п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Үмүттөрдү аткарбаган өкмөт

Атамбаев жана Бабанов элге берген убадасын аткардыбы, же куру айтылган сөз бойдон калып калдыбы?
Биз өлкө бийлиги эмнелерди убада кылгандыгын жана кайсы убадасын аткарып, эмнесин аткарбагандыгын, алардын оозунан чыккан сөздөр аткарылабы же жокпу, ушул нерсени анализдеп көрүүнү чечтик. Баарыбызга маалым болгондой эле, өкмөт жетекчилиги көп нерсени убада кылган.

Эң кызыктуусу, алар былтыр берген убадаларын аткарып бүтө электе эле, эмнегедир келерки жылга да толгон-токой пландарды коюп, элди үмүттөндүрүүдө.
Атамбаев жана Бабанов деген тандемден күн өткөн сайын өз артынан чуулгандуу иштердин чети чыгып келүүдө. "Атамбаев ИИМ, МУКК жетекчилиги менен биргеликте баңгитрафигин "крышует" деп россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып келет.
Ушул эле гезит менен маалымат агенттиктери Бабанов укук коргоо кызматтарынын жетекчилигинин колдоосу менен Тажикстанга Россиядан Кыргызстанга бажы төлөмү жок алынып келинген күйүүчү-майлоочу майларды тонналап алып чыгып кетип, миллиондогон сомдор менен өз капчыгын толтуруп жаткандыгы тууралуу маалымат беришүүдө. Буга карабай эки саясатчы тең элди куру үмүт менен багып келет.
Эң көп убадаларды премьер-министр Алмазбек Атамбаев жана анын орун басары Өмүрбек Бабанов берген. Элдин жыргал жашоосу тууралуу жомокторду булар ойлоп табышса, кыргыз өкмөтүнүн курамы аны ишке ашырууга жолдор бар, бул экөөнү колдойлу деп бир эмес, 5-10догон министрлер чыккан. Бул жагдай министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн аброюна шек келтирүүдө. Бул сөздөрүбүздү биз төмөндө аныктап беребиз,
Кыргызстандыктарга эмнени гана убада кылышкан жок, тамандарына алтын төшөп, май сүттө жашатышты. Бирок, чындыгында, андай болгон жок, кыргыздардын жашоо шарты күн өткөн сайын начарлап, Ооганстан калкынын жашоосунан да начарлап кетти. Негизги азык-түлүктөргө баалар көтөрүлдү, жаңы жумушчу орундар түзүлгөн жок. Тескери инвестиция кетип чет элдиктер берип жаткан жумушчу орундар кыскарды, салыктар жогорулоодо.
Кыргызстандын салык кызматы ишкерлерди кокодон алып, салыктарды алдын ала беш-алты айга төлөтүп алууда. Анын бирден бир себеби-республикалык бюджетти толтуруу. Саясий туруксуздуктан соң коррупция күч алууда, чиновниктер жеп-ичүүнү көздөшүүдө, эртең революция болуп кетсе, бул каражатты ким берет деген ой менен.
Буга чейин өлкөдөн орус тилдүү калк көбүрөөк көчүп кетсе, бүгүн ар бир экинчи үй-бүлө башка мамлекетке кетүүнү эңсөөдө, алар мамлекеттин келечегине ишенишпейт.
Өлкө жетекчилиги экономика жогорулап, калктын жашоо шарты оңолот деген убадаларды беришти эле. Ошондой эле алар Кыргызстанга келе турган инвесторлор тууралуу катуу жар салышты эле, бирок иш жүзүндө эч ким жок. Кыргызстандагы инвесторлорду кызыл китепке түшүрүү керек.
Социалдык жашоо
Кыргызстан калкынын жашоо шартын жакшыртуу үчүн Атамбаев эң оңой жолду тандап алды, ал пенсия менен мугалимдердин айлык акысын жогорулатууда.
