п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Тележүздөр

Мирлан Муратов, режиссёр, редактор:
"Концертти эки кемпир алып барат"
"Муз канал", "Түнкү канал", "Бишкек сулуусу", "Мисстер шоу-бизнес", "Мисс шоу-бизнес", "Биз таза шаар үчүн" деген, дагы ушул сыяктуу көзгө көрүнүктүү долбоорлорду "билбедим", "көрбөдүм" деген адам жок болсо керек. Мына ушундай чоң ийгиликтерди биринин артынан бирин багынтып, күнү-түнү талыкпастан эмгек кылган, өзү жаш болсо да көп нерсени баамдап, бийиктикке чабыт койгон Мирлан Муратов жана анын кесиптештери менен жайыл дасторкон үстүндө маектештик.

- Катуу иштеп жатканыңыз байкалып жатат, концертке даярдыктарыңыз кандай?
- НБТнын туулган күнү бүтүп, "эми жакында Муз каналдын туулган күнү болот экен", - деп элдер азыр таң калып жатса керек. Муз каналдыкы, негизи, август айында болчу. Бирок, тилекке каршы, биз ушул октябрь айына жылдырганбыз. Анын себеби, биз өзүбүздүн план боюнча кичине өзгөрүүлөрдү киргиздик. Биринчилерден болуп НБТнын туулган күнүн өткөрдүк. Андан кийин биз Муз каналдын туулган күнүн өткөрөлү деп чечтик. Азыркы учурда, кудай буюрса, 27-октябрда кыргыз элибиз менен биргеликте Муз каналдын туулган күнүн өткөрөбүз. Мурда бир жашыбызды ресторанда белгилесек, быйыл катуу даярданып, Спорт сарайына бергени жатабыз. "Обон" газетасы аркылуу бардык шоу-бизнестеги ырчыларга рахмат айткым келет. Себеби, биздин сөзүбүздү эки кылбай, чакырган жерден калбай келип куттуктап жатышат. Ошон үчүн, шоу-бизнестин жылдыздары, ар дайым алга дейт элем.
- Бул концертиңизде сиздин кандай өзгөчөлүктөрүңүздү көрө алабыз?
- Бул Муз каналдын туулган күнүнүн өзгөчөлүгү, башка концерттерди алып баруучулар алып барышса, биздин концертти жетимишке кирген эки шамдагай кемпирлер алып барышат. Эми бардыгын айтып салсак болбойт, калганы кыргыз элибизге сыр бойдон кала турсун.
- "Айтылган сөз айтылган тараптан эмес, угуучу тараптан кабыл алынса, анда ал сөздү бейишке чыкты деп эсептеп койсок болот экен". Ар бир идеяңыз көрүүчүлөр тараптан жакшы кабыл алынат. Идеяны өзүңүз чыгарасызбы?
- Мен чыгарам, бирок биринчилерден болуп колумда иштеген бардык балдарыма, кыздарыма сунуш кылам. Редактор, режиссёр катарында аларга "силер муну кыласыңар" деп катуу айтпайм. Биргеликте, чогуу иш кылалы деп айтам. Мен айткан долбоор коллективге жакса, "жакшы экен" дейт. Жакпаса "болбойт экен" деп ачык эле айтышат. Мен аны туура эле кабыл аламын. Эгерде коллективге жакса, анда жетекчиликке кагаз түрүндө сунуш кылам. Аларга көргөзүп, бир долбоорду ачыш- мен үчүн өтө кыйын. Мындайча айтканда, чоң темир тулпар сатып алды деген сөз менен барабар. Себеп дегенде, мен аларга киргенде доскага чийип "мынча чыгым, мынча киреше, момунча эл көрөт" деп аны бүт иликтеп-жиликтеп чыгарып, түшүндүрөм. Кийин видеодолбоорлор менен көргөзөм. Мына ушинтип "Түнкү канал" ачылды дегенде Муз каналдын жамааты өтө чоң кубанычта болгонбуз.
- "Тарыхты тапанча менен атсаң, келечек сени замбирек менен тосуп алат" дегендей, кыргыз салтын утурлай жер төшөктө коноктор менен маек куруп келесиздер. Эмне себептен мындай болуп калды?
- Түнкү каналдын стилиндей долбоор эч жерде жок деп айтсам болот. Себеби, кайсы каналдан көрдүңүздөр? Жаштар жерге отуруп чай ичип, бири-бири менен сүйлөшүп жаңылыктарын элге айтып жатканын эмнеси болсо дагы, жакшыбы же жаманбы, эл өзү таразалайт дээр элем. Бирок бир нерсени айтар элем: ТҮНКҮ КАНАЛдын стили чыныгы кыргыздын салты деп ойлоймун.
- Демек, капчыгыңыз дагы калыңдап жатса керек?
- Эң жакшы суроо болду. Муну шоу- бизнестиги айтпаган ырчы калбады. Мен ачыгын эле айтайын, жашаган үйүм бир бөлмөлүү эле чакан жер там. Кийген кийимимди өзүңөр көрүп турасыңар. Айдаган машинам НБТ каналынын машинасы. Иштегениме эки жыл болуп, НБТны же Муз каналды көтөрдүм деп ойлобойм, бирок ошондой болсо дагы курсагым ач калды, же ток болуп калды деп айтпайм. Бардыгы өзүмө жетиштүү, ченеми менен. Мен ушундай эле үй алып, же ар бир концертимди берген сайын Мерседес алып жаткан жерим жок. Ушул убакка чейин тогуз концерт берген болсом да, бардыгын эл үчүн деп ойлоймун. Бирок айтар элем, ар бир биз берген концерттер байгелүү болду деп ишендирип кетер элем.
- Алдыдагы пландарыңыз?
- Мен, кудай буюрса, декабрь айында "АЛТЫН ҮН-2011" долбоорун баштаганы жатам. Ошого эми шоу-бизнестен чыныгы менин үнүм бар, өзүмө ишенем деген таланттуу ырчы мырза, айымдар катыша алат жана бул проектте 100 пайыз жандуу үн менен ырдашат. Кыргыз элиме айтар элем, жакында эми ким ырчы ким ырчы эмес экенин ачык айкын баамдай аласыздар….




