Жашынган жылдыз

КРнын эмгек сиңирген
артисти Айша Базарбаева:
"Ырдын текстине өтө
көп маани беришчү…"
Алгачкылардан болуп, кыргыз эстрадасынын баштоочуларынын бири, С. Жумалиевдин "Фрунземе күндө жаңы көрк кошуп, Гүл жыттанып сүйкүмдөнөт бульварым…" деп элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы айым Айша Базарбаева күйөрмандарын сагынтып, көксөтүп, "жарк" дей бизде мейманда.

"Концертке келген адамдарды көрүп, эсим ооп…"
1967-жылы 4-сентябрда алгачкы жолу сахнанын босогосун аттаганым дале да кечээки күндөй көз алдымда. "Дубовый паркта" жайкы сахна бар болчу. Элдер батпай, боз балдар жунглидеги маймылдардай бак-дарактын үстүнө да асылып алып көрүшсө, бир чети элдин көптүгүнөн абдан сүрдөп, бир чети андай концертке келген адамдарды көрүп, эсибиз ооп калышка аз алган. Орто Азия боюнча биринчи жолу Чоро Кожомжаров, Сардарбек Жумалиев, Окен Усубалиев эстрадалык топ түзгөн. Топтун курамында Юрий Черкасов, Тимур Токоев, Чынара Темиралиева-төртөөбүз ырдачубуз. Эстрада дегенде эле биз орус элинде гана эстрада болот деген түшүнүк бар эле да. Ошол себептен, менин репертуарымдагы 4 ырды орус тилинде, өзбектердин "Намангандын алмасын" өзбекче ырдачумун.

"Урушуп алып, кайра боору ооручу…"
Чоро агай өтө сабаттуу музыкант, нукура талант болчу. Мүнөзү да жумшак, көңүлчөөк, ачык айрым жакшы жигит эле.Урушуп алып, кайра боору ооручу. Абдан жөнөкөй, башкаларчылап кошоматтанганды да билбейт болчу. Ал убакта ырдын текстине өтө көп маани берчү. Ошондуктан, ошол маалдагы ырлардын дээрлик көпчүлүгү классикага айланып калгандыр. Азыркылар ырдап жүргөн "сени сүйүп калдым, анан унута албай жатам" деген тантык ырларды аткаргандарды сахнанын ыйык босогосун атташына такыр жол беришмек эмес.

"Мени туурап чачтарын кырка башташкан…"
1968-жылы куудул Асанкул Шаршенов катышкан даректүү фильмди койгон режиссёр Нарынбек эле. Чачымды каре кылып кыркып, кыска көйнөк кийип, эстрадада ырдап чыккам. Мени туурашып кыз-келиндердин баары чачтарын кырка башташкан. Ал убакта ыйык сахнанын босогосун аттоо өтө чоң жоопкерчиликти талап кылган. Атайын көркөм кеңеш түзүлүп, композитор, акын, хореограф, сүрөтчү-ошондой кесиптин эгедерлери аттуу-баштуулар отурчу. Сахнада өзүн алып жүрүү боюнча мага хореограф Нурдин Тугелов агайыбыз көп сабак берди.

"Мени элге тааныткан-"Дзержинский бульвары"
Сардарбек Жумалиевдин "Дзержинский булвары" мени элге таанытты. Ушул ырды 17 жашымда ырдап чыккам. Композитор Жумамүдүн Шералиевден кийинки эле композитор Сардарбей агай деп билем.

"Мирбек-азыркынын Рыпайы"
Азыркы жаш ырчылар музыка дүйнөсүн кандай түшүнүп кабыл алса, өздөрүнүн деңгээлине жараша ырдап жүрүшөт. Арасында мыктылары да жок эмес. Дээринде таланты бар деп Мирбек Атабековго баа берет элем. "Элүү жылда эл жаңы" дегендей, Мирбек азыркынын Рыспайы десем болчудай. Биздин убакта Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Жолдошбек Мамажановдордун ырларын эл абдан ынтаа коюп угушчу.

"Легендарлуу "Ялла" тобу бизден кийин таанылган"
- 1965-жылдан "Карамолдо Орозов" атындагы симфониялык оркестрде иштеп келе жатам. Өзүмдүн адистигим скрипкачы. Ташкентте "Алтын күз" фестивалына катышып барганбыз. Бирок өзбек элинин легендарлуу "Ялла" тобу да бизден кийин чыккан. "Садо" кыздар тобу бар эле. Ушундай инсандар менен карым-катышта элек.

"Жолдошу ырдатпай коюптур…"
Жолдошум Сапарбек Сагынбеков даректүү фильмдерди тарткан кинорежиссёр болмок, тилекке каршы, 3 курска чейин окуп, оорунун айынан бүтпөй калды. Экөөбүз бакубат турмушта 40 жылча өмүр сүрүппүз, айыкпас дарт менен ооруп, кайтыш болду. Алан, Мээрим, Айзат, Алина деген балдарыбыз бар. Мен үй-бүлөлүк шартка байланыштуу 4 жыл ырдап, анан үйдө отуруп калгам. Ал убакта ар кандай ушактар чагылгандай тарап кеткен. Жолдошу ырдатпай коюптур, башкага кетип калыптыр деп да жүрүштү. Азыр неберелеримдин курчоосунда бакубат турмушта жашап келем, чөбөрөм Даткайымдын балдай тилине мас болуп келем.

"Улукмырза агай Зияшын таппай калып…"
Ош шаарына гастролдоп чыкканда, мен концертке алып баруучу болдум. Улукмырза Полотов менен Гүлчехра Валиулина "Аста секин, колуктудан" үзүндү дуэт ырдашмак. Гүлчехра эже чыгайын десе, өтө турган жер жок, чыйпылдап атат. Улукмырза агай каккан казыктай болуп эле турат да: "Оо Зияш, ой ий, ботом, кайда кетти?" деп чочуса, Гүлчехра эже: "Ой, мен мындамын" деп обон созуп чимириле бийлеп, дирижёр Эсенгул Жумабаевдин жанынан кыпчылып болсо да өтүп, билдирбей кырдаалдан чыга калган.

Күйүткө салган "Сулико"
Менин балдай таттуу балалык күндөрүм Кеминде өткөн. 3-классымда мугалимдер майрамында грузин ыры "Суликону" ырдап чыккам. Эч нерседен тартынбай сахнага чыктым да:

Мүрзөсүн издеп жарымдын, Кусага терең малындым.
Жүрөктү күйүт чалды го, Кайдасың айтчы, Сулико…десем, мугалимдер: "Ии, байкушум, кенедей туруп, жүрөгүн күйүткө чалдырган ким экен ыя?"деп кобураганын угуп калып, ошол күндөн тартып "Суликону" ырдабай койдум. 5-класста окуп жүргөнүмдө эле ырга шыктуу болуп, Быстровкада өткөн "Слётко" катышып, "Саанчы жеңе" аттуу ырды ырдап, 1-орунга ээ болгом.