Эмнегедир өкмөт башчысы убада кылган жумушчу орундар түзүлгөн жок. Чоң долбоорлорунан республиканын түштүгүндө жайгашкан "Иштамбер" алтын кен чыгаруучу кени гана иштей баштады. Аны кытайлыктар ишке ашырууда, жумушчулардын көбү да кытайлыктар. Бул жагдай түшүнүксүз болууда, Атамбаев жумушчу орундарды кыргыздарга убада кылды беле же кытайлыктаргабы?
Мугалимдердин айлыгы да алардын бир нече жолку толкундоолорунан соң гана төлөнө баштады
Нааразычылык акцияларына дарыгерлер да чыгууну чечишкен, бирок аларды "ким акцияга чыкса жумуштан кетиребиз!" деп коркутуп, Саламаттыкты сактоо министрлиги гана кармап турду. Мугалимдер айласы жоктон, тапкан эмгек акысы жашоого, курсагын тойгузууга жетпей калганда чыгышты. Эл агартуучулардын маянасы Атамбаев региондорго иш сапарын баштаганда көтөрүлдү, көтөргөндө да көп эмес, алдап туру үчүн бир аз гана.
Мугалимдер нааразычылыгын билдиришкенде, өкмөт башчысы "ушуга рахмат айткыла" деп кутулуп жатты. Бул мугалимдер өздөрү колдоп алган өкмөт жетекчиси.
Пенсиянын жогорулашына пенсионерлер сүйүнүүдө, бул жакта эч бир кемтик жок. Ал жөн жерден жогорулай калган жок, анын башкы максаты астыдагы президенттик шайлоо эле, себеп пенсионерлер өз ыраазычылыгын шайлоодо билдиришет.
2011-жылы Кыргызстандын бир топ аймагында жаратылыш кырсыктары болду. Бирок премьер-министр эки гана райондо болуп калк менен кезикти. Экинчи районго да келбейт эле, бирок Атамбаев Россия жетекчилиги менен жолугушуудан качып, Санкт-Петербургда өтө турган экономикалык форумдан качып ал жакка барды.
Ал кырсыктаган элге да жардам көрсөтө тургандыгын айтты, бирок эмнегедир бүгүнкү күнгө чейин убада кылган жардам бериле элек.
Тоолуу аймактарда жашаган кыргыздарга эл аралык уюмдар гана жардам көрсөтүп келет. Ал калкка жардам көрсөтпөгөн жетекчилерди кызматтан кетирем деп убада кылды эле, бирок алар эмнегедир өз орундарында жылуу жумшак отурушат. Бүгүнкү күнгө чейин бир да министр, жогорку кызматты ээлеген чиновник кызмат ордунан бошой элек.
Ушул эле куру сөздөргө Атамбаевдин жаңы конуштардын шартын жакшыртамын, ипотекалык программаны ишке киргизип, мамлекеттик камсыздоо фондун түзөмүн деп эл алдында берген убадасын кошуп коюуга болот.
Ипотека боюнча Бабанов үстүбүздөгү жылдын июль айында чоң жыйын өткөрүп, Экономикалык жөнгө салуу министрлигине ипотека берүү боюнча механизмдерди иштеп чыгуу тапшырмасын берген, бирок эмнегедир бүгүнкү күнгө чейин долбоор эмес анын механизми да жазыла элек. Эң кызыктуусу, механизмдерди иштеп чыгуу канча убакка созулат экен?
Ушул эле жылдын август айында вице-премьер-министр Бабанов калкка ипотека берүү үчүн кыргыз-казак эл аралык фондун түзүп, кыргызстандыктар ипотека ала алышат деди эле, бирок бүгүнкү күнгө чейин фонд түзүлгөн жок, 2011-жыл аяктап бара жатат.
Жалпы сөз менен айтканда, Бабанов элди жыргата турган убадаларды көп берет, бирок эмнегедир аны жакын арада ишке ашырууну ойлобойт.
