п»ї
 Таанышуу жарыясы


Султан Борошов:
"Ушундай уулду тарбиялаган атага ырахмат..."
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ага окутуучусу, Р.Абдыкадыров атындагы клубдун жетекчиси Султан Борошов өнөр адамы катары өз ой-пикири бар, кыраакы да, сынаакы да көз караштагы адам. Ал президенттикке талапкер К.Ташиевдин саясий жана адамдык позициясына көп жылдардан бери баам салып келет. Төмөндө С.Борошев менен болгон маекке көңүл бурсак.

- Кыргыз мамлекетинин алдында чоң сыноо - президенттик шайлоо турат. Сиз эмне себептен талапкер Камчыбек Ташиевге добуш берүүнү тандап алдыңыз?
- Азыркы тапта Кыргызстандын тагдыры чечилип аткан учур. Элибиз чыныгы жетекчиге, чыныгы журт башчысына муктаж болуп турат. Ушуга чейин өлкөбүздү абыке, көбөштөр башкарып келди. Мамлекетти алдыга сүйрөп кете ала турган чыныгы лидерди таба албай, элибиз дээрлик жыйырма жылдан бери өз кызыкчылыгын, жеке чөнтөгүн ойлогон саясатчылардын запкысын көп тартты. Эл үчүн күйгөн чыныгы азаматтардан кол жууп калган учурлар болуп жатты. Кыргыз үчүн күйгөн, элдин тагдыры үчүн башын сайып койгон элибизде саналуу гана адамдар бар. Алардын бири - Камчыбек Ташиев. Мен аны президенттикке татыктуу инсан деп эсептейм. Өткөн жылдагы Ош, Жалал-Абад окуяларында кимдин ким экени даана көрүндү. Камчыбек эл алдында, журт башында болуп, өзүн эл баатыры катары көрсөтө алды. Ал дагы ошол учурдагы башка саясатчыларга окшоп жашынып алып, баары тынчып калганда кыйкырып, төшүн каккылап чыкса деле болот эле. Ал анткен жок, атуулдук вазийпасы, эр жигиттик намысы ага жол берген жок. Күнөөсүз элдин көз жашы, каны агып, үнү кудайга угулуп, ок чуулдап атылып атты. Эгер булар өз учурунда ал жерде болбосо, кан мындан да көп агат эле, мындан көп кыз-уулдарыбыздан айрылат элек. Кыргыз элибиз өзгөчө эл. Адамдын чыныгы жүзү кыйынчылыкта, эл башына күн түшкөндө көрүнөт, элибиз мына ушуну туура баалап, анча-мынча акчага же бир кап унга добушун сатпай, элдик уулду тандап алса деп үмүт кылам. Чыныгы лидерди тандап алсак, Кыргызстан тез эле бутубузга туруп кете алабыз.
- Камчыбек Ташиевди саясатчы катары кандай баалайсыз?
- Мен аны он жыл мурда эле депутат болуп жүргөн кезинен бери билем. Ал кечээ же бүгүн эле капыстан чыга калган жок, өзүнүн позициясынын бекемдиги менен таанылган, бийликтин элге каршы саясатына тайманбай каршылык кыла алган, чечкиндүүлүгү менен өзүн көрсөтүп келе жаткан саясатчы. Жаш муундардын өсүшүнө, бей-бечараларга, мектептерге, таланттуу, өнөр адамдарына, мектептерди, спорт клубдарын оңдогонго, мечиттерди курганга, дыйкандарга көмөк кылып келе жатканына күбө болуп жүрөм. Өнөр адамы катары баса айта кетерим, маданиятсыз эл болбойт. Маданиятка көңүл бурмайын, мамлекет да көтөрүлбөйт. Анын эң башкы касиети "мен ушуну кылып койдум, ушуга жардам бердим" деп көкүрөгүн көтөрүп, мактанганын көргөн да, уккан да жокмун. Адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү менен эл оозуна алынган. Эми күчүнө толуп, элге кызмат кылганга даяр болуп турган мезгили. Экинчиден, президенттин милдети - эң биринчи кезекте мамлекеттин коопсуздугун сактоо. Чек араларыбыз чечилбей атат, сууларыбыз коңшулаш мамлекеттерге агып кетип жатат, кен байлыктарыбыз жең ичинен сатылып атат. Маданиятыбыз дээрлик артта калды. Ушулардын баарын өз ордуна коюп берет деп ишенем. Журт башындагы адамга, анын аракетине, ишине карап башка мамлекеттер да баалайт, барктайт. Ал Акаевдей бежиреп жумшак сүйлөгөн, сөзүнүн касиети жок үлпүлдөк интеллигент эмес. Ал өлкөнүн бактысы, жыргалчылыгы үчүн башын сайып коюп, эл күткөндөй кызмат кылып иштей ала турган идеалдуу лидер, абсолюттуу жоокер, позициясы боюнча биринчи иретте мекенчил жаран.
- К.Ташиевдин ысымынын айланасында ар кыл кептер айтылып жүрөт. "Наркобарон, мушташты жакшы көрөт" дегенге чейин барышууда. Сиздин оюңузча, ушулардын канчалык чындыгы бар?
- Ар кандай сөздөрдү жабыштырып жатышат. Анын баары - жалаа. Анткени, Камчыбек Ташиев жөнөкөй колхозчунун үй-бүлөсүнөн чыккан. Атасы Кыдырша аксакал абдан жөнөкөй сугатчы адам болгон. Жөнөкөй, көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан адамдын жеке керт башын ойлоп, жалпыга каршы жолго барышы күмөн. Элдин арасынан ал жардам берген адамдардын "ушундай уулду төрөгөн энеге ырахмат, ушундай уулду тарбиялаган атага ырахмат" деген алкоону көп угам. Ата жолун улап, кудайды ойлогон, абийирди башкы орунга койгон, элдин алдында ниети ак инсан экенине мен ишенем. Саясат деген ушу экен. "Чымындай нерсени төөдөй кылып" көрсөтүп, шыбаганды модага айландырып жиберишти. Бирок, ал өзүнүн ак эмгеги, маңдай тери менен бизнесин жолго коё алды. Анын "башкалардын эсебинен мен бир кышты да приватташтырып алган эмесмин" деген өзүнүн сөзү бар. Эзелтен "баатыр болсоң катуу бол" деген эр мыйзамы бар. Эр жигиттердин ортосунда андай нерсе боло турган көрүнүш. "Эр чекишпей, бекишпейт" дейт кыргызда. Кыргыз эли байыртадан көчмөн демократиянын мыйзамына баш ийген. Элди коргоп, эл баштай ала турган, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн башын сайган баатырларын гана хан шайлаган. Ушундай жигиттерге ишенип, даңазалап, кийин кылымдар бою ошондой баатырларды эңсеп келген. Байыркынын баатырлары эрегишке келгенде чогоол сүйлөп, чорт болушкан, намыс үчүн акыры башта бир өлүм деп, бет алган жагынан тайманбай таймашка чыккан. Кыргыздын нагыз эрлеринин мүнөзү Камчыбекте жетиштүү.


