п»ї

КРнын Президенттигине талапкер Нариман Ташболотович Түлеевдин БИЛДИРҮҮСҮ
Урматтуу мекендештер! Кыргызстандыктар!
Эки аптадан соң алдыбызда бизди өтө жооптуу иш күтүп турат: биз өлкөнү татыктуу башкара ала турган, өз элине татыктуу Президент болуп, эгемендүүлүгүбүз менен мамлекетибиздин биримдигине шек келтирбей, тарыхый миссияны мындан ары улантып кете ала турган талапкерге добуш беребиз.
Мамлекеттин башчылыгына өз талапкерлигимди коюп жатканда мен дал ушул принциптерди жетекчиликке алганмын - Кыргызстандын биримдигин чыңдап, жалпыбыздын аракетибиз менен мамлекетибизди жаңы чектерге көтөрүп, элди кембагалдык менен мыйзамсыздыктан кутултууну көздөгөм. Мен Бишкек шаарынын мэри болуп турганда элди эч качан түндүк-түштүккө бөлгөн эмесмин. Борбордо өлкөбүздүн бардык региондорунун өкүлдөрү жашайт, алар шаарды чогуу, бирдикте, бир максатта курушкан. Менин президенттик программамдын өзөгүн дал ушулар түзөт.
Силерге белгилүү болгондой, мени адегенде талапкерлик тизмеден чыгарып салышкан. Менин колдоочуларымдын кол тамгаларын жаратышпай коюшканда, мен ал жарандардын укуктарын коргоп, сотко берүүгө аргасыз болдум. Биз Биринчи Май райондук жана Жогорку Сотто уттук. Бизди Жогорку Кеңештин депутаттары колдоп чыгышты, мени жана дагы бир нече талапкерлерди тизмеге киргизүүсүн БШКдан талап этишти. Бирок ачык, таза шайлоону каалабагандар бут тосуп жатышты. Мен талапкерликке күбөлүктү шайлоо аяктаарына эки апта калганда гана алдым. Мага жана менин жактоочуларыма президенттикке талапкер катары шайлоого катыштырбоого көптөгөн айла-амалдар колдонулду. Шайлоо кампаниясы үзгүлтүккө учурады.
Мындай көрүнүштөр мени ар кандай ойго салды, мен кандай жолду тандап алышым керек: өз элимди сатып аламбы, добуштарды сатып аламбы, же таза шайлоого барамбы деген оор маселелерге кабылдым. Мен мекендештеримди эч качан алдаган эмесмин. Өзүмдүн жеке кызыкчылыгым үчүн бүгүн да, кийин да жалганчылыктын жолуна түшпөйм, ал ыплас, булганыч жол. Мен үчүн шайлоонун таза өтүшү ыйык. Себеби, шайлоо таза өтпөсө, анда элдин жаңы президентке болгон ишеними азаят. Алдоо, жалган жана добуштарды сатып алуу менен такка келген президент элдин ишенимине ээ боло албайт, Кыргызстанды өнүктүрүүгө анын кудурети жетпейт. Шайлоодогу жалганчылык жана алдамчылык кийинки мыйзамсыздык менен укуксуздуктун негизин түзүп, элдин арасын бөлүп-жарууга кызмат өтөйт.
Кыргызстандын эли өз жаркын келечегин тандап алып, бир ураандын алдыда эффективдүү экономикалык программа менен жашоого укуктуу экендигин баса белгилегим келет. Бул ар бир жарандын тандоо укугу. Биз ошондо гана келечеги кең бирдиктүү өлкөнү кура алабыз.
Мен таза шайлоо үчүн даяр болчумун. Бирок ар кандай шылтоолор менен жолумду торошуп, мени өткөрбөөгө жолтоо болушту. Мен өзүмдү президенттик бийликке айкын, адилеттүү, таза шайлоо менен гана жетүүгө милдеттүүмүн деп эсептеймин. Андыктан, мен өз талапкерлигимен баш тартамын. Мен бардык жарандардай эле татыктуу талапкер үчүн өзүмдүн добушумду берип, шайлоонун таза өтүшүнө көзөмөл жүргүзөм. Бул шайлоодо жалпы элдин каалоо-тилектери аткарылышы шарт. Кыргызстан өз тарыхында алгач ирет элдин чечими, мүдөөсү менен өнүгүүгө багыт алды.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Мен сиздердин бардыгыңарды шайлоого катышып, биздин республикабыздын туруктуулугу жана жакынкы аралыкта гүлдөп өнүгүшү үчүн кыраакылык, акыл-эстүүлүк менен добуш берүүгө чакырам. Биз бүгүн ар кандай саясий оюндардын кесепетинен мамлекеттүүлүгүбүздү жана коомду бөлүп-жарууга жол бербөө үчүн колдон келген иш-чараларынын бардыгын аткаруубуз милдет. Биз бирдиктүү Кыргызстандын бир элибиз. Биз, мамлекетибиздин өнүгүшү, урпактарыбыздын бактысы, жаркын келечегибиз үчүн акыл-эсибиздин, жүрөгүбүздүн тандоосу менен добуш беребиз.





