштуу Ноокат районунун Көк-Бел совхозунда жумушчунун үй- бүлөсүндө туулгам. Апам менен атам мурда согуш жылдарынын аягында мугалим болуп иштешкен экен. Кийин, мен төрөлгөндөн соң, апамы атам жумуштан чыгарып алыптыр. Балалык кезимде жоош бала элем. Кыргыздын салты боюнча ал кезде ата деген баласын эркелетип, же жакшы сөз айтчу эмес. Апам болсо эркелетип, тентектик кылсак башы-көзүбүздү көк ала кылып сабап салчу. Ал кезде жүгөрү айдачубуз, он сотыктай жерге. Агам жүгөрү чапканга он чакты досун чакырып келип, баарына кетмен карматып, жүгөрү чапканга кетишет. Анан чоң энем атала жасап, "жүгөрү чапкан балдарга атала берели" дегенин угуп, үйгө кирип жыгач кесени алып чыгып алып, үйдү айланып "атала ичем, мака чабам. Атала ичип, анан мака чабам",- деп кыйкырып жүрүпмүн да. Сөзүмдү угуп баары күлүшүптүр, ал кезде 3-4 жашта экемин. Ошондо мен "жүгөрү чапкандарга гана атала берет экен" деп ойлоп, аларды бергиле, анан чабам деп алдаптырмын да. Бир жолу жүгөрү дүмбүл болуп калган убакта, жулуп келип алып отко кактап бышыра баштадым. Экөө бышканынан жаныма коюп алып, калганын бышырып жатсам, менден 5 жаш улуу Жаныбек деген байкем келип, жанымда турган дүмбүлдүн бирин жула качыптыр. Карасам эле дүмбүл жок, байкем тиштеп алып дарбазанын жанында жүгүрүп кетип жатыптыр. Аны көрө калып эле жылаңайлак артынан чуркадым. Ал кетип жатат, мен артында акырын кетип жатам. Ошол убакта жай болуп, жердеги топурак абдан семирген убагы эле, андан колума уучтап алдым. Байкем көпкө качып барып, анан бир жерге отуруп жайма-жай жей баштады. Артынан акырын барып:"Жаныбек байке" десем, чочуп кетип эле мени караганда көзүнө топуракты чачып жиберсем, ал көзүн басып эле отуруп калды эле, дүмбүлдү алып качып кетип калдым. Келип алып жүгөрүнүн арасына отуруп алып жеп жатсам, байкем апама: "Көзүмө топурак толтуруп салды, Жамбыл",- деп ыйлап келди. Аны угуп алып апам мени аябай сабады. Мен апама: "Өзү менин дүмбүлүмдү уурдап кетти"- десем, апам: "Күнөө сенде экен"- деп кайра байкемди сабаган.
"Көрө албаган мугалимдер кээде болор-болбос нерсе үчүн "2" коюп коюшчу"
Негизи, адам жашынан жакшы окуп, жакшы жүрсө, турмушун да жакшы жолго салып алат. Мектепте жакшы окучумун. Мени жакшы көргөн да, жаман көргөн да мугалимдер бар эле. Жаман көргөндөрү "бул эмнеге жакшы окуйт?" деп көрө алышпачу экен. Себеби, көп агайлардын балдары начар окушчу да. Ошол көрө албаган мугалимдер кээде болор - болбос нерсе үчүн "2" коюп коюшчу. "Эмнеге "2" койдуңуз?"- десем,"сага жаман окуганга мүмкүн эмес, дайыма жакшы окушуң керек",- деп айтышчу. Классташтарым менен мамилем жакшы болчу, бирок алардын ичинде да мени көрө албагандар бар эле.
"Карасам жакшынакай келин турат, тааныбай калыптырмын"
9-класста окуп жүргөндө бир кыз менен таанышып калдым, экөөбүз таанышкан күнү киного барып жакшы эле жүргөнбүз. Анан эртеси күнү жакшылап кат жазып, ага берип койдум. Бир жумадан кийин курдашы мага келип "жок болбойт, кечирип кой, жүрбөйбүз" деп айтты деди, аны угуп унчукпай калдым. Кийин бир классташ балам менен ошол кызды сүйлөшөт экен деп угуп, "бош эмес экен да" деп калдым. Бирок ал бала менен деле жүрүп жарыткан жок, башка эле айылда жашаган бир жигитке турмушка чыгыптыр. Кийин мен институтта окуп жүрүп, бир күнү апам шаарга бармак болуп автобуска салып атсам бирөө келип: "Кандайсың, Жамбыл?" дейт, карасам жакшынакай келин турат, тааныбай калыптырмын. Ал өзүнүн атын, мурдагы окуяларды айтса, анан таанып жатпаймынбы? Арадан 10 жыл өтүптүр, мурда арык кыз толуп, жакшынакай келин болуп калыптыр.
