п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Обон почта

ОП-188-01. Салам, "Обон" гезити! Талыкпас кайрат каалайм. Сиздерден суранам, Стиви Уандер жана Лутфилла тууралуу маалымат берип коюңуздарчы? Сиздерге чоң рахмат. Окурманыңыздар Айжамал
"Обондон" жооп: Ырчы, композитор Стиви Уандер АКШда 1950-жылы 13-майда төрөлгөн. Анын чын аты Стивиленд Джакдкинс-Моррис деп аталат. Стиви Уандер төрөлгөндө эле сокур болуп төрөлгөн. Ал кичинесинен эле музыка менен машыккан. "Miracles" группасындагы Ронни Уайт он жашар баланын кыяк ойноп жатканын көрүп, Берри Гордиге алып келип, "Motown" киносуна тарттырган. Берри Горди ага кыскача Стиви Уандер деген ысым ыйгарган. Ошол ат менен кино тармагын кармап калам деген. Бирок, Стиви кийин музыка тармагына ооп кеткен. 1987-жылы Стиви Уандер "музыканы таштадым" деп жарыя кылган. Бирок, ал 1995-жылы музыка тармагына келип, "Conversation Peace" альбомун жазган.
Ал эми Лутфилла туурасындагы маалымат биздин №187 саныбызда кеткен.
ОП-188-02. Мен кино, клипке, рекламага катышам. 0779479ххх
ОП-188-03. Салам, "Обончик", мага Алтынай Нарбаева жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы. Алдын ала рахмат. Элиза
ОП-188-04. Сүйгөнүм, мени кечир, сени сүйөм деп айта албадым. Бул жашоодо ким менен болсоң дагы бактылуу бол. Сени бир өмүр сүйүп калам, кош бол! 0777802ххх
ОП-188-05. Нарын районунун Эмгекчил айылына чоң салам. Нурик
ОП-188-06. Эжелерим Фарида, Айгерим, жезделерим Бекен, Мирлан, ишиңерге ийгилик. 0778140ххх
ОП-188-07. Жээндериме салам. Айзада Жунус кызы
ОП-188-08. Айгерим, Айтурганды акылдуу, жакшы кыз кылып тарбияла. Айгеримдин кызы деп суктансың, дос-душмандарың. 0778140ххх
ОП-188-09. Таеже, тайке, таажеңе, бөлөлөрүмө салам. Мен силерди жакшы көрөм. Айзада
ОП-188-10. Нуриска, Анарка салам. Өзүңөрдү жакшы карагыла, апамды, атамды, чоң атамды сыйлагыла. 0778140ххх
ОП-188-11. Таенем Айымканга, таятам Акимбекке узун өмүр, ден соолук тилейм. Бизге ак батаңарды берип жүрө бергиле,- деп небереңер Айзада.
ОП-188-12. Айзатка, Анарка, Нуриска, Апалка, Үсөнчик, бактылуу, өмүрлүү, ынтымактуу болгула. 0778140ххх
ОП-188-13. Бир туугандарым Апал, Үсөндүн келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм. Аларга ден соолук каалайм. 0778140ххх
ОП-188-14. Салам, "Обончик".Иса жөнүндө билгим келет. 0779941ххх
"Обондон" жооп: Биз бул тууралуу толук маалыматты мурунку сандарыбызда бергенбиз.
