п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Булак көрсөң көзүн ач

Адилет Жумабек уулу:
"Кыздардан уялып бетим кызарып…"
Окуп жүргөндө кикбокс менен машыккан,
азыр таштап койгон. Үч жыл мурда жалгыз болчу, азыр да жүрөгүн жабыркаткан бийкеч жок, жалгыз. Кечээ жакында эле Ялтага барып, кыргыз желегин желбиретип келип, азыр "бекерчиликтен баш кычышат" болбой, алдыдагы эл аралык көптөгөн конкурстарга даярданып жаткан Адилет Жумабек уулу конокто.

- Буудай өң кыргыз элимдин желегин Ялтанын бакыйган сахнасында желбиретип келдиңиз. Ушул туурасында кеп кылсаңыз?
- Бул жактан 21-октябрда учуп, Украинанын Киев шаарына кондук. Киевден кайра Симфиропель деген шаарга учуп, ал жакка жеткенден кийин, андан ары Ялтага автобус менен бардык. Конкурс жакшы, жогорку деңгээлде болду. Биз менен катарлаш конкурсанттар да кыйын экен. Ал жактан көп нерсе үйрөнүп, шаарын дагы көрүп келдик. Калыстар бизге аябагандай мактоолорду айтып жатышты. Өзүм бийге жакын болгондуктан, ошого ылайыктуу ырларды аткарганга аракет кылдым. Ал эми, конкурстун жарым финалында Муса Баетовдун "Сагынам" деген композициясын аткардым. Анан сыналып, финалга чыктык. Бул мен үчүн абдан чоң жетишкендик.
- Кандай окуялар сиздин эсиңизден кеткис болуп калды?
- Конкурс бүтүп Бек экөөбүз Кара деңиздин жээгинде эс алып, бир присте камерага ары-бери жакты тартып турганбыз. Бир маалда улуу эле киши экен Украиндик, бизге келип: "Балдар, силер менен сүрөткө түшүп алсак
болобу?"-дейт.Биз түшүнбөй калып "эмне болду?" десек, өзү айтып калды "Силердин чыкканыңарды көрдүм, Кыргызстанда ушундай ырчылар бар деп ойлогон эмеспиз", - деди. Ал биз менен сүрөткө түшүп кетери менен эле дагы бирөө келип, ичинен Украинанын валютасын алып чыгып, ручкасын алып чыгып мага берип жатпайбы. "Кол тамга берип койбойсуңбу?"-деп. Мен чочуп кетип "эмнеге?" десем, "Майкл Жексонду элестетет экенсиң",-дейт. Анан ага кол тамга бердим, ушул көрүнүштөр эсимде сакталып калды. Баса бир күнү шаарды кыдырып бара жатып адашып кеттик. Негизи, оң жакка барышыбыз керек эле, а биз сол жактагы жолго түшүп кетип калыптырбыз. Сураштырып жүрүп араң тапканбыз.
- Конкурска барган чыгымдар өзүңөрдүн капчыгыңардан кемитилдиби, же министрлик тараптан жардам болдубу?
- Биздин продюсерибиздин колдоосу менен барып келдик. Бирок кыргызда тууган, дос деген бар эмеспи. Ата-энелер, жакындарыбыздын жардамы болду.
- Эл адамы болгондон кийин жарашыктуу кийиниш керек.Атайын стилистиңиз барбы?
- Ооба, албетте бар. Айбек байке менен иштешип калгандан баштап ар бир жүрүм-турумубузга кийимибизге көңүл буруп келет. Продюсердик борбордун стилисттери бар, алар бизди жасап, анан Айбек байкеге көрсөтүшөт. Кээде мен каалабасам да, алар каалагандай чач жасалгаларын жасашат.
- Сиздин кыймылыңызды Атай Өмүрзаковго окшоштурушат экен. Атай менен тууганчылыгыңыз барбы?
- Ал менен жакын тууган, тааныштык катарында мамилем таптакыр жок. Бий жактан өзүм үйрөнгөм, эч кимден сабак алган эмесмин. Кафеде иштеп жүргөндө эле бий тууралуу кинолорду көп көрүп, кыймылдарымды ошолордукуна окшоштуруп үйрөнүп алгам. Азыр жумада 3 жолу Бека экөөбүз бийге барабыз. Ал жактан хореографтар сабак берип жатышат.
- Уят болгон учуруңуз болду беле?
- Нарында окуп жүргөндө, жетинчи класс болсом керек. Мектепте гитара менен ырдап, ар кандай конкурстарга катышып, тактап айтканда, өзүнчө эле "жылдыз" болчумун. Мени көргөндө тиги ырчы келе жатат деп калышчу. Бир күнү гитарамды асынып алып мектептин дарбазасынан кирип бара жатсам, отургучта кыздар отурушуптур. Анан аларга гитарам менен көрүнүп "мактанып коёюн" деп алардын жанынан өтүп бара жатып, кышында болчу капысынан муз жерди басып алып, тайып жыгылып кетип, кайра аларга тескерисинче уят болуп, бетим кызарган. боюнча үйгө кеткен болчумун.

