п»ї

Замир Казакбаев, ди-джей:
"Кайсы континентте ырдап жатканын
билбейт"
Нурлан Насип
Алданба
Сөзү, обону: э лдики
Жигитсиңби, бир сөзүңдөн танбагын,
Кызыл гүлдү сабагынан кармагын.
Көрүнгөнгө көрүнгөндөй сөз айтпай,
Ошол кызга ак сүйүүңдү арна, арнагын.

Кайырма:
Аралаба топ кыздарды,
Кыздын баркы кетпейби.
Арасынан бирди сүйсөң,
Ошол эле жетпейби?

Асманда ай да сулуу, күн да сулуу.
Ар бир адам өз-өзүнө айдай сулуу.
Асманда жымыңдаган жылдыздардай,
Сүйгөнүм ого бетер айдай сулуу.

Кайырма:
Аралаба топ гүлдөрдү,
Гүлдүн баркы кетпейби.
Арасынан бирди үзсөң,
Ошол эле жетпейби?

Асыл Апасова, продюсер:
"Позитивдүү ыр, мага жагат"
Менин оюмча, Нурлан Насиптин "Алданба" деген ыры жакшы, позитивдүү ыр, мага жагат. Нурлан Насиптин репертуарындагы ырлар жаштарга ылайыктуу. Көбүнчөсү жаштар азыр радиолордон да угуп, көңүлдөрүнө жаккан ырларын уюлдук телефондорго өткөрүп алышып угуп жүрүшөт. Нурландын да ушул ырын көп угуп калам. Ошолордон улам билсе болот, бул ыр кандай ыр экенин. Мен ойлойм, бул ыр жакшы эле ыр деп.


Аскат Сулайманов, актёр:
"Мен мындай
ырларды укпайм"
Мен азыр бошобой жаттым эле. Чынын айтсам, мен мындай ырларды такыр укпайм, кызыкпайм. Мен укчу ырлар эмес.


Замир Казакбаев, ди-джей:
"Жеңил ыр, кадимки эле шлягер"
Эстрадада кандай жанр болбосун минор, мажор деп бөлүп ырдап жатпайбы. Негизи, бул ырдын тарых-таржымалын билбейт экемин. Ошон үчүн кичине сын айтуудан чектелип жатам. Бул ыр жөнүндө бир эле нерсе айта алам, жеңил ыр, кадимкидей эле шлягер, эч кандай деле өзгөчөлүгү жок, өзгөчө деле кайрыктары жок, кадимкидей эле ыр, сөздөрүнүн андай деле мааниси жок. Ал эми аткаруу чеберчилиги Нурланда бар. Бирок мен Нурландын бардык эле ырларын уга бербейм. Ошон үчүн ырларынын маани-мазмуну анча деле эмес, менин табитимдеги ырлардын катарына кошпойм. Нурлан мазмундуу ырларды ырдачу деңгээлге жетип калды, ошондой ырларга көбүрөөк басым жасаса, өзүнө жакшы болот. Анан Нурлан өзү азыр кайсы континентте ырдап жатканын билбей жатат. Профессионал музыканттардын арасында да кадыр-баркка ээ болууну унутпашы керек да, ошол эле учурда элге кадыр-баркынан мурун, профессионал музыканттардын көз карашынан да чочулап турууну да үйрөнүшү керек ырчыларыбыз. Ошону актабай жатышат, Нурланы деле, башкасы деле. Ал эми бул ырын укпаймын деле.

Кутман Жолдошев, ырчы:
"Укканда жиниң келет"
Сөздөрүнө жакшы деле маани берген жокмун. Ал эми обону болсо кичине обондуу, башкачараак экен, башка ырларга окшобогон. Чынын айтканда, сөзүнө көп деле түшүнө берген жокмун. Түшүнүгүм боюнча бир эле кызды сүй деген мааниде окшойт да. Бир-эки жолу уктум, обону жакты, обондуу, кулакка жагымдуу, кээ бир ырлар бар да, обондору жагымсыз, укканда жиниң келет.


Алтынбек Шадыбеков, Тамадалар ордосунун төрагасы:
"Кыздардын намысына тийчү ыр"
Нурлан Насип жөнүндө айта турган болсом, бул баланы мен өткөндө бир тойдо көргөн экенмин. Чыгармачылыкка шыктуу эле бала экен. Ал эми "Алданба" деген ырын уккан экенмин, бул ыр Нурлан Насиптин курагына ылайыктуу ыр болуптур. Эгер ырдын маанисине жакшылап көңүл бөлүп караса, бул ыр кыздын аябай намысына тийген ыр экен. Азыр жаштар ырдын обонуна эле маани берип калышпадыбы, сөзүнө көп деле көңүл бөлүшпөйт. Эгер азыркы жаштарыбыз, болочокто турмушка чыга турган кыздарыбыз, жакшылап ырдын сөзүнө көңүл бөлүп көрсө, абдан эле кыздарга катуу тие турган ыр, кыздын намысын сактай турган ыр экен, менин көз карашым боюнча. Ушул ырды кыздар абдан угуп туруп, сөзүн бирден түшүнүп угуп көрсө, кыздарды башка жашоого буруп жибериши да мүмкүн. Мага абдан жакты. Жаштарга ылайыктуу, азыркы муундагы ыр десе болчудай. Бул эми эркектерге деле таасир берет, бирок кыз кишиге көбүрөөк таасир берет. 80% кыздарга, 20 % эркектерге ылайыктуу ыр. Тойлордо да эки жашты чыгарып алып, сөзүндө көп сыр катылган, ошону түшүндүрүп ырдаса жакшы болчудай.


Кубик Калыков, куудул:
"Колунан келген ырын жазып жатышат"
Бул ырдын сөзүн билбейм, ал эми обону, аткарганы абдан жакты, аранжировкасы дагы жакшы экен. Ырдын сөзү болсо ар кимдин табитине жараша да эми, азыркы жаштарга боло берет го дейм. Кандай десем, башкача деле кылса болот, түшүнүктүүрөк. Бул ырга өтө деле философиянын кереги жок. Ыр мага жагат, сөзүнүн түшүндүргөнү жакшы, бирок жеңилирээк ыр болгон. Азыр колунан келген ырын жазып атышат да, мага бир укканда эле жаккан. Кыскасы, жакшы эле, укса болот. Жаштарга жагат экен го, көп эле көрдүм, тамада көп болом, ошол тойлордо ырдалып жүргөнүн.


Алиса Сапарбекова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??