ОП-188-15. Иса Өмүркулов, сени сүйөм, сенсиз жашай албасымды сезем. 0779941ххх
ОП-188-16. Салам, "Обончик", мен сүйүктүү атам Жунус, апам Бактыгүлгө салам жолдойм. Айзада
ОП-188-17. Роза эже, Ак-Талаа районуна качан концерт бересиз? Айчүрөк 95
ОП-188-18. Досум Анараны чын жүрөктөн туулган күнү менен куттуктайм. Мырзагүл
ОП-188-19. Салам, "Обонушка", мага "Pora Tyulpanov" түрк сериалындагы Чынардын образын жараткан актёр жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы. 0553109ххх
"Обондон" жооп: "Pora Tyulpanov" түрк сериалындагы Чынардын образын аткарган Толгахан Сайышман 1981-жылы 17-декабрда Стамбулда жарык дүйнөгө келген. Ал түрктөрдүн белгилүү актёру, телеалыпбаруучусу жана модели. Стамбулда Догуш университетинин бизнес башкаруу бөлүмүн бүткөн. 2004-2005-жылдары "Дүйнөнүн эң мыкты модели" ("Лучшая модель мира") конкурсунда утуп алган. 2006-жылы режиссёр Мурат Шекердин комедиялык киносунда башкы ролду аткарган. Андан тышкары, "Pora Tyulpanov" түрк сериалындагы Чынардын образын жаратып, көптөгөн күйөрман топтоого жетишкен.
ОП-188-20. Алтындай атам Жакут, апам Калимага, Тилек, Ильяз акеме салам. Аларга ийгилик. Айжамал 95
ОП-188-21. Апам мугалим болуп эмгектенет. Апамды майрамы менен куттуктайм. Жүрөгү мээримге толуп, ак бантикчен окуучуларга талыкпай билим бере берсин. Айжамал 95
ОП-188-22. Малик агайымды, Тамара эжекемди өтүп кеткен майрамы менен куттуктайм. Гүлзат 96
ОП-188-23. Мурат, Сайкал, Майсал, Айсалкынга салам. Адалат эжемдин жакшы көз жарышын каалайм. Салыбаева Айжамал 95
ОП-188-24. Досум Абуда, Клара, Адина, Сагипа, Элиза, Гүлзинага салам. Окууларына ийгилик. Рамазан иниме узун өмүр каалайм.
Айжамал 95
ОП-188-25. Издешпей табыштык го, Руся, сен дебей сыйлаштык го. Ааламды алты айланып, айсыз түндө сырдаштык го. Арзымат
ОП-188-26. Эшперов айылынын тургундарына салам. Арзымат
ОП-188-27. Саламым мен издеп таппай жүргөн досум Зуляга жолдонот.Кайда болбоңуз бактылуу жүрүңүз. Ринат
ОП-188-28. Мүзүр байке, Гүлмира эже, учурда эмне иш кылып жатасыздар? Мүзүр байке, мендеги ырларды качан окуп көрөсүз? Сиздерге ийгилик. Ринат
ОП-188-29. Салам, Ак-Суу айылынын жаштары! Мен быйылкы бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалайм. Алтын кыз
ОП-188-30. "Обон", менин саламым жалпы эле чаткалдыктарга жана эжем Гүлзина, Наргизага. Музыкальныйда окуп жаткан МБ-21 группасына Нургазыдан жалындуу ысык салам.
ОП-188-31. Роза эже, кандайсыз? Булбулдай болуп шаңшыган үнүңүздөн, бир шаңк эткен күлкүңүздөн. Бактылуу болуң бир келген кымбат өмүрдө. Сизден суранам, ыр жыйнагыңызды бериңизчи. Айпери
ОП-188-32. Татыктуу ажо ким? Ал бир гана Камчыбек Ташиев. Кыргызстанды жегичтерге алдырып ийип, он жылдан кийин жерибизди эмес, өзүбүздү таппай калышыбыз ыктымал. Буйруса, Камчыбек Ташиевди колдосок жаңылбайбыз.
Айжамал 95
ОП-188-33. Салам, "Обонушка". Мен силерди жакшы көрөм жана ошондой эле ишиңерге чоң-чоң ийгиликтерди каалайм,- деп Ала-Букадан Мавлюда 96.