Өткөн жылдардан айырмаланып жаңы өкмөт кезек-кезеги менен электр энергияны өчүргөндүн ордуна авариялык өчүрүүлөр деген жаңы терминди киргизди, жарык кандай өчүп келсе ошондой эле уланып келүүдө.
Насыя, насыя жана дагы бир жолу насыя
Бабанов азык-түлүктөргө болгон бааларды кармап калуу максатында импорттук бажы төлөмдөрдү алып салабыз деп январь айында эле айткан. Азыр октябрь айы баалар арзандаган жок, бажы төлөмдөр кандай төлөнсө ошондой эле төлөнүп келинүүдө.
Атамбаев менен Бабанов "республикалык бюджет аткарылбаса өз кызматтарыбыздан кетебиз" деген убада кылышты эле, январь айында премьер-министр 2011-жылы республикалык бюджет профицит менен чыгат деди эле, бирок бүгүнкү күнгө чейин анда дефициттер гана калууда.
Алар көп көлөмдөрдөгү насыялар тууралуу сөз козгошкон, ЕврАзЭстин Антикризистик фондунан 106 миллион долларлык насыя алабыз дешип, каражатты 2011-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизишкен. Албетте, ЕврАзЭстен кредит алынган жок, Россия берет деген 37 миллион долларлык гранттан, Кытай, Дүйнөлүк банктан, Эл аралык валюталык фонддон, Азия өнүктүрүү банкынан да кабар жок.
1-майдан баштап Атамбаев россиялык инвесторлор менен Нарын дарыясында 4 кичи ГЭСти ишке киргизебиз деп жатты эле. Майдын орто ченинде келишим боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткан, ал бүгүнкү күнгө чейин да жыйынтыктала элек. Бабанов казактардын "Самрук-Казына" фонду менен Датка-Кемин электр линиясы тартыла тургандыгын билдирген, бирок эмнегедир Атамбаев жакында эле бул долбоор кытайлыктар менен ишке аша тургандыгын жарыялады.
Келишимдер эки тарап менен тең түзүлө элек. Өкмөт жетекчилиги электр энергиянын жоготууларын 31 пайыздан 19,5 пайызга чейин кыскартабыз деп, Энергетика министрлигине энергияны экспорттоо боюнча альтернативалуу жолдорду табуу тапшырмасын берген. Бүгүнүк күндө анын бирөө да жок, буга чейин Казакстанга гана экспорттоп келсек, дагы эле ушул канал иштеп келет.
Өкмөт жетекчиси Кыргызстандын аймагындагы "Манас" аэропортунда жайгашкан америкалык авиабазаны 2014-жылы чыгарам деп убада берген, муну республиканын мурунку жетекчиси Бакиев да айткан эле.
Эмнеси болсо да элге убада берген жагынан Атамбаевден Бабанов ашып кетет. Ал ар өлкөлөргө болгон командировкаларынан соң ар кыл билдирүүлөрдү көп жасайт. Японияга болгон сапарынан соң ал эки өлкө ортосунда кендерди иштетүү, энергетика, айыл-чарба, туризм боюнча инвестициялык долбоорлор ишке ашарын, келечекте биргелешкен кыргыз-япон авиакомпаниясы түзүлөрүн айткан.
Кыргызстан Токиого инвестициялык долбоорлорду жибере тургандыгын билдирген, бирок бүгүнкү күндө алар даяр эмес. Июнь айында Бабанов Татарстан инвесторлор менен болгон жолугушууда үч күн ичинде инвестициялык долбоорлорду даярдап салып жиберебиз деген эле...
Бакуга болгон иш сапарынан соң вице-премьер-министр кыргыз-азербайжан инвестициялык фондун түзүү үчүн эксперттик топ түзө калабыз, Азербайжандан арзан баада күйүүчү, майлоочу майларды алып келебиз деп убада беришкен.
