Достум, билгениңен биле элегиң көп!

АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)

Жанызак @басма
(Башы өткөн санда)
- Оп, мына, Асыке, маселени дал ушул деңгээлден карасаңыз, ушуга сиздин сүрөткерлик оюңуз, пикириңиз: ушуга кандай мамиледе карайсыз да?
- Эми-и, бу бирөөгө баа бериш кыйын. Чындыгында, бул өзү татаал маселе. Менин оюмча, муну, буга бааны жөн эле... биздин берген баа туура болбой да калышы мүмкүн. Балким, бизден да кыйын, айталы, философтор болобу, же тарыхчылар болобу...
- Жоо, сүрөткер катары өзүңүздүн бааңызды айтсаңыз?..
- ...бул чынында күтүүсүздөн болгон, анан мындан кандайдыр бир кокустуктун, э-ээ (пауза)..
- ...жышааны бар деңиз...
- ии-и, жышааны бар.
- Мына эми ошондон бери, үйлөнгөндөн бери дегеним, залкар жазуучу камчыга сап болор чыгармасын жаратпай келатканын сиз эмне менен түшүндүрөр элеңиз? А киши көмүскө депрессияга тушуккан жок дейсизби?
- Эми, менин оюмча, ал буга чейин шумдуктардын баарын жаратып келди... Шолохов деле көпкө чейин жаратпай туруп, анан бир күнү жаратып койчу. Эми ал жараткыча баягы, чыдамы кеткендер шаштырчу тура. Ошондо Шолоховдун айтканы бар: "Кто быстро робит, тот слепых родит"-деген. Анын сыңарындай, балким, бул азырынча жаратпай туруп, анан дагы бир шумдуктарды жаратышы ыктымал. Алтынды берген, каухарын да берет да...
- Туура деңизчи. Эми бу кийинки кошулганы кайсы жылдар эле?
- Аны мен билбейт экем. Кайсы жыл экенин териштирген да эмесмин.
- А мейли. Буга чейин а киши же үч жылда, же беш жылда бир жолу бул СССРди, же дүйнөнү кошо дүңгүрөткөн чыгармаларды жаратып келбедиби. Бирок төшөк жаңырткандан кийин колу тийбей калдыбы, айтор, сиздин кейипкериңизге үйлөнгөндөн кийин негедир көпкө дымып калды. Биерде кандайдыр бир байланыш жокпу дейм да...
- А менин оюмча мындай: бу биз кызык элбиз да, кызыкпыз баарыбыз. Шумдук чыгармаларды жараткан кишилерден бат-бат жаратышын тилейбиз да, ал эми ошондойлорду жарата ала турган деле кишилерибиз бар далай-далай, аларга көңүл бурулбай калат да, алар жаратпай жүрө беришет, мунусуна кайгырбайбыз да, буларды анчейин шаштырбайбыз биз. А мен бирок, тескерисинче, андай залкар кишилерди шаштыргым келбейт...
- А мейли, мунуңузга рахмат. Эми сиз жанагы ырыңыздын кейипкери Жанар-Тоого кетти эле да бул Ала-Тоодон, туурабы?
- Эмнеге, Фудзиямага..
- Фудзияма жанар тоого. Эми алар таптакыр башка жакка, жанар тоосу жок эле, тескерисинче, Европанын жайыгына кетишти го. Мына ушул эки кетүүдө кандайдыр бир байланыш бар деп ойлойсузбу?
- Эми мындай: алар жанагы Жанар Тоого кеткендер Жайык Жерге деле кете бериши ыктымал. Албетте, эгер жайлуу болсо.
- Оп бали, туптуура айттыңыз, Асыке! (экөөбүз алакан кагыштык!)
- Мен мындай деп ойлойм: тердеп-тепчип, ондогон жылдар бою мээнеттенип, анан ушу жерден атасы атылып кетип, тозоктун кыл көпүрөсүнөн өткөн чоң сүрөткер, чоң художник болгондон кийин... Ал өзүнүн эрки, каякта жашайт, кимге кызмат кылат... Бирок мага бир гана жери жакпайт: эгер ошол улуу кишибиз мобул Россиянын атынан эмес, кыргыз элинин атынан жүрсө, мага көбүрөөк жакмак. Же болбосо Россиянын атын атабай өзүнчө эле турса, өзүнүн каражатына жашаса да мага көбүрөөк жакмак. Өз эли турганда ошол улуу элдин өкүлү болуп жашаганы мага анчалык жага бербейт.. (Бу жыйнак чыкканча Аскар акенин тилеги кабыл болду - Ж.).