ОП-188-34. Кызганам кызыл гүлүм бир өзүңдү, жаап жаткан ак жамгырдай көздөрүңдү.Эриндериң мөлт-мөлт аккан ак жамгырдай, менде да бар ак жамгырдай тунук сезим. 0773733ххх
ОП-188-35. Менин сүйүктүүм Жаныш, мен сизди чексиз сүйөм, сизди абдан сагындым. Сүйүктүү гүлүңүз
ОП-188-36. Мен №82 мектептеги Азаматка, 7-класска салам. Мен сени сүйөм. 0778559ххх
ОП-188-37. Апшыр-Ата суусундай, Паравоздун буусундай. Эгер мени унутсаң, Адресим ушундай. Ашыктык областы, Сүйүү району, үй номерим жүрөк, кодекс бөйрөк. Телефон 345
ОП-188-38. Гүлданадан жооп: Салам, Эрбол, силердин менин дарегиме айтылган сөздөрдү тамаша катары кабыл алдым. Бул сөздөрдү газета бетине эмес, менин өзүмө айткыла жана сураныч, тамашаңарды токтоткула. 0773730ххх
ОП-188-39. Каныкейдин, Айчүрөктүн урпактары, кайдыгерлик жакасынан чыгар башты. Аялдык касиетти аруу тутуп, акыйкат, алсыраган нарктуу калкты. Конфетка 94
ОП-188-40. Урматтуу Жони, мен сени эми тааныдым окшойт. Ж…..й мен сенден мындайды күтпөпмүн. Мен сенин жашооңо кийлигишкен жокмун. Дарегиме жаман айтпагын. Бабник 94
ОП-188-41. Атам Асылбек, апам Мира, эжем Жайнагүл, байкем Нурбек-баарыңарга салам. Мен силерди жакшы көрөм,- деп кызыңар Татыгүл.
ОП-188-42. Салам, "Обонтай". Алтыным, айтчы неге ойлонбойсуң, Телмирген терең ойдо бойлобойсуң. сүйүп жүрсөң сүйгөнүң менен бирге болуп, кара көзүңдү…… 0700901ххх
ОП-188-43. Менин сүйүктүү ырчым Урмат Усеновго салам жолдойм. Урмат, ишиңе ийгиликти, жашооңо чоң бакытты тилейм. Сени терең урматтап Зарипа.
ОП-188-44. "Обон", салам. Лутфилла ака, кандайсыз? Мен сизге өмүр бою ыраазымын. Сиздин талантыңызга таазим. Сиз эң кичи пейил, боорукер адамсыз. Сиз мага көп жардам бердиңиз, сиздин сөзүңүз өтө таасирлүү. Сиздей ак көңүл адамдар көп болсун. Мен ооруканада жатканымда мени карап, тазалап турдуңуз эле эстедиңизби? Мен, Осмон, Кара-Суулук, 5-палатадагы, сизге рахмат. Мен сиз менен сыймыктанам. Анткени, сиз эң таланттуу, жөнөкөй, кичи пейил адамсыз. Аллах колдосун, кайгырбаңыз. Сизге жеңешаны мен таап берем, баары сонун болот. Ошко качан келесиз? Иниңиз Осмон, Кара-Суулук, дагы бир жолу Лутфилла ака, рахмат сизге. Осмон
ОП-188-45. Лутфилла, алга, сен чоң Алайдын атын чыгардың, сени менен сыймыктанабыз! Чоң Алайдын биринчи жылдызысың. Аракетиңе берекет, өмүрлүү бол! Алтын үнүң өчпөсүн, жакшы күндөрдө жүр. Чоң Алайлык жердештериң Гапар,
Чынара.