Катя Маматкулова:
"Министрликке караганда жардамы көп..."
Катя Маматкулова кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү чыгармачыл үй-бүлөнүн кожойкеси. Сүйүктүү жубайы эстрада ырчысы, опера үндүү Расул Маматкуловдун жана кызы Айгеримдин чыгармачылыктагы жетишкендиктерине бараандуу салымын кошуп, продюсерлик милдетти да күжүрмөндүк менен аткарып келет. Чыгармачыл үй-бүлө президенттикке талапкер К.Ташиевдин үй-бүлөсү менен тыгыз мамиледе.
- Сиздин оюңузча, бүтүндөй бир мамлекеттин ишенимин алып, ажолукка аттанган инсан кандай болушу керек?
- Кыргыз элибиз учурда мамлекеттин туусун бийик көтөрүп, өлкөнү өнүктүрүп, алдыга жылдырып кете алчу, мүнөзү чыйрак, чечкиндүү кадамдарды жасай турган башчыга абдан муктаж болуп, ушундай бир адам эл башына келсе экен деп тилек кылып турабыз. Анткени, ар бир кыргызстандык жаран башка канаатташ мамлекеттерден кем калышпаган, ал тургай алдыда жүргөн, экономикасы өнүгүп-өскөн, эли бактылуу, жыргалчылыктагы өлкөдө жашоого акылуу. Президент болчу адам албетте, чечкиндүү, ар бир ишти терең ойлонуп аткарган, түшүнүктүү, эл үчүн күйгөн сапаттарга ээ болушу керек.
- Өлкө башчылыгына талапкер адамдын үй-бүлөсүн карап туруп, ага баа берүү мүмкүнбү?
- Албетте, биринчи кезекте кандай адам болбосун, анын үй-бүлөсүн карап, баам салып көрүш керек. Азыр өзү тургай үй-бүлөсүн эптей албагандар деле, президенттикке умсунуп жатпайбы. Үй-бүлө дагы өзүнчө бир мамлекет. Эгерде адам үй-бүлөсүн камсыздап, алдыга жылдыра алса, агайын-туугандардын, жакындардын арасында, ошондой эле айрыкча, эл ичинде, карапайым калктын арасында кадыр-баркка жетишип, жардамын аябай, жакшылыгы үчүн жан үрөп, эмгектенип, үлгү көрсөтүп, аброй күтсө, анда ага мамлекеттин жүгүн да ишенип тапшырса болот деп ойлойм.
- Сиз учурдагы президенттикке талапкерлердин ичинен кимде жогорудагыдай сапаттар бар деп ишенесиз?
- Булардын ичинен мен бирөөнү гана билем. Кыргыздын "мен" деген жигиттеринин бири- Камчыбек Ташиев. Президенттикке татыктуу деп толугу менен кошулам. Үй-бүлөсүн да эң идеалдуу деп эсептейм. Кудай буюруп, президент болуп калса, кыргыз мамлекетинин туусун бийик көтөрүп, кыргыз элин зор жакшылыктарга, ийгиликтерге тоскоолдуксуз жеткирет деген ишеничтемин.
- Үй-бүлөлүк мамиледеги, жакындан билген адам катары анын мүнөзүндөгү кайсы сапатты артыкчылыктуу деп эсептейсиз?
- Камчыбек Ташиевди он жылдан бери тааныйм. Андыктан, аны биринчи кезекте адам катары сыйлап, терең урматтайм. Кыргыздын чыныгы эркегине мүнөздүү сапаттардын бардыгына ээ. Мисалы, кыргызда илгертен эле бет алган жагынан кайтпаган, өжөр, убадасынын өтөсүнө чыгып аткарган жигитке "эркек" деп баа берип, сыйлаган эмеспи. Дал ошол сыяктуу эле, ал сөзүнө бекем турат, эгер бир ишти баштаса, сөзсүз түрдө соңуна чыгарат. Кылган иши ар убакта айтканына төп келет. Ишенимдүү, намыскөй, так жана чечкиндүү десем жаңылышпайм. Бүгүнкү күнгө чейин кыргыз элине ак кызматын кылып келе жатат. Мындан ары да күчүнүн жетишинче, нар көтөргүс албан кызмат кыла берет, аткара турган иштери алдыда деген үмүттөбүз.
Даярдаган Гүлзада Турдалиева







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??