п»ї

Султан Садыралиев:
Аткарган ырларын жүрөккө жеткире алган таланттуу мырза Султан Садыралиев үй-бүлөсү, чыгармачылыгындагы акыркы жаңылыктарын биз менен бөлүштү.

"Кыздар сүйсүн деп ырдабайбыз да, эл үчүн ырдайбыз"
Чыгармачылыгы тууралуу:
- Көптөн бери көрүнбөй кеттиң, эмне менен алек болуп жүрөсүң? Чыгармачылыгыңда эмне жаңы лыктарың бар?
- Телеге, радиого көп чыкпай калдым. Негизи эле чыгармачылыгыма көп көңүл бурулбай калат. Өзүм ар жакка концерт коюп, той - топурларга да көп чакыруу болуп, ошолор менен жүрө берем. Чынында эле чыгармачылыгыма кайдыгер мамиле кылам. Ал эми жаңы ырларды жаздырып жатам.
- Жаңы продюсер менен иштешип баштадың эле? Иштериңер кандай? Кандай келишимдин негизинде иштеп жатасыңар?
- Сүйүн Откеев экөөбүздүн ортобузда келишим деле жок, ага-ини катары эле иштешип жатабыз. Азырынча ишке кирише элекпиз, алдыдагы президенттик шайлоо өтсө, анан жакшылап ишке киришебиз.
- Көп убакыттан бери эмнеге жеке концертиңди бербей калдың?
- Азыр ойлосом, мурда концерт коёт десе эле, себепсиз концерт коюп койчу экем. Же жандуу үн менен ырдабай, фонограмма менен ырдачумун. Кийинки убактарда жандуу үн менен ырдап концерт бергим келип калды. Эми, буйруса, жакшылап даярданып, элди алдабай жандуу үн менен ырдап концерт берейин дегем. Бул концертим мурдагы концерттерге окшобогон өзгөчө болот.
- Сен жакында Чубак Сатаев атындагы сыйлыкка ээ болбодуңбу? Сыйлыгың кут болсун! Кандай сезимде болуп жатасың?
- Бул сыйлык мен үчүн күтүлбөстүк болду. Мага сыйлык берет деп күткөн эмесмин. Чубак Сатаев атындагы сыйлыкка ээ болгонума абдан кубандым. Мен үчүн жагымдуу болду десем болот.
- Негизи эле Ч. Сатаевдин ырларын кандайча ырдап калдың эле?
- Мен Чубак аганын ырларын кичинемден жакшы көрчүмүн. Өзгөчө "Арман ай" деген ырын көп ырдачумун. Негизи, Ч. Сатаев деген инсанды өтө бийик тутам, ошондой эле кумирим десем да жаңылышпайм. Ошондуктан, анын ырларын ырдагым келип, баласы Кубаныч Сатаевден уруксат алып ырдап чыккам.
- Көпчүлүк "Султан шаңдуу ырларга караганда, муңдуу ырларды жүрөккө жеткире аткарат" деп айтышат. Өзүң ушул сөзгө кошуласыңбы?
- Билбейм. Ар кандай болот. Бирок, чынында эле, репертуарымда шаңдуу ырларым аз, көпчүлүгү кайгылуу ырлар.
- Мурда көпчүлүк ырларды которуп ырдачу элең, учурда кандай?
- Азыр акындар менен иштешип баштадым. Кийинки ырларымдын баарын Кундуз Качкынбаева жазып берип жатат. Ал жазып берген ырлар купулума толот.
- Эң алгач сахнага чыкканыңда, абдан популярдуу болдуң эле, ошол күндөрдү кандайча эскересиң?
- Ар бир күн өзүнчө кайталангыс болот. Мисалы, азыркы күндөрүм да өзүнчө кайталангыс болуп өтүп жатат.


Үй - бүлөсү
тууралуу:
- Үй - бүлө күтүп калдың, жашоолор кандай? Үй- бүлөнү камсыздоо түйшүгү башыңа түшсө керек?
- Үй-бүлө күткөн жакшы экен. Өзгөчө балалуу болуп калгандан кийин, кичине болсо да жоопкерчиликтүү болуп, токтолуп калат экенсиң. Мурдагыдай болуп көчөдө жүрө бербей, үйгө шашып калдым.
- Балаң канча ай болду? Балалуу боло электе "Балама" деген ыр ырдап жүрдүң эле, учурда ал ырга кайра токтолоюн деген оюң жокпу?
- Балам 6 айлык болуп калды. Ал эми "Балама" аттуу ырыма кайра токтолоюн деген оюм бар. Буйруса, концерт койсом, эски ырларыма башкача аранжировка жасатып, жандуу үн менен кайрадан ырдап чыгам.
- Жубайың бала менен үйдө олтуруп зериккен күндөрүндө, кандайча эс алдырып турасың?
- Эшикке чыгып чогуу сейилдейбиз, бир жакка барсам сөзсүз түрдө бир нерсе ала келем. Кээде шаардан сыртка алып барып эс алдырып келем.
- Ата - энең Казакстанда эмеспи, небересин сагынышса керек. Аларга барып турасыңарбы?
- Биз барып турабыз, алар да келип турушат.
- "Ата-энемди Кыргызстанга көчүрүп келем" деп айтып жүрдүң эле…
- Азыр көп кабат үйдө турам, алар жер үйгө жашаганга көнүп калышкан. Буйруса, чоң тамдуу болсом, алып келем деп ойлоп жүрөм.
- Чыгармачыл чөйрөдөгү айрым дос, кесиптештериң аялын, ал эмес баласын да жашырып жүргөн кездери болду эле? Сурайын дегеним, үйлөнгөндөн кийин чыгармачылыгыңа үй - бүлөңдүн залакасы тийип, же рейтингиң төмөндөгөнүн байкаган жоксуңбу?
- Мен үй - бүлөлүү болдум, мунун эч кандай чыгармачылыгыма зыяны жок. Негизи, кичинекейимден эле ырдачумун, ошол боюнча эле ырдап келе жатам. Үйлөнгөндөн кийин рейтингиң түшөт, көтөрүлөт дегенди билбейм. Мен азыр кайда барбайын, кайда барып ырдабайын, кудайга шүгүр, мурдагыдай эле сый - урмат менен жүрөм. Чыгармачылыгыңды сыйлаган адамдар өмүр бою сыйлап кала берет да, үйлөнгөнүң чыгармачылыгыңа эч тоскоолдук кылбайт. Биз кыздар сүйсүн деп ырдабайбыз да, эл үчүн ырдайбыз. Андай нерсе туура эмес.
- Үй - бүлө күтүп турмушка болгон көз карашың өзгөрүп калса керек, учурда кандай темадагы ырларга басым жасап жатасың?
- Азыр ата - эне, бала, сүйүү жөнүндө ырларды ырдагым келип калды.












кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??