ОП-188-46. Урматтуу ырчы Лутфилла мырза, сиздин башыңызды айлантып алгыдай башыңызды кайда калтырдыңыз эле, же сиз бирөөнүн чечими менен жүрө турган адамдардын катарына киресизби? +77024819ххх
ОП-188-47. Лутфилла байкеге: "Роза гүлдөй" деген ырыңыз абдан жагат. Сиз супер ырчысыз. Сиз эң жөнөкөй ырчысыз. Сизге ак жол, өмүр бою сыйлайм. Чыныгы талант, сиз өз күчүңүз менен чыгыпсыз. "Обон" гезитине рахмат. Роза
ОП-188-48. Салам, "Обон". Лутфилланын бардык сырын жазыпсыңар. Лутфилла, ошонун баарын айткандан уялбадыңбы?Сырыңды досторуңа айт, гезитке жазбай. Таң калдым баарын айтканыңа. Намаз окуп жүрсөң, сыр сактап жүрсөң. Иним, бирок сонун ырчысың. Сынды туура кабыл ал. Ийгилик коштосун. Махабат, Ош
ОП-188-49. Сүйүү бул-бал, балды татып көрсө болот. Бирок ага чөгүп кетүү болбойт. Мага сүйүү келе элек. Сүйүү сөзүн айткандарды негедир мен жүрөгүм менен берилип сүйө албадым. Сүйгүм деле келбейт.Анткени, назик жүрөгүмдү кыйнагым келбейт. Лутфилла, кашың башкача экен. Махабат, Ош
ОП-188-50. Салам! Билбедим неге мынча сагынамын, Анда не көңүлүмдү аябадың. Элесиң көз алдымда жанып турат, Сүйкүм жүзүң, булбулдай үнүң жүрөктү эзип салат! Сыры терең, сырдуу кыз
ОП-188-51. Салам,"Обон"! Жакшы сөз жан эргитет, билим акылды сергитет. Акыл -акча булагы, ден соолуктун чырагы. Бат ойлонуп мага чал, байлыгымды таап ал. Билим бөлүшөм. Тариэль
ОП-188-52. Менден Ноокат районунун Айтамга айылынын элине чоң салам. Апам Жамийла, атам Алмаз, иним Расул, карындашым Айдайга жагымдуу ысык салам,- деп Ызат.
ОП-188-53. "Обон", сиздерден сураныч, ырчы Айгерим Расул кызы жөнүндө толугураак маалымат берип коюңуздарчы?
Эркинай
"Обондон" жооп: Биз Айгерим Расул кызы тууралуу маалыматты "Обондун" №186 санында жазганбыз.
ОП-188-54. Достор, жардам бергиле. Сүйүүмдү кантип билдирсем болот, смс жазгыла. Эрбол
ОП-188-55. Жигиттер, деги оюңар кандай? Эмне үчүн кыргыз кыздарын алдайсыңар, асырабайсыңар? Марисабелла 93
ОП-188-56. Урматтуу "Обонушканын" жалпы жааматы, окурмандары жана смсчилери кандайсыңар! Силерге "Обон" аркылуу ысык салам жолдойм! Мен кайрадан силер менен биргемин. Терең урматым менен Накуля.
ОП-188-57. Салам, "Обон". Өзгөрүптүр мен көргөн андагы асыл мүнөзүң, Өзү эмес алыс душмандай, өзүңчө качып жүрөсүң. Качпастан айтсаң өзүңдү, бирөөлөр күнөө коёбу? Келесиң мууздап бычаксыз айтчы өзүң, ушул мага жагабы? Сыры терең, сырдуу кыз
ОП-188-58. Салам, менин сүйүктүү газетам "Обон". Нармат Садыровду чакыргылачы, суранам. 0709890ххх
ОП-188-59. Баарыңарга салам. Ала-Бука районунун Кош-Терек айылынын жашоочусу 1993-жылкы жигитиме чоң салам. Ал учурда Бишкек шаарында окуп жатат. Окууларына ийгилик каалайм, ошондой эле мен аны аябай жакшы көрөм. Люда 96
ОП-188-60. Аваз Акимовго: Сиз деп келген сезимим, Өчпөйт го бул өмүрдө. Карааныңызды ийдеймин, жалгыз гана сиз деймин. 0770505ххх
