п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Кытай даамы
Кытай фунчёзасы
Керектелүүчү азыктар:
400 гр фунчёза
1 боо көк пияз
4 түп кинза
150 гр жашыл төө буурчак
0,5 чили калемпири
2 аш кашык өсүмдүк майы
2 аш кашык лимон ширеси
1 аш кашык кумшекер
1 аш кашык соя
1стакан грек жаңгагы
Жасалышы:
Жаңгакты майы жок кызарганча кууруп, кинза, пияз, калемпир кошосуздар. Фунчёзаны ысык сууга салып бышырып аласыздар. Майга ысытылган азыктарды кошуп, төө буурчак кошосуздар да, 2 мин кууруйсуздар. Соус кошуп, андан соң фунчёзаны салып аралаштырасыздар.

Кытай даамы
Кытай салаты
Керектелүүчү азыктар:
3 болгар калемпири
3 сабиз
300 гр "аджино-мото" приправасы
3 аш кашык соя, кызыл калемпир
Жасалышы:
Болгар калемпирин тазалап төрт бурчтук кылып, сабизди тоголок кылып туурайсыздар. Этти өтө ичке кылбай туурап, майга жакшылап кууруп, тууралган жашылчаларды кошосуздар. Андан соң ачуу калемпир, соя кошосуздар.

Кыргыз даамы
Олобо тамагы
Керектелүүчү азыктар:
200 гр эт
8-10 литр сүт, 500-1000 грамм сары май, татымына жараша туз.
Жасалышы:
Малдын өпкөсүн бычак тийгизбей таза сактап союп алуу керек. Өпкөнү жүрөгү менен чыгаргандан кийин муздак сууга сала турат. Андан кийин өпкөгө батышынча жылуу суу куюп, өпкө агарганча чайкайт. Суу менен тазалаган соң, өпкөнүн ичине сары май салып, тузу өткүл татыган жылуу сүттү куя баштайт. Сүттү ар бир өпкөгө батышынча куюу зарыл. Өпкө сүткө толгондо бир да жеринде темгили калбай, агарып калат. Сүт төгүлүп кетпес үчүн өпкөнүн оозуна эттен салып, эки-үч жеринен жип менен катуу байлап коёт. Даяр болгон өпкөнү казанга салып, 45-60 мүнөт жай кайнатат.

Алиса Сапарбекова




  Жарыя!!!


"Сүйгөн, бир келген жашоодо жабыгып жүрүп өтпөй, сен деле аялзатына таандык бакытка ээ болуп, эркекке эркелеп жашаганга толук акың бар. Сени мен жакшы көрөм! Сен жана мен…Башка эч ким, эч нерсе тууралуу ойлонбо, алтыш.
- Сен жана мен…Жакшы сөз экен. Мага көптөн бери эч ким мындай жагымдуу сөз айта элек болчу. А мен күткөм, аябай, аябай…"


Буга чейин "Обон" гезитинде басылып келген "Сен жана мен" сериалы китеп болуп жарык көрдү. Китеп сүйүүчүлөр "Нуска" китеп дүкөнүнөн сатып алсаңыздар болот.
Дареги: Эркиндик бульвары 56, Фрунзе көчөсү менен кесилишкен жерде.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??