Бек Исраилов:
"Чачым узун,бирок Гу Чжун Пёго окшоштурбагыла"
Үстүбүздөгү жылы легендарлуу, көп таланттарды элге тааныткан "Ысык-Көл" эл аралык конкурсунан жеңип, көптүн көнүлүн өзүнө буруп, "Чыгыш Базары" аттуу Украинада өткөн эл аралык фестивалда талантын көрсөтүп, бүгүнкү күндө продюсер Айбек Акматовдун кенжетайы, көп селкилерди өзүнө ашык кылган Бек Исраилов сырларын биз менен бөлүштү.

- "Ысык-Көл-2011" конкурсунда биринчи орунга татыктуу болуп, акчалай сыйлыкка ээ болдуңуз эле.Акчаңызды эмне кылып короттуңуз?
- Чынын айтсам, акчага деле көп маани берген эмесмин. Мен үчүн конкурста жеңүү чоң жетишкендик дагы, чоң дем, күч болду. Ал эми, акча экинчи пландагы нерсе. Акча өз ордун бат эле тапты.
- Маегибизди "Чыгыш Базары" деген эл аралык фестивалына бурсак?
- Адаттагыдай эле алдыга пландалган конкурстардын бири болчу. Учурдан пайдаланып, Маданият жана маалымат министрлигине ыраазычылык билдиребиз. Себеби, эгер министрлик бизге ишеним артпаса, анда конкурска Кыргызстандын атынан катыша албайт элек.
- Буга чейин чет мамлекеттерге чыгып көрдүңүз беле?
- Жок, биринчи жолу чыктым. 12-номердеги катышуучу болуп биринчи күнү Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр төктү" деген чыгармасын аткардым. Ал эми экинчи күнү "Сары-Ойду" созуп аткардым.
- Сахнада ырдап жатканда толкундоо сезими пайда болдубу?
- Негедир андай сезим болгон жок. Бул жактан ырдаганда кичине толкундоо болчу. Ал жактан эч ким тааныбайт деп ырдап жаттым. Үч күн катары менен ырдадык. Бизди абдан жылуу маанай менен кабыл алып, кол чаап коштоп турушту. Ошолор мага дем, күч берди.
- Айбек Акматов менен атайын кагаз түрүндө келишимиңиз барбы? Же жөн эле иштешип калдыңызбы?
- Кагаз түрүндөгү келишим бар деп айтсам жаңылышпайм. Көп эле жылга түзүлдү. Жакын арада жаңы ийгиликтерибизге күбө болосуздар.
- Чачыңыз узун экен, Гу Чжун Пёнун катарын толуктайсызбы?
- А жок, ал кинону "жаман" деп деле айтпайм. Биздин өлкөгө кандайдыр бир стиль алып келди болуш керек. Балдардын чачы узунураак болсо эле, ошого салыштырып калышат. Менинче, ал кинодо терс деле көрүнүш жок. Ага окшоштурсаңар таарынбайм деле, бирок өзүмдү аларга окшоштурбайм.


Жылдыз Абдыкерим кызы








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??