ОП-188-61. Аваз Акимовго: Кездешкен күн эсимде, Кереметтүү кечинде. Күлүп турду көздөрүң, Бүлүк салып сезимге. 0770505ххх
ОП-188-62. Аваз Акимовго: Жылмайып аман-эсен жүрөсүзбү? Жадырап баштагыдай күлөсүзбү? Жолумдан жолугуп каламынбы деп, Жоготпой сактап келем сүрөтүңүздү. 0770505ххх
ОП-188-63. Аваз Акимовго: Көргүм келет бир өзүңдү сагынам, Көрсөм деп бир өзүңө зарыгам. Күнү-түнү сиз жөнүндө ойлоном, Кусаланып сүйүү отун жандырам. 0770505ххх
ОП-188-64. Аваз, мен сени сүйөмүн. Мага ишен. 0778559ххх
ОП-188-65. Апа, сизди бул жашоодо сыйлап келем. Өмүр өткүчө мен сыйлай берем. Апаке, бул жашоодо сыйлап жүрүп, бир тамчы ак сүтүңдү актаар бекем. Элдияр 92
ОП-188-66. Жаратканым, жалгыз мага жардам берчи, Сүйгөнүмдү башка бирөө тартып кетти. Ал мени сүйөмүн деп айта албай, Ортодо туң сүйүүбүз калып кетти. Элдияр 92
ОП-188-67. Салам, "Обон", бардыгына салам айтам, Мен силерге жакшылыкты дайым каалайм. "Обондон" ырларым чыгып жатса, Мен өзүмчө бир жылмайып толкуп алам. Элдияр 92
ОП-188-68. 0771161ххх абоненти, Канышайды издейм, эгер окусаң мага чалып койчу. Сагындым сени. Мен, Эрзат
ОП-188-69. Салам, "Обонушка". Мен Өзгөн районунун Ийри-Суу айылынын Ботояров мектебинин 11-класстын окуучулары, менин досторум Тату, Эля, Мая, Бека, чоң ысык салам. Окууларыңарга ийгилик каалайм. Мен силерди жакшы көрөм. Досуңар Жаня
ОП-188-70. Гүлжигит Калыков байке, мен сиз менен жолугуп баарлашкым келет. Ажар
ОП-188-71. Мен эжелериме, жеңелериме, акелериме жана ошондой эле мен тааныгандарга салам.
Элдиярь 92
ОП-188-72. Отуз-Адыр айылына чоң салам, 91-жылкыларга. Зуура
ОП-188-73. Жаз келгенде өңү өзгөрүп Ала-Тоонун, Жапжашылга боёлот го ачып койнун. Ала-Тоонун кооздугуна суктанып мен, Сыймыктанып ушул ырды жазып койдум. Элдияр 92
ОП-188-74. Мен апамды жакшы көрөм.Апам менин бактым. Апам жанымда болсо мен дайыма бактылуумун. Апа, сизге бекем ден соолук, узак өмүр каалайм. Жаңылай, Өзгөн
ОП-188-75. Мен апамды жакшы көрөм. Апам менин түгөнгүс байлыгым. Апам менин жашоом. Апам бар болсо мен дайым бактылуумун. Бермет апа, эч качан оорубаңыз. Жаңылай, Өзгөн
ОП-188-76. Салам, "Обон". Менин апам Жакыпова Берметке салам. Апа, мен сизди жакшы көрөм, эч качан оорубаңыз. Дайым аман болуңуз. Жаңылай Өзгөн
ОП-188-77. Саламатсыздарбы, менин атым Анара. Мен сизди баалайм жана сыйлайм. Сиздин ырларыңыз жүрөктү сергитет, ишиңизге ийгилик. Роза эже, мен ырчы болгум келет, мага жардам бере аласызбы? Алла сизге эки дүйнөдө бактылуулукту берсин. 0779736ххх
ОП-188-78. Салам, "Обондогу" смсчилер. Ар дайым бар болгула. Элдияр 92
ОП-188-79. Бир өзүңдү ойлоп турам эми сездим, Жүрөгүмдү сагындырып неге эздиң? А мен да ак сүйүүмдү таптым десем, Жалдыратып эмне үчүн таштап кеттиң? Элдияр 92
ОП-188-80. Салам, "Обон", классташым Зуурага айтып койгулачы, мен аны баары бир сүйөм. 0770566ххх