- Аскар аке, мына кечээ жакында Казат Акматов "Кыр. маданиятта" а кишинин Европа жайыгында жүргөнү чыгарма жазганга жайлуу жерди тапты, анын аерде жүргөндүгү бир эсе ушуну менен түшүндүрүлөт, деп айтты, эгерде бул өңүттөн алып карасак...
- ...туура эмес...
- ...андай жайлуу жерлер Ала-Тоо арасынан деле табылмак да.
- ...аер андай жайлуу жер болсо Люксембургдун кишилери баары тең Айтматов болуп алмак... (экөөбүз тең бир каткырып алдык да, жана бир жолу алакан чабыштык)
- Ап-бали, Асыке, кулдук, кулдук!
- .. .жайлуу жер чыгарма жаратууга эч кандай шарт түзгөн эмес и түзбөйт. Чыгармачыл адам кандайдыр бир оргуп, ал жайлуу жерби же жокпу, анысын талдабайт...
- Эми ушуга байланыштуу дагы бир суроо: жанагы кызыңыз кайра Ала-Тоого келип, анан кийин...
- Ал менин кызым эмес...
- Жок, сиздин кейипкер кызыңыз дегеним, кечиресиз, образдуу айтканда дейм да. Анан ошо кызыңыз Ала-Тоого келип, анан биерден жалаңдаган кайсы бир алгыр кушча бирөөнү илип алып, ошо бойдон башка бир жайык жерге кетти дебедикпи, иэ? Мисалы дейм да. Эми ошол жайык жерге илинип кетишке жанагы залкар кишинин өзүнө өзү айып тагуу, самобичевание дейлиби, айтор психологиялык ички дискомфорт мажбурлаган жокпу дейм да. Балким анда кандайдыр бир ички жоопкерчилик сезим ойгонуппу, же ошондой ыпластыктан арууланып жүргөндүр а жерде?
- Арууланып дейсиңби?
- Ооба. Кандайдыр жаңы чыгарма жаратыш үчүн эмес, өзүн өзү жаңылоо үчүн, өзүн кайра жаратуу үчүн жер кезип жүргөндүр..
- Анысын мен билбейм, бирок мага... мен бир нерсени айта алам: мурунку көч кайда барса, кийинки көч ошоякка барат дейт. Бүгүнкү чындыктан качып, жайлуу жерден баш паанек тапкан сүрөткердин артынан улам бир шылтоо менен кетип жатышат. Алгач Акматовду кетти деп уктук, эми мына Океев да жакында сапарга чыкты...
- Акматов биерде дешет...
- Ал өзү демократтардын баарын далай жерге сүйрөп келип, анан кийин баягы, башы жок калган ажыдаардай кылып таштап коюш. . . Баарлыгы тең эле жайлуу жер издеп кетип калганы туура эмес, менин оюмча. Жанагы, чачпагын көтөргөн келин-кезектер болот, катын-калачтар.. Менин оюмча алардын бул иштери туура эмес...
- Аскар аке, биз башкаларды коюп, бир адамдын мисалында сүйлөсөк, биердеги маселе жөпжөнөкөй эле болсо керек: өзү байкоосуздан чалынып калып, чекиликке баткан сүрөткерибиз тазарайын деген жаналекеттен улам кетип калган шекилди. Ушуга кандай карайсыз?
- Эми андан тазарабы-тазарбайбы, билбейм. Менин оюмча западный Европа тазарта алабы, билбейм. Тазартыш үчүн...
- Тазартпаса да алаксытар?
- Ким билет аны, ким билет...
- Аскар аке, жанагы ырыңыздын толук текстин окуп берсеңиз. Баса, анын ортосунда алгач Бүбүсарага арналган ырыңыз да бар экен, ошону да угуп көрбөйлүбү? Антпесе кайсыдыр бир ныптасы менен биздин темага тикелей байланышып кетет экен.
