Узак жашоонун
сырлары
Улуу Британиянын окумуштуулары бир нече жолку изилдөөдөн соң интеллектуалдык иш менен иштеген адамдардын башка иштер менен алек болгон адамдарга караганда чанда каза болорун аныктап чыгышты.

Мээ иштете турган көнүгүүлөрдү көп жасаңыз
Өзүңүздүн жашооңузду узарткыңыз келсе, мээңизди иштете турган көнүгүүлөрдү көбүрөөк жасаганыңыз жакшы дешет алар. Мисалы, баш катырмаларды, кроссворд, сканворд толтуруп, мээңизди иштетсеңиз болот. Андан сырткары, китептерди көп окуп, ырларды көп жаттасаңыз да узак жашайсыз.

Помидорду көп жегенден жашоо узарат
Кадимки эле күнүмдүк турмушта биз колдонуп жүргөн помидор да жашоонун узарышына себепкер болот экен. Помидордун курамында калийге окшогон минералдык элементтердин көп болгондугуна байланыштуу жүрөк кан тамыр ооруларынын алдын алат. Томаттарды дайыма колдонсоңуз аз ооруйсуз.

Туугандар менен жакшы мамиледе болсоңуз да көп жашайсыз
Жакындарыңыз жана туугандарыңыз менен жакын мамиледе болуңуз. Анткени, алар менен эркин баарлашуу кан басымды нормалдаштырып, алкоголго болгон көз карандылыкты жоготот. Мындай жыйынтыкка Гарвард университетинин окумуштуулары келишти.

Бойдокторго караганда үй-бүлөлүү эркектер узак жашашат
Ал эми италиялык окумуштуулар болсо жалгыз бой эркектерге тезинен үйлөнүшүн сунушташат. Анткени, бойдок эркектер үй-бүлөлүүлөргө караганда 3-5 жыл аз жашаарын далилдешкен. Мындай изилдөө 20 жылга созулган.

Катуу үндөн алысыраак болгондордун жашоосу узун болот
Кан басымы жогорулар япониялык изилдөөчүлөрдүн кеңеши боюнча катуу үндөн алысыраак болот. Анткени, андай катуу үндөр жүрөктүн токтоп калышына түрткү болот. Кан басымыңыз жогору болгон болсо катуу үн чыккан чайнектерди, ойгото турган саатты колдонбой койгонуңуз дурус.

Узак жашоо боюнча кыскача
Коомчулуктун пикирине көп көңүл бурбасаңыз да көп жашайсыз. Ит үрө берет, кербен жүрө берет дегендей, айтылган сөздөр кала берет.
Эгер үйүңүздө үй жаныбары, мышык же ит болсо жакшы. Анткени, аталган жандыктар кан басымды нормалдаштырып, стресстен арылтат.
Таттууну жакшы көрсөңүз, шоколадга басым жасаганыңыз оң. Анткени, шоколаддын курамында рактын алдын алуучу полифенол бар. А полифенол жүрөктүн ар кандай ооруларынын алдын алат.
Классикалык музыка да жашоону узартат. Мисалы, Бетховендин мыкты симфонияларын жумуштан чарчап келгенден кийин уксаңыз, бир күнү кечке чарчаганыңызды арылтат.
Француз окумуштуулары ден соолукту чыңдап, узак жашоо үчүн сальса бийин бийлөөнү сунушташат. Сальса бийи омуртканы чыңдоого жардам берет.




  Кызык экен

Дүйнөлүк генийлердин бири-биз сөз кыла турган Уильям Сидис. Ал эки жүзгө жакын тилде эркин баарлаша алган.
Бир жарым жашында гезит окуган Уильям Сидис
Уильям Жеймс Сидисти ата-энеси гений кылгылары келишкен. Алар элден башкача билим берип, 18 айлык мезгилинде эле ал "Нью-Йорк Таймс" гезитин окуп калган. Алты жашында атеист болгон. 8 жашына чейин эле 4 китепти жазган. 11 жашында Ж.Сидис Гарвард университетине тапшырат. Американын космологиясын жана психологиясын изилдеген. Сидис темир жол билеттерин чогултуп, транспорт системаларын изилдегенди сүйгөн адам болгон. Франк Фалупа псевдоними менен темир жол билеттери боюнча трактат жазган. Ал трактатта поезддеги окуялар толук түрдө чагылдырылган.

Кыркка жакын тил билген
Кыркка жакын тил билген. Бирок такталбаган маалыматтар боюнча 200гө жакын тилде эркин сүйлөп, бир тилден экинчи тилге эркин которо алган. Сидис өзү вендергуд деген тил чыгарып алып, ал тилинде да бир китеп чыгарган. Анын тили латын, француз, немис, грек жана башка тилдердин негизинде түзүлгөн.

Төшөк кумарынан баш тартып, интеллектуалдык жактан өсүүгө умтулган
Сидис социалдык жактан абдан пассивдүү болгон. Жаш кезинде төшөк кумарынан баш тартып, убактысынын көпчүлүк бөлүгүн интеллектуалдык жактан өсүүгө багыттаган. Ал эми эр жетип калганда жөнөкөй эле бир ишканада эсепчи болуп эмгектенген. Кадимкидей эле айрык-тытык кийимдерди кийип жүргөн. Анын гений экенин билип калган жетекчилер аны иштен чыгарып салып турушкан. Ошондуктан, журналисттерден жашынып жүрүп өткөн.
Сидистин мээсине кан таамп кетип, 1944-жылы жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Уильям Сидис жөнүндө кызыктуу фактылар:
1. Уильям бир жашка чыкканда жазып калган.
2. Ал эми төрткө чыкканда Гомерди окуп калган.
3. 4 жашынан 8 жашка чейин төрт китеп жазган.
4. 7 жашында Гарвард медициналык мектебине экзамен берип, өтөт.
5. 8 жашында 8 тилде сүйлөп калган: англис, грек, латын, орус, иврит, француз, немис жана өзү ойлоп тапкан;
6. 11 жашында Сидис Гарвард университетине тапшырып, Гарварддын математика ийриминде сабак өтө баштаган. 16 жашында Гарвард университетин эң мыкты аяктаган.