ОП-188-81. Сезимим сага деген таза бойдон, унутпайм алыс жашайм жаман ойдон. Бир гана сагынарым ишен мага, Жүрөгүмдү жалгыз сага арнап койгом. Сагынбек
ОП-188-82. "Обон". Нияз Абдыразаков жана Омар тууралуу гезит бетине кененирээк жазып бериңиздерчи, суранам. Алдын ала рахмат. Айжамал 95
ОП-188-83. Чала молдо дин бузар, чала орус тил бузар. 0773681ххх
ОП-188-84. Саламатсыздарбы,"Обон" гезитинин жалпы жамааты? Сиздерге Ноокаттан салам жана окурмандардын баарын атап кетсем, Каролина 95, Гүласел, Бабник 94, Аза, Айка, Жанел, Пери, Улан, Ринат жана башка жаңы окурмандарга. Сиздер менен жакындан таанышсам болобу? Мен Ош областында, Ноокатта жашайм. Айжамал 95
ОП-188-85. Уйку көрбөй тынчы миңге бөлүнүп, Ак сүт берип азап менен баккансың. Кулагыма кайра-кайра угулат, "Аман бол" деп алдейлеп тилек айтканың. Атакем менен ден соолукта болуп, бактылуу өмүр сүргүлө. Айя
ОП-188-86. Салам, "Обон". Тогуз-Торо районунун Чет-Булак айылындагы М. Абдыжапаров орто мектебинин 9-классынын окуучуларына ысык салам. Анара
ОП-188-87. Сүйдүм сени сүйгөндүгүм билбейсиң, Азап тартып жүргөнүмдү сезбейсиң. Бирок, азыр мага дагы табышмак, Кимди ойлоп, ким жөнүндө ойлойсуң? Нази
ОП-188-88. Салам, "Обондун" жазуучулары, баарыңарга бакыт каалайм.
Сагынбек
ОП-188-89. Чыңгыз, мен сени сүйөм. 07739444ххх
ОП-188-90. Гүлжигит Калыков байке, мен сиз менен жолугуп, баарлашкым келет. Ажар
ОП-188-91. Ильяз Андаш, сиздин сүйгөнүңүз барбы? Сиздин күйөрманыңыз Айжамал 96.
ОП-188-92. Силер үмүт, эртеңкиге жандап чакырып, Элимдин көрөр көзү замзам булак. Эстечи кандай бийик милдетим бар, Зарыгып сени гана күтүп турам.
ОП-188-93. Бурул Байганаева, туулган күнүң менен. Ааламдагы жакшылыктарды каалайм,- деп эжең Айнура.
ОП-188-94. Апам Калыкова Айнагүлдүн туулган күнү менен куттуктайм. Бар болуңуз, апа, ар дайым биз жүрөлү атыңызга кир жугузбай. Мазмундуу өмүр, темирдей бекем ден соолук, ажары күч жылмаюу, кубанычтуу турмушуңузга шириндик каалайм. Кызыңыз Айнура
ОП-188-95. Ресторанда иштеген Назгүл, туулган күнүң менен куттуктайм,- деп Айнура.
ОП-188-96. Салам, "Обон". Табышмак: Жашыл бойлуу, токсон тондуу, тышы кызыл, ичи ак, сакалы бар, мурду жок, бул эмне? Призи 150 бирдик. Тариэль
ОП-188-97. Салам, "Обонушка". 02.14 тобундагы Жаннат Турушбеков жөнүндө билгим келет. Айжан
ОП-188-98. Айсулуу, курбу кызым. Сен абдан сулуу, ыймандуу, жөнөкөй кызсың. Мен сени менен сыймыктанып келем. Бул жашоодо бар бол, аман бол. Окууларыңа ийгиликтерди каалайм. Дайыма ууртуңдан азыркыдай жылмаюнун нуру өчпөсүн. Курбу кызың
ОП-188-99. "Обон"-менин жан сырдашым. 0771526ххх
ОП-188-100. Бардык кыргыз калкыма салам. Мен Алмазбек Атамбаевди колдойм. Ал президенттикке татыктуу инсан. Мен Атамбаевди колдойм. Мунара






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??