К.Көлбаев Кыргызстанга
келген жок
ИИМдин Кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын өздүк курамы өткөн жуманын аягында аэропортко келип, Камчы Көлбаевдин Кыргызстанга келишин күтүштү. Бирок белгисиз себептер менен Көлбаев Кыргызстанга учуп келген жок.
К.Көлбаевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун айтымында, К.Көлбаев акыркы сааттарда Кыргызстанга кайтып келүүдөн баш тартты. "Анын эмне себептен келбей калышы мага белгисиз. Мындай кадамга барууга ММКлардагы Көлбаевдин келиши экстрадицияга жана ИИМ тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттерге байланыштуу деген маалыматтар түрткү берди деп ойлойм. Бирок Көлбаев кийинчерээк келиши мүмкүн", - деди ал.


8-октябрда Ошто террорчу деп шектелген бир адам атайын операция учурунда атып өлтүрүлгөнү кабарланды
ИИМдин 9-октябрдагы маалыматына караганда, шектүү адам Кара-Суудан Ошко келаткан кичи автобустагы жүргүнчүлөрдү барымтага алып, милицияга каршылык көрсөткөн.
Террорчу деп шектелген киши түшкөн унаа Ош шаарына кире бериште токтотулуп, ал атып өлтүрүлгөн. Операция учурунда башка жүргүнчүлөр жана милиция менен атайын кызматтын өкүлдөрү жабыркаган жок. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.ИИМдин маалымат кызматынын түштүк аймагы боюнча ага инспектору Жеңиш Ашырбаев буларды айтты: - Окуя болгон жерден Макаров үлгүсүндөгү 2 тапанча 13 огу менен табылды. Өлгөн адамдын өздүгү аныкталууда. Ошондой эле оперативдик тергөө иштери улантылып жатат. Биз алгач бул тууралуу кылмыштык топтордун өкүлдөрү деп айтып жатканбыз. Бирок шектүү киши башка адамдарды барымтага алып жаткандан кийин биз аны террорчул топко тиешеси бар го деп атабыз.


Курманжан датканын 200 жылдык мааракесинде Ө.Бабанов, А.Келдибеков, И.Өмүркулов, Б.Абилдаевдер бирден автоунаа коюшту
Ош облусуна караштуу Алай районунда өткөрүлгөн Курманжан датканын 200 жылдык мааракесине 300гө жакын этникалык кыргыздар келишти.
Ош обладминистрациясынын тышкы экономикалык байланыштар комитетинин төрагасы Мелис Таировдун айтымында, Кытай Эл Республикасынан, Тажикстандын тоолуу Бадахшан областынан, Мургаб районунан, Жерге-Тал аймагында жана Өзбекстандын Сыр-Дарыя, Жызак облустарынын аймагында жашаган кыргыздар келишкен. Өзбекстандагы "Кыргыз маданияты борборунун" жетекчилери президент Роза Отунбаева, төрага Акматбек Келдибеков менен жолугушуп, Өзбекстанда жашаган 350 миң кыргыздын атынан кыргыз элине салам айтып, жогорку деңгээлде өткөрүлүп жаткан мааракеге келип, сый көргөндүктөрү үчүн ыракмат айтышты", - дейт М.Таиров. Мааракеде 95 адам медициналык жардамга муктаж болгон. Анын ичинен 4 адам ооруканага жаткырылды. Алай райондук, аймактык ооруканасынын дарыгерлери билдиргендей, "Кыз куумай" оюнунун катышуучусу Гулжан Капарова оюн жүрүп жаткан мезгилде аттан кулап, ооруканага жаткырылды. "Көк бөрү" оюну жүрүп жаткан мезгилде бир катар көрүүчүлөр жаракат алышкан. Улуттук ат оюндарында алдыңкы орунга ээ болгон спорттун чеберлерине сыйлык ыйгаруу үчүн Өмүрбек Бабанов, Иса Өмүркулов, Акматбек Келдибеков жана Болот Абилдаевдер демөөрчү катары ар бири бирден автоунаа коюшту.


Чүй облусунун футбол боюнча курама командасы республикалык спартакиадада 1-орунду ээледи
Чүй облусунун футбол боюнча курама командасы республикалык спартакиадада 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Айгүл Сыдыбаева билдирди.
Анын маалыматына караганда, таймаштарга өлкөнүн бардык аймагынан 8 команда катышкан. Биринчи айлампада командалар "А" жана "В" топторуна бөлүнүп ойноп, финалга "А" тобунан Ош шаарынын, "В" тобунан Чүй облусунун командалары чыккан. Чүйдүн оюнчулары Оштун футболчуларын 2-1 эсебинде утуп, турнирдин жеңүүчүсү болуп табылды. Үчүнчү орун үчүн болгон таймашта Бишкектин курама командасы Жалал-Абаддын командасын 2-1 эсебинде жеңип алды.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??