Алар Эл аралык валюталык фонд, Сауд Арабиясынын өнүктүрүү фонду, Казакстандын "Самрук-Казына" фонду, Кытай, Турциянын банктары менен биргеликте республиканын экономикасын көтөрүү үчүн банктарды, өнүктүрүү фонддорунун ачыла тургандыгын билдиршкен.
Атамбаев жана Бабанов ишке ашыра турган убадалардын тизмеси:
o Текшерүүчү органдардын ишинин эффективдүүлүгүн карап чыгуу.
o "Kyrgyz Pegasus Airlines" кыргыз-түрк авиакомпаниясы үчүн аба мейкиндигинен жыштыктарды берүү.
o "Жер үй" алтын кенин ишке киргизүү (учурда аны буга чейин иштетип келген инвестор менен өкмөт соттошууда белгисиз бир себептерден улам кыргыз өкмөтү аны тартып алган).
o Монополиялык жөнгө салуу агенттигинин ишин күчөтүү.
o Өкмөттө ишке ашырылып жаткан долбоорлордун эффективдүүлүгүн каттай турган бөлүм түзүү.
o Салыкчылар жөнсүз ишкерге салык салса, аны кызматтан кетирүү.
o 16-август- 10 күн ичинде Тажикстанга күйүүчү, майлоочу майлардын контрабанда жолу менен чыгарылып жаткан каналын жабуу.
o 14 жылдан бери "Кристалл" заводунун 10 пайыз гана кубаттуулугу иштөөдө, аны 100 пайыз ишке киргизүү.
o Нефтитрейдерлердин күйүүчү-майлоочу майларга койгон бааларын көзөмөлдөө.
o Бензиндин анык баасын эсептеп чыгуу.
o Республиканын аймагына күйүүчү-майлоочу майлардын үзгүлтүксүз алынып келинишин камсыздоо.
o Менчик ээлеринин укугун коргоо
o Июнь айы-атуулдардын мамлекеттик чек араны тез убакыттын ичинде өтүшүн, машиналардын тандалма гана түрдө текшерилиши, бажы бекеттеринде текшерүүчү органдардын санын кыскартуу.
o Автоунаалардын техникалык көзөмөлүн жокко чыгаруу.
o 57 өлкө менен визалык режимди алып салуу
o "Экономика жана коопсуздук" өлкөнүн өнүгүшү боюнча программаны инвентаризациялоо, программаны ишке ашырбай жаткан министрлер менен жооптуу кызматкерлерди кызматтан алуу.
o Август айында КЭР-Кыргызстан-Өзбекстан менен темир жол куруу боюнча башкы макулдашууга кол коюу.
o Президенттик шайлоого чейин "Дастан" заводунун мамлекеттик акцияларын, "Кыргызгаз" ишканасынын 75 пайыз акциясын Россияга өткөрүп берүү.
"Центерра" боюнча Кыргызстанга таандык болгон 33 пайыз акцияны күрөөгө коюу схемасын иштеп чыгуу. Акция Кыргызстанга жыл сайын 1,7 миллиард доллар пайда берет.
o Мамлекеттик нефти иштетип чыгуучу "Кыргызнефтигаз" компаниясы менен россиялык ири компания түзүү.
o 2010-жылы улуттар аралык кагылышуудан соң жабыркаган ишкерлерге 4,5 миллион доллар бөлүп берүү.
o Күйүүчү-майлоочу майларды алып чыгып кетүүгө жол берген бажы, укук коргоо органдарынын жетекчилерин кызматтан алуу.
o Чиновниктердин штатын 20 пайызга кыскартуу.
o Өлкө ичинде темир жол айлампасын куруу.
Президенттик шайлоо алдында Атамбаев өз убадаларын аткара тургандыгын, бардыгы 2012-жылы ишке ашарын айтып жатат.Албетте, эгерде ал президент болсо, ал үчүн эмне кылыш керек, чоң табышмак болбосо керек.
Жогорудагы фактылардын бары ал убадасын аткарбаган инсан экендигинен кабар берет.
Азамат Жетишбаев





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??