Куба Султанов:
"Түз эфирден чүчкүргүм келип…"
- Алып баруучулук кесиптин ашканасына баш багып, даам сызып калдыңыз. Кандай түйшүгү бар?
- Жакшы. Ар бир иштин өзүнчө түйшүгү болот. Мисалы, эшикте короо шыпырсаң да, анын өзүнчө түйшүгү болгондой эле, алып баруучулук кызматтын дагы көптөгөн түйшүктөрү бар. Жетекчиликтин сөзүн, көрүүчүлөрдүн пикирлерин угуш керек. Бардык аракетимди түз эфирге жумшайм.
- Эфирдеги кызыктуу учурларыңыз?
- Кызыктуу учурлар көп эле болот. Эфирден сырткары кесиптештерибиз тийишет. Ойноп камерага же маңдайыңа келип туруп алышып маймылдарды туурап, ар андай кыймылдар менен күлдүрүшөт. Бир окуя болгон. Кичине ден соолукка байланыштуу тумоолоп калгам. Эфирде конок бар болчу, ким экени эсимден чыгып калды. Түз эфирден аябай чүчкүргүм келди. Бирок чүчкүргөнгө такыр туура эмес, элдин баары көрүп жатат. Ары карайм, бери карайм, кесиптешим сүйлөйбү десем, ал дагы сүйлөбөйт. Сөздүн баары мага келип калды. Анан сүйлөп баратып эфирден бирдемкени кыпчый кеттим да, анан чүчкүрүп алдым. Эл байкабай калды, катуу чүчкүргөн жокмун, акырын эле чүчкүрүп койдум. Конок кичине байкайын деген, ал дагы байкабай калды. Эми ар бир эфир өзүнчө кызыктуу болот.
- Түнкү каналды дагы, Муз каналды дагы алып барып чарчаган жоксузбу?
- Жетекчилик тараптан айтылган, берилген тапшырмаларды аткарганга аракет кылабыз. Азыр жашпыз, талыкпай эмгек кылышыбыз керек. Чарчасак дагы аны эч кимге билгизбей, жаш болгондон кийин иштеп алалы деп жүрөбүз. Журналистикада эмгектенген эжелерибиз "силер жашсыңар, иштешиңер керек" дегендей, биз дагы чарчадым деп кабак-кашты бүркөбөстөн иштеп жүрөбүз.




Жанышбекова Чолпонай Жанышбековна:
"Чабанга келин болуп, кой кайтарып, уй саамакмын"
- "Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк", "Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт" деген макалды көп колдоносуз. Атайын жаттап алдыңыз беле?
- Ал макал мага жакыныраактай сезилет. Ушуну айтып койгонуңуздарга рахмат. Макал жаттабайм дебейм, жаттайм. Кыргыз адабиятынан бардык чыгармаларды окугам, мына ошолордон дагы колдоном.
- Кызбала бардык нерсеге эпчил болуш керек дейт. Сиз ийне кармап, сайма сая аласызбы?
- Сайма сая албайм. Бирок төшөк тигип, курап, кабыганды билем. Анткени, апам үйдө төшөк кураганда чогуу курашып үйрөнүп алгам. Тамакты болсо жакшы жасайм, уй саай алам. Ар жума сайын казанга нан жабам.
- Чабандын жубайы болуп калсаңыз?..
- Кыз баланын бактысы үй-бүлөдө дейт. Кудай менин бешенеме чабанды буйруп койсо, мен эмнеге боло албайм? Аябай чыйрак кызмын, эмнени кыл десе ошонун баарын кылмакмын. Чабанга келин болуп, тоого деле чыгып кой кайтарып, уй саап, казанга нан жаап, өз оокатымды кылып кетмекмин. Бул менин үй-бүлөлүк бактым болуш керек.


Каниет:
"Өзүмдүн чакан бизнесим бар"
- "Муз каналда ойнотулган белектерди өзүлөрүнүн жакын адамдарына эле берип коёт" деген имиштерди угуп калдым эле. Бул чынбы?
- Жок, андай эмес. Биз андай кылган күндө дагы кудай көрүп турат, ким кандай иш кылып жатканын. Ошондуктан биз андай кылбайбыз. Көрүүчүлөрүбүзгө, жеңүүчүлөрүбүзгө гана беребиз. Ак иш кылсаң өзүңө эле жакшы, биз элди алдап эмне кылабыз?
- Сизди бизнес кылат деп угуп калгам. Ал ишиңиз кандай жүрүп жатат?
- Ооба, өзүмдүн чакан бизнесим бар. Бул тармакка келгенге чейин ошол бизнесим менен алектенчүмүн.
- Жума сайын кудай тууралуу көп айтасыз. Жетекчилик тараптан ушинтип айт дейби?
- Мен өзүм ыйман жолунда жүргөн баламын. Апта сайын жума намазга барам. Адамдын ички дүйнөсү таза болсо, ошончолук сулуу көрүнөт.


Жылдыз Абдыкерим кызы







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??