Аскар аке кол жазмаларын барактап, алгач Бүбүсарага арналган ырын окуду:
Ала-Тоонун шоола чачкан акагы,
Шоокуму жок жерде уктап жатабы?
Керме-Тоонун беренелүү берметин,
Бейиттеги боз топурак катабы?
Таш боор ажал,
Укпас тажаал,
Кеттиби аймап батаны?
Дагы, дагы,
Дүңгүрөөрдө,
Бүт дүйнөгө атагы?!




Айгүл ШАРШЕН
Жанызак @басма
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
Ошентип, Калыс эртеден кечке жумушта болуп, кечинде кызын алып келет. Байдылда бир айдай чогуу жашап эле кайрадан дайынсыз жоголуп кетти. Калыс аны кийинчерээк дагы бир бой келиндин үстүнө кирип алыптыр деп угуп калды. Абдан ызаланып ыйлап жүрдү, анткени, үч айлык боюнда бар болчу. Ал абдан кыйналып, такыр аргасы кеткенде кайра кызын кайненесине жеткирип келди. Ай-күнүнө жетип, уул төрөп алды. Баласы торолуп калганда Байдылда кайрадан келип, Калыска жалынып-жалбарып отурду.
- Калыс, мен эми баарын ойлондум, тынч өмүр сүрөлү, - деди башын жерге салып.
- Болбойт, Байдылда, менин дагы көңүлүм калды, мындан ары сени менен жашай албайм, балам менен өз оокатымды өткөрө берем. Сен каалаган жагыңа кете бер, төрт тарабың кыбыла!
- Койчу эми, Калыс, мен мындан ары эч жакка кетпейм, мени кечирип кой, жаным, уулумдан мени бөлбө.
- Балам дебе, кайдагы баланы айтасың ыя, бала үчүн кам көрүп койдуң беле, же бир пайдаң болдубу?
- Айтпадымбы, мындан ары жаныңдан чыкпайм.
- Эми сенин керегиң да жок!
- Кечир мени, ушунчалык эле көңүлүңдү калтырдымбы, кечирим берип баламдын жанында болууга уруксат бер, - деп көгөрүп отуруп алды. Калыс баласын көтөрүп, эшикке чыгып кетти. Панаркүл менен сүйлөшүп отуруп, кеч келди. Байдылда көмкөрөсүнөн түшүп жатып алыптыр, унчукпай кирип, уулун кучактап жатып калды. Убакыт өтүп, кайрадан жашап жатканы менен Калыс таптакыр жибибеди. Бир күнү чыгып кеткен Байдылда кеч күүгүмдө кубанычтуу келди.
- Калыс, биз эми бактылуу жашайбыз, мен Казакстанга жумушка бармак болдум, областтан жөнөтөт экен, экөөбүз тең кетели, балам экөөңөр жанымда болосуңар.
- Качан жөнөтөт экен?
- Эки-үч күндөн кийин.
- Аякка барып, дагы казак кыздарга кетип калсаңчы? - Калыс сынай сурады.
- Эч качан кетпейм, ансыз да чарчадым, - деди Байдылда ишенимдүү.
- Андай болсо баралы.
Ошентип, алар ошондон үч күндөн кийин переселен болуп Казакстанга жол тартышты. Бир аз жүгүн алып, Казакстандын Саратов деген жерине барышты. Аерден жатакана менен камсыз болгондон кийин курулушта иштеп жүрдү. Он беш күндөй эле убакыт өттү. Байдылда баласына имерилип, жумуштан эрте келип калган. Бир күнү эле дагы келбей калды. Калыс аны күтүп жүрдү, бирок Байдылда ошол бойдон келбеди. Күндөрдүн биринде аны издеп иштеген жерине барса, аерден күйөөсү менен чогуу иштеген бирөө:
- Байдылдабы? Ал бир келин менен жашап жүрбөйбү, бизге деле бойдокмун деген, - деди таң кала.
- Анын каерде жашаганын билбейсиздерби?
- Жакын эле жерде…
- Көрсөтүп коёсузбу?
- Ал бүгүн келбей калды, табар бекенсиз?
- Эмнеси болсо да көрүп алайын,- деген Калыска боору ооруган киши бир баракка дарегин жазып берди.