"Ошондо азыркы деңгээлим болгондо, барып ошол кызды алып алмакмын"
Тоок сүйүүлөр менде көп болду. Кийин армияга Орусиянын Белград шаарына барып, Люба деген орус кыз менен таанышып жүрүп калдым. Ал жакшы үй-бүлөнүн кызы экен. Таза, билимдүү кыз болчу. Экөөбүз сонун болуп ээрчишип жүрчүбүз. Негизи, кыздарды зордоп өөп алган учурлар мектепте окуп жүргөндө көп болгон, ал эми биринчи жолу Люба экөөбүз өз эркибиз менен өбүшкөнбүз. Кийин мен армиядан келгенден кийин да кат алышып жүрдүк. Эгерде ошондо азыркы деңгээлим болгондо, барып ошол кызды алып алмакмын. Ошол убакта каражат жагынан, анан чечкиндүүлүк жагынан алсыз болуп калдым да. Негизи, кыргыз кыздар ошол убакта сүйүү темасына келгенде өзүнүн сезимин тартынып айта албай коруна беришчү. Ал эми Люба болсо баарын ачык айтчу. Мен келип орус кыз менен кыргыз кызды салыштырып, биздин кыздар өз жашынан 10 жыл артта экенин билгем. Бул жакка келгенимден кийин кыздар жакпай, көрсө, табитим өзгөрүп кетиптир да. Негизи, сүйүүнү орустар ойлоп тапкан, кыргыздар сүйүп деле жарытпайт. Мен деле кыздар менен жүргөндү Любадан үйрөнгөм, болбосо ага чейин бирөө менен жүрүп деле жарытпаптырмын.
"Алым жеткен-жетпеген балдар менен мушташа берчүмүн"
Окуучулук кезде балдар менен далай жолу мушташкам, таяк жеген күндөрүм да көп болгон. Балдардын бирин да теңиме албай баары менен чабыша берчүмүн. Негизи, өзүм бирөөнүн үстүнөн үстөмдүк кылбайт элем, бирок менин үстүмдөн үстөмдүк кылгандар таяк жечү. Абдан кекчил бала болчумун, эгер бирөө жиниме тийип качып кетсе, баары бир бир күнү өчүмдү алчумун. Алым жеткен-жетпеген балдар менен мушташа берчүмүн. Эгер мени жеңип баратса, сөздөрдү айтып элдин көзүнчө жаман сөгүп качат болчумун, же чоң агаларыма айтып сабатчумун.
"Үндүктүн эти тамагыман такыр өтпөй койду"
Бир жолу классыбыздагы балдар топтолуп алып, отуруш кылмай болуп акча чогултуп үндүк сатып алалы десек, бир бала бир кишинин атын айтып, "ошонун үндүгү жолдогу теректе эле конуп турат, мен алып түшөм" деп уурдап келди. Аны алып кетип жатсак, бир класс жогору окуган балдар бизди кармап алып, "уурдап алдыңар" деп сабашты. Биз "сатып алдык" деп актансак болушпайт. Көрсө, алар да үндүк уурдап жүрүшкөн экен. Алардан бошонуп келип, кыздарды чакырып отуруш кылдык. Тамак бышты, баары жей башташты, баягы уурдап алган үндүктүн эти менин тамагыман такыр өтпөй койду. Себеби, уурдап келген нерсенин тамагыңан өтүшү кыйын экен. Ошол боюнча уурулугубуз билинбей калды. Бирок арадан 10 жыл өткөндө бир классташыбыз барып, ошол кишиге "сиздин үндүгүңүздү уурдап жегенбиз" деп айтса, "ошондо эле билгем, төлөгүлө!"- деп кыйкырыптыр. Ошол отурушта биринчи жолу вино ичкем, ошол кезде бизде отурушта сөзсүз вино ичиш керек деген түшүнүк бар болчу. Бирок мас болгон эмесмин.
"Бизге борщ берип, өзүлөрү этке картошка кошуп кууруп жешчү"
Биздин убакта кыргыз мектептердеги мугалимдердин көпчүлүгү окуучуларга туура эмес мамиле кылышчу. Бир жолу бир кызыбыз сабакка келбей калып, эртеси келсе агайыбыз бизге "баарыңар барып тигил кызды "гав-гав" кыласыңар" десе, балдардын баарысы барып колдору менен "гав- гав" деп чокулашкан. Мен таң калып эле калгам, тигил кыз ыйлап жатат. Кийин ойлонуп көрсөм, ал жеткен акмакчылык, агайдын тарбиясынын жоктугу экен да. Кийин да бир балабыз айнекти сырдап жатып, ойлонуп кетип айнекти кошо сырдап жиберсе, агай анын ата-жотосуна чейин сөккөн. Кийин да пахта тергенде агайлар бизге тердирип коюшуп өзүлөрү арак ичип алышып, берилген майды бизге бербей өзүлөрү жешип, бизди кул катары көрүшчү да. Бизге борщ берип, өзүлөрү этке картошка кошуп кууруп жешчү.
"Үйүбүзгө жакын деп Ош педагогикалык институтуна тапшырып алгам"
Негизи, жаш кезимден эле сатирага жакын болчумун. Асанкул Шаршенов, Келдибек Ниязовдор филармонияда концерт беришчү. Алардын аткарган сатираларына боорум эзилип күлө берчүмүн, ал кезде алар мага укмуш көрүнүшчү. Негизи эле концерттен калбачумун. Окууну бүтүп Оштогу педагогикалык институттун филология бөлүмүнө тапшырдым, кыргыз тилчи мугалиммин да. Ошол кезде биздин үйгө жакын окуу жай ошол болчу да, анан ошого тапшырып алгам. Ата-энем каршы болушту, ага карабай кирип алгам. Окуп жүргөндө "Ыр кеселер" болчу, ошолорду алып барып, катышып жүрүп эле куудул болуп кеттим.
Динара Чокоева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??