- Ушул үйдү тапсаң, аны табасың.
- Рахмат, аке, - деп баласын көтөргөн келин көчөлөрдү аралап ыйлап кетип баратты, бат эле тапты. Негедир беритен айбаттуу бараткан келин дарбазасына келгенде жүрөгү ылдамдай согуп, муундары калчылдап кетти. Кирер-кирбесин билбей эки анжы болуп турганда артынан үн угулду:
-Сизге ким керек?
-Аа-а, - деп артына кайрылса көздөрүн көпкөк кылып боёгон, чачтары тармал, оозу кыпкызыл, кыска юбка кийген келин өзүн карап турган экен. - Мен… мен Байдылдага келдим эле.
- Эмне, сен кимиси болосуң? - Атайын жармаштырып алган узун кирпиктери жымшык көзүнө эч коошпогон келин оозун чормойто карап калды.
- Мен аялымын.
- Аялы?!
- Ооба.
- Сен ушундай туруп тур, азыр чакырам, - деди да тиги бир бөйрөгүн таяна Калысты баштан-аяк бир карап алып, ичкери кирип кетти. Калыс дарбазанын эшигин тиктеп көпкө турду. Бир топтон кийин гана эшик ачылып, Байдылда чыга келди.
- Сен эмне кылып жүрөсүң? Эмне ишиң бар менде? - деп тирмеңдей түштү.
- Сага келдим.
- Сөзүңөрдү эрте бүтүргүлө, менин күткөнгө убактым жок, - деп демитти артында турган жанагы келин.
- Сен эми мага келбей койсоң да болот, баланы өзүң багып ал. Мен Саламатты сүйөм, экинчи келбе! - деп Байдылда кайра кирип кетмек болду эле Калыс ыйлаган бойдон:
- Баланын кусуру урсун, темселеп дагы барат экенсиң мен сени менен жашамак турсун үйгө киргизбейм! - деп артка кайрылып көз жашын тыялбай кетип жатты.
Тагдырың кээде жумшак жел ыргагы,
Заматта аткарылат оюңдагы.
Эгерде сыртын салып туруп алса,
Жашоодон кечкиң келет алдыдагы,- деп жол ката наристесин өөп коюп, бир колу менен көзүнүн жашын аарчый жашаган жерине келди…
Марат Калыстын кеткенин уккандан кийин бир аз жеңилдеп калгандай болду. Негизи, аны чын жүрөгү менен сүйөрүнө көзү жетти, бирок өзүнчө: "Ал менин сүйүүмө татыктуу эмес, жок дегенде ачык айтса болмок. Балким, оозу барбагандыр, жүрөгү даабагандыр, баары бир калп айтканча башкача айтса болбойт беле. Неге мени дал ошол түнү алдады, эмнеге болбогон, такыр коошпогон калпты айтат, жада калса төрөгөн тура", - деп туталана окуусун сырттан окуп, иштеп жүрдү. Алтынай болсо Маратты жандап таптакыр жанынан чыкпайт, кийинки кездери андан оолактай баштаган. Бир күнү жумуштан келгенде Мырзагүл аны тилдеп кирди.
- Калыс кетип калыптыр го, кызың турат, аны кайра алып кел да, бул жакта окууңду бүткөнчө жашай бергиле.
- Кеткени жакшы болду, алып келбейм, - деп жер карады Марат.
- Марат, кызың эмне болот, мендей болуп кийин-кийин издеп келишин каалайсыңбы? Кыз киши өз ата, өз энесинин колунда өскөнү жакшы, чоңойгондо мамиле куруу өтө кыйын болуп калат, - деп Мырзагүл инисинин жанына отурду. - Өзүң билесиң, тааныбастык эмнеге алып барбайт, атасын кызы сүйүп, эжесин иниси сүйүп калган кызык окуялар болуп жатканын угуп деле жүрөсүң. Тагдырдын машакаттуу да, табышмактуу сырлары көп, иним.
- Эже, анын күнөөсү өзүндө, баланы алып келсе келди, келбесе мен кызыма кийин дагы карабайм. Күнөө кимде экенин энесинен сурасын, териштирип билсин, акыл токтоткондо өзү калыстаар…